Мы в Telegram
Добавить новость

Какой шашлык — таков и мужик: что говорит о характере манера жарить мясо

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

Уже сегодня ваша пенсия может увеличиться на 10 тысяч рублей

Экс-солист "На-На" Юрин заявил, что Алибасов задолжал 5 млн рублей гонораров

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2023

Новости за 21.08.2023

Azattyk.org 

Санкциялардын космоско жеткен таасири: "Луна-25" Айга кулады

Орусиянын жаңы тарыхындагы Айга жасаган алгачкы миссиясы ишке ашпай калды. "Луна-25" космос кемеси Айдын бетине кулап түшкөнүн "Роскосмос" 20-августта билдирди. Себебин иликтөө үчүн мекеме аралык комиссия түзүлдү. Талдоочулардын эсебинде, бул миссиянын ишке ашпай калышы ансыз да обочодо калган Орусиянын эл аралык аброюна чоң сокку урду.

Azattyk.org 

Рамзан Кадыровду сындаган активист Бишкекте кармалды

Кыргызстанда чеченстандык активист Мансур Мовлаев кармалды. Ал чечен лидери Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Орусиянын "Луна-25" космостук кемеси Айдын бетине кулап түштү. Бул Орусиянын жаңы тарыхындагы Айга жасаган алгачкы миссиясы болчу. "Кыргызкөмүр" ишканасы он чакты көмүр кенин кытайлык компаниялар менен бирге иштетмей болду. Бул жана башка маселелерге байланыштуу келишимдерге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Үрүмчүгө сапарында кол коюлду.

Azattyk.org 

Ооганстанда камакка алынган активист аялдар бошотулду

Ооганстанда нааразылык акциясын уюштурууга шек саналып камакка алынган кеминде сегиз аял бир нече сааттан кийин бошотулду. Өлкөдөгү аялдардын улуттук биримдик жана тилектештик кыймылынын мүчөлөрү 19-августта Кабулда камалган. Алар бошотулганы тууралуу 21-августта "Азаттыктын" ооган кызматы жазды. Кыймылдын мүчөлөрү "Талибан" бийлигинин коопсуздук кызматкерлери кыз-келиндерди ырайымсыздык менен кармап кеткенин билдиришти. Алар нааразылык акциясын уюштуруу үчүн бир үйгө чогулганда камакка алынган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Кастыкты козутуу" беренеси менен милицияга жеткирилген жаран боюнча маалымат берилди

Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир Бишкекте милиция бөлүмүнө жеткирилди. Борбор калаанын ички иштер башкармалыгы бул маалыматты 21-августта "Азаттыкка" ырастап, ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында жеткирилгенин билдирди. “Ыкчам тергөө амалдарынын негизинде Төлөн уулу Бектемир аттуу жаранды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында 300дөн ашык жүк ташуучу машине кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 21-август саат 18:30га карата 370тей жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан Казакстанга өтө албай, кезекте турат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап машиналардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатат. Казакстан 21-августта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта үч гана машинени өткөргөн. Мекеме Кыргызстан тарап чек арада эч кандай чектөө киргизбегенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бекбол Аманкуловдун өлүмү: үч милиция кызматкери камалды

Ысык-Көлдүн Бостери айылына эс алууга келген Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу үч милиция кызматкерине кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун милиционерлери( К.У., Н.У., жана Э.А.) кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Сот чеченстандык активист Мансур Мовлаевди эки айга камады

Кыргызстанда кармалган чеченстандык активист Мансур Мовлаев 21-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту 21-августта чыгарганын адвокаты Илгиз Насыров кабарлады. УКМК Мансур Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирген. Мекеме 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыз-келиндер футболу: Испания дүйнө чемпиону

20-августта Австралия менен Жаңы Зеландияда Аялдар арасында футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. Финалдык беттеште Испаниянын футболчулары Англияны 1:0 эсебинде жеңди. Муну менен Испаниянын аялдар курама командасы биринчи жолу дүйнө чемпиону болду. Финалда жалгыз голду Ольга Кармона киргизди. Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) аялдар арасындагы дүйнөлүк чемпионаты тогузунчу ирет өтүп жатат. Коло медалды Швеция, төртүнчү орунду Австралия алды.

