“Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясын) сатуу боюнча аукцион 11-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду сайтына жазды. Маалыматка ылайык, мамлекеттик компаниянын 100% акциясын сатуу боюнча электрондук акцион 2-октябрда өтмөк. 29-сентябрга карата акционго катышуу арызы түшкөн жок. Компанияны сатуу үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын чечими менен акцион 11-октябрга жылдырылды. “Мегага” ээлик кылган “Альфа... Читать дальше...
НАТО 29-сентябрда билдиргендей, Косовонун түндүгүндөгү кырдаал чыңалып жатканына байланыштуу ал жактагы бейпилдик күчтөрүнүн санын көбөйтөт. «Кечээ Түндүк Атлантикалык аскердик альянстын кеңеши кырдаалды жайгаруу үчүн кошумча күч жөнөтүүнү чечти», - деп жазылган 29-сентябрдагы билдирүүдө. Канча аскер жиберилери так маалымдалган жок. 24-сентябрда өлкө түндүгүндөгү православдардын чиркөөсүнө жасалган кол салуудан төрт киши мерт болгон. Ал күнү отуз чакты куралчан жоочу чиркөөгө кирип барып, полиция менен атыша кеткен. Читать дальше...
Швейцариянын Башкы прокуратурасы 28-сентябрда Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованы кылмыштуу топту жетектөөгө жана пара алууга айыптады. Маалыматка караганда, Каримова 2001-2013-жылдары «Офис» деген аталыштагы кылмыштуу топту жетектеп турган. Анын курамына ондогон кишилер жана көп сандагы компаниялар кирген. Прокуратура билдиргендей, анын баары ишкерликке жамынып, кимдир-бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүү менен кылмыштуу аракеттерди жүргүзүшкөн. Маалыматта Каримова «Офисти» түзүп... Читать дальше...
Башкы прокуратура бөлүм башчы Рустам Абдырасуловдун сейфте сакталган 762,5 миң долларды алып кеткени тууралуу түшүндүрмө таратты. Анда бул акчаны казинодо уттуруп жибергени тууралуу сөздөрдү жокко чыгарды. Мунун алдында Абдырасуловдун кылмыш ишин тергөөдө далил буюм катары алынган ири суммадагы акчаны кумарканада уттуруп жибергени жөнүндө маалыматтар чыккан. Бул окуя тергөөдө алынган далил буюмдардын сакталышы, көзөмөлдөөчү органдардагы кадр саясаты, коррупция тууралуу талкууларга жем таштады. Читать дальше...
29-сентябрда Берлинде өтүп жаткан Германия-Борбор Азия саммити чет жактагы борборазиялык активисттердин нааразылык акциясы менен коштолууда.
Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алды. Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейро жана 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышкан. “Азаттык” океандын ары жагында - Америка Кошмо Штаттарында жүргөн Денис менен маектешти.
Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын 30дай дарыгери жүрөк операциясын жасоо үчүн Жалал-Абад шаарына келди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Алар бир апта бою акысыз операция жасайт. Жалал-Абад шаарындагы Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургия илимий борборунда 15 жаштан жогору, жүрөк ооруларынан жабыркаган 130дай адамга операция жасоо пландалган. Дарыгерлер операция үчүн биринчи социалдык абалы оор, майыптыгы бар адамдарды кабыл алат. Өкүлчүлүктөн билдиргендей... Читать дальше...
Пакистандын Белужистан провинциясында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган жыйында болгон жардырууда каза тапкандардын саны элүүдөн ашты. Ондогон адам жараат алды. Белужистан провинциясынын маалымат министри Ян Ачакзай набыт болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Окуя 29-сентябрда провинциянын борбору Кветта шаарынан 60 чакырым алыстыктагы Мастунг районунда болгон. Иш-чарага 500дөн ашуун киши чогулган. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти бир да топ моюнуна ала элек. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 29-сентябрда Борбор Азия мамлекет башчылары менен немис президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө геосаясий кырдаалда Борбор Азияга эл аралык коомчулуктун көңүлу бурулганын белгилеп, бул экономикалык кызматташууга шарт түзөөрүн белгиледи. “Мунун баары саясий декларацияларды кабыл алуу менен эле чектелбестен, мазмундуу соода-экономикалык жана инвестициялык... Читать дальше...
Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) футзал боюнча мурдагы калысы, кыргызстандык Нурдин Букуев Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу 29-сентябрда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Букуев футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди эң көп тейлеген калыс болуп рекорд койду. Ал дүйнөлүк төрт мелдеште – Бразилия-2008, Таиланд-2012, Колумбия-2016 жана Литва-2021 чемпионатында калыстык кылган. “Букуев ФИФАнын калысы катары соңку ирет 2021-жылы Литвада өткөн футзал... Читать дальше...
Тажик оппозициясынын өкүлдөрү Тажикстандын Берлиндеги элчилигинин алдында 28-сентябрда нааразылык акциясын өткөрүп, президент Эмомали Рахмондун Германияга келишине каршылыгын билдиришти. Рахмон Германия-Борбор Азия саммитине катышуу үчүн Берлинге 28-сентябрда барган. Акциянын катышуучулары тажик президентин саясий өңүттө куугунтукталгандарды түрмөдөн бошотуп, өлкөдө адам укугунун сакталышын камсыздоого чакырышты. Алардын биринин айтымында, дипломатиялык мекеменин алдына «Группа 24» кыймылынын... Читать дальше...
Омбудсмен Жамиля Жаманбаева Ош шаарындагы №5 тергөө абагынын (СИЗО-5) абалын көрүп чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчы тергөө абагынын эскилиги жетип, бардык бөлмөлөрү ным экенине көңүл бурду. Жаманбаева түрмө жетекчилиги менен бул маселени талкуулады. “№5 тергөө абагы 1890-жылдары курулуп, анда Алымбек датканын баласы Камчыбек кармалып турганы белгилүү. Абактагылардын шарты белгиленген талапка жооп бербейт. Бул адам укугун бузуу болуп саналат. Мындан улам шаардын... Читать дальше...
Жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга качкан этностук армяндардын саны 85 миңге жетти. Бул тууралуу армян өкмөт башчысынын маалымат катчысы Назели Багдасарян кабарлады. Бул Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын төрттөн үч бөлүгү чыгып кетти дегенди билдирет. Тоолуу Карабактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгондон кийин жикчил аймакта отурукташкан этностук армяндар Армениянын аймагына жапырт чыгып кете башташты. Армениянын премьер-министри... Читать дальше...
29-сентябрда Берлинде Германия+Борбор Азия саммити башталды. Жума күнү эртең менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Берлиндеги Бельвю резиденциясында Борбор Азиянын беш лидерин кабыл алып, жолугушууга кирди. Лидерлерди немис канцлери Олаф Шольц чакырган.
Пакистандын Белужистан провинциясында Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган жыйында болгон жардыруу кеминде 13 кишинин өмүрүн алды. Жаракат алгандардын саны 50дөн ашты. Белужистан провинциясынын маалымат министри Ян Ачакзай набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн экенин эскертти. Ал бул тууралуу X социалдык түйүнүнө жазды. Окуя 29-сентябрда провинциянын борбору Кветта шаарынан 60 чакырым алыстыктагы Мастунг районунда болгон. Белужистан провинциясынын Dawn басылмасы набыт болгондордун саны 30дан ашканын жазды. Читать дальше...
Кыргызстан 50 миллион долларлык доо боюнча Гаага шаарындагы арбитраждык териштирүүнү утуп алды. Бул тууралуу Юстиция министрлиги кабарлады. Министрликтин кабарлашынча, казак компаниясы Кыргызстанга каршы арбитраждык териштирүүгө арыз берген. Арыздануучу Таш-Көмүр шаарындагы ферросплав (темир эритиндисин даярдаган) заводун куруу долбоорунда эл аралык келишимдер жана “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамы бузулган деген жүйө менен Кыргызстанга 50 млн доллар доо койгон. 2021-2023-жылдары... Читать дальше...
29-сентябрда Берлинде Германия+Борбор Азия саммити башталды. Жума күнү эртең менен Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Берлиндеги Бельвю резиденциясында Борбор Азиянын беш лидерин кабыл алып, жолугушууга кирди. Лидерлерди немис канцлери Олаф Шольц чакырган.
Ошто уюшуп алып ири суммада пара талап кылган милиционерлер аныкталганын, алардын бири кармалып, үчөөнө издөө жарыяланганын бүгүн 29-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ош шаардык милицясынын төрт ыкчам кызматкери Ош облусунун тургунун зордуктоого айыптап, кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, 400 миң сом талап кылышкан. 25-сентябрда бул акчанын алгачкы 100 миң сому берилип жаткан учурда ортомчу киши кармалган... Читать дальше...
