Бул тууралуу 18-сентябрда "Галатасарай" футбол клубу расмий билдирүү таратты. Анда кыргызстандык футболчу Бекназ Алмазбеков клуб менен үч жылдык келишимге кол койгону айтылат. 18 жаштагы Алмазбеков ушул жылдын февраль айынан баштап "Галатасарай" клубунун негизги курамында машыга баштаган. 2019-жылдан бери клубдун жаштар командасына ойноп жүргөн. Буга чейин түрк медиасынын мактоосуна арзып, социалдык тармакта клубдун жетекчиси Фатих Теримдин "ханзаадасы" деп атыккан. 2020-жылы Алмазбеков Акыйкат... Читать дальше...
Жикчил Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт (Ханкенди) шаарына дүйшөмбү күнү Эл аралык кызыл чырым уюмунун гуманитардык жүк жүктөлгөн автоунаалары барды. Бул тууралуу Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев билдирди. Анын айтымында, жүк унаалары эки багыттан - Азербайжан тараптан Агдам, Армения тараптан Лачын коридору аркылуу өттү. Гажиев "Автоунаалардын Лачын коридору аркылуу өтүшү ал жерде эч кандай блокаданын жоктугунун далили болуп калганын" белгиледи. Читать дальше...
Кыргызстандагы 120дай бейөкмөт уюм Жогорку Кеңешке ачык кайрылуу жолдоп, "чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды. Депутаттар мыйзам долбоорун 19-сентябрда тармактык комитеттин отурумунда карайт.
АКШ менен Ирандын ортосунда бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдүн алкагында америкалык беш туткун 18-сентябрда Тегерандан Дохага жөнөп кетти. Катардын учагы беш кишини жана туткундардын эки тууганын алып кеткенин маалымат агенттиктери кабарлашты. Маалымат каражаттары АКШда эркиндикке чыккан эки ирандык туткун да Доха шаарына келгенин жазышты. Ирандын мамлекеттик каналдары менен байланышы бар англис тилдүү PressTV басылмасы аларды Мехрдад Моин Ансари жана Реза Сархангпур деп тааныштырды. Ирандын... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Литва менен Беларустун чек арасында кезек күткөн кыргызстандыктардын саны азая баштаганын билдирди. Мекеменин 18-сентябрдагы маалыматында чек арадан унааларды өткөрүү процесси тездеген. Учурда “Медниникай Литва - Каменный Лог” өткөрмө бекетинен бир суткада 20га жакын жүк ташуучу автоунаа өтүп жатат. Мекеме Литва соңку учурларда чек арадан өтүүчү жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүн кылдат текшерип жатканын белгилеген. Министрлик 7-сентябрда Литванын Беларус менен чектеш эки ... Читать дальше...
БУУнун климат боюнча саммитинин алдында Нью-Йоркто миңдеген адамдар глобалдык жылуулукка тынчсыздануусун билдирип жүрүшкө чыгышты. Уюштуруучулар жекшембидеги акцияга 75 миң адам, анын ичинде белгилүү саясатчылар жана актёрлор катышканын билдиришти. Демонстрацияга чыккандардын 15% жакыны биринчи жолу жүрүшкө кошулганы Америка университетинин социологу Дана Фишер жасаган сурамжылоодон кийин маалым болду. Жөө жүрүшкө чыккандар көмүрдүн, мунайдын жана газдын глобалдык жылуулукка терс таасири, жаратылыш кырсыктарынын көбөйүшү тууралуу айтып... Читать дальше...
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 18-сентябрда Түркиянын Мендерес аймагында кырсыкка кабылган тик учактын бортундагы экинчи кыргызстандыктын сөөгү табылганын билдирди. Маалыматта учурда каза болгон жарандардын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси каралып жатканы айтылат. Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, кырсыкка кабылган тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик. Алар менен кошо бортто түркиялык жаран да болгон. Читать дальше...
