Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) жаңы рейтингинде кыргызстандык үч балбан – Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова өзүнүн салмагында биринчи орунга чыкты. Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта, Шаршенбеков күрөштүн ушул эле түрүнөн 60 кг салмак ченинде, Тыныбекова кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг салмакта алтын медал алды. Балбандар муну менен кошо 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиадага жолдомо алышты. Белградда Айпери Медет кызы (76 кг) күмүш алып... Читать дальше...
Чүй облустук соту Селекцияда бычакталган келиндин мурдагы күйөөсүн (А.Э.) "зордуктоо" беренеси менен мурда козголгон иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты. Иш боюнча апелляциялык арыз 27-сентябрда каралганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүлүп, шектүүгө карата пробациялык мөөнөт алынды. Селекцияда 36 жаштагы келин мыкаачылык менен запкы көргөндөн кийин жабырлануучу мурдагы күйөөсүнө каршы буга чейин бир нече жолу милицияга кайрылып... Читать дальше...
Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 90дон ашык жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турганын билдирди. Мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү өскөнү себеп болду. “Бул күз мезгилинде азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүнүн өсүшүнө да байланыштуу болуп жатат. Эмесе чек ара өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Читать дальше...
Камактагы саясатчы Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүттү. Анын жактоочулары 13 томдон турган иштин материалдары менен толук кандуу таанышууга тергөөчү уруксат бербей жатканын билдирүүдө. Тергөө кызматы маалымат бере элек. Ал арада Мадумаровдун ден соолугу начарлап, жүрөк текшерген аппарат менен жүргөнү маалым болду. Тарапташтары 26-сентябрда Куршабда чогулуп, анын ден саламаттыгына тынчсыздануусун билдирген. Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши тергелип бүтүп... Читать дальше...
Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлигинин "мамлекеттик министри" болуп иштеген Рубен Варданян кармалды. Ал 27-сентябрда Лачын коридорунда колго түшкөнүн Азербайжандын Чек ара кызматы кабарлады. Аны күч кызматкерлеринин коштоосунда Бакуга алып кетишти. Миллиардер банкир Варданян 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын февралына чейин жикчил аймактын өкмөт башчысы болгон. Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операцияны 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш 27-сентябрда “Кооперативдер жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Бул документти өкмөт сунуштаган жана анда ириде мындай уюмдардын ишин көзөмөлдөп-тескеген мамлекеттик мекемени аныктоо каралган. Ошондой эле мындан ары үйдөн дагы, акчадан дагы куру жалак калган учурларды алдын алуу чаралары белгиленген. Соңку жылдары кооперативдерге байланыштуу миңден ашык жаран зыян тартып, жүздөгөн кылмыш иштери козголду. Бактияр аттуу жаран эки жыл мурда Москвадан келгенде үйлүү болууну самап... Читать дальше...
Журналист Шайырбек Абдырахманов он айдан бери интернеттеги баракчасы аркылуу "Манас" эпосун кара сөз түрүндө баяндап берип жатат. 104 сериялуу баянды көрөрмандар каалаган учурда көрүп, уга алышат. Абдрахманов эми "Семетей ", "Сейтек" эпосторун айтып берүүгө камынууда.
Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери жолго алынган насыялар жөнүндө маалымат берди. “30 жылда жалпы 2 млрд 660 млн доллар акча алдык. Анын 2 млрд 300 миллиону насыя, калганы гранттык каражаттар. Жолго чоң сумма жумшалды”, - деди министрдин орун басары. Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 27-сентябрдагы жыйында депутат Улан Бакасов Нарындагы аэропорттун учуу тилкеси сапатсыз оңдолуп жатканын айтып, өкмөттү чара көрүүгө чакырды. “Аэропортко сапатсыз асфальт басылып, учак коно турган тилкесине чөп чыгып жатыптыр. Маалыматыңыз барбы?”, - деди депутат. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев тактап маалымат берерин билдирди. Март айында президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү аэропортту реконструкциялоо иштери башталып, “Манас” эл аралык... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган Германия- Борбор Азия саммитине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Садыр Жапаров Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрөт. Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын... Читать дальше...
