Орусиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин түшкөнү айтылган учак кырсыкка кабылды. Росавиация Пригожин жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун билдирди. Бир катар Телеграм-каналдардын жазышынча, бортто "Вагнердин" командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгон. Учак кулап бараткан учур видеого түшүп калганын "База" жана Mash Телеграм-каналдары жарыялады. Самолёт калктуу конушка кулаган. Жеринен жарыяланган сүрөттөрдө борттун... Читать дальше...
Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Олжобай Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалды. Маалыматты анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди. “УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал бизге кеч маалым болуп, саат 8дерде кирдик. Коюлган айып боюнча айта кетсем. “Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган” дейт. Ошондой эле “бийликти басып алууга аракет... Читать дальше...
Жазуучу жана публиицист Олжобай Шакир Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде (УКМК) экенин укук коргоочулар билдирип жатышат. Атайын кызмат расмий маалымат тарата элек. Жазуучуну бошотууну талап кылган бир нече активист, журналист жана укук коргоочулар жана анын жакындары УКМКнын имаратынын алдында топтолууда. Олжобай Шакир жети сааттан бери дайынсыз болуп жатканын жакындары 23-августта айтып чыгышты. Жубайы Назгүл Бодбаева жазуучу түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын "Азаттыкка" билдирди.
Грекиянын токойлорундагы өрт коңшу Түркияга да жайылып, Чанаккале аймагындагы тогуз айылдын 1200 тургуну эвакуацияланганы кабарланды. "Азаттыктын" азери кызматы жазгандай, 1500 гектардан ашуун токой күйүп, 48 адам түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылган. Эгей жана Мармара деңиздериндеги токойлордогу өрттүн айынан кемелердин кыймылы да токтотулганы айтылууда. Бир күн мурда Грекияда өрт өчүрүүчүлөр 18 адамдын күйгөн сөөгүн табышкан. Алар Түркиядан Грекияга өтүүнү көздөгөн мигранттар болушу мүмкүндүгү болжолдонгон. Читать дальше...
Жазуучу жана публиицист Олжобай Шакир жети сааттан бери дайынсыз болуп жатканын жакындары айтып чыгышты. Жубайы Назгүл Бодбаева Олжобай Шакир 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын "Азаттыкка" билдирди. “Үйгө келсем ачык калыптыр, Олжобай жок. Телефону өчүк болуп жатат. Тууган, жакындары менен байланышпаптыр. Дайынын билбей жатабыз. Үйгө мен келген учурда Бишкек шаардык милиция кызматкерлери да келишти. Алар Олжобай айткан 31-августтагы акция тууралуу сурайлы деп келгенин айтышты”- деп билдирди.
Бишкек Казакстандын аткаминерлери менен суу маселесин талкуулаганын, алар тараптан доомат жоктугун маалымдады. Бирок кыргыз-казак чек арасында кезек дагы узарды. Эксперттер Киев контрчабуулдун тактикасын өзгөртпөсө, жылыш болбойт деп эскертти. Орусия Москвада дрондор атып түшүрүлгөнүн маалымдады.
Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, шектүүлөр 22-августта кармалышкан. 24-августта алардын бөгөт чарасы каралат. Аларга да Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылган. Талас облусунун 23 жаштагы тургуну Бекбол Аманкулов 6-августка караган түнү Бостери... Читать дальше...
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) 2016-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Улан Токтосуновго 17 жыл күчөтүлгөн режимде жаза өтөө мөөнөтү чегерилгенин билдирди. Ал №24 (Нарын шаарында) абакта кармалып турган. ЖАМК тараткан маалыматка ылайык, Токтосунов мындан аркы жаза өтөөчү жерин аныктоо үчүн Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына которулууда. Мекеме мыйзамдарга ылайык Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагы соттолгондордун жаза өтөөчү жерин аныктаганга чейин кармала турган жай экенин белгиледи. Читать дальше...
Ооган басма сөз эркиндиги уюму "Талибан" бийлиги кармаган ирандык фотожурналистти бошотууга чакырды. Ирандын Tasnim маалымат агенттигинин кабарчысы Мохаммед Хусейн Велаятини талибдердин коопсуздук күчтөрү камакка алганын аталган басылма 22-августта кабарлаган. Велаяти Ооганстандын баш калаасындагы 10 күндүк сапарынан кийин үйүнө учууга аракет кылып жатканда Кабулдун аэропортунда кармалган. "Биз аны токтоосуз жана эч кандай шартсыз бошотууга чакырабыз", - деп билдирди Ооган басма сөз эркиндиги уюму. Читать дальше...