Azattyk.org 

Бишкекте көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, бир адам каза тапты

Бишкектин үчүнчү кичи районунда көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатынан жарылуу болуп, бир адам каза болду. Жабыркагандар такталууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына ылайык, Октябрь районунда көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттү өчүрүүгө эки бөлүм жана бир штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 16:25те толук өчүрүлгөн. Министрлик эмне жарылганын тактаган жок. (BTo)

Azattyk.org 

Өзбек жараны Түштүк Кореяда терроризмди каржылоого шек саналууда

Түштүк Кореяда терроризмди каржылоого шек саналып өзбекстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлап, ал Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам рейд учурунда колго түшкөнүн маалымдады.  Шектүү Фергана облусунун 29 жаштагы тургуну. Ал Түштүк Кореяга барып, ал жактан Өзбекстанда тыюу салынган “Имам аль-Бухаринин катчысы” террордук уюмунун лидерлери менен байланыш түзгөнү, аталган уюмдун мыйзамсыз ишмердүүлүгүн каржылаганы аныкталганы айтылат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда Борбор Азия лидерлеринин кеңешмеси өтөт

Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттери 14-15-сентбярда Дүйшөмбү шарында кеңешмеге чогулат. Тажикстандын басылмалары бул тууралуу тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддинге таянып жазышты. Маалыматка караганда, чөлкөм лидерлеринин жыйынында  транспорт тармагы жана жаштар саясатына байланыштуу эки келишимге кол коюлат. Тажикстан Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жолугушуусунда кошумча 12 иш-чара өткөрүүнү сунуштаган. Алардын арасында экономикалык форум, илимпоздордун жолугушуусу,... Читать дальше...




Azattyk.org 

HRW: Сауд Арабиянын чек арачылары ондогон мигрантты өлтүргөн

Сауд Арабиянын чек арачылары эфиопиялык жүзгө жакын мигрантты өлтүргөнү тууралуу Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму билдирди. Эл аралык уюмдун баяндамасында мигранттар сабалып, аткыланганы айтылат. Укук коргоочулар 2022-жылдын мартынан 2023-жылдын июнуна чейин Йемен аркылуу Сауд Арабиясына кирүүгө аракет кылган 38 эфиопиялык мигрант менен маектешкен. Баяндаманын авторлору ошондой эле жүздөгөн видео, фото жана спутниктен тартылган сүрөттөрдү талдаган. Уюмга маалымат бергендердин 14ү аткылоого туш болгондорду көзү менен көргөнүн... Читать дальше...

Azattyk.org 

Көкбөрү: “Ынтымак” “Астананы” ири эсепте утту

“Ынтымак” командасы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун алкагында “Достук” кубогун утту. Финалда таластык команда Казакстандын “Астана” командасын 10:1 менен эсебинде жеңди. Үчүнчү орунду “Түркстан” командасын 11:3 уткан “Достук командасы алды.

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жыйыны өттү

13-19-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 21-августта билдирди. Жолугушууда чек араны демаркациялоо маселелери талкууланып демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Менсиз чөптүн башы кыбырабаса". Канды кудай урарда...

Шатман Садыбакасов аз, анысына жараша саз жазган калемгер эле. Алышкан ооруга баш бербей бир топ чыгармаларды жараткан. Алардын ичинен кыргыз окурмандары менен театр күйөрмандарына айтылуу “Ак боз ат” драмасы белгилүү. “Азаттыктын” аңгеме сандыгынан сүрөткердин “Ырдын жаралышы” деген көркөм баяны тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз. Көркөм сөз, дегеле өнөр адам менен бийликтин мамиле-катнашы - тээ алмустактан бери келаткан чиеш маселе. Бийлик эгедери бул пенде баласына табият берешендик менен... Читать дальше...

Azattyk.org 

USAID долбоору кургак учукту дарылоонун жаңы ыкмаларын жайылтууда

Кыргызстанда кургак учукка чалдыккан бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмалары колдонулуп, жакшы натыйжасын берүүдө. Бул тууралуу бүгүн 21-августта "Азаттыкка" USAIDдин "Кургак учукту айыктыруу" долбоорунан билдиришти. Долбоор алкагында бейтапты каттоого алуу жана анын дарылануусун көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн атайын медициналык маалымат системасы ачылып, ага бардык тийиштүү мекемелер кошулууда. Электрондук системада он миңдеген бейтаптын картасы жана миллиондогон анализдердин жыйынтыгы сакталып турат.... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иранда хижаб кийүүдөн баш тарткандар 10 жылга чейин камалат

Иран парламентинин тийиштүү комитети хижабга байланыштуу мыйзамды бузгандар үчүн жазаны катаалдаткан эрежени жактырды. Эми жогорку лидер Али Хаменеи дайындаган ислам диниятынын мүчөлөрүнөн жана юристтерден турган Конституция коргоо кеңешине сунушталат. CNN мурда кабарлагандай, мыйзам долбоорунда хижаб кийүүдөн баш тарткан аялдарга 360 миллион риал же 7800 евродой айыппул салуу жана 10 жылга чейин эркинен ажыратууну караган 70 берене камтылган. Азыр Иранда бардык аялдардын башын жана моюнун жаап жүрүүсүн талап кылган мыйзам бар. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бекназар "Вагнерге" эмнеге кошулган?

Орусияда абактан ары согушка кеткен 27 жаштагы жигиттин жакындары сотко арыз жазып, үй камагына чыгарууну өтүнгөн эле. Бөрүгул уулун күч органдары “жалданмачылыкка” шектүү катары кармашкан.

