Өзбекстан парламенти - Олий Мажлистин төмөнкү палатасынын бир катар депутаттары Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Евгений Федоровдун "мурдагы советтик республикалар СССРден мыйзамсыз чыгып кеткен" деген билдирүүсүн айыпташты. Федоровдун "32 жыл мурун эгемендүү болгон мурдагы советтик республикалар эртеби-кечпи Орусия менен эсептешүүгө же согушууга аргасыз болорун" айтып, аларды "Кремлге тынчтык жолу менен кошулууга чакырган" билдирүүсү 7-сентбярда Телеграм каналдарга тараган. Федоров СССРден бөлүнүүнү "мыйзамсыз" деп атап... Читать дальше...
14-сентябрда Тажикстанда өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлеринин саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аймактагы суу-энергетикалык көйгөйлөрдү көтөрдү.
Ош облусунун Өзгөн районунда экстремисттик уюмду колдоп жүргөн жергиликтүү тургундар мыйзамга каршы иш кылганын мойнуна алып, андан баш тартты. Ушуну менен облуста жыл башынан бери "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандардын саны 12ге жетти. Алар буга чейин диний экстремисттик партиянын идеологиясын колдоп келишкен. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан “Азаттыка” билдиришти. Милиция жарандардын экстремисттик уюмдардан өз каалоосу менен чыкканын түшүндүрүү иштеринин натыйжасы деп эсептейт. Читать дальше...
Ош облусунун Өзгөндө районунда экстремисттик уюмду колдоп жүргөн жергиликтүү тургундар мыйзамга каршы иш кылганын мойнуна алып, андан баш тартты. Ушуну менен облуста жыл башынан бери "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандардын саны 12ге жетти. Алар буга чейин диний экстремисттик партиянын идеологиясын колдоп келишкен. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан “Азаттыка” билдиришти. Милиция жарандардын экстремисттик уюмдардан өз каалоосу менен чыкканын түшүндүрүү иштеринин натыйжасы деп эсептейт. Читать дальше...
Ливияда селде курман болгондордун саны 18-20 миңге жетиши мүмкүндүгүн Дерна шаарынын мэри Абдулменам ал Гайти билдирди. Калаа башчысы мындай божомолду сел жууп кеткен жерлердин масштабына салыштырып айтканын Reuters агенттиги 14-сентябрда жазды. Ал эми AP агенттиги Ливия өкмөтүнө таянуу менен 5500 адамдын өлүмүн тастыкталганын, дагы 9000 чамалуу киши дайынсыз экенин билдирди. 7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 10-сентябрган караган түнү Жер Ортолук деңизи тараптан каптаган "Дэниел" бороонунан Ливиянын чыгышы өзгөчө жабыркады. Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер 2023-жылдын июль айында мекенине 145.9 млн доллар которгон. Бул май айына караганда 17.9 млн долларга аз. Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (132.2 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук банк башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1.7 млн доллар каражат которулганын билдирди. Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107.3 миллион долларды түздү. Читать дальше...
Жалал-Абад шаарында бүгүн 14-сентябрда Баткендеги бир жыл мурдагы кагылышууда курман болгон жоокерлер эскерилди. Эскерүү иш-чарасына маркумдардын жакындары, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Каза болгон жоокерлердин жакындарына көңүл айтылып, акчалай жардам берилди жана мекен деп жан берген эр азаматтардын элеси түбөлүкө сакталары белгиленди. 2022-жылдын сентябрь айынын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы... Читать дальше...
Былтыр 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында башталган жаңжал үч күнгө созулган. Эки тараптан жуздөн ашык кишинин өмүрүн алган куралдуу чатакта бир катар айылдар талкаланып өрттөлгөн. Достук айылы толугу менен өрттөлгөн. Быйыл бул айылда 60ка жакын жаңы турак-жай курулду.
Кыргызстанда көз карандысыз "Клооп" порталынын сайтын бир нече провайдер бөгөттөдү. Мунун алдында Маданият жана маалымат министрлиги камакта жаткан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, басылма андан баш тарткан. “Клооп” бийлик өкүлдөрүнүн аты аталган коррупция тууралуу макалаларды, иликтөөлөрдү жарыялап келет. Бишкектин прокурору басылманы толугу менен жабуу өтүнүчү менен сотко да кайрылган. Медиа коомчулук соңку мезгилде бийликти сындаган басылмаларга жана блогер... Читать дальше...
