Румыниядагы газ-май куюучу станциядагы жарылуудан каза болгондордун саны экиге жетип, 57си жараат алды. Жабыркагандардын 39у өрт өчүрүүчү, төртөө полиция кызматкери экенин, көбү катуу күйүк алганын "Азаттыктын" румын кызматы жазды. Оор абалдагы жети адам дарылануу үчүн Европа Биримдигинин башка өлкөлөрүнө жөнөтүлдү. Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия деген жерде 26-августта кечинде болгон. Румыниянын президенти Клаус Йоханнис муну "трагедия" деп сыпаттап, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Читать дальше...
27-августта Австралиянын жээгинде Osprey V-22 учагы кулап, АКШнын деңиз аскерлеринин кеминде үч жоокери каза тапты. Окуя АКШ менен Австралиянын биргелешкен машыгуулары учурунда болду. "Франс Пресс" агенттиги кабарлагандай, Мелвилл аралына жакын жерде, жээктен 60 чакырым алыстыкта жайгашкан аймакта чукул куткаруу иштери уланууда. Америкалык аскер кызматкерлери учакта 23 жоокер болгонун билдиришти. Австралиянын премьер-министри Энтони Албанезе жана коргоо министри Ричард Марлес АКШ аскерлерине көңүл айтты. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров “ПолитКлиника” басылмасынын “Бакиевдердин мурдагы бизнес-өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар” аттуу иликтөөсү тууралуу комментарий берип, “СК-девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев менен уулу Рустамдын байланышы бар экенин бышыктады. Ал ошондой эле уулу президенттин баласы катары ишеним жаратып, инвестиция тартууга көмөктөшүп жатканын жарыялады. Соңку жагдай президенттин жакындары мамлекеттик иштерге кийлигишип жатабы деген талкууларга жем таштады.... Читать дальше...
Румынияда май куюучу станциядагы жарылууларда бир адам өлүп, ондогон киши жараат алды. Окуя борбор калаа Бухаресттен 30 чакырым алыстагы Креведия конушунда 26-августта кечинде болду. "Азаттык" радиосунун румын кызматы кабарлагандай, жараат алгандардын саны 60ка жакын. Көбү куткаруучулар. Алар өрттү өчүрүү маалында күйүк алышкан. Биринчи жарылуу кызматкерлер жаңы цистернаны май куючу станцияга туташтырганда болгон. Артынан өрт тутанып, дагы эки цистернаны каптаган. Эки сааттай убакыттан кийин экинчи жарылуу болгон. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 27-августта нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ысык-Көлдөгү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында сел жүргөнүн, анын кесепетин жоюу жүрүп жатканын билдирди. "Кыска мөөнөткө катуу жааган жаандан улам Чүй дарыясынын суусу ташып, жээкке жакын жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган. Жалпысынан 26 куткаруучу, алты техника тартылып, селдин кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет",-деп билдирди министрлик. Мунун алдында Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу чукул кабар тараткан. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдү акыр-чикирден арылтуу иштери уланып жатканын билдирди. Анда март айынан бери мекеменин суучулдары көлдүн түбүнөн 13 тоннага жакын таштанды жана 98 миң метр балык уулоочу торду алып чыкканын кабарлады. "Ушул тушта Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда. 26-августка карата Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянт тазаланды",-деп жазылган маалыматта. Ушул жылдын июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын... Читать дальше...
Бишкекте этностук кыргыздардын башын бириктирген "Бизди бириктирген Манас" аталышындагы маданий иш-чара өттү. Аны "Этностан" маданий борбору уюштуруп, ал Кыргызстандын эгемендигинин 32 жылдыгына арналды. Ага коомдук жана саясий ишмерлер, манасчылар, маданият тармагынын өкүлдөрү, кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык оогандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты. Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Ооганстанда, Түркияда жашаган кыргыздардын маданияты жана алардын арасынан чыккан манасчылар тууралуу сөз болду. Читать дальше...
“Азаттыктын” коррупция тууралуу иликтөөлөрүндө аты аталган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 27-августта Бишкекте муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, Кыргызстандын жана Казакстандын муфтийлери Замир Ракиев менен Ноорузбай Таган уул баштаган адамдар менен түшкөн сүрөтүн жана куттуктоо сөзүн жарыялады. Буга байланыштуу муфтият азырынча комментарий бере элек. Ушул жылдын апрель айында муфтият Матраимовго ыраазычылык кат берген. Читать дальше...
Кыргызстандык хоккейчи Султан Исманов канадалык "Нортумберленд Старс" хоккей командасы менен бир жылга келишим түздү. Исманов Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу жана хоккей боюнча Дүйнө чемпионатынын III дивизионунун эки жолку чемпиону.
Орусиянын президенти Владимир Путин аткаминерлерге чет элдик автоунааларды сатып алууга тыюу салды. Мындай демилгени Мамлекеттик Думанын депутаттары колдоду. Бул орусиянын атамекендик өнөр жайын сактап кала алабы?
Орусияда Мамлекеттик Дума келерки аптада жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу каралган мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев билдирди Буга чейин ал орус жарандыгын алгандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аскердик каттоого турбаса, аскердик милдет өтөөдөн баш тартса бул жагдай аларды жарандыктан ажыратууга негиз болорун билдирген. Ошондой эле аларды депортациялоону... Читать дальше...
Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) Испаниянын футбол федерациясынын башчысы Луис Рубиалести кызматынан убактылуу четтетти. Буга анын Испаниянын курама тобундагы чабуулчу айым Жениффер Эрмосону оозунан өпкөнүнө байланыштуу иликтөө башталганы негиз болду. ФИФА Рубиалеске Эрмосо жана анын жакындары менен байланышпоону, аракет дагы жасабоону эскертти. Ушундай эле эскертүүнү испаниялык футбол федерациясынын жооптуу кызматкерлерине дагы берди. “ФИФА бардык адамдардын кол тийбестигине сый мамиле жасарын... Читать дальше...
Radio Free Asia (RFA) сайты Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда 56 жаштагы казак тектүү жаран Кураны окуганы үчүн камалганын билдирди. Анда “Атажурт” казакстандык коомдук уюмдун башчысы Бекзат Максутханга шилтеме кылып Кусман Рехим аттуу адам 14-июлда эле кармалганын, бирок ал тууралуу 24-августта белгилүү болгонун жазды. “Анын камалганынын негизги себеби - полиция үйүнөн Куран китеп тапкан экен. Ал ошондой эле Курман айтта үйлөрдү кыдырып куран окуптур жана мусулман үйлөнүү үлпөтүнө катышып... Читать дальше...
Палестинанын тышкы иштер министри Рияд Аль-Малики 27-28-август күндөрү Бишкекте расмий сапар менен болот. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. "Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелеринин башчыларынын деңгээлинде расмий сүйлөшүүлөр өтөт. Тараптар кыргыз-палестин мамилелеринин кеңири чөйрөсүн жана аны өнүктүрүү жолдорун талкуулашат, түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат",-деп жазылган маалыматта. Ушул жылдын... Читать дальше...