Жыл башынан бери балдар катышкан тогуз жүздөн ашуун жол кырсыгы катталып, кырктан ашуун бала каза болуп, 1000ден ашыгы ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ)маалымат таратып, каза болгон балдардын 53% машиненин ичинде болгонун белгиледи. Жол кырсыктарында коопсуздук куру жана балдарды коргоочу шаймандар жок же аларды колдонуу эрежеси бузулган. ИИМ мыйзамга ылайык, төмөнкү учурда 12 жашка чейин балдарды ташууга тыюу салынарын эскертти: - мотоциклдин артында; - борттук... Читать дальше...
Улуттук банк “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна сунушталган Азаматбек Жоробековду дайындоого макулдук берди. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында жазылат. Ачык булактардагы маалыматтарда айтылгандай, 49 жаштагы Азаматбек Жоробеков Түркия, Казакстанда жогорку билим алган. Ал көп жылдардан бери банк тармагында иштеп келген. Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылы 31-майда “Мамлекеттик... Читать дальше...
Индиянын "Чандраян-3" деп аталган космос аппараты 23-августта Айдын түштүк уюлуна конду. Муну менен Индия түштүк уюлга жеткен алгачкы мамлекет катары тарыхка кирди. Буга чейин башка мамлекеттер учурган аппараттар Айдын экваторуна конгон. Индиянын космостук агенттиги ракетаны 14-июлда өлкөнүн түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы башкы космодромдон учурган. Дели бул жараянды Айды изилдөө жана Индиянын космостук держава катары орду үчүн маанилүү миссия деп атаган. Ракетанын конушуна адистер жана өлкө жетекчилиги түз эфирде күбө болушту. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстанда кармалган кыргыз жараны, Алматы шаарындагы “Алтын Орда” базарынын директорунун орун басары Эрмек Маркабаев боюнча маалымат таратты. ТИМдин кабарлашынча, коңшу өлкөдө кармалган ишкердин укугун коргоо боюнча иштер жүрүп жатат. Министрлик кылмыш ишин ар тараптуу иликтөө, эл аралык укуктук ченемдерин сактоону камсыз кылуу өтүнүчү менен Казакстандын тийиштүү органдарына 5 - жана 27-июнда нота жөнөткөн. Маселе Кыргызстандын жана Казакстандын Тышкы... Читать дальше...
Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандардын ичинен алты киши 22-августта ачкачылык жарыялаганы тууралуу мекемеге жазуу жүзүндө арыз бергенин кабарлады. Алар: Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Айданбек Акматов, Айбек Бузурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Азимбек Бекназаров. Тергөө абагындагылар муну соттук териштирүүгө байланыштырып, Жаза аткаруу кызматына дооматы жок экенин билдиришкен. “Алардын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин көзөмөлүндө”, - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы 23-августта Ош-Сары-Таш-Эркечтам авто жолунун 239-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылганын билдирди. Маалымат боюнча, окуя болгон жерде “Кыргызавтожол” ишканасынын Жол тейлөө мекемесининин кызматкерлери жана төрт техника иштеп жатат. Көлөмү болжол менен 4 миң метр кубдан ашык жер көчкү саат 9:00 чамасында түшкөн. Министрлик жер көчкү дагы деле түшүп жатканын, тазалоо боюнча толук кандуу иштер көчкү токтогондо жүргүзүлөрүн кабарлады. Читать дальше...
Августтун башында Гавайинин Мауи аралындагы өрттө миңден ашуун адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Федералдык иликтөө бюросунун өкүлү Стивен Меррилл билдирди. Анын айтымында, дайынсыз жоголгон 2500 адамдын 1400дөйү аман-эсен экени ырасталды. Мауидеги өрт 8-августта тутанган. Кургакчылыктан, бороон-чапкындан улам тилсиз жоо тездик менен жайылып, жыл сайын 2 миллионго жакын турист эс алган Лахайна курорттук аймагын толугу менен жок кылды. Апаат 115 адамдын өмүрүн алды, бул акыркы жүз жылдагы... Читать дальше...
Жогорку Кеңеш келерки айда ишин баштаганда кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаалды биринчилерден болуп карайт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна вице-спикер Нурланбек Азыгалиев билдирди. Ушу тапта чек арадагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде жүздөгөн жүк ташуучу машине казак тарапка өтө албай турат. Расмий Астана муну маңзатка каршы атайын операция менен түшүндүрдү. Коңшу мамлекеттин бул аракети Кыргызстан сугат суу берүүнү убактылуу токтоткон маалга туш келди. Чек арадагы соңку жагдай Евразиялык... Читать дальше...
