Мы в Telegram
Добавить новость

Лавров назвал временными меры профилактики терроризма на границе с Таджикистаном

Спасатели на мотоциклах начнут патрулировать улицы Москвы

Тюльпаны зацвели на клумбах Москвы

Лимит переводов между своими счетами в разных банках вырос до 30 млн руб в месяц



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2023

Новости за 28.09.2023

Azattyk.org 

Токаев Астана Орусияга каршы санкцияларды аткара турганын билдирди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын "аткарарын" билдирди. "Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз",-деди Токаев Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында. Казакстандын президенти Германияга расмий сапар менен 28-сентябрда барды. Ал немис бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, алгачкы Борбор Азия-Германия саммитине катышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус коому жектеген мигранттар

Орус полициясы жаздын соңунан бери борбор азиялык мигранттар эмгектенген, жашаган жайларда тинтүү жана текшерүүлөрдү күчөттү. Мындай рейддер Орусиянын ар кыл аймактарында мигранттарга каршы кайрылуулар менен да коштолуп жатат. Орус жергесине мигранттарга каршы маанайдын күчөшүнүн себеби эмнеде? «Биз жана дүйнө» берүүсүндө жооп издедик.

Azattyk.org 

Тоолуу Карабак: Жикчил өкмөт жоюлат

Азербайжан көзөмөлүн орноткон Тоолуу Карабактагы жикчил өкмөттү жоюу жөнүндө буйрук чыкты. Арменияга жер которгондордун агымы токтой элек. Кышка даярдык тууралуу жалгыз энергетика министринин парламентке маалымат бергени келгени депутаттарды нааразы кылды. Кыргызстандын туусун өзгөртүү сунушталды.

Azattyk.org 

HRW абактагы Тажимуратовдун коопсуздугун камсыздоого чакырды

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Ташкентти абакта отурган каракалпакстандык журналист жана юрист Даулетмурат Тажимуратовдун коопсуздугун сактоого чакырды. Буга чейин анын адвокаты Сергей Майоров 18-сентябрда Навои облусундагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан Тажимуратов менен жолукканын, абак кызматкерлери медициналык тейлөөнү камсыздабай жатканын айткан. Адвокат Тажимуратовго радио угууга, китепканага барууга, гезит окууга мүмкүнчүлүк берилбей жатканын кошумчалаган. Майоров белгилегендей... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде “Жаш манасчы” айкели орнотулду

Президент Садыр Жапаровдун Германиядагы иш сапары башталды. Ал 28-сентябрда Кыргызстандын Берлин шаарындагы элчилигинде орнотулган “Жаш манасчы” айкелин көрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Элчи Өмүрбек Текебаев темир айкел Кыргызстанда жасалганын билдирди. Жанында орнотулган QR-код менен айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү укса болот. Президент Жапаров немис канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Германия – Борбор Азия саммитине... Читать дальше...

Azattyk.org 

Конституциялык сот: салт менен мыйзамдын чеги

Жогорку Кеңеш 28-сентябрда Конституциялык соттун чечиминин кайра каралышына жол ачкан мыйзам долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Документке кол коюлуп күчүнө кирсе, президент Садыр Жапаров жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечимдери кайра каралат. Буга чейин бир катар юристтер, эксперттер бул мыйзам кабыл алынса бийликтеги баланс бузуларын, сот эркиндиги чектелерин эскертип келген. Парламентте бул мыйзам долбоору добушка коюлардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт Кытайда “Жунда” заводу боюнча сүйлөшүү өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Жунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси талкууланды. Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилиги “Жунда” долбоорун улантууга көңүл буруларын айтып, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пашинян Бакуну этностук тазалоого айыптады, Азербайжан четке какты

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян Тоолуу Карабактан этностук армяндардын жапырт чыгып кетип жатканы үчүн Азербайжанды этностук тазалоо саясатын жүргүздү деп айыптады. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Назели Багдасарян билдиргендей, 28-сентябрга карата Арменияга Тоолуу Карабактан 66 500 киши кирди. Бул жикчил аймактагы 120 миң этностук армяндардын жарымынан көбү дегенди билдирет. «Бул түздөн-түз этностук тазалоо жана депатриация (мекенинен ажыратуу) актысы. Бул тууралуу армян тарап эл... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак депутаттын зомбулук боюнча кайрылган аялдарды да камоо сунушу сынга кабылды

