Президент Садыр Жапаров 13-августта Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү боюнча дүйнө кубогунун ачылышында ырдаган казак акыны Биржан Калдыбаевге ат белек кылганы боюнча сындарга жооп берди. Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген комментарийинде: “Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым. Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким... Читать дальше...
Караколдо төрөт учурунда жабыркаган ымыркайды дарылоонун экинчи этабын баштоо үчүн аны Бишкекке алып келгени жатышканын бүгүн 24-августта “Азаттыкка” өлкөнүн башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева билдирди. Анын айтымында, ымыркайдын абалы орточо оор деп мүнөздөлүүдө, оң динамика байкалууда, бала тамактанып жатат, анализдери туруктуу: «Дарыланып жатышат. Апасы жакшы болуп калды. Баланы эртең дарылоонун экинчи этабын жүргүзүү үчүн Энени жана баланы коргоо улуттук борборуна которобуз реанимобиль менен алып келип». Читать дальше...
Казакстанда дээрлик үч айдан бери камакта отурган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин жакындары бүгүн 24-августта Бишкекте акцияга чыгышты. Азыркы тапта 30-40ка жакын киши Горький атындагы бакчада чогулуп, кыргыз бийлигинен Маркабаевдин иши акыйкат тергелишине көмөк көрсөтүүнү сурап жатышат. Алар Казакстандын жетекчилигине да кайрылып, ишкерди мекенине кайтарууга жардам берүүнү суранышты. Эки күн мурда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) ишкердин укугун коргоо аракети көрүлүп жатканын... Читать дальше...
Cаламаттык сактоо министрлиги жеке менчик клиникаларга жана дарыгерлерге лицензия берүүнүн жол-жобосун өзгөртүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрликтин лицензия берүү секторунун башкы адиси Аман Осмонов билдирди. Анын айтымында, мурда берилген лицензиянын мөөнөтү жок болсо, азыр ар бир үч же беш жылда аны жаңылап туруу жана иштеген дарегин так жазуу талабы коюлуп жатат. "Азыр мекемелер аралык комиссия түзүлүп, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы кошулуп мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз. Читать дальше...
Токмоктогу "Ай Кью" жеке мектебинин быйылкы 84 бүтүрүүчүсү аттестатын убагында албай калгандыктан өзүлөрү тандаган жогорку окуу жайына өтүүдө кыйынчылыкка туш болуп жатышканын бүгүн 24-августта акыйкатчынын кеңсеси билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын кайрылуусунун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына документ кабыл алуунун кошумча (бешинчи) турун жарыялады. Акыйкатчы маселенин оң чечилишин жеке өзү көзөмөлдөп, министрликтен бүтүрүүчүлөрдүн... Читать дальше...
Былтыр 25-ноябрда өткөн Элдик курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону мамлекет башчынын сайтына чыккан маалыматта айтылат. Бул жарлыктын чыгышына “Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган. Былтыр 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултай президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн. Элдик курутай жөнүндө мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров сунуштаган. Читать дальше...
Ноокат районунун Көк-Жар айылынын тургундары 62 жана 57 жаштагы жубайлар тамак-аштан ууланды. Аларга акыркы лабораториялык анализдин жыйынтыгы менен ботулизм диагнозу коюлганын Ноокат район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Кудрет Маматаиров 24-августта "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бейтаптар 18-августта үй шартында даярдалган консерваланган өрүк ширесин ичкенден кийин өзүн жаман сезип, жүрөгү айланган. "21-августта Ноокат... Читать дальше...
Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта жатып ачкачылык жарыялагандардын абалы туруктуу экенин 24-августта “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, алар тамак-аштан баш тартып, суу эле ичип жатышат, баары дарыгерлердин көзөмөлүндө. 22-августта Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардан алты киши ачкачылык жарыялаган. Алар: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып... Читать дальше...
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 24-августта билдирди. Жамиля Жаманбаева Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу, Милдеттүу медициналык камсыздандыруу полисин алуу, мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу, эмгек укуктарына байланыштуу көйгөйлөр бар экенин белгиледи. “Биз албетте... Читать дальше...
Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылындагы окуучулар жаңы окуу жылында айылдагы үйлөрдө окуганы жатышат. Быйыл жазында айылда жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок ушул күндөрү анын пайдубалы да бүтпөй турат.
Соңку бир жылда кыргызстандык эки келин пластикалык операциядан кийин каза болгону белгилүү болду. Артында чиедей балдары калган маркумдун жакындары операция жасаган клиника менен соттошууда. Ал тапта “Азаттыкка” пластикалык операциядан жабыркаганын айткан бир нече адам кайрылды. Алар милицияга арызданып, дарыгерден кенемте талап кылууда. Зулфиянын (ысымы белгилүү себептерден улам өзгөртүлдү) 37 жаштагы сиңдиси жыл башында пластикалык операциядан көп өтпөй өзүн жаман сезип, ооруканага жетпей каза болгон. Читать дальше...
Ысык-Көлдүн Бостери айылына эс алууга барган Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу беш милиция кызматкери камакка алынды. Адегенде Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы полкунун үч кызматкери 21-августта кармалып, Ысык-Көл райондук соту аларды эки айга камакка алган. 23-августта дагы эки милиция кызматкери кармалганы маалым болду. Беш кызматкерге тең Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. "Жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту... Читать дальше...