Мы в Telegram
Добавить новость

Переезд с комфортом. Реновация в столице идёт полным ходом

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше

В Соединенных Штатах признали проблемы с тестированием гиперзвукового оружия

Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2023

Новости за 25.09.2023

Azattyk.org 

Астероидден алынган кум ааламдын сырын ачабы?

Бенну астероидинин кыртышынан алынган бир чөйчөктөй кум-шагыл салынган капсула Жерге ийгиликтүү конду. Окумуштуулардын айтымында, бул үлгүлөр Күн системасынын жана Жердин кантип жаралганын түшүнүүгө жардам бере алышы мүмкүн. АКШнын космостук агенттиги НАСА Бенну астероидинин кыртышынан алынган үлгүлөр салынган капсула 24-сентябрда АКШнын Юта штатындагы Солт-Лейк-Сити шаарынын батышындагы чөлдүү аймакка кантип конгонун түз эфирде көрсөттү. Капсуланы Жерге OSIRIS-REx робот-космостук аппараты 100... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактан Арменияга көчкөндөр 6500гө жетти

Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан Арменияга жер которгондор 6650 адамга жеткенин армян өкмөтү 25-сентябрда кечке жуук билдирди. Министрлер кабинети алардын 5600гө жакынына баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлүп, калгандардын муктаждыктары такталып жатканын билдирди. Маалымат каражаттары бозгундардын саны өсүп жатканын жазышты. Дүйшөмбү күнү Азербайжандын Нахичеван автоном республикасында азери президенти Илхам Алиев Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоганды кабыл алганда, Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Москва Пашиняндын кайрылуусун "Орусияга каршы чабуул" деп сындады

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 24-сентябрдагы кайрылуусун "Москвага каршы кабыл алынгыс чабуул" деп сыпаттады. Министрлик дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүдө Пашинян акыркы кырдаалга байланыштуу "күнөөнү Москвага оодарып, ички жана тышкы саясаттагы мүчүлүштүктөр үчүн жоопкерчиликтен арылуу аракетин көрүп жатканы" белгиленген. Кремль Пашиняндын акыркы кадамдарын "Батышка ыктоо" катары мүнөздөп, Москва дайыма ишенимдүү союздаш болгонун, Ереван ката кетирип жатканын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстандын" дагы бир мүчөсү камалды

Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулун 20-октябрга чейин камакка алды. Аны 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. Активист "мамлекеттик чыккынчылык" айыбы менен кармалган депутат Адахан Мадумаровду коргогон митингдерге катышып жүргөн.  Ал тапта Бишкекте “Бардык маселелерди диалог аркылуу чечели” деген чакырык алдында жыйын өтүп, анда оппозициялык көз караштагы саясатчылардын, алардын тарапташтарынын кармалышы талкууланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз мазарлары тууралуу эки мультфильм тартылды

Кыргызстандагы Кулун-Ата жана Ажыдаар-Таш мазарлары жөнүндө элдик уламышка негизделген эки анимациялык тасма тартылды. Мультфильмдерди "Айгине" маданий-изилдөө борборунун жана "Солтек" уюмунун "Заманбап технологиялар менен маданий мурастардын жолугушу” долбоорунун алкагында, "Тентек" чыгармачыл тобу тарткан. Анимациялык тасмалар "Айгине" борборунун "Аялдыктан асылзаадалыкка жол" аттуу кечесинде көрсөтүлдү. Көрүүчүлөр кечеде ийик ийрүү, сайма саюу, чийден куурчак жасоо жана жаргылчак тартуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Унаа” ишканасы агенттик болуп өзгөртүлөт

“Унаа” мамлекеттик мекемеси агенттик болуп өзгөртүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 25-сентябрда кол койгонун президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.  Анын маалыматына караганда, “Унаа” мамлекеттик ишканасы агенттик болуп өзгөртүлгөндөн кийин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо анын өзүнүн автомектептери ачылып, машинанын түрлөрүн айдоону окутуп үйрөтөт. “Жер-жерлерде мектеп ачуу зарылдыгы биринчи кезекте жол кырсыктарынын көбөйүшүнөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактан качкан армяндардын агымы токтой элек

