Ички иштер министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго карата козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Анда "ИИМдин Тергөө кызматында жогорку кызматтагы адамдардын мамлекетке чыккынчылык кылуу фактысы боюнча кылмыш иши тергелип жатат" деп жазылган. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы М.А.К. (Адахан Мадумаров ред.:) ушул кылмыш ишинин алкагында кармалганы, ага Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") боюнча айып коюлганы кошумчаланган. Читать дальше...
2-сентбярда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы каралды. Соттун чечимине ылайык, ал 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалды. Бул тууралуу сотко катышкан эл өкүлү Гуля Кожокулова журналисттерге билдирди. Ал буга чейин Жогорку Кеңеш Мадумаровду “кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” беренеси менен жоопко тартууга уруксат бергенин, бирок тергөөнүн... Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер курама командасынын машыгуусу кандай өтөт? Алар кандай шарттарда мелдештерге даярданышат? Кыздардын футболу кантип өнүгүп жатат? “Эже-сиңдилер” бул жолу оюн талаасында курама команданын машыктыруучусу жана оюнчулары менен маектешти.
3-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16... Читать дальше...
Бишкектеги Ош базары, Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырылат. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 2-сентябрда коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелерин текшерүү учурунда билдирди. Анын айтымында, бул маселелер кийинки жылдын жаз айларына барып чечилет. "Бул дагы шаардагы тыгын маселесине байланыштуу. Шаарга 900 микроавтобус аймактардан келип жатат. Алар шаарды аралап тыгын пайда кылып, экологияны дагы бузуп жатат. Биз ушуну сыртка чыгарабыз, азыр долбоор жазып жатабыз. Читать дальше...
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип жатканын адвокат Гуляна Убалиева журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул иш 2009-жылы Мадумаров кол койгон кыргыз-тажик чек арасын боюнча протоколго байланыштуу. Ушул тапта Биринчи Май райондук сотунда Мадумаровдун бөгөт чарасы каралып жатат. Соттун имаратын милиция кызматкерлери катуу кайтарууга алып, тарапташтарын жана журналисттерди сырткы тосмосуна жакындаткан жок. Мадумаровду... Читать дальше...
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жеткирилди. Бүгүн, 2-сентябрда анын бөгөт чарасы каралат. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, соттун имаратына Мадумаровдун тарапташтарын, журналисттерди киргизбей жатышат. Саясатчынын бөгөт чарасы бүгүн караларын аталган соттун басма сөз кызматы дагы "Азаттыкка" ырастаган. Мунун алдында саясатчы эмне себептен кармалганын сураган журналисттерге кыска жооп берип,... Читать дальше...
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кетти. Тарапташтарынын билдирүүсүндө, саясатчыны 2-сентябрда баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармап кетишкен. Мадумаров алгач ИИМдин Тергөө башкармалыгына, андан кийин Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна бөгөт чарасын аныктоо үчүн жеткирилди. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз. Мадумаров... Читать дальше...
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун кармалышына байланыштуу анын тарапташтары Ички иштер министрлигинин алдына чогулууда. Учурда Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкармалыгына алып кирип кетишти. Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова Мадумаровдун өзү менен байланышууга мүмкүн болбогонун жана анын бөгөт чарасын аныктоо үчүн Биринчи Май райондук сотуна алып барышы ыктымал экенин "Азаттыкка" билдирди. "Сүйлөшүүгө деле мүмкүнчүлүк берген жок. Читать дальше...
55 жаштагы Гүлкайыр Болотбекова үч жылдан бери ак кан менен алышып, ар 10 күн сайын донор канын куйдуруп жашап келет. Бул сейрек кездешкен дарттан айыгуу үчүн көп учурда сөөктүн кемигин алмаштыруу керек. Бирок трансплантация Кыргызстанда жасалбайт.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго 2007-жылы “белек” кылып кесилген кулак жана сөөмөй жиберүүгө катышкан ошол кездеги милиция кызматкери Ырысбек Кулмамбетов Кыргызстанга кайтып келип, тилкат менен бошотулганы белгилүү болду. Күтүүсүз кайтып келип, соттон бошотулган шектүү Медет Садыркуловго “сырдуу белек” жөнөтүүгө катышкан деген шек менен 13 жылдан бери издөөдө жүргөн Ырысбек Кулмамбетовдун өлкөгө кайтып келип, камактан бошотулганын бир нече басылма күч органдарындагы... Читать дальше...
"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кетти. Бул маалыматты Мадумаровго жакын бир нече булак жана аталган фракциядан "Азаттыкка" билдиришти. Маалыматка караганда, саясатчыны баласы менен көчөдө жүргөн жеринен кармап кетишкен. Саясатчы учурда ИИМдин Тергөө башкармалыгында экени кабарланды. Ал эмне себептен, кайсы ишке байланыштуу кармалганы азырынча белгисиз. Ички иштер министрлиги маалымат бере элек. Читать дальше...
Оштогу көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу жалпысынан 39 адам облустук милицияга алып келинип, сурак берди. Беш жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-берененин негизинде ("Бейбашты") кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Кара-Суу райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, кармалгандар 23 жаштан 51 жашка чейинки Ноокат, Араван жана Өзгөн районунун тургундары. Мындан сырткары... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылууга шектелип дагы бир мектептин директору кармалганын билдирди. Бул соңку бир аптанын ичинде мектеп директору кармалган 4-учур. УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, Бишкектеги мектептердин биринин А.Г.Б. аттуу директору окуучуну башка мектепке которуу маселесин оң жагына чечип берүүнү убада кылып 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган. Директор 1-сентябрь күнү кармалып, атайын кызматтын убактылуу тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...
Орусияда 1-сентябрдан тарта тейлөө операторлорун колдонуучулардын сапарлары тууралуу маалыматтарды Борбордук коопсуздук кызматына (ФСБ) өткөрүп берүүгө милдеттендирген мыйзам күчүнө кирди. Ошол эле учурда компанияларга аталган мекеме менен кызматташуу тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Мыйзамга ылайык, таксиге буйрутма берүү кызматтары ФСБга маалымат базаларына күнү-түнү аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүн бериши керек. Жүргүнчү ташыгандар буйрутмалардын журналын жүргүзүүгө милдеттүү болот. Читать дальше...