Azattyk.org 

Эквадордо талапкердин өлүмү менен коштолгон президенттик шайлоо өттү

Эквадордогу президенттик шайлоо кинчи айлампасында солчул талапкер Луиса Гонсалес менен экс-депутат, бизнесмен Даниель Нобоа ат салышат. 19-августтагы биринчи турдан кийинки баштапкы жыйынтыкта Гонсалес 33%, Нобоа 24% добушка ээ болууда. Шайлоонун экинчи айлампасы 15-октябрда өтөт. Шайлоо өнөктүгү маалында талапкерлердин бири, коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү депутат Фернандо Вильявисенсио өлтүрүлгөн. Бирок ал киши колдуу болгонго чейин бюллетендер басылып чыккандыктан, анын ысымы добуш берүү кагазынан өчүрүлгөн жок. Читать дальше...

Azattyk.org 

Майыптар маселесин талкуулаган эл аралык жыйын өттү

Бүгүн 21-августта Бишкекте майыптыгы бар адамдардын көйгөйлөрү талкууланган жыйын өттү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, эл аралык форумда угуу органдарынан майыптыгы бар адамдарга мамлекеттен колдоо көрсөтүү, реабилитация жана шарт түзүү жаатында пикир алмашуу болду. Жыйынга Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан, Молдовадан жана башка өлкөлөрдөн келген өкүлдөр катышты. Министрликтин расмий эсеби боюнча, Кыргызстанда 205 миң адам майыптыгына байланыштуу каттоодо турат... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21... Читать дальше...

Azattyk.org 

Нью-Йоркто АКШ жана Борбор Азия лидерлеринин саммити өтөт

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо. 18-августта Forbes журналы Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялаган. АКШ президенти катта Мирзиёевди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган. Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы саммит АКШнын демилгеси менен пландалып жатканын ырастады. Читать дальше...

Azattyk.org 

Министр Ниязбеков милиционерлердин маңзат иши боюнча комментарий берди

Ички иштер министри (ИИМ) Улан Ниязбеков 21-августта өлкөдө коопсуздукту камсыздоо боюнча онлайн кеңешмеде маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлери боюнча комментарий берди. Министрликтин маалыматына ылайык, Улан Ниязбеков өздүк курамда жетиштүү иш алып барбаганы үчүн айрым жетекчилер кызматтан алынганын айтты. “Бул акыркы чечим эмес. Анткени буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде “эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула” деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара жаңжалында жабыркагандар үчүн дагы 118 үй куруу сунушталды

Өткөн жылдын сентябрындагы чек ара жаңжалында жабыркагандар боюнча иш алып барган атайын комиссия Баткен районунун аймагында 118 үйдү куруу керектигин аныктады. Негизинен бир короодон эки үйү жараксыз болгондорго экинчи тамы курулуп берилерин Баткен райондук мамлекеттик администрациясы билдирди. Атайын комиссия ар бир короону, жараксыз болгон үйлөрдү изилдеп чыгып, санын тактады. Министрлер кабинетине курулуучу үйлөр боюнча сунуш жөнөттү. Маселе каралып, чечим кабыл алынат", - деп билдиришти райондук бийликтин өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Конкурс с призом! – задачка про китайскую приблуду (и как обойтись без нее)

Синоптик Тишковец: в первый день мая в Москве ожидается до +20 градусов

Уже сегодня ваша пенсия может увеличиться на 10 тысяч рублей

Какой шашлык — таков и мужик: что говорит о характере манера жарить мясо

Музыкальные новости

ТАСС: МИД России опубликовал корректную версию разговора Лаврова и Мухриддина

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

Власти Евросоюза призвали РФ пересмотреть решение о судьбе "дочек" Ariston и Bosch

Новости России

Синоптик Тишковец: в первый день мая в Москве ожидается до +20 градусов

Победителей “Диктанта Победы” пригласят на Парад в Москве

Тарифы ЖКХ вырастут в России

Денис Майданов вышел на связь после сообщений о госпитализации в Москве

Экология в России и мире

Куда поехать на майские праздники в России: топ-7 направлений

В День Медика пройдет премия в области здоровья The Medical Stars & Beauty Awards

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

Оформить медицинскую книжку

Спорт в России и мире

Шиманович пробилась в ⅛ финала теннисного турнира в Сен-Мало

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде

Moscow.media

Совместные учения сотрудников Росгвардии и МЧС прошли в Москве

На трассе М-4 Дон в этом году отремонтируют 200 км и нанесут экспериментальную разметку

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Коршун











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Победителей “Диктанта Победы” пригласят на Парад в Москве

Денис Майданов вышел на связь после сообщений о госпитализации в Москве

Тарифы ЖКХ вырастут в России

Синоптик Тишковец: в первый день мая в Москве ожидается до +20 градусов