Санариптик өнүктүрүү министри Талант Имановдун кызматтан кеткени кабарланууда. Бул тууралуу "Азаттыктын" өкмөттөгү ишенимдүү булактары кабарлап, ал башка кызматка өтөрү күтүлүп жатканын айтышты. Санарип өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты тастыктай да, төгүндөй да элек. 7-сентябрь күнү айрым маалымат каражаттары Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министри кызматын тапшырып, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигин жетектөөгө барат деп жазышты. Талантбек Иманов Санарип... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) суучулдары быйыл 142 күндүн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң 108 гектар аянтын тазалап, 13 тонна 561 кг таштанды жана 98 миң 450 метр балык уулоочу торлорду чыгарды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. ӨКМ Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулаган торлордон тазалоо иштерин март айынан тарта баштаган. 1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Аймак 43,1 чакырым чарчы аянтты ээлейт. “Ысык-Көл”... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышы жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү өтүнүчү менен парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге кат жолдоду. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаты Гуля Кожокулова билдирди. Ал депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилгени Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында көтөргөн. Бирок парламенттин регламенти боюнча фракциянын чечими керек... Читать дальше...
TикТок платформасынын бийлик органдары менен байланыш жана корпоративдик маселелер боюнча Борбор Азия жана Чыгыш Европадагы директору Сергей Соколов кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келди. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов учурда кыргыз өкмөтү менен ТикТоктун өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүп жатканын "Азаттыкка" ырастады. "Биз жаш курак боюнча чектөө киргизүү, платформанын тартиптерин Кыргызстандын... Читать дальше...
Өзбекстанда көп аял алууну коомго жайылткандарга, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун тааныбагандарга жаза колдонуу сунушталууда. Шейшембиде өзбек парламентинин Төмөнкү палатасы тийиштүү мыйзам долбоорун эки окууда карап, жактырды. Документке ылайык, коомдук жайларда бети-башын чүмкөп жүргөндөрдү да административдик жазага тартуу каралган. Буга коомдо утур-утуру көп аялдуулукту жактаган видеолор себеп болгону айтылууда. 5-сентябрда Өзбекстандын Олий Мажлисинин төмөнкү палатасында "Кылмыш... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүн Өмүрзаков чет мамлекеттерде билим алган жаштардын саны өскөнүн белгилеп, Америка Кошмо Штаттарында окуган студенттер виза маселесинде кыйынчылыкка кабылып жатканын парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында айтты. Ал студенттер жыл сайын визаны узартуу үчүн Кыргызстанга кайтып келүүгө аргасыз болуп жатканын кошумчалады. Эл өкүлү Казакстан бул маселени чечип, "беш жыл окуса" ошого жараша виза берип турарын мисал келтирди. Депутат көтөргөн маселеге Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жооп берип... Читать дальше...
Турсунбай Бакир уулу Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып, "башка талапкердин пайдасы үчүн ушундай чечимге барганын" белгилеген. Бул тууралуу ал Коомдук каналдагы теледебат учурунда дагы айткан. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Бакир уулунан шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы түшө элек. БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Ага 24 талапкер ат салышууда. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 7-сентябрдагы жыйында коомчулукта парламентке айтылган сындарга жооп берди. Ал Жогорку Кеңеш өзүнүн милдетин так жана даана аткарып жатканын белгиледи. "Парламенттин дарегине ар кандай орундуу дагы, орунсуз дагы сындар айтылып жатат. Мен төрага катары парламенттин аброюна жооптуумун жана аны коргошум керек. Биз өз милдетибизди так жана даана, ачык аткарып жатабыз. Бул жерде бардыгы көз каранды, сырттан башкарылат, парламентте көп түрдүүлүк жок... Читать дальше...
Бишкекте жаңы окуу жылы менен унаалардын тыгыны да башталды. Шаар башкармалыгы айрым каттамдардагы кичи автобустарды жаңы келген автобустарга алмаштырып, Түштүк магистраль жолунда атайын тилке чийип, коомдук транспортко артыкчылык бергени менен, жеңил машиналардын тыгыны ого бетер көбөйдү. Ал эми Бишкек мэриясы айрым көчөлөргө "акылдуу жол чырактарды" коюп, базар, автобекеттерди шаардын сыртына чыгарууну пландап жатат. "Коомдук транспорт үчүн чийилген тилке тыгын жаратты" Бишкек шаарында эл ташып... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салган чечимин сындап, бул элдин нааразылыгын жаратышы мүмкүн экенин билдирди. Икрамов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал Казакстандын кымбатыраак баадагы көмүрүн сатуу элди тоноого барабар экенин белгилеген. "Кара-Кеченин көмүрү өздүк наркын кошкондо борбор калаага келген баасы 4500-5000 сомдун тегереги, ал эми Казакстандын көмүрү болжолдуу 6000 миң сомго чейин болот. Читать дальше...
6-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттары "Конституциялык сот жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды. Долбоорду жактагандар мындай демилгеге Конституциялык соттун "матроним" боюнча чечими себеп болгонун ачык да, кыйыр түрдө да белгилеп жатышат. Бирок юристтер Конституциянын 97-беренесинин 4-бөлүгүндө “Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт” деп так жазылганын, бул талапты долбоордун авторлору көзгө илбей жатканын айтып чыгышты. Читать дальше...
Чыгыш Казакстан облусунда темир жол куруу жана эксплуатациялоо боюнча "Досжан темир жолу" (Dosjan temir joly) ишканасынын 200дөн ашуун кызматкери айлык акысын 50 пайызга көтөрүүнү талап кылып, айдын башынан бери ишке чыкпай жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жумушчулар өздөрү кабарлашты. "Биздин кызматкерлердин минималдык эмгек акысы 180 миң теңге. Биз буга макул эмеспиз. 1-сентябрдан тарта жалпысынан 200дөй кызматкер жумушка чыкпай жатабыз, - деди "Азаттыкка" ишкананын орун басары Куат Нурпейисов. Читать дальше...