Германияда жаш кезинде Заксенхаузен өлүм лагеринде кароолчу болуп иштеген жергиликтүү жашоочу соттолууда. Гисен шаарынын прокуратурасы ага 3 миңден ашуун күнөөсүз адамдын өлүмүнө тиешеси бар деген айып койгон. 98 жаштагы шектүүнүн аты-жөнү коомчулукка ачык айтылган жок. Прокуратуранын арызында шектүү концлагерде 1943-жылдын июль айынан 1945-жылдын февралына чейин иштегени көрсөтүлгөн. Бул убакыт аралыгында ал 18 жашка толо элек болгондуктан, иши өспүрүмдөр боюнча протоколдун негизинде каралат. Читать дальше...
Германияда жаш кезинде Заксенхаузен өлүм лагеринде кароолчу болуп иштеген жергиликтүү жашоочу соттолууда. Гисен шаарынын прокуратурасы ага 3 миңден ашуун күнөөсүз адамдын өлүмүнө тиешеси бар деген айып койгон. 98 жаштагы шектүүнүн аты-жөнү коомчулукка ачык айтылган жок. Прокуратуранын арызында шектүү концлагерде 1943-жылдын июль айынан 1945-жылдын февралына чейин иштегени көрсөтүлгөн. Бул убакыт аралыгында ал 18 жашка толо элек болгондуктан, иши өспүрүмдөр боюнча протоколдун негизинде каралат. Читать дальше...
Таласта Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийин жолдон өтүп бараткан төрт адамды токтотуп, негизсиз сабагандар кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта кармоо ишине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы көмөктөшкөнү жазылган. Манас районунун Чоң-Капка чек ара өткөрмө постунан Өтмөк ашуусунун аймагына чейинки аралыктагы автожолдо атайын посттор орнотулганы белгиленген. 31-августтан 1-сентябрга караган түнү төрт адамды белгисиз жарандар коркутуп... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кыйноого кабылып жатканын Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда Жээнбеков Эл аралык уюмдарга, Кыйноолорго каршы улуттук борборго, Акыйкатчыга институтуна, укук коргоочуларга кайрылган. "Беш күндөн бери күнүгө тинтүү болуп, эч мыйзамсыз буюм таба албай, бүгүн СИЗО -1 дин кызматчылары сыз, муздак, эч кандай шарты жок камерага камашты. Менин "сыз, муздак камерага жатууга ден соолугум жол бербейт" деп айтканыма карабастан жарым подвалга, 1-кабатка которушту. Читать дальше...
31-августта Оштун Төлөйкөн айылында өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Анда оюнга күбө болгон президент Садыр Жапаровдун көрүүчүлөрдүн нааразылыгына ойлуу көз салып турган сүрөтү, видеосу да социалдык тармактарга тарады. Бул сүрөт боюнча интернетте ар кандай пикирлер айтылып, жаңжал тууралуу да ойлорун бөлүшүп жатышат. Саясат талдоочу Эмилбек Жороев менен бул кырдаалды, ага коомчулуктун берген баасын, пикирлерин талдадык. -Коомчулукта Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал талкууга түшүп... Читать дальше...
Орусия дрон чабуулуна кабылып, Москвадагы аэропорттордун иши үзгүлтүккө учурады. Ошто көкбөрү оюнунан кийин чыккан чырга байланыштуу 25 жаран кармалып, сурак берүүдө. Кыргызстанда 1-сентябрда 150 миңдей бала мектеп босогосун аттап, 1-класска барды.
Кыргызстандык аскер кызматкерлери бүгүн 1-сентябрда Беларуста башталган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кезектеги аскердик машыгуусуна катышып жатышат. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти биргелешкен «Күжүрмөн боордоштук-2023» стратегиялык-оперативдик машыгуусуна катышуу үчүн Беларуска 27-августта барган. Машыгууга Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан катышууда. 6-сентябрга чейин... Читать дальше...
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички аскерлеринде ири жемкорлук фактысы аныкталганын бүгүн 1-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, аталган мекемеде бюджеттик акчаны туура эмес максатта колдонушканы белгилүү болду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке келтирилген зыян 20 миллион сом деп эсептелүүдө. ИИМдин Ички аскерлеринин кызмат адамдары аскердик жабдууну мамлекеттик сатып алуу ыкмасы менен сатып алганда жемкорлукка жол берген деп шектелүүдө. Читать дальше...
