Мы в Telegram
Добавить новость

92-летний красногорец стал участником марафона скандинавской ходьбы

В Госдуме РФ обсудили изменения налоговой системы

Хирург Хорошев: резкая боль в правой части живота указывает на аппендицит

Российско-китайские деловые встречи прошли в Доме Нижегородской области в столице



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Уулумду дарылатуу үчүн баргам". Түркияда рейдде кармалган Тилек

Расмий Анкара соңку эки айда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөргө каршы рейдде 35 миң мигрант кармалганын кабарлады. Алардын 17 миңдейи депортацияланган.

Мыйзамсыз мигранттарды аныктоо рейддери Түркияда май айында өткөн президенттик шайлоодон кийин эле башталган. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, бир эле Стамбулда күнүнө жүздөн ашуун киши кармалган учурлар катталууда. Aрасында кыргызстандыктар да бар.

Консулдук куткарган Тилектин баяны

Кыргызстандык Тилек жыл башында уулун дарылатуу үчүн келинчеги менен Стамбулга келген. Догдурлар анын 11 жаштагы уулуна оор операция жасалышы керек экенин, буга көп убакыт талап кылынарын түшүндүргөн.

Кыргызстандагы тууган-урук, жоро-жолдоштору акча чогулткан Тилек уулу менен келинчегин Мармара университетинин ооруканасынын балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө жаткырган.

Өзү Стамбулдун четинде күнүмдүк батирди ижарага алып, үй-бүлөсүнө баш-көз болуп турат.

Оору менен алышып, 90 күнгө чейин визасыз жүрүүгө уруксат берген мөөнөттүн өтүп кеткенин байкабай калган Тилек июлда рейд учурунда кармалган.

"Жарандык кийимчен эки жигит келип паспортумду сурады. Алып чыктым, ооруканадан алган маалымкатты көрсөтсөм болбой эле кармап кетишти. Буга чейин да үч-төрт жолу полиция токтоткондо ошол маалымкатты көрсөткөм. Бул ирет көнбөй коюшту. Зым менен тосулган бир короого киргизип коюшту. "Ооруканада балам жатат, мен ага керекмин" деп айтсам да түшүнгөн жок. Анан кармалган кишилер көбөйө баштады. Өзбектер, тажиктер... Ошентип түнү Миграция департаментине алып келишти. Ал жерден жалалабаддык кыргыз жигит менен тааныштым. Эртең менен ал жигит сүйлөшүп чыгып кетти. Мен аялымдын номурун ага берип, чалып абалымды түшүндүрүп коюшун өтүндүм".

Тилек кармалганын уккан келинчеги консулдук менен байланышкан экен. Ал учурда күйөөсү визалык режимди бузган деген жүйө менен Түркиянын Иран менен чектеш аймагындагы депортация борборуна жөнөтүлөт. Мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр толо автобус орто жолдон токтоп, ичинен эки кыргызстандык бошотулат.

"Кармалган күндүн эртеси 40тай чет өлкөлүктүн колуна кишен салып бир автобуска отургузду. "Беш сааттык жол, тынч отургула" деген түшүндүрмө беришти. Жолдун жарымына келгенде автобус кайра Стамбулга бурулуп, баягы бизди жөнөткөн департаментке келип токтоду. Мени анан бир өзбек баланы түшүрүп салып, кайра жолго чыкты. Тигил жигит сураса "консулдугуңар келди" деп жооп беришти. Ошондо гана полиция кызматкерлери мени чакырып "эмне болуп кармалдың эле?" деп сурашты. Баарын төкпөй-чачпай айтып бердим. Балам онкология бөлүмүндө жатат, келинчегим аны карайт, алар көчөгө чыга албайт, мен аларга тамак жасап ташыйм, 90 күн визасыз мөөнөтүм өтүп кетти, аны мойнума алам, бирок аргам жок деп түшүндүрдүм. Ошентип эки күндөн кийин Кыргызстандын Стамбулдагы кызматкерлери келип мени чыгарып кетишти. Полиция депортация бөлүмүнөн чыгып баратканда бир ай ичинде Түркиядан чыгып кетишимди талап кылды. Мен дароо билет алып Бишкекке учуп келдим. Уулумдун операциясы да ийгиликтүү өттү. Сүйүнүп отурабыз. Аялым уулум менен бир жарым айдан кийин кеет. Консулдукка чоң рахмат айтам, орто жолдон чоң автобусту артка кайтарып мени куткарып алгандары үчүн ыраазымын".

Бул окуяны Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу да Фейсбук баракчасында кабарлап, Тилек сыяктуу мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар менен иш алып барууну улантып жатканын жазды.

Дайынсыз жоголгон өзбектердин саны өсүүдө

17-августта Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая мигранттардын мыйзамсыз жол менен келүүсүн уюштурган деген шек менен 39 киши кармалганын, алардын бешөө чет элдиктер экенин билдирди. Анын айтымында, соңку эки айда рейддин алкагында 35 миң мигрант кармалган. Алардын 17 миңдейи депортацияланды.

Мыйзамсыз мигранттарды аныктоо боюнча рейддер Түркияда май айында өткөн президенттик шайлоодон кийин эле башталган. Маалымат каражаттары жазгандай, бир эле Стамбулда күнүнө жүздөн ашуун киши кармалган учурлар болгон. Негизинен ооганстандык жана сириялык качкындарга басым жасалганы байкалат. Арасында Борбор Азиядагы мамлекеттердин атуулдары да бар.

