Орусияда чет өлкөдө чыккан 196 дары сатылбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык мекемелерге жазган катын окуп чыккан "Холод" басылмасы жазды. Катта мындан ары Орусияда чыгарылбай турган жана сырттан ташылбай турган дарылардын тизмеси жазылган. Тизмеге айрым антибиотиктер, ВИЧ-инфекциясына, онкология, талма, Паркинсон жана акыл-эс ооруларына каршы дарылар да кирген. Министрликтин катында орусиялык кардарлар көп сатып алган АЦЦ (жөтөл), панадол (ооруну басаңдатып... Читать дальше...
Каракол шаарындагы төрөт үйүндө акыреги сынып, төрт күндөн бери реанимацияда жаткан ымыркайдын атасы жана жакындары бийликтен жардам сурады. "Жубайым менен баламдын абалы оор" Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылынын 28 жаштагы тургуну Аман Кыдыралиев менен жубайы Айкерим Алмазбекова тун уулун күтүп жаткан. Айы-күнүнө жетип калган келин 10-августта Караколдогу төрөт үйүнүн паталогия бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер пландык кесарево жолу менен төрөө керектигин айтышып, протокол толтурушкан. Читать дальше...
Ысык-Көл облустук төрөт үйүндөгү окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн 18-августта “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, төрөткананын жетекчилигине директордун орун басарын тартип жазасына тартуу жана акушер-гинекологдун, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмүнүн башчысынын жана окуяга тиешеси бар башка да медицина кызматкерлеринин ээлеген жумуш орду боюнча маселени карап чыгуу сунушу берилди. Кызматтык иликтөө... Читать дальше...
Москва шаардык соту Юстиция министрлигинин арызын канааттандырып, Сахаров борборун жоюу чечимин 18-августта чыгарды. Юстиция министрлигинин доосуна ылайык, аталган борбор 2020-2022-жылдары үч жолу мыйзам бузган. Алардын арасында "уюмдун уставына каршы" Москвадан тышкары жакта иш-чара өткөрүү, "чет элдик агент" деген жазуусу жок он чакты видео жайгаштыруу жана документтери орус мыйзамдарына "шайкеш келбестиги" деген "мыйзам бузуулар" бар. Сахаров борборунун өкүлдөрү дооматтардын баарын четке кагып, уюм мыйзам бузбаганын айтышууда. Читать дальше...
Сирияда атайын террордук даярдыктан өтүп келген жана ошол жакта эл аралык террордук топтун катарында согушка катышкан деген шек менен эки кыргызстандык кармалганын бүгүн 18-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы аракеттердин алкагында колго түшүрүлгөн шектүүлөрдүн бири 29 жашта, экинчиси 30да. Алар террордук мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштары, анын ичинде Сириядагы согушка катышканы үчүн 2019-жылдан бери издөөдө жүргөнү... Читать дальше...
Сауд Арабиянын ханзадаасы, тактынын мураскери Мохаммад бин Салман Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Амир Абдоллахиян менен 18-августта Жиддада жолукту. Эки өлкөнүн узак жылдарга созулган тирешүүсүнөн кийин жогорку даражалуу өкүлдөрү алгачкы ирет сүйлөшүү өткөрүштү. 17-августта падышачылыкка келген Абдоллахиян эки мамлекеттин алакалары "оң жолдо" экенин айткан. Ирандын маалымат каражаттары делегациядагы өкүлдөрүнө шилтеме кылып жолугушуу "абдан жакшы өткөнүн" кабарлашты. Саудиянын SPA мамлекеттик... Читать дальше...
Маңзат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлерине байланыштуу 18 жетекчи тартип жазасына тартылды. Бул тууралуу 18-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын ичинен 6 жетекчи ээлеген кызматынан бошотулду, калган 12сине карата ар кандай тартип жаза чарасы колдонулду. Маселе ИИМдин коллегиясынын кезексиз жыйынында каралды. 17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте синтетикалык... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди. Анын алдында Мамлекеттик мүлк фонду да билдирүү таратып, "Дилором", "Золотые пески", "Рохат" жана "Бустон" пансионаттары Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет деп билдирген. Кыргыз бийлиги 2016-жылы өз ээлигине алган паснионаттардын кайра Ташкентке башкарууга берилиши талкуу жаратты. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстандын... Читать дальше...