17-сентябрда Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, эки кыргыз жараны каза таап, бирөө ооруканага түшкөнү маалым болду. Каза болгон учкучтардын сөөгү издөө ишинен кийин табылды. Түрк бийлиги азырынча кырсыктын себеби белгисиз экенин, кырсыкка кабылган учак суудан чыгарылганда гана иликтөө башталарын кабарлады. Жекшембиге караган түнү Измирге жакын Мендерес аймагында өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги эки кыргыз жана бир түрк учкуч каза болду. Кыргызстандын Стамбулдагы... Читать дальше...
Баткен шаарында 18-сентябрда социалдык тармактар аркылуу психотроптук заттарды жарнамалоого шек саналып үч адам кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, шаардын көчөлөрүндө баңгизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жазуулар пайда болгон. Баткен райондук милициясы жүргүзгөн териштирүүлөрдүн жыйынтыгында кармалган үч киши Ош шаарынын тургундары. “Алар 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар экени аныкталып... Читать дальше...
Фотограф Чарльз Нуетттин саякат учурунда тарткан укмуштуудай сүрөттөрүнүн аркасында Пеллиоттун миссиясы уникалдуу болгон. Сүрөттөрдүн саны 1500ден ашып, жакында эле Париждеги Чыгыш искусствосунун улуттук музейиндеги (Museum Guimet) көргөзмөгө коюлду.
Өзбекстан менен АКШ кызматташуу жаатында 12 документке кол коюшту. Арасында энергетика, машина куруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айыл чарба, илимий-техника, медицина жана башка тармактарда продукцияларын өндүрүү боюнча макулдашуулар бар. Ташкенттин расмий маалыматына ылайык, документтерге 15-сентябрда Вашингтондо өткөн өзбек-америка бизнес форумунда кол коюлган. Форумга эки өлкөнүн тиешелүү министрликтеринин, өнөр жай бирикмелеринин, коммерциялык банктарынын жана инвестициялык мекемелердин башчылары... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров тармактык комитеттин жыйынында электр чыгырыгын (электросамокат) айдагандар автоунааларга жана жөө жүргүнчүлөргө жолтоо болуп жатканын, коопсуздугуна көз салуу керек экенин айтты. “Самокат айдагандарга эреже барбы? Жөө жүргүнчүлөр жүргөн жерде жүрүшчү эле азыр жолго чыгып алышты. Эч кандай оңго же солго бурулуучу белгиси жок эле жүрүшөт. Аларды көзөмөлдөгөн эреже барбы”, - деди депутат. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат... Читать дальше...
Калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык жумушчу топ тургундардын кайрылуусунан улам Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышын текшерүүдө. Рейддин жыйынтыгында беш сулуулук салону, төрт тиш дарылоочу, беш медициналык дарылоо борбору жабылды. Айрымдарына акт түзүлүп, эскертүү берилди. Тийиштүү мекемелер аралык түзүлгөн топ мындай рейддерди сентябрдын аягына чейин улантат. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мекемелер аралык жумушчу топ менен бирге Ош... Читать дальше...
Саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесин окутуу долбоору башталып жатканын бүгүн 18-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, мамлекетик тапшырыктын негизинде адистер республиканын бардык аймактарында 540 ата-энени психологиялык-педагогикалык жактан түшүнүгүн, билимин өркүндөтүп, өзүлөрүнүн да, балдарынын да дареметин ачууга, бекемдөөгө жардам беришет. "Ата-энелерди агартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү... Читать дальше...
БУУнун Качкындар агенттиги (UNHCR ) Ливиядагы адам өмүрүн алган суу ташкынынан кийин эл аралык коомчулукту кайрымдуулукка чакырды. Кыйраган аймактарга, өзгөчө Дерна шаарына тез арада колдоо көрсөтүү зарылдыгы айтылган видео 18-сентябрда жарыяланды. Уюмдун Ливиядагы өкүлү Рана Ксаифи кырдаалды "үрөй учурарлык" деп мүнөздөдү. "Мен жолдордун экиге бөлүнүп калганын көрдүм. Тоолордон жээкке кулаган чоң таштарды көрдүм. Үйлөр талкаланып, бузулуп, суу астында калган. Адамдар абдан көп сандагы жакындарынан ажырашты. Читать дальше...
