"Айкөл" гуманитардык миссиясынын алкагында 30-августта Сириядан кыргызстандык 31 аял жана 64 бала алып келинди. Буга чейин 2021-жылы "Мээрим" миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 79 бала алып келинсе, быйыл февралда "Айкөл" миссиясы аркылуу Сириядан 18 аял жана 41 бала кайтарылган. Ушул тапта Сириядагы "Родж" качкындар лагеринде кыргызстандык келиндер жана балдар калганы айтылууда. "Тогуз жыл көрбөгөн кызым келди" Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдагандай, Сириянын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 31-август - Эгемендик күнүнө карата "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. Жарлыктын негизинде жогорку даражадагы "Манас" ордени Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын кафедра башчысы Сабырбек Жумабековго, кинорежиссер, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Ниязга, академик, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевге берилди. II жана III даражадагы "Манас" ордени берилгендер арасында Кыргыз Республикасынын эл акыны... Читать дальше...
30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноду. Оюнда 2:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары утту. Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты. Президент... Читать дальше...
30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо испаниялык “Барселона” футболдук клубунун мурдагы оюнчулары Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен ойноп жатат. Ушул саатка карата 2:0 эсебинде "Барселонанын" оюнчулары алдыда. Беттештин башында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөдү. Ал 29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселона” клубунун футбол академиясы ачылганын, академия 10-15 жылда жемишин берип, Кыргызстанда да дүйнөлүк деңгээлдеги футболчулар тарбияланып чыгарын айтты. Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда Тик Токту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды. "Балдардын психологиясына терс таасирин тийгизет" Маданият министрлиги Тик Токто мониторинг жүргүзүп, анда балдардын саламаттыгына, психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканы аныкталганын билдирди. Министрликтин өкүлү Бектур Ибрагимов бир нече уюм Тик Токко тыюу салуу боюнча аларга кайрылуу жолдогонун айтты... Читать дальше...
Тажикстандын Чукул кырдаалдар комитетинин куткаруучулары Варзоб дарыясынан сел агызып кеткен аял менен анын ымыркайынын сөөгүн алып чыгышты. Мекеменин маалымат катчысы Умед Юсуфи 30-августта төрт кишинин сөөгү табылганын “Озоди” радиосуна билдирди. Муну менен 28-августтагы табигый кырсыктын курмандыктары 21 кишиге жетти. Алдыңкы күнү бийлик 17 кишинин каза тапканын кабарлаган. Юсуфинин айтымында, эң көп жоготууга Вахдат району учурады. 27-августтагы нөшөр Тажикстандын тогуз районунда селге, жер көчкүгө, таштардын кулашына алып келген. Читать дальше...
Кыргыз эл артисти, таанымал композитор жана жазуучу Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу кабарды "Кыргызпатент" мамлекеттик мекемеси өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Сталбек Бактыгулов 1954-жылдын 7-октябрында Чүй районунун Кегети айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Музыкага, поэзияга, прозага тартылуусу эрте байкалып, 1968-жылдан баштап мектеп окуучусунун ырлары, этюддары, макалалары райондук жана республикалык газета-журналдарга жарыялана баштаган. ... Читать дальше...
Кыргызстан боюнча быйыл 1-класска 150 миңдей бала барат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Министрлик 1-класска электрондук каттоо бүтө элек болгондуктан бул сан өзгөрүшү мүмкүн экенин эскертти. Мекеменин билдиришинче, эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө же башкармалыгына кайрылышы керек. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо 2023-жылы 11-апрелде башталган жана 31-августта аяктайт. Читать дальше...
1991-жылы 30-августта сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон 137 кишинин сөөгү ызаат менен кайра жерге берилген. Эртеси кыргыз өлкөсү эгемендүүлүгүн жарыялаган. Тарыхый эс тутумду ойготкон бул окуяны коомдук ишмер Роза Айтматова, “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин директору Болот Абдырахманов жана тарыхчы Аида Кубатова менен бирге эскеребиз.
Орус армиясы Киевди тынымсыз аткылап, бери дегенде эки киши набыт болду. Бул арада Орусиянын алты аймагына дрон менен сокку урулганы кабарланды. Кыргызстанда Тик-Токту колдонууга тыюу салынды. Бишкекте биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалды.