Мындан улам Түркияда жакынкы күндөрү дайынсыз жоголгон өзбек мигранттары рейд учурунда кармалып, депортация борборлорунда кармалышы мүмкүн деп болжошууда. Соңку апталарда соцтармактарда Өзбекстандан Түркияга иштегени барып дайынсыз кеткендер тууралуу жарыялар байма-бай чыга баштады.

Ферганалык журналист Шарифа Мурoд 40 жаштагы Дилрабо Шоккулованы туугандары издеп жатканын Фейбуктан кабарлады. Үстүбүздөгү жылдын 17-июнунда Түркиянын Конья шаарына иштегени кеткен Шаккулова 27-июлдан бери үй-бүлөсү менен байланыша электиги айтылууда.

Өткөн жуманын аягында Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу да Түркияга иштегени кеткен Гүлмира Эрназарова изделип жатканын билдирген. Консулдук Эрназарова Түркияга качан келгенин жана канча убакыттан бери дайынсыз экенин тактаган эмес.

"Озодликтин" ишенимдүү булактары депортация борборуна алып келинген жана уюлдук телефондору алынган мигранттарга таксофон аркылуу жакындары менен кабарлашуу мүмкүнчүлүгү берилерин айтышат. Бирок таксофон колдонууга керектүү картасы же карта сатып алууга акчасы жок мигранттардын жакындары алардын кайда экенинен кабарсыз калууда.

"Озодлик" радиосу ошондой эле соңку кездери кармалгандардын арасында өзбек жарандары арбын экенин жазды. Журналисттер белгилегендей, рейддер Стамбулдун борбор азиялык мигранттар иштеген Аксарай, Лалели жана Кумкапы райондорунда да жүрүүдө.

"Эки айдан бери дээрлик күн сайын документи жок адамдарды камап жатышат. Туруктуу жашоого уруксаты жокторду колуна кишен салып алып кетишүүдө”, - деди Стамбулдун Лалели аймагында иштеген өзбекстандык жигит.

Анын бул сөзүн бут кийим сатып иштеген мекендеши ырастады.

"Азыр милиция кызматкерлери көбүнчө жарандык кийим менен текшерип жатат. Чет өлкөлүктөрдү кармап туруп, автобус менен алып кетет. Ошол кармалгандардын арасында "мыйзамсыз" мигранттар гана эмес, документи жок түрктөр да бар", - дейт сатуучу.

Анкара мыйзамсыз жүргөндөрдү кайтарат

Буга чейин расмий Анкара 2022-жылы 1-июлдан тарта чет өлкөлүктөр жыш жашаган 1200 кварталда мигранттарды каттоо токтой турганын эскерткен. Калган райондордогу чет элдиктер жергиликтүү тургундардын cанынын 20% ашпашы керектиги да айтылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 13-июлда мыйзамсыз миграция менен күрөш тууралуу билдирүү жасап, "Биздин жарандар кыска убакыт ичинде мыйзамсыз мигранттар маселесиндеги көзгө көрүнөрлүк өзгөрүүлөрдү аткарылган иштер менен сезет. Коопсуздук күчтөрүбүз чараларды жана операцияларды күчөттү", - деп айткан.

Бул өлкөдө эмгектенген мигранттар президенттик шайлоодон кийин маселе чечилет деп үмүт кылышкан. Бирок шайлоодон кийин Анкара туристтик виза берүү жараянын татаалдаштырып койгону байкалууда.

Серепчилер муну жергиликтүү калк арасында мигранттарга терс маанай күчөгөнү менен түшүндүрүүдө. Бийликтеги Ак Партия келерки жылдын жазында жергиликтүү кеңештерге шайлоону ийгиликтүү өткөрүү үчүн элдин мигранттарга болгон маанайын эске алууга аргасыз экени айтылып келет.

Расмий маалыматка ылайык, Түркияда 25 миңдей кыргызстандык жашап, окуп жүрөт. Алардын үч миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен барышкан. Соңку жылдары Түркияда визанын бул түрү да берилбей жатканы айтылып келет.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Мужчину с крупной партией мефедрона задержали в Даниловском районе

Тамбовчане смогут купить сим-карту МегаФона в сетевых гипермаркетах

Вослед ушедшему: поэт Борис Лапузин

Москва стала лидером по привлечению инвестиций среди регионов РФ

Музыкальные новости

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

В Санкт-Петербург прошел ХIХ Санкт-Петербургский международный книжный салон

Тревел-тату как искусство: Яндекс Плюс запустил проект «Из путешествия – с татуировкой»

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Новости России

Княжевская: на Большой Черёмушкинской улице построят жилой дом по программе реновации

Музыкальный театр просит красноярцев о поддержке на всероссийском конкурсе проектов

Купить мебель онлайн

Торговый центр построят в Зеленограде

Экология в России и мире

Выездной Фотограф для всех желающих, ну и конечно Артистов и Музыкантов.

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Спорт в России и мире

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Немец Зверев выбил россиянина Медведева из топ-4 ATP

Moscow.media

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

Старый Гоор.

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Загрутдинов: строительство новой школы в Ватутинках почти завершено

Вослед ушедшему: поэт Борис Лапузин

В Академическом районе построят жилой дом по программе реновации

Лесной пожар потушили во Фрязине 21 мая