Орусия Кыргызстандын ар бир облусунда жана Бишкек, Ош шаарларында курууну көздөп жаткан тогуз мектептин үчөөнүн пайдубалын түптөө салтанаты бүгүн 1-сентябрда онлайн форматта уюштурулуп, ага эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров жана Владимир Путин катышты. Бишкекте, Баткенде жана Караколдо салынганы жаткан үч мектеп курула турган жерге чогулган администрация өкүлдөрү, куруучулар менен видео аркылуу байланышка чыккан президенттер эки өлкө ортосундагы кызматташтык мындан ары да ийгиликтүү уланарын белгилешти. Читать дальше...
Казакстан быйыл мунай танкерлеринин санын жетиге жеткирүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу "КазМунайГаздын" башчысы Магзум Мирзагалиев билдирди. Ал Тенгизден кара май алып Каспий деңизине чыкчу сегиз тонналык эки танкер алынганын тактады. Дагы 80 тонналык эки танкерди Кара деңизге чыгаруу пландалалып жатканын, келечекте алардын санын онго жеткирүү ниети барын кошумчалады. Бул багытта "КазМунайГаз" Abu Dhabi Ports ишканасы менен кызматташууда. 31-августта Bloomberg басылмасы "КазМунайГаздын" бөлүмдөрүнүн... Читать дальше...
Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга жана качкындарга каршы масштабдуу рейддер уланууда. "Азаттыктын" Түркиядагы булактарынын айтымында, анда негизинен "бутага" эркектер алынып жатат. Учурда депортациялоо борборлорунда кеминде 1500 түркмөнстандык кармалып турганы кабарланды. Депортациялоо борборлорунда түркмөн мигранттар көп Түрк полициясы соңку бир айда он миңдеген чет өлкөлүктү кармап, депортациялоо борборлоруна жибергени утур-утур кабарланып келет. Алардын басымдуу бөлүгү түркмөнстандык мигранттар. Читать дальше...
Нурдан Орунтаевдин Бишкек мэринин муниципалдык мүлк жана жер пайдалануу маселелери боюнча орун басары катары иштеп баштаганына бир жыл толду. Бул арада ал бир катар чуулгандуу окуяларга кептелди. Азаттык Нурдан Орунтаев менен "Батуми" чыры, мыйзамсыз курулуштар ж.б. маселелер боюнча маек курду.
Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, быйыл 150 миңдей бала мектеп босогосун жаңыдан аттап, 1-класска барды, алардын 20 миңден ашууну Бишкек шаарында.
Армян-азери чек арасында 1-сентябрдын таңында башталган "катуу атышууда" курман болгондор бар экени кабарланды. Армениянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Сотк районуна жакын жайгашкан чек ара тилкесиндеги атышууда эки армян жоокери мүрт кетип, бир аскери жаракат алган. Ал эми расмий Баку армян күчтөрүн ок атышууну баштаганы үчүн айыптап, азери армиясы жооп кайтарууга аргасыз болгонун, үч жоокери жаракат алганын кабарлады. Ушул сааттарда атышуу уланып жатканы маалым болду. Армения менен Азербайжан... Читать дальше...
Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 1-сентябрда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. "Башкы консулдук Орусия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү, бул өлкөдөгү кыргыз жарандарына ар тараптуу жардам берүү максатында ачылды. Анын аймагына Санкт-Петербург шаарынан сырткары Карелия жана Коми республикалары, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород жана Псков облустары кирет. Бул консулдук... Читать дальше...
Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу 25 адам облустук милицияда сурак берүүдө. Милиция алар ат майданда коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык кылганын билдирди. Бийлик башчылары көрүп отурган көкбөрү оюнундагы талаш-тартыш, андан кийинки башаламандык бул оюнду реформалоо, жаалданган элдин маанайы жалпы коомдогу нааразылыкты көрсөткөнү тууралуу пикирлер айтылууда. 25 адам сурала баштады Ош облусунун “Төлөйкөн” ат майданында көкбөрү оюну бүткөндөн кийинки жапырт башаламандыкка... Читать дальше...
