Мы в Telegram
Добавить новость

Вечер единения и поддержки: Презентация Гуманитарного Центра «Звезда» в Москве

Москвичам и туристам предложили пройтись по маршрутам портала «Узнай Москву»

ЖК “Утесов” - современный комфорт-класс в Феодосии

Суд арестовал пятерых обвиняемых в поджоге вертолета в Москве

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2023

Новости за 04.09.2023

Azattyk.org 

“Кантишти экен досторум абактагы...”

Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган жаңы подкастын сунуштайт. Укугу бузулган, чындык издеген жарандарга ар аптанын шаршемби күнү микрофон сунабыз. Бул подкастта жабык жайлардын абалы тууралуу кеп кылабыз.

Azattyk.org 

Протокол чыры, Мадумаровдун камалышы

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына 24-октябрга чейин камалды.

Azattyk.org 

ИИМ улут аралык кастыктыкты козуткан жаран кармалганын билдирди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) социалдык тармакта улут аралык кастыкты козуткан жаран кармалганын билдирди. Аталган мекеме тараткан маалыматка караганда, 2-сентябрда белгисиз жарандын аймак аралык кастыкты козутуучу сөздөрдү айткан видеокайрылуусу социалдык тармактарда тараган. Аталган факты милициянын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу") боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Германияда ооган аялдары талибдердин саясатына каршы ачкачылык жарыялашты

Германияда аял укуктары үчүн күрөшкөн ооган аялдарынын тобу «Талибан» бийлигинин кыз-келдиндердин эркиндигин чектеген саясатына каршы ачкачылык жарыялашты. Кельн шаарынын борбордук аянтында чатырчаларды тиккен ачкачылыктын катышуучулары талибдердин аялдарга карата саясатын эл аралык деңгээлде «гендердик апартеид» катары таанууну талап кылышты. Алардын биринин айтымында, аялдар Ооганстанда жана чет жактардагы нааразылык акциялары жыйынтык бербеген соң, 1-сентябрдан баштап ачкачылык кармоого киришкен. Читать дальше...

Azattyk.org 

AP: Иран уран байытууну жайлатканы маалым болду

Иран уран байытуунун ыргагын кыйла жайлатканын Бириккен Улуттар уюмуна караштуу Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик өз баяндамасында жарыялаган. Ал жашыруун документ менен Associated Press агенттигинин журналисттери таанышкан. Адистердин айтымында, бул Тегеран Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну жайгарууга карай жасаган кадамдарынын бири. Ушул тапта Иран менен АКШ туткундарды айырбаштоо жана Түштүк Кореяда камакка алынган миллиард долларлык ирандык активдерди бошотуу тууралуу сүйлөшүп жатышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Жунхайдагы" соодагерлер менен салыкчылардын тиреши

4-сентябрда Бишкектин четиндеги “Жунхай” базарынын соодагерлери нааразылыкка чыгып, жабык турган кампаларды ачууну талап кылышты. Соодагерлер салыкчылар миллиондогон салык төлөөгө мажбурлап жатканын айтышса, аталган кызмат мыйзамсыз соодага каршы күрөш жүрүп жатканын билдирет.

Azattyk.org 

Садыр Жапаров УТРКнын башкы директору Тиллебаевге сөгүш берди

Президент Садыр Жапаров 4-сентябрда Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаевге сөгүш берди. Тийиштүү тескемеге мамлекет башчы кол койду. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта, ал мындай жазаны "жүктөлгөн эмгек милдеттерин жетиштүү деңгээлде аткарбаганы үчүн" алганы жазылган. Тиллебаев президенттин жарлыгы менен УТРКнын башчысы болуп ушул жылдын март айында дайындалган. Былтыр май айында Садыр Жапаров “Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга кол коюп... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясы Мадумаровдун камалышына байланыштуу кайрылуу жасады

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңеши Жогорку Кеңештин депутаты, партиянын лидери Адахан Мадумаровдун камалышына байланыштуу кайрылуу жолдоду. Кайрылуу кыргыз элине, Конституциянын кепили катары президентке жана парламент депутаттарына жолдонгон. Анда "Бүтүн Кыргызстан" партиясы оор күндөрдү баштан кечирип жатканын, соңку үч жылдан бери партиянын мүчөлөрү коркутууларга, психологиялык басымга, кылмыштуу куугунтукка кабылып жатканы белгиленген. "Мунун баарынын себеби - Кыргызстанда чындыкты айтпаш керек... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ноокенде 15 жаштагы бала октон каза болду

Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы Ноокен районунун 43 жаштагы тургуну айылдашын мылтык менен атып салганын билдирди. Окуя 26-августка караган түнү Шайдан айылында болгон. 4-сентябрда таратылган расмий маалыматта айтылгандай, шектүү түн жарымда көчөдө отурган өспүрүмдөрдү көздөй мергенчилик мылтыгынан аткан, ок 15 жаштагы балага тийип, ал ооруканада каза болгон. Ноокен райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш ишин козгоду. Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Алты эл аралык уюм "Клоопту" куугунтуктоону токтотууга чакырышты

Алты эл аралык уюм кыргыз бийлигинин "Клооп Медиа" мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты. 4-сентябрда жарык көргөн билдирүүгө кол койгон алты уюм Евробиримдикти жана Кыргызстандын башка эл аралык өнөктөштөрүн бул кайрылууну колдоп, Кыргызстанга сөз эркиндиги жаатында алган эл аралык милдеттенмелерин сактоону эскертип коюуга чакырышкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президенттик башкаруудагы парламент: Сын көппү же сыйбы?

