Президент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин кескин сынга алып, Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүүнү тапшырды. Федерация жетекчилиги өз дарегине айтылган сындардын айрымдарына жооп кайтарды. Президенттин сыны 10-сентябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү Жыргалаң санаторийинин толук оңдоодон өткөн абалы менен таанышты. Санаторийдин аймагында Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Министрлер... Читать дальше...
VI–VII кылымдарда кыргыздын бугу уруусу болгонбу? Тарыхчылар 648-жылдагы элчиликтен кабардарбы? Кыргыздын таланттуу заманбап акындарынын бири Толукбек Байзак орто кылымдардын эрте мезгилиндеги кыргыз тарыхынын айрым жагдайлары боюнча “Фейсбукта” кызыктуу талкууга жем таштады. Тарыхчынын блогу. Сөз башы... Толукбек Байзак Мендибаев – кыргыздын азыркы таптагы таланттуу акын, журналист жана котормочу айдыңдарынын бири. Толукбек инибиз менен 1990-жылдары жана жаңы кылымдын башында Түркияда көп ирет жолугуп, чер жаза баарлашып жүрдүк. Читать дальше...
Кыргызстанда энергетикалык абал калкты өзгөчө кооптондуруп турат. Суунун тартыштыгы тармактагы каатчылыкты курчутуп, бийлик бул кырдаалдан чыгуунун айла-амалын издеп жатат. 9-сентябрда өкмөт калкты чыдамдуу болууга үндөп, жарык кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр болорун эскертти. Энергетикадагы абал кандай, эл эмнеге даяр болушу керек? Кырдаалдан чыгуу үчүн кандай чаралар зарыл? “Эксперттер талдайт” берүүсүнүндө энергетикадагы дал ушул маселелерди талкуулайбыз.
Жогорку Кеңеште Кыргызстанда бети-башын толук чүмкөгөн, кара паранжа кийген кыз-келиндерге, аялдарга байланыштуу маселе көтөрүлдү. Парламент жыйынында көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде колго алуу керектиги айтылды. Эл өкүлдөрүнүн пикиринде, паранжа салынуу өлкөнүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Ал арада Дин комиссиясы кооптонууга негиз жок экенин, тийиштүү кызматтар коопсуздук маселесине көңүл буруп жатканын белгилешүүдө. Дин таануучулар Кыргызстанда диний аң-сезимди жогорулаткан иштерди көбөйтүү керектигин белгилешти. Читать дальше...
Жаңы окуу жылында мектептердеги китеп тартыштыгы аймактарда чоң көйгөйгө айланды. Жалал-Абадда ата-энелер айылдан атайын шаарга келип, базарларда китеп издеп журүшөт. Кээ бири издегенин таппай жумалап жүрсө, айрымдарынын тапкан китептери мектепке жарабай калууда.
Президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун досторунун Борбор Азияда көмүскө карго компаниясын түзгөн, кытайлык чуулгандуу ишкер Хабибула Абдукадыр менен бирге ири долбоорлорго катышы жөнүндө журналисттик иликтөө жарыяланды. Иликтөөнүн авторлору - OCCRP, Temirov Live жана Kloop басылмасы кыргыз президентинин уулунун достору ар кыл компанияларга ээ экенин көрсөткөн. Президенттик администрация иликтөө боюнча үн ката элек. Хабибула Абдукадыр жана Рустам Жапаровдун достору Үч медиа жарыялаган... Читать дальше...
OCCRP, Kloop жана Temirov LIVE Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаровдун достору Хабибула Абдукадыр менен бизнес өнөктөш экенин жарыялады. Президенттин администрациясы бул боюнча үн ката элек. Түндүк Кореянын лидеринин поезди Орусияга кирди. Ким Чен Ын менен Владимир Путин курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн. Өзбекстандын муфтийи Исламда чүмкөнүп, арабдардай кара кийинүүнүн кажети жоктугун, мусулман эркектер сакалчан жүрүүгө милдеттүү эместигин билдирди.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын поезди Орусиянын аймагына кирди. Кимдин бул сапары дүйнө коомчулугунун көңүл борборунда турат. Себеби, ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен Пхеньяндын Москвага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулашы мүмкүн. АКШ эки тарап бул маселени макулдашса, жаңы санкцияларды саларын эскертти.