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укугу боюнча комитети бир нече мамлекеттер жөнүндө баяндамасын жарыялады. Анда Кыргызстандагы балдардын укугу жана гендердик зомбулук жөнүндө айтылат. БУУ Кыргызстандагы гендердик зомбулук, сексуалдык ыдык, балдарга басым, ала качуу жана кылмышкерлердин жазасыз калып жатканы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Уюм жогорудагыдай кылмыштарга каршы мыйзамды күчөтүп, зомбулуктан жабыркагандарды коргоону камсыз кылууга чакырат. Балдар укугу боюнча комитет мектептерде... Читать дальше...
Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жол долбоору боюнча 2023-жылы пландалган он беш чакырымдан он бир чакырым бөлүгүндөгү алдыңкы жол даярдалды. Учурда темир-бетон, рельс төшөө иштери жүрүп жатат. “Кыргыз темир жолу” ишканасы жыл аягына чейин пландалган он беш чакырым темир жол бүткөрүлөрүн маалымдады. Курулушта 85 жумушчу жана 26 атайын техника иштеп жатат. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы ишке ашырып жаткан "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече" (186 чакырым) темир жол долбоору 2030-жылга чейин аяктай турганы... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору үчүн жарандардын сунуш-пикирлерин кабыл алууда. Бул тууралуу министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгынын башкы адиси Зарина Калмурматова 29-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мыйзам долбоору боюнча сунуш-пикирлер 11-октябрга чейин кабыл алынат. 16-октябрда мыйзам долбоорун даярдоо үчүн түзүлгөн жумушчу топ келип түшкөн сунуштарды карап чыгат. “26-октябрга чейин сунуш-пикирлерди карап чыгып... Читать дальше...
Быйылкы Азия оюндарынын чемпиону, дзюдочу Эрлан Шеров бүгүн 29-сентябра Бишкекке кайтып келди. Спортчуну "Манас" аба майданынан ата-энеси, достору жана спорт ишмерлери тосуп алышты. Дзюдо боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрлан Шеров 26-сентябрда Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында алтын медал тагынган. Ал 90 кг салмак даражасында финалда өзбекстандык Даврат Бобоновду жеңген. Шеров буга чейин кытайлык Бу Хебилигди (1:0), чейрек финалда ливандык Карамноб... Читать дальше...
Акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын Жалал-Абад облусундагы эл жана жергиликтүү бийлик менен жолугушуусунда Сузак району боюнча көп нааразылык айтылды. Жолугушуу бүгүн 29-сентябрда өттү, ага жетекчилер менен чогуу эсептегенде 50дөй киши катышты. Облус аймагында зордук-зомбулук, адам укуктарынын бузулушу жана үй, жер талашкандар, жөлөк пул ала албай жаткандар көп экени белгиленди. Сузак районунан кайрылган жарандар көп болду, алар адам укуктары бузулган, үй-бүлөлүк зордук-зумбулук жана жашы жете электер... Читать дальше...
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы Сергелий районундагы кампадагы жарылуудан 16 жаштагы бала каза болуп, 163 адам жараат алды. Бул тууралуу 28-сентябрда “Озодлик” радиосу жазып чыкты. Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, 24 киши Республикалык ыкчам медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жаткырылды. Жарадар болгондордон 138си амбулатордук жардам алгандан кийин үйүнө жиберилди. Жарылуунун кесепетинен каза болгон жаран 2006-жылы туулган. Gazeta.uz басылмасы жарылууда анын үстүнө терезе кулап түшкөнүн жазды. Читать дальше...
Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл Кыргызстанда малга тоют жетиштүү экенин Жогорку Кеңештин “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын 29-сентябрдагы жыйынында айтты. Ал өлкө боюнча 329 миң гектар жерде көп жылдык чөп өсөрүн, быйыл Чүй облусунда суунун тартыштыгынан улам тоют аз жыйналып калганын билдирди. “Суу тартыштыгынан улам Чүйдө сууну адегенде кант кызылчасына жана жүгөрүгө, малина менен кулпунайга, анан чөпкө бердик. Ошол себептүү быйыл тоют аз жыйналып калды. Бирок чыктуу тоюттар жылдагыдан көп топтолду”, - деди министр. Читать дальше...