Рим Папасы Франциск 1-сентябрда Монголияга барды. Буга чейин бир да Рим Папасы Кытай менен Орусиянын ортосундагы бул мамлекетке бара элек болчу. Монголияда католиктердин саны 1500ден ашпаса да, Ватикан бул өлкө Кытай менен чыңалган алакаларды жөндөөдө стратегиялык роль ойнооруна үмүттөнүп келет. «Монголияга баруу чоң өлкөнүн чакан калкына баруу дегенди билдирет. Монголия чексиздей сезилет, калкы аз, бирок улуу маданияты бар», - деди Рим Папасы Франциск баш калаа Улан-Баторго конор алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Читать дальше...
Орусиянын Красноярск шаарында полиция базарларда рейд жүргүзүп, анын алкагында 18 мурдагы мигрантка аскер комиссариатына чакыруу тапшырды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмүнүн маалымат кызматы билдирди. Полиция 200дөн көп адамдын документин текшерип, жүздөн ашуунун кармап кетти. Үч кишиге аскердик каттоого туруудан баш тартканы үчүн протокол түзүлдү. Август айында полиция ушундай эле рейддерди Пермь, Челябинск, Новгород, Санкт-Петербург шаарларында, Свердлов жана Белгород облустарында өткөргөн. Читать дальше...
Ош облусуна караштуу Араван районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кара-Багыш" өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү кабарлады "Соңку он жылдан ашык убактан бери жабык турган бул чек ара бекетин эки өлкөнүн башчыларынын тапшырмасы негизинде ачылып, Анжиян облусунун Мархамат району менен Ош облусунун Араван районунун үзүлүп калган карым-катнашы кайрадан жанданмакчы. Өткөрмө бекети бүгүндөн тарта атайын түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барат",-деп жазылган маалыматта. Читать дальше...
1-сентябрда Кыргызстандын Сузак району жана Өзбекстандын Ханабад шаары менен чектешкен жердеги "Бек-Абад" көзөмөл өткөрмө бекети ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Бул өткөрмө бекети 2009-жылдан бери жабык турган. Анын ачылышы салтанаттуу түрдө белгиленип, иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзбекстандын Андижан облусунун акими Шухратбек Абдурахманов жана эки өлкөнүн жергиликтүү тургундары катышты. Читать дальше...
Түркмөнстан бийлиги чет өлкөгө чыга турган жарандарды психологиялык тест тапшырып, Улуттук коопсуздук министрлигинин кызматкери менен баарлашуудан өтүп, визанын мөөнөтү бүткүчө мекенге кайтып келүү тууралуу кепилдикке кол коюуга милдеттендирет. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматы жазды. Маалыматка караганда, жаңы эрежелер Балкан облусунда иштей баштады. Аймактын бийлиги чет өлкөгө чыгуу үчүн визага тапшыргандардын тизмесин Улуттук коопсуздук министрлигине тапшырат. Андан соң жарандар миграция... Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коомдо кызуу талкууланып жаткан атом электр станциясын салуу маселесин "референдум аркылуу чечкен туура болорун" айтты. "Атом электр станциясын куруу же курбоо маселеси - бул элибиздин келечегине байланыштуу өтө маанилүү маселе. Ошондуктан аны жалпы улуттук референдум аркылуу чечкен туура болот деп эсептейм. Так мөөнөтүн кийин аныктайбыз", - деди Токаев 1-сентябрда парламент трибунасынан калкка жасаган кайрылуусунда. Быйыл жазда Энергетика министрлиги... Читать дальше...
Талас облустук ички иштер башкармалыгы социалдык тармактарга тараган видео боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 1-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. 31-августта социалдык тармактарга тараган видеодо белгисиз адамдар үч жаранды Ошто өткөн көкбөрү оюнунан кийинки жаңжал үчүн айыптап, сабап жатканын көрүүгө болот. Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта, өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун... Читать дальше...
2-сентябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 22…27, Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30... Читать дальше...
Борбор калаа Бишкекте мектеп окуучуларынын саны соңку кездери жылына дээрлик тогуз миңге көбөйүп жатканын бүгүн 1-сентябрда мэриядан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, буга төрөлгөндөрдүн жалпы саны жогорулап жатканы жана ички миграция себеп. “Борбор калаанын билим берүү системасы 103 жалпы билим берүү уюмунан (мектеп), 95 мектепке чейинки билим берүү уюмунан (бала бакча) жана 6 мектептен тышкаркы уюмдан турат. Жыл сайын окуучулардын саны орто эсеп менен 8589 балага өскөн динамика байкалууда... Читать дальше...