Чүй облустук милициясы Аламүдүн районундагы "Теплые ключи” ден соолукту чыңдоо комплексине мас болуп кирип барып, ошол жердеги 30дай кишини сабаган төрт жаран кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, окуя 10-сентябрда катталган. Анда белгисиз бирөөлөр санаторийге союл көтөрүп кирип барып, буюм-тайымдарды кошо талкалаган. Бир нече киши жабыркаган. Көп өтпөй шектүүлөрдүн тек-жайы аныкталып, изин жашырып кетүүгө аракет кылган учурда колго түшкөн. Кылмыш-жаза кодексинин "Тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголду. Читать дальше...
Түркмөнстанда бийлик калкты пахта терүүгө мажбурлоо чараларын болуп көрбөгөндөй күчөткөнүн"Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды. Мары облусунда жол кыймылын бузгандарды, аракечтер менен селсаяктарды ак була жыйноого салып жатат. Балкан облусунда пахта терүү өнөктүгү маалында үй-бүлөлүк майрамдарды, анын ичинен үйлөнүү үлпөттөрүн жана башка салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салынды. Бийлик той-маареке өткөргөндөрдү "убакыт уурдатпоого" чакырды. Гызылрават облусунда кафе-ресторандар жабылып, базарлар кечки саат тогуздан кийин гана ачылууда. Читать дальше...
Кыргызстанда социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн камакка алынган жана сот жообуна тартылган окуялар уланууда. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов бир жылга эркинен ажыратылса, Фейсбуктун дагы бир активдүү колдонуучусу Зарина Төрөкулова камалды. Аларга “бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган”, “массалык баш аламандыктарга үндөгөн” деген айып коюлду. Ураимов соттолуп, Төрөкулова кармалды “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин... Читать дальше...
Билим берүү жана илим министрлиги баш-аягы алмашып калган окуу китептери тууралуу түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Үмөталиева социалдык тармактарда тарап жаткан китептерге министрликтин жана "Учкун" басмаканасынын тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында, "Кыргызстандын тарыхы" китебин менчик "Инсанат" басмаканасы, "Мекен таанууну" "Экспресс принт" басып чыгарган. "Быйыл биринчи жолу Билим берүү жана илим министрлиги "Учкун" басмаканасы менен биргеликте окуу китептерин басып чыгарып жатат. Читать дальше...
2023-жылдын жети айында Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода жүгүртүү 12 млн долларды түздү. Бул өткөн жылдагыга салыштырмалуу эки эсеге көп. Былтыр бир жылда эки өлкө ортосундагы товар алмашуу 6 млн доллар болгон. Бул тууралуу Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев менен Армениянын Бишкектеги элчиси Армен Гевондяндын жолугушуусунда айтылды. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, тараптар жолугушууда эки өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Читать дальше...
Ливиядагы селден кийин 10 миңдей адам дайынсыз жоголгонун эл аралык Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдору федерациясы билдирди. Адистер муну көз карандысыз булактардын маалыматы боюнча эсептегенин Reuters агенттиги 12-сентябрда кабарлады. Мурдараак кеминде эки миң адам өлүп, беш миңден көбү жоголгонун Ливиянын чыгыш аймактарын көзөмөлдөгөн Улуттук армиясынын басма сөз катчысы Ахмед Мисари айткан. 7-сентябрда башталган нөшөр, ага кошумча 9-сентябрда каптаган "Дэниел" бороонунан Дерна шаары өзгөчө жабыркады. Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинде ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков Адахан Мадумаровду кармоодо милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн аскерлери тартылбаганын айтты. Ал бул тууралуу "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алишер Эрбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ниязбеков мындан башка комментарий бере албасын айтып, тергөө эмнеге ИИМге берилгени жөнүндө суроого дагы жооп берген жок. Депутат Эрбаев буга байланыштуу аны сынга алды. Читать дальше...