Бишкекте мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бычактаган аялга дагы операция жасалат. Бул тууралуу анын эжеси Диана Елькен билдирди. Ал Инстаграмда зомбулук көргөн келиндин атынан атайын баракча ачып, анын саламаттыгы жөнүндө маалымат берип жатат. “Тилекке каршы эми кулак жана мурду мурункудай болбойт. Кулак, мурунунун аз эле бөлүгү сакталып калыптыр. Эми дагы операциялар жасалат”, - деп жазды эжеси. Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Читать дальше...
АКШнын Федералдык соода комиссиясы дүйнөдөгү интернет гиганты Amazon компаниясын монополияга каршы мыйзамдарды бузду деп каршы сотко даттанды. Reuters агенттиги муну "көптөн күтүлгөн кадам" экенин жазды. Буга чейин АКШ өкмөтү Alphabet (Google), Amazon, Apple, Meta жана Microsoft компанияларынын саясатына бир нече жолу нааразылык билдирген. Вашингтондун көз карашында, бул компаниялар интернеттин эң кирешелүү сегменттерин ээлеп алган. Федералдык соода комиссиясы 1,3 триллион долларга бааланган... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовго эскертүү берди. Өлкө башчынын басма сөз кызматы 27-сентябрда билдиргендей, мындай чечим Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алуу "жетиштүү деңгээлде уюштурулбаганы үчүн" кабыл алынган. 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын... Читать дальше...
Кыргызстанда турак жай кооперативдеринин ишин көзөмөлдөй турган мамлекеттик органды аныктоо сунушталууда. «Кооперативдер жөнүндө» мыйзамды ушундай мазмун менен толуктоо тууралуу долбоор бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланып, экинчи окууда кабыл алынды. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, 2004-жылы кабыл алынган бул мыйзамга турак жай кооперативи боюнча бир топ кошумча сунушталып жатат: «Эгер мыйзамды карасаңыз, 24-беренеде Министрлер кабинети... Читать дальше...
Азербайжандын толук көзөмөлүнө өткөн Тоолуу Карабактан Арменияга жер которгондордун саны 27-сентябрда 47 миңден ашты. Алардын 23 миңге жакыны расмий каттоодон өткөнүн армян өкмөтү билдирди. Аймактын жикчил бийлиги Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндын басымдуусу Азербайжандын курамында жашагысы келбей турганын, алар "эски журтун таштап, жер которуп кетерин" айткан. Армян өкмөтү барар жери жокторго убактылуу үй-жай берилип жатканын маалымдаган. Ереван Бакунун карамагына өткөн аймакта... Читать дальше...
Беш ай мурун иш таштаган Голливуддун сценаристтери студиялар менен болжолдуу келишим түзүлгөндөн кийин акцияны токтотушту. Америка жазуучулар гильдиясы билдиргендей, Кесиптик кошуундар Кино жана телепродюсерлердин альянсы менен жаңы үч жылдык келишимди бекитти. Анда сценаристтердин айлык акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу, стриминг кызматтары менен иштөөнү жана жасалма интеллектти колдонууну жөнгө салуу камтылган. Келишимге ылайык, сценаристтер 27-сентябрдан жумушка чыгышы керек. Голливуд сценаристтери быйыл майда... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды. Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон. Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы... Читать дальше...
Кара-Суудагы базарда иштеген 300дөй соодагердин нааразылыгы боюнча маселе бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутаттар Балбак Түлөбаев, Дастан Бекешев, Алишер Козуев жана Таалайбек Сарыбашов соодагерлердин жер тилкелерин тартып алуу коркунучу жаралганын, андайга жол бербөө керектигин, алардын Конституцияда кепилденген менчик укугу бузулуп жатканын айтышты. “Ал жерде 300 кишини “кызыл китеби” менен боздоткону жатасыңар. Министрлер кабинети сотко берген чечимин кайра алсын. Читать дальше...