Бээжин менен Дүйшөмбүнүн ортосунда 400 миллион долларлык жаңы келишимдерге кол коюлганын Тажикстандын Улуттук Мажилиси билдирди. Анда курулуш, өндүрүш тармагындагы бир канча биргелешкен ишканаларды түзүү тууралуу макулдашуулар бар. Тажик бийлиги электромобилдерди чыгаруучу ишкана түзүлөрүн да жарыялады. Дүйшөмбү мэриясы тажик-кытай биргелешкен ишканасы жылына 1500гө чейин электромобилдерди чыгарууну пландап жатканын билдирди. "Авесто Групп" тажик компаниясы менен кытайлык "Цзиньчуан" ишканасынан... Читать дальше...
Кыргызстанда өкмөт бала бакча жана мектеп куруу ишине демөөрчүлөрдү кеңири тартууга даяр экенин бүгүн 23-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында жаңы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып билдирди. Өз сөзүндө ал быйылкы жылдан баштап өкмөт Бишкекте жана Ошто мектеп курбай турганын айтты: “Быйылтан баштап Ош, Бишкек шаарларында өкмөт салбайт мектептерди. Колунда барларга, чоң-чоң компанияларга жерлердин баарын бекер берип жатабыз. Читать дальше...
Казакстанда "Ишенип берилген мүлктү ээлеп алган" деп айыпталып, сегиз жылга соттолгон ишкер Кайрат Боранбаев тергөө менен кызматташууга макул болду. Бул тууралуу "Власть" басылмасы анын адвокатына таянып жазды. Тергөө менен түзүлө турган келишимге ылайык, Казакстандын мурдагы президентинин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев күнөөсүн моюнуна алып, зыянды төлөп берсе, камалбайт. Астанада Боранбаевдин апелляциялык арызы менен сот отуруму 22-августта башталды. Ulysmedia.kz басылмасы өз булактарына таянып кабарлагандай... Читать дальше...
Бишкек шаардык мэриясы адамды жүзүнөн жана автоунаалардын номурун таануучу камераларды калаанын бардык райондорунда орнотуу үчүн 40 млн сом сарптайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин сайтындагы Ички иштер министрлиги менен Бишкек мэриясынын кызматташтыгы тууралуу токтом долбоорунда жазылган. Ал документте 2023-жылы мындай камераларды орнотуу үчүн мэрия Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына 40 миллион сом бөлүп бере турганы каралган. Документтин негиздеме катында коопсуздук үчүн чаралар экени белгиленген. Читать дальше...
Пакистандын Пенжаб провинциясында суу каптаган айылдардан 100 миңге жакын адам эвакуацияланды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар кызматы 23-августта билдирди. Үч күн мурун Сатлуж дарыясы ташып, көптөгөн айылдарды жана миңдеген гектар эгин талааларын каптаган. Куткаруучулар жашоочулар менен кошо мал-жандыктарды да коопсуз жакка алып чыгышты. Пенжабдын башчысы Мохсин Накви жаан-чачындан улам Индиянын бийлиги суу сактагычтагы ашыкча сууну дарыяга кое берүүгө аргасыз болгонун, бул чек аранын Пакистан тарабында ташкындоого алып келгенин айтты. Читать дальше...
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин алдындагы Интерполдун Улуттук борбордук бюросу (УББ) ар кандай кылмышка шек саналып, эл аралык издөөдө жүргөн бир нече жаран кармалганын билдирди. Алардын бири С.А. аттуу 40 жаштагы жаран Мадагаскардан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал Кыргызстандын банктарынын биринин кызматкери аркылуу төрт адам менен бирге кылмыштуу топ түзүп, өлкөдөн мыйзамсыз акча чыгарып кеткен деп шек саналууда. ИИМ мындан улам мамлекетке 23 млн доллар зыян келтирилген деп эсептейт. Читать дальше...
Кыргызстанда мамлекеттик мектептерде бир нуска окуу китептин жылдык ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кол койгонун министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Китептердин ижарасы былтыр да ушундай эле суммада болчу. Каражат 31-декабрга чейин төлөнүшү керек. Билим берүү жана илим министрлиги жаңы китептерди сатып алуу үчүн мектептерде окуу китептерге ижара акы киргизилгенин кошумчалады. Мекеме ижаранын баасы бир китептин орточо наркы 125 сом болуп турганда бекитилгенин... Читать дальше...
Түркмөнстандын Балкан облусунда динзарлардын үйлөрүндө тинтүү болуп, Курандан башка бардык диний мазмундагы китептерди күч кызматкерлери алып кетишти. "Азаттыктын" түркмөн кызматы кабарлагандай, 18-19-августтагы рейддерде тургундарга диний мазмундагы адабияттарды, анын ичинде шариат эрежелери жана хадистер жазылган китептерди сактоого болбой турганы эскертилген. Бул текшерүүнүн себеби белгисиз. Акыркы апталарда түркмөн бийлиги ашкере динчил деп эсептеген жарандарды да суракка чакырганы, укук... Читать дальше...