Жогорку Кеңеш жайкы тыныгуудан кийин, 1-сентябрдан тартып ишин расмий баштады. Комитеттерде биринчи карала турган маселелердин арасында президент Садыр Жапаров сунуштаган "Конституциялык сот тууралуу" талаштуу мыйзам долбоору бар. Парламенттин азыркы чакырылышы коомдо кыйла талкуу жараткан бир катар мыйзамдарды кабыл алды жана мындан улам президенттик башкаруудагы парламент сынга кабылды. "Парламент позициясын так көрсөтө албай жүрөт" Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев 1-сентябрда парламенттин ишин баштап жатып... Читать дальше...




Azattyk.org 

Бекназаров абакта моралдык басым болуп жатканы тууралуу билдирүү таратты

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Азимбек Бекназаровдун Бишкектеги тергөө абагында моралдык басымга туш болуп жатышканы тууралуу билдирүүсү анын Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.  Саясатчы өзү менен чогуу жарым подвалга Кубанычбек Кадыров, Жеңиш Молдокматов дагы которулганын айткан. Жогорку Кеңештин эркин депутаттарын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлерин тергөө абагына кирип, алар отурган камераларды көрүп кетүүсүн суранган. "Үч кемпирабадчы түшүрүлгөн 1-кабаттагы жарым подвал камералар ремонттон өтпөгөн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түштүк Корея Бишкек мэриясына автоунаа жана техникалык жабдык берет

Бишкек мэриясы менен Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчилиги өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Мэр Эмилбек Абдыкадыров жана элчи Ли Вонжэ кол койгон документке ылайык, Түштүк Корея шаардык муниципалитетке кайтарымсыз негизде мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу максатында автоунаа жана техникалык жабдууларды берет.  Мекеме Корея бере турган техникалык жабдык жана автоунаанын санын, алар кайсы тармакта пайдаланыла турганын кабарлаган жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Еврокомиссия: Масктын аракеттери орус пропагандасына көмөктөшүүдө

Америкалык миллиардер Илон Масктын X (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнүн башчылык кызматындагы аракеттери орус пропагандасын жайылтууга жардам берип жатат. Бул тууралуу Европа комиссиясы жарыялаган баяндамада жазылат. Ага ылайык, 2022-жылы Европада Кремль колдогон аккаунттардын аудиториясы өсүп, алардын таасиринин жайылышы кеңейген. Эгер убагында Евробиримдик санарип коопсуздугу тууралуу мыйзамды кабыл албаса, 2023-жылы Маск киргизген өзгөртүүлөрдөн улам алардын саны дагы өсмөк экени белгиленген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Салык кызматы уюштурган лотереянын жеңүүчүлөрүнө белектер бериле элек

Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын жеңүүчүлөрүнүн белектерин берүүнүн кечигип жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Мекеме билдиргендей, лотереянын 1132 жеңүүчүсү болсо, алардын 46сы менен байланышууга мүмкүн болбой жатат. “Эми биз байланыша албай жаткан адамдардын аты-жөнүн жарыялап, кабарлашканга аракет кылабыз. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар бузулган жок. Биз болжол менен октябрь айынын аягына чейин белектерди берип бүтөбүз деп ойлоп жатабыз. Белектер ээлерине сөзсүз берилет”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Шаардык сот Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча чечим чыгарды

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда "Вечерний Бишкек" гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арызы боюнча тараптардын арызы каралып, чечим чыкты. Судья Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырганын Kaktus.media басылмасынын адвокаты Нурбек Сыдыков "Азаттыкка" билдирди. Былтыр декабрда Kaktus.media сайтына "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу макала чыккан. “Вечерний Бишкек” бул макалада туура эмес маалымат жазылган деген жүйө менен сотко кайрылып, 50 миллион сомдук доо койгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош-Эркечтам жолундагы кырсыктан төрт киши каза тапты

Ош-Эркечтам жолундагы  төрт кишинин өмүрүн алган кырсык 3-сентябрда болгонун Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) билдирди. Маалыматка караганда, Оштон Алай районун көздөй багыт алган "Honda Accord" үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу машине кагышкан. Оор жүк ташуучу унаадагы эки адам алган жараатынан ооруканага түшсө, жеңил машинедеги төрт жаран көз жумган. Алардын арасында өспүрүм кыз бар экенин облустук жол кайгуул кызматынан "Азаттыкка" билдиришти. Кырсыктын себептери так айтылган жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Испанияда нөшөр эки кишинин өмүрүн алды

Испаниянын бир катар аймактарында эки күндөн бери катуу шамал менен коштолгон катуу жаан токтобой жатат. 4-сентябрда бийлик суу ташкын коркунучу тууралуу эскертти. Көп жолдор суу алдында калганына байланыштуу Жол кыймылы башкармалыгы жарандарды «жолго чыкпай, мүмкүн болушунча үйдө калууга чакырды». 10 миңдей калкы бар Альканар шаарынын бийлиги тургундарга көчөгө чыгууга тыюу салды. Валенсия менен Барселона шаарларынын ортосунда темир жол каттамы токтотулду. 2-сентябрда Сарагоса аймагында катуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тоолуу райондордо сел коркунучу сакталууда

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты. Мекеменин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып билдиришинче, 4-5-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулган.