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу 20-октябрга чейин камакка алынды. Партиянын лидери Адахан Мадумаровду колдоп митингге чыккан активистке “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып тагылды. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Азербайжанга барып, анын лидери Илхам Алиев менен жолукту. Төрт-беш күн мурун Азербайжан армян жикчилдери жашаган Тоолуу Карабакты толук өзүнө караткан. Кыргыз-казак өкмөттөрү дан, май, кант жана күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Электр чыгырыгын айдоо эрежеси боюнча долбоор иштелип чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Кыргызстанда электр чыгырыгын (электросамокат) айдоо эрежесин киргизүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду. Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланган документте расмий эмес маалымат боюнча, Бишкекте 30 миңдей электр чыгырыгы бар экени, жолдор жана тротуарлар электросамокаттарга ылайык жасалбагандыктан кырсыктар болуп жатканы жазылган. Ушундан улам электр чыгырыгын айдагандар үчүн төмөнкүдөй эреже киргизүү сунушу берилди: атайын бөлүнгөн тилкеде... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акаев: Саясий камоолор - бийликтин чоң катасы

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери Жанарбек Акаев “Азаттыкка” келип, оппозициялык саясатчы Мадумаровдун камалышы, Кемпир-Абад иши, депутат Алимжановдун мандаты, парламент -бийлик мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди. Мындан тышкары Акаев журналисттик иликтөөлөрдө айтылган президенттин жакындары боюнча да өз пикирин айтты.

Azattyk.org 

Түркия менен Азербайжандын президенттери Нахичеванда жолугушту

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 25-сентябрда Азербайжандын Нахичеван автоном республикасына барды. Аны азери президенти Илхам Алиев тосуп алды. Сүйлөшүүнүн өзөгүн эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде Тоолуу Карабактагы акыркы кырдаал түзөрү мурда кабарланган. Эки президенттин жолугушуусу Тоолуу Карабактын жикчил аймагынан миңдеген армяндар Арменияга көчүп кетип жаткан учурга туш келди. Баку Тоолуу Карабакты толук көзөмөлгө алганы жарыяланган бир аптадай убакыттан бери Арменияга ал жактан беш миңдей армян жер которду. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кыйноодон майып болуп калдым". БУУ тааныган, кыргыз соту четке каккан өтүнүч

Бишкектин Биринчи Май райондук соту милициянын кыйноосунан кийин майып болгонун айтып, кенемте талап кылган жарандын өтүнүчүн четке какты. Жабырлануучу жана анын адвокаты жогорку инстанцияга даттанарын билдиришти.  Кыргызстанда күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын билдирип, кенемте талап кылган адамдардын көпчүлүгүнүн өтүнүчү аткарылган эмес. Суралган кенемте, четке кагылган өтүнүч 29-август күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Курманбек Чыныбековдун даттануусун четке кагып, анын кенемте... Читать дальше...




Azattyk.org 

"Бактылуу эне": Кордук көргөн кыз-келин, психолог жетишпейт

Балыкчы шаарына эки жыл мурун "Бактылуу эне" кризисттик борбору ачылган. Бул маалда 80ден ашык аялга ар кандай жардам көрсөткөн. Азыр дагы зомбулуктан улам кайрылган аялдардын саны аз эмес. Балыкчыда психолог адистер жок. Ал эми борбор мындай адистерге абдан муктаж.

Azattyk.org 

Москва Пашиняндын сөзү үчүн Ереванга жооп болорун билдирди

Армения бийлигинин билдирүүсүнө Москва жакында жооп бере турганын Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова айтты. Ал Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын сөздөрүн "чындыкка дал келбеген жана эки тараптуу мамиленин өнүгүшүнө карама-каршы билдирүү" деп сыпаттаганын 25-сентябрда "Россия-24" телеканалында маалымдады.  Пашинян жекшембидеги телекайрылуусунда армян-орус аскердик кызматташтыгын сындап: "Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана армян-орус аскердик-саясий кызматташтыгынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Шамшидин уулу бир айга камалды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.  Жактоочусу Алманбет Бексултановдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык баш аламандыктар”) алмаштырылган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 26-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25, Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6... Читать дальше...