Нью-Йорк соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампты жана анын үй-бүлөсүн алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты. Трампка өзүнүн активдеринин баасын мыйзамсыз көбөйткөн деп айып тагылган. Мындай чечимди 26-сентябрда судья Артур Энгорон чыгарганын Reuters жазды. Трампка каршы доо арызды былтыр сентябрда Нью-Йорктун башкы прокурору Летициа Жеймс жазган. Ал The Trump Organization компаниясы насыя жана камсыздандыруу боюнча жеңилдиктерди алуу үчүн каржы органдарын он жыл бою алдаган деп айыптаган. Читать дальше...
Финансы министрлиги 2023-жылдын январь-август айларындагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетун жарыялады. Отчетто казинодон 46 млн. 350 миң (46 350 000,00) сом салык түшкөнү жазылат. Букмекер кеңселери жана тотализатор оюндарынан 1 млн. 400 миң (1 400 000,00) сом салык чогулду. Кыргызстан учурда чет өлкөлүктөр үчүн ачылган "Гранд казино" гана иштеп жатат. Ал президенттин жакын санаалашы делген Арзыбек Буркановдун жакындарына таандык экенин журналисттер иликтеп чыгышкан. Ачык бюджет сайтындагы маалыматка ылайык... Читать дальше...
Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок 27-сентябрда Азербайжанды эл аралык байкоочуларды Тоолуу Карабак аймагына киргизүүгө чакырды. Өткөн аптада Баку Карабакты аскердик операция жарыялап, аймакты көзөмөлгө алган. Андан бери миңдеген этностук армяндар жер которуп, Арменияга кетип жатат. 25-сентябрда АКШ Тоолуу Карабактагы тургундардын укуктарын жана коопсуздугун кепилдеген эл аралык миссия түзүүнү сунуштаган. Ал эми Москва бул Бакунун макулдугу менен гана ишке ашырылышы мүмкүндүгүн билдирген. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде тоют маселеси көтөрүлдү. Депутат Эмил Жамгырчиев жем-чөп кескин кымбаттап, Нарында фермерлер малын сата баштаганын айтып, өкмөттү малчыларга арзандатылган насыя берүүгө чакырды. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют маселеси курчуп жатат. Кыргызстандын түштүк облустарында жем-чөптү фермерлер Чүйдөн, Таластан сатып келүүгө аргасыз болуп жатканын айтууда. Бирок ал аймактарда деле абал жакшы эмес. Ошондуктан айрым фермерлер мал-жандыктарын базарга алып чыгып сатып, азайтып жатат. Читать дальше...
Алматынын Бостандык райондук соту “Демократиялык партия” түзүү боюнча демилгечи топтун лидери, оппозициячыл активист Жанболат Мамайга 2029-жылга чейин китеп жазууга жана басып чыгарууга тыюу салды. Анын коомдук-саясий жана журналисттик ишмердигин чектөө боюнча 25- отурум болгонун активисттин жубайы Инга Иманбай билдирди. Сот чечимине ылайык, Жанболат Мамайга жабык имаратта тренинг өткөрүүгө, окуган китептери боюнча онлайн эфир уюштурууга, маалымат каражаттарына интервью берүүгө, укук коргоо иши менен алектенүүгө... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин сайтында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзам долбоору жарыяланды. Анда былтыр түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгаруу сунушталган. Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде, “Банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзам жана Улуттук банктын укуктук ченемдери - Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө колдонулбайт деп айтылат. Сунушталган долбоорго ылайык, банктын акционери Министрлер кабинети болуп саналат. Мамлекеттик... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 28-сентябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26, Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6... Читать дальше...