Өзбекстандын Министрлер кабинетинин 10-сентябрдагы кезексиз жыйынында өлкөдөгү диний радикалдашуу маселеси талкуулаганы бейшембиде маалым болду. "Азаттыкка" маалымат берген булактардын айтымында, премьер-министр Абдулла Арипов менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Абдусалом Азизовдун катышуусунда өткөн жыйында өлкөдө "диний радикалдашуунун күчөшү" тынчсызданууну жаратып жатканы айтылган. Жыйынга катышкан аткаминерлердин бири жумуш ордунда намаз окуу, шарияттын негизинде көп аял алуу... Читать дальше...
Борбор Азия аймагындагы суу жана энергетика ресурстары маселесин бүгүн 14-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында аймактагы өлкөлөрдүн президенттеринин саммитинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров көтөрдү. Ал сууга болгон мамилени толук өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды: "Байкалган терс тенденциялар баарыбызды ойлонтот. Бул ушул жерде жашаган баарыбыз үчүн, ошондой эле кийинки муундарыбыз үчүн зарыл болгон жашоо шарты катары сууга болгон мамилени толугу менен өзгөртүү зарылдыгын көрсөтүп турат. Читать дальше...
Бельгияда Apple компаниясынын iPhone 12 телефонунун ден соолукка тийгизүүчү зыяны иликтенет. Санариптик экономика министрлиги телекоммуникацияларды жөнгө салуучу органга ушундай тапшырма берди. Мурдараак Франция аталган смартфондун радиациялык таасири чектен ашууда деген жүйө менен аны сатууга тыюу салган. 13-сентябрда Apple компаниясы 2020-жылы чыккан iPhone 12 дүйнөлүк радиациялык стандарттарга жооп бергенин бир нече эл аралык уюмдар тастыктаганын билдирген. Компания көз карандысыз бир нече... Читать дальше...
Европа парламенти Мароккодогу жер титирөөнүн курмандыктарын эскерди. Франциянын Страсбург шаарындагы сессияда төрайым Роберта Метсола Марокко парламентине тилектештик билдирип, Европа Марракешке жардам берүүгө даяр экенин айтты. Мароккодо 9-сентябрга караган түнкү катуу жер титирөөдө өлгөндөрдүн саны акыркы эсептерге караганда 3000ге жакындады. Дагы 5000ден ашуун адам жараат алган. Очогунда күчү жети баллдан ашкан силкинүүдө эң көп жоготууларга Ал-Хауз чөлкөмү учурады. Андан 70 чакырым алыстагы... Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2010-жылдагы Июнь окуяcына тиешеси бар жергиликтүү тургундар кармалганын бүгүн 14-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеме аларды жикчил топтордун лидерлери деп атады. 12-сентябрда колго түшүрүлгөн алты кишинин улуусу 65 жашта, кичүүсү 43 жашта экени белгилүү болду. Атайын кызмат алар Июнь калабасы учурунда “жапырт башаламандыкка чакырган, жолдорду тороп, ал жерден качып чыгууга аракет кылган жай тургундарга кол салган” деп маалымдады. Читать дальше...
Орусияда Кассациялык сот тажик мигрантынын 5 жаштагы кызы Хувайдо Тиллозоданы зордуктоого жана өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылган Александр Семинди өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратты. Кыздын атасынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Шавкатжон Умаров соттун өкүмү 13-сентябрда чыкканын "Озоди" радиосуна билдирди. Москва облусунун соту быйыл мартта Семинди 24 жылга кескен. Маркумдун ата-энеси катаал жаза колдонууну сурап, кассациялык сотко даттанган. 2018-жылдын 18-июлунда кызды Москванын четиндеги... Читать дальше...
"Кыргызгидромет" кызматы 15-16-сентябрында туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертүүдө. 15-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз көпчүлүк аймактарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Талас, Жалал-Абад облустарынын өрөндөрүндө... Читать дальше...
