Постсоветтик Кыргызстандын алгачкы саясий элитасынын өкүлү, кыргыз саясатчысы, көз карандысыз Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун (1943–1991) өмүрү жана доору алигиче учкай жана үстүрт гана изилденип келет. Муну ОшМУдагы жыйындын маалыматтары да айгинелейт. Тарыхчынын блогу. Расмий маараке Бейшембиде, 2023-жылдын 31-августунда, Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Башкы жыйын залында чыгаан мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракесине арналган... Читать дальше...
2-сентябрда Чехиянын баш калаасы Прагада Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара уюштурулду. Ага Чехиядан тышкары Европанын бир катар өлкөлөрүнөн келген кыргыз жарандары жана атайын чакырылган коноктор катышты. Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулдугунун кеңсеси расмий ачылды. Чехиядагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Саадаткан Даминова ардактуу консул болуп ишке киришти.
Тажикстанда «Ориёнбанктын» төрагасынын орун басарын уурдап, өлтүрүүгө шектелип жаткандардын бири Акбар Ахмедов тажик баш калаасындагы убактылуу кармоочу жайда набыт болуп, анын сөөгү өзү туулуп-өскөн Хужандда жашыруун жерге берилди. Бул тууралуу үч башка булакка таянып «Озоди» радиосу жазды. Маалыматка караганда, 30-августта Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү Ахмедовдун сөөгүн ата-энесине өткөрүп берип, тергөө абагында өлгөнү тууралуу эч кимге айтпоону эскертишкен. «Озодинин» булактарынын бири билдиргендей... Читать дальше...
Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өлкөсүнүн коопсуздук кепилдиги катары бир гана Орусияга ишенүү саясаты «стратегиялык ката» болгонун билдирди. Италиялык La Repubblica басылмасында 3-сентябрда жарык көргөн маегинде Пашинян Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптады. Пашинян Орусиянын Арменияда аскердик базасы жана эки өлкө ортосунда коргонуу жаатында келишимдери болгонуна карабастан өз өлкөсүн орусиячыл деп эсептебестигин кошумчалады. Читать дальше...
Лейлек районунун борбору Раззаков шаарында мигранттардын балдары үчүн атайын бала бакча иштеп жатканына беш жылдан ашты. Аймакта жумушсуздуктан балдарын жакындарына таштап, четке кеткендер көп. Мигранттардын укугун коргогон "Инсан Лейлек" коомдук фондунун атайын бала бакчасында 200дөй бала бар.
Бүгүн 3-сентябрда Түндүк Осетияда Беслан шаарындагы мектептеги кандуу окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө. 2004-жылы 1-сентябрда шаардагы №1 мектепте жаңы окуу жылынын башталышын белгилеп жаткан 1100 адамды куралчан топ барымтага алган. Мектептин ичиндеги окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер үч күн бою алардын колунда калып, 3-сентябрдагы штурм учурунда 334 адам каза тапкан, алардын 186сы балдар болгон Тергөөнүн расмий версиясы боюнча, террорчулар барымтадагы адамдар отурган спортзалды... Читать дальше...
4-сентябрда түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 17…22; Талас жергесинде түнкүсүн 8...13... Читать дальше...
Бишкек мэриясы шаардыктар коомдук транспортко көбүрөөк түшүүгө кызыкдар боло тургандай система түзүүгө киришкенин мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге билдирди. Автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачуу бул системаны иретке келтирүүнүн негизги ыкмасы экенин айткан жетекчи айрым аялдамалардын орду өзгөрүп, жол боюна машина токтотмой болбой турганын белгиледи. “Албетте көйгөйлөр болот, машиналардын тыгыны жаралат. Андыктан жүргүнчүлөр коомдук транспортко өтүшөт. Читать дальше...
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши адилет каралышын мыйзам чегинде талап кылышарын бүгүн 3-сентябрда “Азаттыкка” аталган партиянын Жогорку Кеңештеги депутаты Эмил Токтошев билдирди. Ал дүйшөмбү күнү фракция бул маселе боюнча жыйынга чогулуп, расмий билдирүү жасай турганын, ага юристтер да катышарын, Мадумаровдун камалышына каршы акциялар пландалбаганын айтты: “Жок, андай пландар жок. Фракциянын депутаттары эртең чогулуп, жалпы элге билдирүү жасайбыз лидерибиз Адахан Кимсанбаевичтин камалышы боюнча. Читать дальше...
Израилде 3-сентябрга караган түнү Эритреянын жарандары катышкан башаламандыкта 160 адам жабыркаганын, алардын 50гө жакыны тартип орнотууга аракет кылган полиция кызматкерлери экенин The Jerusalem Post басылмасы жазды. 2-сентябрда бир катар өлкөлөрдө Эритрея маданиятынын фестивалы уюштурулган. Бул күнү Тель-Авив шаарында саясий башпаанек сураган эритреялык качкындар топтолуп, өз өлкөсүнүн бийлигинин саясатына каршылыгын билдирип чыгышкан. Эритреянын Израилдеги элчилигинин алдына барганда алар өлкө бийлигин колдогон мекендештери менен чырдашып... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев фракция лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышын “саясий куугунтуктун ачык көрүнүшү” деп баалай турганын 3-сентябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. “Ким катуу сүйлөсө баарын камаш керек деген саясат” жүрүп жатат деген оюн айткан Масалиев төмөнкүлөргө токтолду: “Бизден макулдук алганда ал кишини кызмат укугунан аша чабуу тууралуу берене менен жоопко тартабыз дешкен. Эч кандай мамлекеттик чыккынчылык деген берене болгон эмес. Читать дальше...
Адахан Мадумаровду камакка алууга негиз болгон сот чечимин толук жокко чыгаруу тууралуу арыз берилерин бүгүн 3-сентябрда анын адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирди. Жактоочу шаардык соттун канцелярия бөлүмү дем алышта жабык болгондуктан арыз дүйшөмбү күнү тапшырыларын айтты: «Бүгүн соттун канцеляриясы иштебейт. Апелляциялык арыз эртең берилет. Үй камагы эмес, толугу менен бөгөт коюу чарасын алуу деп суранабыз». Жогорку Кеңештин депутаты, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровду... Читать дальше...
Тажикстандын Ооганстан менен чектеш аймагындагы базарлары кайрадан иштей баштаганын “Азаттыктын” тажик кызматы 2-сентябрда билдирди. Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жетекчилиги тажик-ооган чек арасындагы Хорог шаарынын Тем кичи районунда жана Дарваз, Ванж, Ишкашим райондорундагы базарлар өлкө жетекчиси Эмомали Рахмондун тапшырмасына ылайык иштей баштай турганын, мындай кадам “эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакасын кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын ачууга өбөлгө болорун” маалымдады. Ооганстанда... Читать дальше...