Казакстан парламентинин депутаты, "Аманат" партиясынан шайланып келген Амантай Жаркынбек үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу күйөөлөрү камалган учурда, жабыркаган аялды да камоону сунуштады. Социалдык тармактарда резонанс жараткан билдирүү 26-сентябрда Мыйзам жана соттук-укуктук реформа боюнча комитеттин жыйынында жасалган. «Биздин мыйзамда «чагымчы» деген түшүнүк бар. Мындай учурда аял дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Бир кишилик камерада эркек кишини 15 суткага кармоонун кажети барбы? Аны күнөөлүү деп табышса... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактын мурдагы лидери террорчулукту каржылоого айыпталууда

Азербайжанда сот жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы лидери Рубен Варданянды террорчулукту каржылоого айыптап, төрт айга камакка алды. Варданян Орусияда карьерасын курган, «Сколково» мектебин негиздеген банкир. 2022-жылы ал орус жарандыгынан баш тартып, Тоолуу Карабакка көчүп кетип, эл аралык коомчулук тааныбаган аймакты башкарып калган. Ал Бакунун басымы алдында кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. 27-сентябрда Варданян башка качкындар менен бирге Арменияга өтүүгө аракеттенген маалда кармалган. Азербайжандын... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Билим алуунун эрте-кечи жок". IT курсун 60 жашында окуган Нурийла

Кара-Кулжа районунун 60 жаштагы тургуну Нурийла Балтаева IT курска окуп, жаңы кесипти өздөштүрдү. Ал мектепте иштеп, пенсияга чыккан соң үйдө олтуруп каражат табууну көздөп жатат. Жаштар менен жарыша программа жасоого киришкен Нурийла окуп- үйрөнүүнүн эрте-кечи жок деген көз карашта.




Azattyk.org 

Бала зордуктаган 88 кылмышкер пробация менен бошонуп кеткени айтылды

Жашы жете электерди зордуктаганы үчүн соттолгон кылмышкерлерге пробация ыкмасын колдонууга тыюу салуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынганын, эми аны экинчи жана үчүнчү окууда чукул карап, кабыл алуу керектигин бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди. Акаев Жогорку соттун жана Пробация департаментинин маалыматына таянып билдиргендей, 2022-жылдын башынан бери 16 жашка чыга электер менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге барган... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) кылмыштуу тобунун эки мүчөсү “опузалап талап кылуу” фактысы менен кармалганын билдирди. Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүүлөр Көлбаевдин кылмыштуу тобунун абакта жаткан мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 2500 доллар талап кылышкан. УКМК 26-сентябрда шектүүлөр акча талап кылган тургундан 210 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын билдирди. Шектүүлөр атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилип... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташкенттеги жарылуудан өспүрүм каза болуп, ондогон киши жабыркады

Ташкенттеги Сергели районундагы кампада болгон жарылуудан 16 жаштагы өспүрүмдүн өмүрү кыйылып, 160 киши жабыркады. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 24 киши ооруканага жеткирилди, алардын абалы туруктуу. Бажы кампасындагы жарылуу 28-сентябрда түш ченде болгон. Жарылуудан кийин тутанган өрт 3000 чарчы метр аймакка жайылган. Өрттү өчүрүү сегиз сааттан бери уланып жатат. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги жарылууга чагылган себеп болгонун билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Инвестиция: ишенимге доо кетирген ортомчулар

Инвесторлорду опузалап акча талап кылууга шектелип Төлөнбай Нурбаев аттуу ишкер кармалды. Ал мындай жосунду бийликтеги жогорку кызмат адамдары менен жакшы байланышта экенине таянып жасап келгени маалымдалды. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун уулу, УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жакындары жана президенттин иш башкармалыгы Каныбек Туманбаев инвестициялык долбоорлорго тыкыр аралашып жүргөнү айтылып келүүдө. Бийлик башындагылардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мындай иш-аракеттери инвестициялык климатка кандай таасирин тийгизет? Читать дальше...

Azattyk.org 

Вебкам иши: Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узарды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтүн 27-сентябрда узартып, аны 29-ноябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатат. Атайын кызмат Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Этностук армяндардын “Тоолуу Карабак” түзүмүн жоюу тууралуу буйрук чыкты

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы жазды. Бул чечимди кабыл алууга «түзүлгөн аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Арцахтын (Тоолуу Карабактын армянча аталышы) калкынын коопсуздугун жана жашоодогу кызыкчылыгын камсыздоо артыкчылыгы" түрткү болгону белгиленди. Документте ошондой эле азери тарап... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталууда

Кыргызстанда мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушталууда. Бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтына мамлекеттик символдор жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоор коомдук талкууга коюлду. Анын авторлору – парламент төрагасы Нурланбек Шакиев жана депутат Улан Примов. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртууга багытталып жатат. Алардын пикиринде, азыр туунун ортосундагы түндүктүн жана тегерегиндеги күн нурларынын сүрөтү “күн... Читать дальше...

