Президент Садыр Жапаров 26-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “ПолитКлиника” басылмасынын “Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар” аттуу иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Анда материалдагы “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев менен уулу Рустамдын байланышы бар экенин бышыктады. “Конев дегенди мурда тааныбайт элем. Камалгандан кийин билдим. "Керемет банктан" 3 миллион доллардын тегерегинде кредит алып төкпөй кетип камалыптыр. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Жалал-Абад шаарындагы испаниялык атактуу “Барселона” футбол клубунун академиясын салууга байланыштуу “Клооп” басылмасынын иликтөөсү тууралуу комментарий берди. Ал 26-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде курулушка анын жана атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары аралашып жатканын ырастады. “Ооба, Ташиев-Жапаровдор жана башка чет өлкөлүк инвесторлор бар. Мамлекетке бир тыйын зыяны жок, мамлекеттин бир тыйын акчасы менен салып жаткан жок. Читать дальше...
Британиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси, Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы, маркум Робин Орд-Смит калтырган керээзинин негизинде анын сөөгүнүн күлү Ысык-Көлдөгү Сарычат-Ээрташ коругуна чачылды. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады. Маалыматка караганда, Робин Орд-Смит ак илбирс, улар байырлаган бул аймакка көз жумарына төрт ай калганда барган жана жаратылышка аябай суктанган. Ал былтыр сентябрда 57 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта жыйынга чогулуп, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу соттун чечимдерин карады. Анда мекеменин Бакировду депутат кылып каттаган чечимин жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгаруу тууралуу токтомдун долбоорун жыйынга катышкан БШКнын 12 мүчөсү тең бир добуштан колдоду. Бакировдун өкүлү Бакытбек Мажитов сот жараяндарында депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болгон жагдайлар аныкталбаганын билдирди.... Читать дальше...
Таластагы Киров суу сактагычында быйыл суу абдан аз топтолду. Мындан улам жергиликтүү дыйкандар жана коңшу Казакстандын Жамбыл облусунун дыйкандары бир топ зыянга учураганын айтууда. Ушул тапта Чоң-Капка өткөрмө бекетинде да автоунаалардын тыгыны да азайбай турат. Буга чейин чек ара бекетинде пайда болгон тыгын суу маселесине байланыштуу экени айтылганы менен расмий тараптар аны ырастаган эмес. Киров суу сактагычы башкармалыгынын башчысы Шыгай Момуналиев быйыл суу жылдагыдан кыйла аз келгенин белгилеп... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Ага ылайык, күндүн ырайы кескин өзгөрүп, 27-28-август күндөрү көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолуу райондордо жаан карга айланат жана айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу ыктымал. 28-29-август күндөрү абанын температурасы төмөндөйт. Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23, Таласта түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26°, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу, журналист Олжобай Шакир "массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып жатканын" билдирди. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Жазуучунун камалышын чыгармачыл чөйрөнүн айрым өкүлдөрү айыптап чыкты. Муну сөз эркиндигине карата кысымдын күчөгөнү катары баалап жаткандар да жок эмес. Эки айга камалган Олжобай Шакирдин бейнеси жана чыгармачылыгы тууралуу кеп кылабыз. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Хабаровск шаарында полициянын огунан оор жараат алган кыргызстандык жаран тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 24-августта кечинде шаардагы автовокзалда полициянын рейди учурунда 2003-жылы туулган Кыргызстандын жараны машинасы менен качууга аракет кылган жана укук коргоо органынын кызматкерин сүзүп алган. "С.Р. аттуу кыргызстандык жарандын мыйзамсыз иш-аракетин токтотуу үчүн ага курал колдонулган. Натыйжада ал жаранга ок тийген жана кармалган.... Читать дальше...
Шаар жаштары бийлеп, көңүл ачуунун жаңы түрү катары жайлоодо, тоо койнунда этно жана заманбап музыка фестивалын өткөрүп турушат. Бул иш-чара менен алар өз маданият тааныгылары келет. Кезектеги “Жайлоо” фестивалына “Азаттык+” катышып келди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 23-августта Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, убактылуу жабылганын билдирген. Жолду тазалоо иштери дагы деле бүтө элек. Көчкү түшкөн аймак кооптуу бойдон калууда.
Казакстан жакында эле өлкөдө жашаган каракалпак улутунун өкүлдөрү Кошкарбай Төрөмуратов менен Жангелди Жаксымбетовго качкын макамын берүүдөн баш тартты. 2022-жылдын сентябрынан бери алар Өзбекстандын өтүнүчү менен камакка алынган. Ташкент бул жарандарды “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө каршы аракеттенди” деп айыптап, эл аралык издөө жарыялаган. Ушул тапта Казакстанда жалпы беш каракалпак жараны убактылуу тергөө абагында отурат. Алардын баары Акылбек Муратовдун достору, шериктери. Муратов... Читать дальше...
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстан менен чек арадагы жагдайды жөнгө салууну тапшырды. Бул тууралуу Акордонун расмий Телеграм-каналы билдирди. “Мамлекет башчы өкмөткө казак-кыргыз чек арасындагы кырдаалды биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк жана бир туугандык мамиленин негизинде жөнгө салууну тапшырды. Ошондой эле, чек арадан мыйзамсыз товар ташууну болтурбоо үчүн санариптештирүүнү жана автоматташтырууну активдүү киргизүү маселеси тууралуу кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү улантуу керектигин белгиледи”... Читать дальше...
2008-жылдын август айында орус армиясы Грузияга басып кирген. Беш күнгө созулган согуш элдин жүрөгүндө айыккыс так калтырды. Бул Грузиядагы биринчи куралдуу конфликт эмес. 90-жылдардын башында абхаз жикчилдери Орусиянын колдоосу менен грузин аскерлерине каршы чыккан.
Орусиянын Тергөө комитети “Вагнер” менчик аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин ичинде болгон делген учак кыйраган жерден кара кутулар алынганын билдирди. Мекеме бизнес-жет кулаган аймактан он адамдын сөөгү табылганын, алардын тек-жайын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлады. Мунун алдында Кремль Пригожинге таандык учактын кулашына тиешеси бар деген маалыматтарды жокко чыгарган. Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Пригожиндин... Читать дальше...
Нигерде бийликти басып алган козголоңчулар жума күнү, 25-августта Франциянын элчисин 48 сааттын ичинде өлкөдөн чыгарууну талап кылды. Франциянын Тышкы иштер министрлиги хунтанын эскертүүсүнө Париж көңүл бурганын, бирок алардын дипломатка андай талап кылуу укугу жоктугун, мыйзамдуу шайланган бийликте гана андай укук бардыгын билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, козголоңчулар дагы бир канча өлкөнүн элчилеринен чукул арада чыгып кетүүнү талап кылган. Хунтанын башчысы Абдурахман (Омар) Тчиани өткөн аптада телекайрылуу жасап... Читать дальше...
Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында 25-августта жолбун ит каап алган сегиз адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. “Аларга кутурмага каршы иммуноглобулин жана кутурмага каршы вакцинанын шартсыз курсу дайындалды. Инфекциянын жайылышынын алдын алуу үчүн эпидемияга жана эпизоотияга каршы иш-чаралар улантылууда”,-деп жазылган маалыматта. Министрликтин кабарлашынча, адамдарга кол салган ит табылып, жок кылынды. Текшерүү үчүн Баткендеги ветеринардык... Читать дальше...