Azattyk.org 

Музей кыздын муралы эмнеге өчүрүлгөнүнө түшүндүрмө берди

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин дубалдарынын бирине тартылган Kyz Power деп аталган мурал “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын буйругу менен өчүрүлгөн. Бул тууралуу музейдин түшүндүрмөсүндө айтылат. Түшүндүрмөдө архитектуралык эстеликтерди коргоо эрежесине ылайык, оңдоп түзөөгө байланышкан бардык иштер тийиштүү мамлекеттик органдардын макулдугу менен жүргүзүлөөрү айтылат. Мекеме аталган мурал тийиштүү органдардын уруксаты жок, музейдин жетекчилигинин гана чечими менен тартылганын белгилейт. Читать дальше...

Azattyk.org 

“Реформа жана жыйынтык үчүн” уюму аялды зомбулуктан коргоо сунуштарын жарыялады

Аялдарга карата зордук-зомбулукту кантип токтотсо болору жөнүндөгү сунуштарын  25-сентябрда “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси жарыялады. Сокулуктун Селекция айылындагы окуяга байланыштуу коомчулук милициянын жана соттордун дарегине туура сын айтып жатканын белгилеген бирикме мамлекеттик система келиндин коопсуздунун камсыз кыла албай калганын, демек, ар бир аял өзүн коопсуз сезиши үчүн системалуу чечимдер жана чаралар керек экенин кошумчалады. Биринчиден, бирикменин пикиринде, аялдын артынан түшүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстан чек арага жакын аэропортторун Коргоо министрлигине өткөрүп берди

Тажикстанда шаардык жана райондук башкармалыктардын балансындагы бир нече аэропорт Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Президент Эмомали Рахмон 31-августта кол койгон тиешелүү жарлыктын көчүрмөсүн "Озоди" радиосу 25-сентябрда жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Исфара шаарындагы аэропорт Кожент эл аралык аэропортунун балансынан чыгарылып, Коргоо министрлигине өткөрүлдү. Ооганстанга жакын жердеги Фархор жана Хамадани райондорундагы аэропорттор да Коргоо министрлигинин карамагына берилет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандык үч балбан күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) жаңы рейтингинде кыргызстандык үч балбан – Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмагында дүйнөдө биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтына жарыяланды. 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Жоламан Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Азаттыктын" Астанада кармалган кабарчысы эки сааттан кийин бошотулду

Астанадагы ЭКСПО аянтында ачылган INNOPROM.QAZAQSTAN көргөзмөсү башталар алдында полиция кызматкерлери “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкенди кармап, эки сааттан кийин бошотту. Редакция ал эч кандай себепиз кармалып, Есил райондук полиция бөлүмүнө жеткирилгенин жазды. Маалыматка ылайык, көргөзмөдөгү жабдууларды тартып жүргөн кабарчыга адегенде өзүн тааныштырбаган аял тоскоолдук жараткан. Андан соң Жолдасбек Ибрагимов аттуу полиция кызматкери менен Алмас деген жарандык кийимчен... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан 1-октябрдан тартып орус газын импорттой баштайт

Ташкент 1-октябрдан тарта орус газын импорттой турганын ТАСС агенттиги Өзбекстандын Энергетика министрлигине шилтеме жасап кабарлады. "Бардык керектүү инфраструктура жана газ куурлары жогорку басымдагы газды алууга даярдалды", - - деди министрликтин басма сөз катчысы Хасан Ташхожаев. Буга чейин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында Өзбекстандын өкмөтү "Газпром" компаниясы менен өлкөгө жаратылыш газын жеткирүү боюнча эки жылдык келишимге кол койгон. Анда бир жылда 2,8 миллиард куб метр көгүлтүр отун жеткирүү каралган.