Кыргызстан менен Венгриянын кызматташтык маселеси жогорку деңгээлде талкууланганы жатканын бүгүн 18-августта президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 20-августта мамлекет башчысы Садыр Жапаров иш сапар менен Венгрияга барат. Борбор шаар Будапештке ал премьер-министр Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана Жеңил атлетика боюнча дүйнөлүк мелдешке (2023-жылдын 19-29-августунда өтөт) байланыштуу иш-чараларга катышуу үчүн жөнөп баратканын президенттин... Читать дальше...
Москванын «Шереметьево» эл аралык аэропортунан өз убагында уча албай калган кыргыз жарандары жакынкы каттам менен жөнөтүлмөй болгонун 18-августтун кечинде Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, “Аэрофлот” авиакомпаниясы менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, натыйжада ушундай чечим кабыл алынды. Жүргүнчүлөр жаңы авиабилетти буга чейинкинин баасынан бир аз гана айырма менен сатып алышканы, аэропортто алар суу жана ысык тамак менен камсыз болгону маалымдалды. ... Читать дальше...
Казакстандын Караганды облусунун Шахтинск калаасында жайгашкан "Казакстанская" шахтасында тутанган өрттөн үч киши каза тапты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы шахтага ээлик кылган "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына таянып жазды. Расмий версияга караганда, шахтадагы өрт 17-августта эртең менен тутанган. Шахтанын ичин каптаган түтүндөн улам жумушчуларды эвакуациялоодо оорчулук жаралган. Жалпысынан 222 чыгарылган. 13 адам ооруканага жеткирилди. Дагы эки жумушчуну издөө иштери уланууда. ... Читать дальше...
Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунун финалчылары аныкталды. Бүгүн, 18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. "Достук" кубогу үчүн финалда эми "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алды. "Түркстан" (Казакстан) жана "Достук" (Кыргызстан) командалары 3-орун үчүн ат салышат. Ал эми... Читать дальше...
Литва 18-августта Беларус менен чек арасындагы алты көзөмөл-өткөрмө бекеттин экөөнү жапты. Бийликтин жүйөсүнө караганда, буга Беларустагы "Вагнер" менчик аскер компаниясы түрткү болду. "Шумскас жана Тверячюс көзөмөл-өткөрмө бекеттери түн ортосунда жабылды", - деди Франц-пресс агенттигине чек ара кызматынын маалымат катчысы Лина Лина Лауринайтите-Григене. Ал 18-августта ошол жерлерде тикенек зым тартыларын кошумчалады. Буга чейин Литванын президенти Гитанас Науседа коңшу Беларустагы "вагнерчилер"... Читать дальше...
Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Капан шаарындагы Сюника аэропорту Азербайжандын аймагынан аткыланганын 18-августта билдирди. Ал аэропортто 17-августта Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян болгон. Маалыматка караганда, ок аэропорттун терезелерине жана чатырына тийген. «Азербайжан бийлигин окуяны тыкыр иликтеп, дагы кайталанбашы үчүн чараларды көрүүгө чакырабыз», - деп жазылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө. Расмий Баку азырынча окуя боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...
Пакистандын чыгышындагы Фейсалабад шаарында полиция "Кудайга акаарат келтирген" деген айып менен христиан динин тутунган эки адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү тартип коргоо кызматы 18-августта билдирди. 16-августта жергиликтүү тургундар "христиан динин тутунган эки адам Куранды тытты" деп, христиандардын чиркөөлөрүн өрттөп, үйлөрүн талкалап жиберишкен. Аларды коопсуздук күчтөрү абага ок атып, күч колдонуп араң таркаткан. Окуяга байланыштуу 128 адам кармалганы маалымдалган. Тополоңго... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Баткен облусунда лотереяны мыйзамсыз уюштургандар кармалганын билдирди. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы 18-августта билдирди. УКМК милиция менен чогуу жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин алкагында Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну К.у.К. жана бул ишке тиешеси бар башка адамдар кармалган. Уюштуруучулар жалпы баасы 8 миллион сомдон ашкан 2 миң 800 билет саткан. Алар лотереяны YouTube аркылуу ойнотуп, төлөмдөрдү онлайн түрүндө алышкан. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 18-августта "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кабарчынын анын саясатын сындап жаткан медиа сайттар тууралуу суроосуна жооп берди. Ага журналист "сиздин саясатыңызга каршы беш-алты сайт бар эмеспи. Жасалып жаткан жакшы иштерди деле жаман жакка бурмалап жазат. Алар эмне үчүн сизге каршы? Айтайын дегеним сизге чейинки бийликтегилерди мактап эле жазып жүрчү эле?",-деген суроо берген. Садыр Жапаров анын саясатын сындаган сайттар буга чейин "Кумтөрдөн", айрым... Читать дальше...