Ички иштер министрлиги жол эрежесин бузуу үчүн салынган айып пулдарга кошулган туумдарды алып салууну сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 18-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи окууда каралып, жактырылды. Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев мындай өзгөрүүгө жарандардан түшкөн кайрылуулар, өлкөдөгү социалдык абал эске алынганын билдирди. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов айып... Читать дальше...
Түркияда учак кырсыгына кабылган кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды, калган дагы эки кишини издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу бүгүн 18-сентябрда Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгон, алар менен кошо бир түркиялык жаран да учуп бараткан. Учкучтардын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Калган... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаттары Винера Раимбачаева жана Жылдыз Садырбаева Социалдык саясат боюнча комитеттин 18-сентябрдагы жыйынында мамлекеттик кызматтарда гендердик квота сакталбай жатканын сынга алышты. “Эки министрден башка жогорку кызматтарда аял жок. Бир дагы аял аким жок. Анан кантип гендер же ал жөнүндө мыйзамды талкууласак болот”, - деди Садырбаева. Жыйында социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова гендердик квота боюнча кыскача маалымат берди. “Президенттик администрацияда иштеген 225 кишинин 82си аялдар. Читать дальше...
Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш. Кыргыз тили мамлекеттик тил катары жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйыны. Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз.
Бишкек шаардык соту 18-сентябрда тергөө абагында отурган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны абакта калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы сот залынан кабарлады. Олжобай Шакир сотто кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын, өзүнө коюлган айып менен макул эместигин билдирди. Бишкек шаардык соту 13-сентябрда анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта... Читать дальше...
Министрлер кабинети Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы бир катар айыл аймактардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, бул улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган. Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы, Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы... Читать дальше...
Алматыдагы тергөө абагында отурган каракалпакстандык активист Райса Худайбергенова бошотулду. Бул тууралуу 16-сентябрда Казакстандагы каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди. Кардиолог дарыгер Райса Худайбергенова бир жыл мурда “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салууга аракет кылган” деген шек менен кармалып, камакка алынган. Ушундай эле айып менен камалган каракалпакстандык активисттер Кошкарбай Төремуратов менен Жангелды Жаксымбетов 13-сентябрда эркиндекке чыккан. Читать дальше...
Бишкекте “Тез жардам” кызматында бейтап келиндин күйөөсүнүн ур-токмогунан үч дарыгер жабыркады. Бул тууралуу 18-сентябрда “Азаттык” радиосуна мекеменин өкүлү Егор Борисов билдирди: “Үч кызматкерибиз жабыркады. Бирөө мээси чайкалып, ооруканага жаткырылды. Экөө амбулатордук дарыланууда”. Егоровдун айтымында, бейтап келинге жардам берип жаткан дарыгерге анын күйөөсү кол салып, достору менен чогулуп сабаган, дагы эки кызматкер жабыркаган. Дароо милиция чакырылып, арыз жазылган. Биринчи Май райондук... Читать дальше...
19-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26; Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 20…25; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16... Читать дальше...
Өткөн кылымдын 80-жылдарындагы кыргыз тилинин макамы үчүн күрөш кандай жүргөн? Кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланган 23-сентябрдагы парламент жыйынындагы маанай? Кандай тоскоолдуктар жана оорчулуктар болду? Мыйзамдын алгачкы вариантын даярдаган авторлордун бири, белгилүү фольклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов менен чогуу эскеребиз. - Сулайман агай, ушул мыйзамды даярдоодогу кара жумуштарды аткарган, аны талкуулоого жана кабыл алууга катышкан кишилердин бири катары анын тарых-таржымалын өзүңүздөн угалы. Читать дальше...