Мароккодогу катуу жер титирөөдө 2862 адам каза таап, 2562 адам жарадар болгону такталганын 12-сентябрда Reuters агенттиги кабарлады. Издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан, жабыркагандардын жана курмандыктардын саны көбөйүшү мүмкүн экени айтылууда. Алыскы аймактарда куткаруучулар жете элек кыштактар да бар. Марокконун бийлиги дайынсыз жоголгондордун так санын да жарыялай элек. ЮНИСЕФ уюму зилзалада 100 миңдей бала жабыркаганын билдирди. Каза болгондордун арасында канча бала бар экени белгисиз. Читать дальше...
Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтты. Ал мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, дамбал кийүүнүн кажети жоктугун белгиледи. Ташкенттеги мечиттердин биринде жасалган кайрылуунун видеосун Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты. "Ислам дининде кийинүүнүн бир формасы кабыл алынган эмес. Андай кылуу мүмкүн эмес. Себеби... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ош шаары менен Ош облусундагы билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугун текшерип жатат. Ушул күнгө карата 45 жайда өрттүн болтурбоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү чаралары, эрежелер сакталган эмес деп табылды. Мындан улам мүчүлүштүктөрдү жоюуга мөөнөт берилди. "Аталган министрликке караштуу Өрткө каршы көзөмөлдөө кызматы Ош шаарынын билим берүү мекемелерине дагы бир ай көзөмөл жүргүзөт. Бүгүнкү күнгө карата шаар менен облуста 45 билим берүү мекемеси өрт коопсуздугунун эрежелерин сактабаганы аныкталды. Читать дальше...
Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 12-сентябрда кабарлады. Вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына аталган министрликтин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышты. Өткөн аптада Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстанда кызамык оорусунун азайганы байкалып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, жыл башынан бери кызамык 1982 адамга жуккан. Анын 147си чоңдор, 1835и балдар... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген айрым саясатчыларга жооп берди. Ал 11-сентябрда Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айтты. "Жакшы сөзгө түшүнбөгөндөр бар. Алардын кээ бири түрмөдө бизди өтө катуу кармап жатат, катаал шарттарды коюп жатат деп айтып жатышат. Абак алар үчүн өздөрүнүн мамлекеттен тартып алган, менчиктештирип алган пансионаты эмес. Читать дальше...
13-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Баткен облустарында жаан жаабайт. Читать дальше...
Ливиянын чыгышында нөшөрдөн улам башталган сел кеминде эки миң адамдын өмүрүн алганы кабарланууда. Аймакты көзөмөлдөгөн Ливиянын улуттук армиясынын өкүлү беш миңден ашуун кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди. Жекшемби күнү каптаган "Дэниел" бороонунан Дерна шаары өзгөчө жабыркады. Ал жерде эле 250гө чейин адам каза болгону айтылууда. Күбөлөрдүн белгилешинче, суунун агымы дамбаларды бузуп, шаардын борборуна жайылды. Шаардан тартылган сүрөттөр жана видеолор чоң кыйроолорду көрсөтүп турат. ... Читать дальше...
OCCRP, Kloop, “Власть” жана Temirov LIVE басылмалары биргелешкен иликтөөсүндө Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, бул тармакта коррупциялык схема түзгөнүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун уулу менен кытайлык бизнесмен, Борбор Азияда жүз миллиондогон долларлык көмүскө карго империясын түзгөн Хабибула Абдукадырдын кызы баш кошконун таап чыкты. Үйлөнүү үлпөтү 2021-жылдын ноябрында Бишкек шаарындагы Sheraton мейманканасында өткөнүн кезинде бир катар басылмалар жазып чыккан. Читать дальше...
Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында Чек ара кызматынын аскер кызматчыларына батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлады. Маалыматка караганда, төрт кабаттуу 6 батирлүү үй аскердик шаарчанын аймагына курулган. Жаңы турак-жай комплексинде алар үчүн көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган. Бул үйдөгү батирлердин орточо аянты 62-87 м2 түзөт. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 12-сентябрда Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдөгү улуттук маалымат агенттиктердин башчыларын кабыл алды. Алар Бишкекке аталган уюмдун Маалыматтык кеңешинин 29-жыйынына катышуу үчүн келген. Бул жылы КМШга Кыргызстан төрагалык кылып жатат. "Кыргызстандын КМШдагы төрагалык кылуусундагы маанилүү милдеттердин бири маалыматтык коопсуздук маселелеринде кызматташуу болуп саналат",-деген Жапаров. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче... Читать дальше...