Мамлекеттик ишмер, академик Осмонакун Ибраимовдун блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз. Ысык Көл. "Рух Ордо" эл аралык маданий борбору. Акыйкатта, ажайып кооз жер. Расмий түрдө Чыңгыз Айтматов атындагы маданий борбор деп аталат. Кандай жагымдуу угулат! Сыймыктанасың! Быйыл "Рух Ордо" бардык туристтердин көңүл борборунда болду. Он күн бою кечинде көрүүчүлөргө дүйнөлүк балеттин хити "Ак куу көлү" тартууланып турду... Ырас, залга эл батпай калган жок, бирок эл көп эле болду. Читать дальше...
30-августта президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Стадиондун беш кире бериши жана үч көзөмөл-өткөрмө пункту болот. Читать дальше...
Августтун башында Кыргызстан кургачылыктан улам Казакстандын түштүк аймактарындагы дыйканчылык райондоруна кошумча көлөмдө суу бере албай калды. Буга улай эле Астана чек арага чектөө киргизип, бир аптадай кыргызстандык жүк тарткан унаалардын кириш-чыгышы кыйындады. Эксперттер муну Борбор Азиядагы суу ресурстарынан улам жаралган чыңалуунун бир мисалы катары кароодо. Климаттын тез өзгөрүп баратканын эске алганда, Борбор Азиядагы сууга байланыштуу чыңалууну алдын алуу үчүн эмне кылуу керек? Талас... Читать дальше...
Даниянын өкмөтү Куранды коомдук жерлерде өрттөөнү мыйзамсыз деп тааныган мыйзам долбоорун сунуш кылууда. Бир нече жумадан бери Дания жана Швецияда мусулмандардын ыйык китебин өрттөөгө же башка акаарат келтирүүгө байланыштуу катуу нааразылыкка туш болуп келатат. Мусулман өлкөлөрү скандинав мамлекеттерин мындай көрүнүштү токтотууну талап кылышууда. Даниянын юстиция министри Петер Хаммелгаард өткөн жумадагы басма сөз жыйынында билдиргендей, өкмөт диний жамааттар үчүн маанилүү Куран, Тоорат же Инжилге... Читать дальше...
30-августта президент Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун академиясынын Бишкек шаарындагы курулушуна капсула салды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Спорт комплекс борбор калаанын түштүгүндө курулуп, аянты 15,85 гектарды түзөт. Комплекстин инфратүзүмүнө 10 миң кишилик чоң футбол стадиону, 2 чоң аянтчасы бар футбол академиясы жана бир нече кичи футбол аянтчалары кирет. Ошондой эле комплекстин аймагында спорт зал, заманбап бассейн, 7 кабаттуу медициналык клиника... Читать дальше...
Кыргызстандагы медиа коомчулук жана жарандык коомдун өкүлдөрү Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу тууралуу арызына байланыштуу билдирүү таратты. Анда "өлкө башындагы аткаминерлер жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө журналисттик иликтөө жасагандарга карата репрессиялар башталган тенденция байкалып жатканы" жазылган. Буга иликтөөчү журналист Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы, төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы пикирин билдирген жазуучу Олжобой Шакирдин камалышы мисал келтирилген. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 30-августагы жыйынында Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоонун үгүт өнөктүгүндөгү маселелерди талкуулады. Анда мыйзам бузуулар тууралуу кайрылуулар түшүп жатканы айтылды. Талапкерлердин бир Ыргал Кадыралиеванын буга байланыштуу видеокайрылуусу аталган райондук милициянын Эсепке алуу журналына катталып, текшерүү башталганы маалымдалды. Мунун алдында Кадырлиева айрым талапкерлер добуш сатып алууга аракет кылып жатканын билдирген жана буга байланыштуу өлкө жетекчилерине кайрылган. Читать дальше...
Ош облусундагы бир мандаттуу Көк-Жар округунда кайра шайлоо өтпөйт. Мындай чечим Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) 30-августтагы жыйынында кабыл алынды. Ага ылайык, мандатынан ажыраган Өмүрбек Бакировдун ордунда Равшанбек Рысбаев Жогорку Кеңештин депутаты болот. БШК 26-августта Бакировго карата чыгарылган сот чечимдерин карап, анын негизинде депутат кылып каттаган чечимди жана депутаттык күбөлүгүн жокко чыгарган. Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округундагы... Читать дальше...
Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда Миграцияга чейин даярдоо жана окутуу борборлору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады. Министр Кудайберген Базарбаев Билим берүү жана илим министрлигинин жана кесиптик окуу жайлардын башчылары менен жолугуп, борборлорду уюштурууну талкуулады. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан мигранттарды даярдаган он борбор ачылат. "Жолугушууда бул борборлордо кадрларды окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу иштери жүрөрү айтылды. Читать дальше...
Казакстандын Эмгек жана социалдык коргоо министри, вице-премьер Тамара Дуйсенова өкмөт казакстандыктарга Астанага көчүүгө тыюу салууну көздөбөгөнүн билдирди. Анын алдында аткаминер башкалаанын акимчилиги шаарга миграцияны чектөө каралган мыйзам долбоорун даярдап жатканын айткан. 30-августта Дуйсенова кеп башкалаанын Башкы планы тууралуу жүрүүдө деп билдирди. Планда турак жайларды салууга чектөө киргизүү каралган. Жакында Астананын Коомдук кеңеши шаардын 2035-жылга чейинки Башкы планын талкуулаганда калаанын калкы тууралуу маселе козголгон. Читать дальше...
Кытай бийлиги чыгарган жаңы географиялык карталарда Амурдагы Чоң Уссурийск аралын өз аймагы кылып белгилеген. Бул тууралуу Орусиянын РБК агенттиги кабарлады. Бээжин менен Москва ал жерди 1964-жылдан бери талашып келген. 2008-жылы тараптар жетишкен келишимде арал эки өлкө ортосунда бөлүнөрү макулдашылган. Ошондо эксперттер Орусия коңшусу менен узак мөөнөттүү жана туруктуу мамилелерди көздөйт деп чечмелешкен. Кытайдын жаңы расмий карталарында арал өлкө чыгышындагы эң алыскы чөлкөм деп көрсөтүлгөн. Читать дальше...
Ош облусундагы Ноокат районунда 30-августта Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исановдун 80 жылдык мааракеси белгиленди. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мамлекеттик, саясий, коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Акылбек Жапаров куттуктоо сөзүндө Исанов "өмүрүн мамлекетти курууга арнаган мамлекеттик ишмер, жаратман инсан" болгонун белгиледи. Ошондой эле өзүн 90-жылдары өлкө экономикасынын абалын "эң жакшы түшүнгөн өкмөт башчы" катары көрсөткөнүнө токтолду. Читать дальше...
Габондо армиянын жогорку офицерлери бийликти өз колуна алганын улуттук телеканалдын эфиринен жарыялашты. Анын алдында Борбордук шайлоо комиссиясы президент Али Бонго үчүнчү мөөнөт үчүн ат салышып, утуп чыкканын билдирген. Бул тууралуу “Рейтерс” агенттиги кабарлады. Аскерлер шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылганын, чек аралар жабылганын, мамлекеттик мекемелер таркатылганын билдиришти. Алар муну Габон эли үчүн, тынчтык үчүн жасап жатканын, режимге чекит коюуну көздөгөнүн айтышты. Агенттиктин ошол... Читать дальше...
Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирди. Министр 30-августта "Биринчи радиого" берген маегинде информатика, англис тили сабактарынан берген мугалимдер керек экенин, быйыл жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине тапшыргандардын саны көбөйгөнүн айтты. "Быйыл педагогикалык адистикке 6400дөн ашуун бала тапшырса, 2 миңи өтпөй калды. Педагогикалык коллеждерге 14 миңден көп абитуриент тапшырса, 3 миңи өтпөй калды. Анткени атаандаштык пайда болду. Читать дальше...
Байдендин администрациясы Өзбекстандан АКШга адам ташууга аракеттенген аткезчи түйүндүн бетин ачканын, кеминде бир мүчөсүнүн чет өлкөлүк террордук уюм менен байланышы болгону аныкталганын билдирди. Ошол эле маалда Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Эдриен Уотсон белгилегендей, америкалык расмий адамдар аткезчилердин каналын пайдаланган өзбекстандыктар теракт пландаган же террористтер менен байланышта болгон деп эсептебейт. Шейшембиде жарык көргөн билдирүүдө кайсы террордук уюм экени айтылган жок. Читать дальше...