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолуу райондордо жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-сентябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош облусунун өрөөндөрүндө жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 5…10... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстан: эл алдында сөгүнгөн Бозумбаев президентке кеңешчи болду

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 4-сентябрда Алматы облусунун мурдагы башчысы Канат Бозумбаевди өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Бозумбаев Январь окуялары маалындагы жүрүм-туруму менен элдин эсинде калган. Ал 2022-жылдын башындагы толкундоолор маалында Талдыкоргондо эл алдында сүйлөп жатып, сөгүнүп жиберген. Бул чогулгандардын ого бетер кыжырдануусуна түрткү болгон. Бозумбаев 2019-2021-жылдары президенттин жардамчысы, 2016-2019-жылдары энергетика министри болуп иштеген. 4-сентябрда... Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК опузалап пара талап кылган блогер кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Алина Жумагулова аттуу блогер акча талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди. Атайын кызмат 4-сентябрда тараткан маалыматка караганда, ал Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык машина жүргөнү тууралуу видеону таратам деп коркутуп, Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкеринен 60 миң сом талап кылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Экологияга зыяны аз транспортторго "жашыл номур" берилет

Экологияга зыяны аз транспорт каражаттарына "жашыл номур" берилип, айрым жеңилдиктер каралууда. Жогорку Кеңештин тармактык комитети 4-сентябрда "Кыргыз Ресбуликасынын айрым мыйзам актыларына жашыл экология маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору коомдун жашыл жана туруктуу өнүгүүсүнө көмөктөшүү максатында иштелип чыкканын айтты. "Жашыл номур алгандарга транспорт салыгы 10% чейин төмөндөтүлөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ош шаарындагы ресторандардын биринен өрт чыкты

4-сентябрда Ош шаарынын Алиев көчөсүндө жайгашкан ресторандан өрт чыкты.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, саат 11:00дө үч өрт өчүрүүчү күжүрмөн топ тартылган. Саат 12:05те өрт чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Ушул эле күнү түнкүсүн Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылындагы турак үйдөн өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр саат 02:02де жетип келип, саат 3тө чектөөгө алышкан. Өрттөн 1 миң чарчы метр турак үйдүн чатыры, үй буюмдары жана Toyota Land Cruiser унаасы күйүп кеткен. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мыйзам бузууларды аныктаган аңчылардын айлыгын көтөрүү сунушталды

Аңчылык жана мергенчилик чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктап, бөгөт койгон аңчы, егер жана инспекторлорго дем берип, айлыгын көбөйтүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоору 4-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Демилгечилердин бири, депутат Жалолидин Нурбаев мыйзам долбоору жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактыларын... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева

«Волонтеры Победы» и «Единая Россия» поздравили ветеранов с наступающим Днем Победы

Прокуратура Москвы: школьница попала в больницу после наезда электросамоката

«Технологическое предпринимательство на Дальнем Востоке: новые перспективы и сотрудничество вузов»

Музыкальные новости

«Я тебя предупреждал, что если мы будем копаться в тебе, тебе будет неприятно!» Константин Гецати расстроил Павла Волю своим «видением» в новом выпуске «Шоу Воли» на ТНТ

Пожарную технику на базе «КАМАЗа» представили на ВДНХ

"Зенит" потерпел второе поражение подряд в РПЛ

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Новости России

«Технологическое предпринимательство на Дальнем Востоке: новые перспективы и сотрудничество вузов»

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

"Противостояние только начинается": Россия и Китай ударили США под дых?

Экология в России и мире

Что будет, если есть яйца каждый день: 15 научных фактов

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

В День Медика пройдет премия в области здоровья The Medical Stars & Beauty Awards

Спорт в России и мире

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Рублёв: быстрая победа над Грикспором связана с тем, что хотел быстрее уйти с корта

Россиянка Андреева стала рекордсменкой на турнирах WTA-1000

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Moscow.media

На трассе М-4 Дон в этом году отремонтируют 200 км и нанесут экспериментальную разметку

Автомобили HAVAL — с комфортом по бездорожью

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

РОССИЯН ПРЕДУПРЕДИЛИ О РИСКАХ ВОЗВРАЩЕНИЯ РАЗБОРОК НА ДОРОГАХ











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

ЖК “Утесов” - современный комфорт-класс в Феодосии

«Волонтеры Победы» и «Единая Россия» поздравили ветеранов с наступающим Днем Победы

Москвичам и туристам предложили пройтись по маршрутам портала «Узнай Москву»