Azattyk.org 

Нарын: Турист тоскон айылдар

Жумгалдын Кызарт айылында 20дан ашуун конок үйү бар. Соң-Көлдөн анча алыс эмес жайгашкан бул айылдын эли он жылдан бери айылда чет элдик туристтерди тосуп келет. Соңку жылдары Соң-Көлдөн тышкары, Көл-Суу туристтердин кызыгуусун арттырып, аймакта заманбап конок үйлөр курула баштады.

Azattyk.org 

Тоолуу Карабактан Арменияга беш миңдей адам жер которду

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактандан Арменияга жер которгондор 4850 адамга жеткенин армян өкмөтү 25-сентябрда эртең менен билдирди. Министрлер кабинетинин саат 12:00дөгү маалыматына ылайык, алардын 3900үнө баш калкалоочу жерлер бөлүштүрүлдү, дагы миңге чукул кишинин муктаждыктары такталууда. Каттоо уланып жатат. Ал арада Ереванда оппозициянын нааразылык акциялары уланууда. Маалымат каражаттары полицияга баш ийбеген ондогон демонстранттар кармалганын жазышты. Тоолуу Карабак Азербайжандын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Азия оюндары: Кыргызстандын футбол командасы 1/8 финалга чыкты

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы 1/8 финалына чыкты. Курама команда F тайпасынын жыйынтыктоочу беттешинде Кытай Тайбэйи менен ойноп, 4:1 эсебинде жеңди. Дзюдо боюнча мелдеште кыргызстандык Адина Көчкөнбаева коло байге үчүн күрөшөт. Азия оюндарынын алкагында заманбап спорттун түрү боюнча беттештерде кыргызстандык команда финалга чыкканын Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Бул спорттун түрүнөн Кыргызстандын намысын Родион Хрипченко... Читать дальше...

Azattyk.org 

Meta, Apple, Google компанияларынан Кыргызстанга 400 млн. сом салык түштү

Meta, Apple, Bloomberg, Google, Яндекс сыяктуу электрондук кызмат көрсөткөн дүйнөлүк 48 компания Кыргызстанга 2022-жылы 410 млн. сом салык төктү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов 25-сентябрда парламенттин тармактын комитетинде билдирди. Анын айтымында, чет өлкөлүк 48 компания Кыргызстандын Салык кызматында онлайн катталып, өлкөдөн тапкан кирешесинин 12% нарк салыгы катары төлөйт. 2022-жылы июнь айында Мамлекеттик салык кызматы жаңы Салык кодексине ылайык... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Вакантная задолженность. Кто будет выбивать долги вместо коллекторов

«Уральская молния». Фетисов о легендарной конькобежке Лидии Скобликовой

Таджикские гастарбайтеры с семьями требуют впустить их в Россию!

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше

Музыкальные новости

Легионер "Локомотива" Ньямси: в Москве жизнь дешевле, чем в Париже

Лавров позвонил главе МИД Таджикистана. Москва и Душанбе по-разному пересказали их диалог

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Новости России

Дональд Трамп допустил использование армии для выдворения нелегалов в случае своей победы

Не хотела при нем мерить джинсы. Абьюзер в Москве при всех покромсал бывшую

Переезд с комфортом. Реновация в столице идёт полным ходом

Синоптики спрогнозировали облачную погоду и до плюс 19 градусов в Москве 1 мая

Экология в России и мире

Новые коллекции Gods Passion и Kolchuga

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

ЗЕЛЕНЬ для здоровья мужчин и женщин: советы аюрведы

Спорт в России и мире

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Moscow.media

Уверенность в каждом дне вместе с автомобилем HAVAL

Автомобили HAVAL — с комфортом по бездорожью

В Балакове "десятка" сбила двух женщин и девушку

Европейские правозащитники подали очередную жалобу на ChatGPT











Топ новостей на этот час

Rss.plus






«Уральская молния». Фетисов о легендарной конькобежке Лидии Скобликовой

Авиалайнер из Москвы 1 мая прилетает в аэропорт Владивосток на 20 минут раньше

Вакантная задолженность. Кто будет выбивать долги вместо коллекторов

Не хотела при нем мерить джинсы. Абьюзер в Москве при всех покромсал бывшую