Москвада киши колдуу болуп, сөөгү башы кесилген абалда паркта табылган киши кыргызстандык экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн 14-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады. Мекеменин маалыматына караганда, маркумду энеси таанып, ал 29 жаштагы кыргыз жараны экенин билдирди. “Азыркы учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркумдун жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүп, сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин караштырып жатат”, - деп билдирди ТИМдин басма сөз кызматы. ... Читать дальше...
Бүгүн, 14-сентябрда парламент “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карабай калды. Буга фракция өзүнүн сунушун кайтарып алганы себеп болду. Жогорку Кеңештин депутаты, фракциянын мүчөсү Гуля Кожокулова "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, муну парламентте кворум жоктугу менен түшүндүрдү. "Кворум жок болгонуна байланыштуу атайын алып салдык. Парламенттин кийинки жыйынында кайра сунуштайбыз. Читать дальше...
Бир апта мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган Кудайберген Базарбаев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Базарбаевди мекеменин жамаатына Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды. Мамлекеттик кызмат... Читать дальше...
Кемпир-Абад маселесинен кийин кармалып, дээрлик бир жылдан бери камакта отурган саясатчылар менен активисттер аларга моралдык-психологиялык басым жасоого аракет кылып жатышканын билдиришти. “Бүгүн 14-сентябрда көрүнүктүү саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Жеңиш Молдокматовду жана Равшан Жээнбековду беткапчан, автоматчан спецназ менен сотко алып келишти. Алар бизге кылмыш иши менен таанышуу маалында моралдык-психологиялык басым жасоого аракет кылды. Муну менен бизди сындыра да, коркута да алышпайт. Читать дальше...
Кыргызстандын акыйкатчысы Жамила Жаманбаева Алматыда камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин ишине байланыштуу Казакстандын омбудсмени Артур Ластаевге кайрылды. Акыйкатчынын басма сөз кызматы бүгүн 14-сентябрда билдиргендей, ал эки өлкө ортосунда кабыл алынган кызматташтык жөнүндөгү меморандумга ылайык Маркабаевдин укугун коргоого көмөктөшүүгө чакырды. Алматыдагы ири базарлардын бири «Алтын Орданын» аткаруучу директору Эрмек Маркабаевди казак полициясы быйыл 2-июнда кармап кеткен... Читать дальше...
Кыргызстандын футбол боюнча кубогунун финалдык оюну 16-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Кубок үчүн "Абдыш-Ата" (Кант шаары) жана "Мурас Юнайтед" (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары беттешет. Оюн саат 20:00до башталат. "Абдыш-Ата" командасы 2022-жылы өз тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болгон. Ал эми Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" клубу быйыл дебютант катары өлкө чемпионатына катышып жатат. Беттешти "Кыргыз Спорт ТВ" каналы түз алып көрсөтөт. Кыргызстандын... Читать дальше...
Бүгүн 14-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Кыргызстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу өттү. Кыргыз жетекчисинин басма сөз кызматы билдиргендей, алар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашты. Мамлекет башчылары ошондой эле регионалдык жана эл аралык маселелер, Дүйшөмбүдө өтө турган Борбор Азия лидерлеринин бешинчи консультативдик... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы текшерүү кол менен жүрүп жаткан “Каркыра” бекетине атайын жабдуу 2024-жылы коюларын билдирди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады. Мекеме келерки жылы жалпы үч бекет толук оңдоп-түзөөдөн өтөрүн, алардын баарына багажды жана колдогу буюмдарды текшерүүчү жаңы техникалар коюларын тактады. Мунун алдында интернетте аталган өткөрмө бекетинде тартылган видео тараган. Читать дальше...
Мамлекеттик жана коомдук ишмер, академик, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев сөз эркиндигин чектөөгө жана тыюуга каршы экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-сентябрда өзүнүн 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн маарекелик иш-чарада сүйлөп жатып айтты. Ал маалымат каражаттарын соттоп же артынан түшкөн туура эмес экенин белгиледи. "Мен Кыргызстандагы сөз эркиндигине, басма сөзгө болгон урматым бийик. Мен аларды чектөөгө, аларга тыюу салууга каршымын. Биздин чөлкөмдө Кыргызстандын... Читать дальше...