Мы в Telegram
Добавить новость

Экс-участница «Фабрики звёзд» поделилась подробностями родов в туалете кафе

Синоптик Вильфанд: в ночь на 4 мая в Москве температура опустится ниже нуля

30 человек эвакуировали из пожара на складе в Подмосковье

В Троицке сотрудники прокуратуры и Почты РФ высадили саженцы сосны в бору

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Сентябрь
2023

Новости за 08.09.2023

Azattyk.org 

Ирандын тыңчысы деп шектелген адам Лондондогу түрмөдөн качып кетти

Лондондо тыңчы жана террорчу деп шектелген 21 жаштагы Дэниел Халиф түрмөдөн качып кетти. Ал 6-сентябрда абактагыларга тамак-аш жеткирчү автоунаанын алдына жармашып  чыгып кеткенин маалымат каражаттары 8-сентябрда жазды. Издөө иштерине шаардык милициянын 150 кызматкери, чек арачылар жана башка коопсуздук мекемелери катышууда. Полиция ал башка өлкөгө чыгып кетүүгө үлгүргөн болушу ыктымал экенин да четке какпайт. Халиф 2019-жылдан тартып британ армиясынын көмөкчү бөлүгү болгон Королдук байланыш корпусунда компьютер адиси болуп иштеген. Читать дальше...

Azattyk.org 

ТикТокту жабуу цензурага жол ачабы?

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ТикТок түйүнүнө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Кыргыз бийлиги ТикТоктогу контент балдардын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет деген жүйө келтирет. Коомдо ТикТок жөнүндө пикир бир кылка эмес. Колдонуучуларынын басымдуу бөлүгүн жаштар түзгөн ТикТоктун Кыргызстанда жабылышына жаштар өздөрү кандай карайт? “Азаттык плюстан” көрүңүз.

Azattyk.org 

Депутат Мажитова паранжы кийген аялдар көбөйгөнүн парламентте көтөрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында өлкөдө диний радикал агымдардын күчөп жатканы тууралуу маселени көтөрдү. Эл өкүлү бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбаса өлкөнү туңгуюкка кептерин белгиледи.  "Өзбекстан бизге караганда динди бекем карманган мамлекет болгону менен ал жакта Конституциядагы светтик деген принциптер бекем кармалат. Коомдук жайларда паранжы кийбей, жоолук салынып эле жүрүшөт. Мектепте деле балдарды чүмкөнтүп койгон жери жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Mega компаниясына Айбек Күрөңкеев жетекчи болуп дайындалды

Мамлекеттик “Альфа Телеком” ишканасынын (мурдагы MegaCom, азыркы Mega мобилдик байланыш компаниясы) жетекчиси алмашты. Нурлан Мамытов кызматтан алынып, ордуна 8-сентябрда Айбек Күрөңкеев дайындалганын "Азаттыкка" аталган компаниядан билдиришти. Жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды. 39 жаштагы Күрөңкеев буга чейин бир катар жеке компанияларда жетекчи болгон. Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору кызматын аркалаган. Быйыл июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги “Альфа Телеком” ишканасын  14,6 миллиард сомго баалап... Читать дальше...

Azattyk.org 

CPJ кыргыз бийлигин "Клоопко" басымды токтотууга чакырды

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) кыргыз бийлигине "Клооп" басылмасына кысым жасоону токтотууга чакырды. - "Клооптун" коррупцияга каршы элдешкис иликтөөлөрү үчүн кыргыз бийлигинин өч алуу мүдөөсү өтө чоң окшойт, - деди уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид. Ал Кыргызстандагы “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам - аткаминерлердин  кызыкчылыгын коргоп, эркин медианы ооздуктоого курал болуп жатканы белгиледи. Билдирүү 8-сентябрда комитеттин сайтына жарыяланды. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Клооп" Маданият министрлигинин чечимине каршы даттанды

“Клооп Медианын” юристтери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине каршы Бишкектин административдик сотуна даттанды. Бул тууралуу аталган басылмадан кабарлашты. Министрлик Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу тергөө жайында кыйноого кабылып жатканы тууралуу кабарды kloop.kg сайтынан эки күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылган. Болбосо "Клооптун" сайты эки айга бөгөттөлө турганы эскертилген. Маданият министрлигинин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда Rixos-Borovoe мейманканасынын кызматкерлери жапырт ууланды