Жүрүп келаткан поезддин жолуна чыккан оор жүк ташуучу машина оодарылып кеткенин, окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын бүгүн 18-августта “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 17-августтун кечинде "Бишкек-1" темир жол станциясы менен Мурманск көчөсүнө жакын жайгашкан №49 туташтыруучу темир жол өтмөгүндө болгон. Адамдардан эч ким жабыркаган жок, жеринде атайын комиссия иштеп жатат. “Көмүр ташыган чиркегичи бар “КамАЗ” жүк ташуучу автомашинасынын... Читать дальше...
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө айыпталып жаткан мурдагы милиция башчысынын сотунда күбөлөр көрсөтмө берүүдө. Бул тууралуу бүгүн 18-августта “Азаттык” радиосуна жабыркаган тараптын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Жактоочунун айтымында, соңку отурумда ошол кезде Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгын жетектеп турган кызматкер көрсөтмө берди. “Ал “Перехват” планын мен киргизүүгө милдеттүү эмес болчумун, себеби мен киргизген учурда да алар башка районго өтүп кетишсе, натыйжа болбойт эле деп айтты. Читать дальше...
Расмий Анкара соңку эки айда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө каршы рейдде 35 миң мигрант кармалганын кабарлады. Алардын 17 миңдейи депортацияланган. Мыйзамсыз мигранттарды аныктоо рейддери Түркияда май айында өткөн президенттик шайлоодон кийин эле башталган. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, бир эле Стамбулда күнүнө жүздөн ашуун киши кармалган учурлар катталууда. Aрасында кыргызстандыктар да бар. Консулдук куткарган Тилектин баяны Кыргызстандык Тилек жыл башында уулун дарылатуу үчүн келинчеги менен Стамбулга келген. Читать дальше...
19-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15... Читать дальше...
Ош шаардык милициясы социалдык тармактар аркылуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзёевге кайрылган жаранга байланыштуу териштирүү баштады. Анда кайрылуу жолдогон жаран шаардын "Амир-Темир" кичи районунун 60 жаштагы туругу экени аныкталган. "Анын кайрылуусу жарыялангандан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келип, кайрылуу жасаган себеби суралды. Билдирүүсүндө белгиленген фактыларды аныктоо үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен бирге тиешелүү иш-чаралар көрүлө баштады. Андан сырткары... Читать дальше...
Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов өзү жазган арыздын негизинде иштен кетти. Ал эми Тоң районунун акими Байышбек Астанакулов жана Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насировго сөгүш берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттыкка" билдирди. Айрым бир маалыматтарга караганда, Түп районунун акими Каныбек Абдиев дагы кызматын тапшырды, бул маалымат азырынча расмий ырастала элек. Жаныбек Кожоев алты айдын жыйынтыгы менен... Читать дальше...
Чүйдүн Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунун 172-контурдагы жер ээлери райондук админстрациянын алдына чогулуп, жер мунапысы боюнча нааразылык билдирди. Алардын айтымында, бул контурдагы 77 гектар жер трансформацияланып, калган 58 гектар кызыл китепсиз калган. Үлүш жерлер 1995-жылдары берилген. "Үйлөрдү мыйзамсыз салып алгандарга чечим чыгып, айрымдары кызыл китепти колуна алды. Биз болсо "басып алам" дегендери улам кубалап, бирибиз да үй салбай, маселенин мыйзамдуу чечилишин күтүп жүрдүк. Бирок азыркы тапта кызыл китеп бербей жатышат. Читать дальше...
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын лидери Ибрахим Раиси Тегерандын экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн бирикмеси - БРИКС уюмуна келечекте мүчө болушун телефондон 17-августта талкуулашты. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Кремлдин маалыматына таянып билдирди. Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка республикасы кирген БРИКС уюму ушул айдын соңунда Йоханнесбургда өтө турган саммитте өз катарына Иранды кошуу маселесин талкуулайт. Путин менен Раиси ошондой эле соода, транспорт... Читать дальше...