Azattyk.org 

ЖК “Конституциялык сот жөнүндө” долбоорду талкуусуз кабыл алды

28-сентябрда Жогорку Кеңеш “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз эле колдоду. Документти парламентте талкуулабай эле кабыл алууну депутат Надира Нарматова сунуштады. Жыйынтыгында мыйзам долбооруна экинчи окууда 64 “макул”, эки депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. Эми мыйзам долбоору кол коюу үчүн президентке жөнөтүлөт. “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: жамгыр жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 29-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 20…25, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда казиного экинчи лицензия берилди

Кыргызстанда  "Казино Кристал" ишканасына лицензия берилди. Ачык бюджет порталындагы маалыматка ылайык, март айында каттоодон өткөн "Казино Кристал" кумар оюндарына лицензия алуу үчүн 84 миллион сом төлөгөн. Бул өлкөдө расмий түрдө казиного берилген экинчи лицензия.  "Казино Кристал" ишканасынын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттыкка" казино иштеп баштаганын ырастады. Юстиция министрлигиндеги маалыматка ылайык, "Казино Кристал" ишканасынын жетекчиси катары Масалбеков Арсен Масалбекович көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Парламент кышка даярдык маселесин Акылбек Жапаровсуз кароодон баш тартты

Өлкөнүн кышка даярдыгы тууралуу маселе бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин күн тартибинен алынды. Парламенттин кароосуна “Экономика тармактарын жана калкты 2023/2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Министрлер кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери тууралуу” токтомунун долбоору коюлган. Төрага Нурланбек Шакиев өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен сүйлөшкөнүн, ал тийиштүү жетекчилер катышарын, вице-премьерлер баары чет өлкөлөрдө иш сапарда жүрөт деп айтканын, энергетика министри түздөн-түз жооптуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Догдуркүл Кендирбаева билим берүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады. Эми Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейинки Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев "тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаган" деген негизде 7-сентябрда кызматынан бошотулган. Министрдин милдетин анын орун басары Уланбек Усеков аткарып жаткан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров иш сапары менен Германияга учуп кетти

28-сентябрда президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Германия – Борбор Азия саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына учуп кетти. Өлкө башчы 29-сентябрда Берлинде биринчи жолу өтө турган Германия- Борбор Азия саммитине катышып, Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышары пландалууда. Читать дальше...

Azattyk.org 

Инвесторлордон акча талап кылган деген шектүүлөр эки айга камалды

Инвесторлордон опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалган үч адам Бишкектеги №1 тергөө абагына 24-ноябрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 26-сентябрда чыгарганын, райондук соттун басма сөз кызматы 28-сентябрда кабарлады. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 25-сентябрда чет элдик жаранды коркутуп 200 миң доллар талап кылган үч адам кармалганын билдирген. Мунун алдында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда жогорку... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Губернатор Забайкалья Александр Осипов вместе с кадетами посетил выставку «Казачество на государевой службе»

В I квартале 2024 года доходы Богородского округа превысили 1,4 млрд рублей

Тишковец: 1 мая в Москве ожидается до плюс 20 градусов

Умер продюсер рок-группы «Кино» Андрей Тропилло

Музыкальные новости

Bloomberg: Вашингтон изучает вопрос запрета на импорт российского урана

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева

Овчинников: «Зенит» психологически не готов драться за титул РПЛ

Новости России

Этот силач вытянул Великую Отечественную войну

«e15. cz», Чехия: Почему Россию нужно понимать? С Путиным или без него, но она будет играть роль в Европе

III Московский джазовый фестиваль станет одним из самых масштабных и значимых музыкальных событий года

В столице стартовал гастрономический проект «Московский завтрак на верандах»

Экология в России и мире

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.

Спорт в России и мире

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

Соболенко вышла в ⅛ финала турнира WTA в Мадриде

Медведев обыграл Бублика и вышел в четвертьфинал "Мастерса" в Мадриде

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие

Коршун

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Воробьев: строители хотят закончить благоустройство парка в Черноголовке в июле

В должность вступил новый хоким Мархаматского района

В Коломне пьяный рецидивист выстрелил из сигнальной ракетницы в полицейских

Инна Яркова: «Почему убираем «Анну Каренину»? Спектаклям нужно уходить на пике»