Казакстандын курорттук Бурабай калаасындагы Rixos-Borovoe мейманканасынын кызматкерлери жапырт ууланды. Бул тууралуу "Казинформ" мамлекеттик агенттиги Акмоло облусунун санитардык дарыгерлерине шилтеме кылып кабарлады. Конок үйүндө иштеген 17 кызматкер өзүн жаман сезип, дарыгерге кайрылганда "тамак-ашка уулануу" диагнозу коюлган. Тогуз киши Көкшетау шаарындагы Жугуштуу оорулар борборуна жаткырылды. 7-сентябрь күнү жарыяланган маалыматка ылайык, ооруканага жеткирилгенге чейин алардын баары кусуп, ичи өтүп, дене табы жогорулаган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөттөгү өзгөрүү Бейшеналиев менен Зулушев жаңжалын эске салды

Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттык сактоо министри кызматына кайра дайындалышы ага козголгон кылмыш иштери жана башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жаңжалы тууралуу талаш-талкууларды эске салды. Министрлер кабинетиндеги соңку өзгөрүүлөр жалпы кадр саясаты тууралуу сын-дооматты күчөттү. Бийлик өкүлдөрү болсо реформанын алкагында кадрлардын тез-тез алмашуусу кадыресе көрүнүш экенин жүйө келтирип жатат. Өкмөттөгү катар-катар орун алган кадрдык жүрүштөрдүн расмий себеби айтыла элек. Бул боюнча... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Клооптун" иши: Эркин медианын эртеңи кандай болот?

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги саясатчы Равшан Жээнбеков тууралуу кабарды kloop.kg сайтынан эки күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылууда. Мекемеге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын негизинде кайрылган. Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы Салкын Сарногоева эки күндүн ичинде мекеменин талабы аткарылбаса, “Клооп” басылмасынын сайты эки айга  бөгөттөлөрүн эскертти.  “Мамлекеттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тофалария - Сибирдин жүрөгүнө катылган жер

Тофалария — Иркутск облусунун батыш тарабында оңой менен киши жете албаган, табышмактуу жер. Аны мамлекеттин ичиндеги «мамлекет» десе да жарашат. Жыйырма миң чарчы чакырымдан ашык тайга, саз жана кол жеткис Чыгыш Саян тоолору. Бул жерди Сибирдин түштүгүндө көчүп-конуп жүргөн байыркы уруулардын урпактары - тофалар байырлайт. Алар кылымдар мурда согуштан жана Чыңгызхандын каарынан качып жашынган бойдон тайганын койнунда калган. Бул тасмада тик учак гана каттаган айылдын жашоосу баяндалат.

Azattyk.org 

Абактагы Жээнбековдун “Клооп” басылмасына байланыштуу кайрылуусу жарыяланды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун “Клооп” басылмасына байланыштуу билдирүүсү Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. “Клооптун” журналисттеринин, менин жана көптөгөн прогрессивдүү эгемен жарандардын артынан жылдар бою аңдып, угуп, провокация жасап жүргөн УКМК эми “Равшан Жээнбековду кыйнаган жокпуз, силер жалган маалымат таратып атасыңар” деп, “Клоопту” жабууга болгон аракети - акылга сыйбаган кадам”, - деп айтылат билдирүүдө. 7-сентябрда Маданият... Читать дальше...




Azattyk.org 

Базарбеков сот залдарына техника алууга Кытайдан жардам сурайт

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда сот залдарын видео жана аудио жаздыруу техникалары менен камсыз кылуу үчүн Кытайдан жардам сурай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 8-сентябрда “Ала-Тоо 24” телеканалына берген маегинде айтып, өлкөдө айрым сот мекемелеринде соттук жараяндарды видеого тартып, аудиого жаздырууда маселе бар экенин, себеби техникалар эскиргенин жүйө кылды. “Жакын арада Кытайга барып келели деп атабыз. Кытайдын сот системасы санариптештирүү жаатында дүйнөдө биринчи орунда турат. Читать дальше...

Azattyk.org 

ИИМ 450 килограмм маңзат жок кылынганын билдирди

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 450 килограммадан ашуун маңзат жок кылынганын билдирди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы 8-сентябрда тараткан маалыматка караганда, маңзат Бишкектеги от казандардын биринде өрттөлгөн. Мындан сырткары 30 килограммдан көбүрөөк героин, 328 килограммдай кара куурай, 2 кг опийим жана 90 кг психотроптук заттар жок кылынган. Маңзаттарды жок кылуу операциясын тартип коргоо органдарынын кызматкерлери, тийиштүү эксперттер көзөмөлдөп турду. ИИМдин маалыматына ылайык, былтыр... Читать дальше...

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту аэропортто кармалган келиндин укугун камсыздоого чакырды

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери кармаган К. А. аттуу келиндин укуктарын камсыздоого чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Акыйкатчынын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган келинден кабар алышты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айткан. Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы Наиля Токтосунова келиндин баласынын абалы оор экенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ташкент аэропортундагы 8,5 тонна апийимдин чоо-жайы иликтенүүдө

Ташкент аэропортунда колго түшүрүлгөн 8,5 тонна апийимдин чоо-жайы иликтенүүдө. Атайын кызмат кылмыш ишин козгоду. Учак майданында маңзаттын рекорддук партиясы кармалганы тууралуу 8-сентбярда Өзбекстандын Бажы комитети билдирген. Расмий маалыматта айтылгандай, бул бажы кызматынын 30 жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай ири өлчөмдө маңзат партиясы кармалган учур болуп калды. Аны ташыгандар чет өлкөдөн учак менен алып келип, жүк ташуучу унаалар менен жеткирүүгө аракет кылганы белгиленген.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түндүк Корея суу астында сүзүүчү өзөктүк кемесин коё бергенин жарыялады

Түндүк Корея бортунда өзөктүк куралы бар суу асты жүрүүчү кемеси коё берилгенин жарыялап, муну өлкөнүн деңиз күчтөрүн чыңдоодогу жаңы аракеттин башаты деп атады. Кемеге "Баатыр Ким Кунг Ок" ат коюлган. Анын салтанаттуу ачылышына катышкан мамлекет башчысы Ким Чен Ын аны "деңиз флотунун суу астындагы негизги чабуулчу куралдарынын бири" деп сыпаттаганын Пхеньяндын Борбордук телегарфтык агенттиги кабарлады. Маалыматтарга караганда, кемеде кеминде он учуруучу түтүк бар, алардын төртөө ракеталар үчүн колдонулушу мүмкүн. Читать дальше...

Azattyk.org 

Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин үзгүлтүксүз улантат

Wildberries компаниясы Кыргызстанда ишин токтотпой турган болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Инстаграмдагы расмий баракчасына жарыялады. Мунун алдында ушул эле мекеме соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушканын, компания  Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлаган. Буга Казакстан Wildberries ишканасынан айрым документтерин берүүнү талап кылып жатканы негиз болгону айтылган. Расмий маалыматка ылайык... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкекте Комуз күнү белгиленет

9-сентябрь - Комуз күнүн утурлай Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти. Анда балдар музыкалык мектебинин жана балдар чыгармачылык үйүнүн комузчулары катышып, Т.Сатылганов, К.Досуев, А.Огомбаев, К.Орозов жана башка залкарлардын күүлөрү чертилди. Комуз күнү 9-сентябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында дагы белгиленет. Маданият... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматыда “Азаттыктын” Борбор Азия кызматтарынын 70 жылдыгына арналган медиа форум өтөт

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Борбор Азия кызматтарынын 70 жылдыгына карата Алматы шаарында 14-сентябрда "Эркиндик медиа форуму" өтөт. Бир күндүк иш-чарада бир нече панелдик талкуулар жана презентациялар болот. Радионун өкүлдөрү жана чакырылган баяндамачылар чөлкөмдөгү басма сөз эркиндигинин абалын талкуулашат. Борбор Азиядагы демократиянын өнүгүшүнө таасир этүүчү факторлор тууралуу ойлорун ортого салышат. Журналисттер иликтөө жасоо, өзгөчө кырдаалдарды чагылдыруу, веб-сайттарга бөгөт коюлган шартта иштөө жаатында тажрыйба алмашышат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Социалдык фонддо жарым млрд сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды

Социалдык фонддо 2022-жылдын бюджетин аткарууда 536,8 млн сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталды. Аталган мекеме бюджеттин резервдерин, каражатын натыйжасыз пайдаланган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын өткөн жылдын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында айтылат. Маалыматка караганда, Соцфонд бул каражаттын жарымын ордуна койгон, дагы 351,5 млн сомдун ордун толтурушу керек. Эсеп палатасы 8,1 млн сом эмгек акыларга негизсиз төлөнгөнүн, кызматкерлердин эмгек өргүүсү үчүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Кумтөрдүн” адистери Тоголок кенине барып келишти

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын басма сөз кызматы компаниянын кызматкерлери 1-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок кенине барып келишкенин билдирди. Бул тууралуу ишкана 8-сентябрда маалымат берди. “Кумтөрдүн” вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев башында турган адистер Тоголок алтын кенине жана Жангарт аянтына барып, аймакка топографиялык изилдөө жүргүзгөн. Мекеме кенге баруу үчүн жол даярдалган соң кийинки жылдан тартып Тоголок кенин өздөштүрүү, Жангарт аянтына... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасы: Элдин ары-бери каттоосу жеңилдеди

1-сентябрдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары ары-бери ички паспорт менен каттай баштады. Баткен облусундагы "Кайтпас" өткөрмө бекетинен кирип-чыккандардын саны көбөйдү. Буга чейин жүргүнчүлөр жалпы жарандык паспорт менен каттап, чек арадан өтүүнүн жол-жобосу татаал болчу.

Azattyk.org 

"Вагнер" жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун жарыялады

Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы катарына жаңы жоочуларды кабыл алууну убактылуу токтотконун билдирди. Мындай маалымат жалданма аскерлердин жакындары үчүн ачылган чатка жарыяланганын "Агентство" басылмасы кабарлады. 13 миңден ашуун катталуучусу бар чаттын админстраторунун атынан жазылган кайрылууда жаңы жоочуларды кабыл алуу акыркы окуяларга байланыштуу токтотулганы белгиленген. 23-августта "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин Тверь облусундагы учак кулаганда каза болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Wildberries компаниясы Кыргызстанда эки аптага ишин токтотту

Соода-өнөр жай палатасы Wildberries компаниясы Кыргызстанда эки аптага ишин токтотконун кабарлады. Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушууда белгилүү болду. Компания Казакстан ишканадан айрым документтерди берүүнү талап кылып, ушундан улам Кыргызстандан товар жөнөтүү эки аптага токтогонун билдирди. Расмий маалыматка ылайык,  Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык каражатка беш тоннадан ашык товар жөнөтөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-сентябрда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30, Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 22…27, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 13…18... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Июнь и июль будут сумасшедшими». Синоптики сказали, к чему готовиться

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

Пять машин спасателей прибыли к общежитию РУДН после сообщения о взрыве

Гумпомощь для детского дома в ЛНР отправили из Можайска

Музыкальные новости

Названа причина экстренной госпитализации Дениса Майданова в Москве

Уголовное дело против известного российского политолога Михаила Александрова является фальсификацией бакинского режима

Киркоров потратил 200 млн рублей на ремонт и золотые унитазы

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Новости России

Экс-участница «Фабрики звёзд» поделилась подробностями родов в туалете кафе

Кто сдал КГБ Степана Латыпова? Под доносами — имя его коллеги-арбориста из Москвы

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

Гумпомощь для детского дома в ЛНР отправили из Можайска

Экология в России и мире

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

Что будет, если есть яйца каждый день: 15 научных фактов

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Актерское агентство Киноактер. Актерское агентство в Москве.

Спорт в России и мире

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

Рыбакина узнала неприятную новость перед "казахстанским дерби"

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Глава МИД Армении: Ереван и Москва работают над решением проблем в отношениях

Франция выкупит ключевые активы IT-гиганта Atos из-за долгов

Заря на Колодозере....

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Синоптик Вильфанд: в ночь на 4 мая в Москве температура опустится ниже нуля

Доходность инвестиций в недвижимость в Тамбове составила 10,7%

На севере Москвы заменят более 240 лифтов по программе капремонта

В ближайшие часы в Москве ожидается усиление ветра до 17 м/с