Орус армиясы Киевди кайрадан бутага алды. Шаар бийлиги калаа тургундарын жер төлөлөрдөн чыкпай турууну суранды. Бишкекте троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштап, айлык акыны көтөрүүнү талап кылууда. Нааразылык жол кире электрондук негизде жүргүзүлө баштаары жарыяланган соң пайда болду. Өзбекстанда “Док-1 Макс” сиробун ичкенден кийин 65 бала чарчап калган. Өлкөнүн Жогорку Соту маалымат балдардын өлүмү боюнча кылмыш ишинин корутундусунда айтылганын билдирди.
Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Санжар Хожа деген лакап ат менен белгилүү Санжар Икрамовго жана Detective Uz ютюб-каналынын автору Шерали Комиловго 11-августта издөө жарыялады. Экөө тең алдамчылыкка айыпталууда. Аларга тагылып жаткан беренелерге ылайык, блогерлер 8-10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. 1988-жылкы Санжар Икрамовдун ютюб каналына 200 миңден көп адам катталган. Ал негизинен саясат, экономика жана психология темаларын чагылдырып келет. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, учурда ал Түркияда жашайт. Читать дальше...
АКШда жашап, жеке мектептердин биринде химиядан сабак берген Акылай Байматова өз демилгеси менен жазуучу Мар Байжиев иштеп чыккан “Манас” эпосунун хрестоматиялык вариантын англис тилине которгон. Учурда Ч.Айматовдун “Кассандра тамгасы” романынын үстүнөн иштеп жатат.
Бишкек шаарындагы троллейбустардын 200дөй айдоочусу маянаны көтөрүү талабы менен иш таштады. Алар иш учурундагы келтирилген зыянга кошумча акча берүүнү жана троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаровдун жумуштан кетүүсүн талап кылууда.
Бир күн мурда орус күчтөрү Запорожьедеги мейманканага сокку урду. Ал жакта балдар лагери жайгашкан. Ошондой эле эл аралык уюмдардын кызматкерлери келип турчу. Бул арада Москва бийлиги калаага багытталган дрондор үчүнчү күн катары менен атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Ош шаардык милициясы шаардагы бассейндердин биринде эс алып жүргөн 22 жаштагы жаранга бычак сайып, качып кеткен шектүү киши кармалганын билдирди. Милиция ал мурда бир нече жолу соттолгон, кылмыш чөйрөсүнүн идеяларын колдогон жаран экенин айтууда. Ош шаардык ИИБнын маалыматына караганда, ушул жылдын 22-июлунда, болжол менен саат 21.30 чамасында шаардагы бассейндердин биринде эс алып жүргөн 21 жаштагы жаран денесинен жарат алып ооруканага түшкөн. Ал көрсөтмөсүндө бассейнде эс алып жүрүп, белгисиз бирөө менен уруша кеткенин... Читать дальше...
Ооганстанда маалымат каражаттары журналисттердин жапырт камалышы үчүн Талибан бийлигин айыптады. Бул айда эле өлкөнүн ар кайсы аймагында бир нече журналист камалган. Кундуз провинциясындагы «Салам Ватандар» радиосунун кабарчысы Хасиб Хассас 10-августа камалган. Ошол эле күнү талибдер Нангархар провинциясынын борбору Желалабаддагы көз карандысыз «Калид Радиосунун» эки журналистин камап салган. Өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактия провинциясында Ariana News менчик телеканалынын жергиликтүү кабарчысы Хабиб Сараб 10-августта камалган. Читать дальше...
29-августта Жалал-Абад шаарында белгилүү испаниялык “Барселона” футбол клубунун академиясынын ачылышы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу 11-августта билдиргендей, академиянын жана клубдун Борбор Азиядагы башка франшизалары JalGroup Asia компанияна таандык. Академиянын ачылыш аземинин алкагында “Барселона” клубунун мурдагы легендарлуу оюнчулары Кыргызстанга келет. Алар 30-августта Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Борбор Азиянын ардагер футболчулары менен көргөзмө беттеш өткөрүшөт. Читать дальше...
Гавайинин Мауи аралындагы өрттө каза болгондордун саны 55ке жетти. Бийлик өрт башталганда эскертүү катары айгай салынбаганын мойнуна алды деп Associated Press жазды. Аралда сиренанын ордуна СМС билдирүү аркылуу, телеканалдардан, радиодон шашылыш билдирүү жөнөтүлгөнүн басылмага Гавайинин өзгөчө кырдаал башкармалыгынын өкүлү Адам Вайнтрауб айткан. Бирок өрт каптаган аймактарда байланыш жана электр энергиясы үзгүлтүккө учурай баштаган чакта билдирүүлөр дарегине жетип-жетпегени белгисиз деп жазды Associated Press. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн үй камагындагы мөөнөтүн 10-сентябрга чейин узартты. Анын бөгөт чарасы 5-августта каралып, Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү анын үй камактагы мөөнөтүн узартууну өтүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 11-августта “Азаттыкка” билдирип, анын иши эми Биринчи май райондук сотунда караларын белгиледи. Бишкектеги Октябрь райондук соту Бөлтүрүк прокуратуранын өтүнүчү... Читать дальше...
Орусиянын Сергиев Посад шаарындагы 9-августта жардыруу болгон Загорск оптикалык заводундагы калдыктарды тазалоо иштери аяктады. ТАСС агенттиги расмий мекемелерге таянып жазгандай, жарылуудан кийин дайынсыз болуп жатканы айтылган төрт кишинин кайда экени такталды. Алар жараат алган эмес. Дагы сегиз киши дайынсыз болууда. Расмий маалымат боюнча бир адам набыт болуп, 80 киши жараат алган. Алардын 15и ооруканада. “База” басылмасы жардыруу болгон аймактан ондой адамдын сөөгүнө таандык 48 бөлүкчө табылганын жазды. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары (ӨКМ) Кыргызстан менен Казакстандын чектеш аймагында, Сары-Жаз тоо кыркаларындагы Семенов-Тянь-Шанский чокусунда 28 күндөн бери дайыны табылбай жаткан туристти издөөнү жандантты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, куткаруучулардын "Эдельвейс" кошуунунан 5 куткаруучу 10-августта чокуга чыгып кетишти. Алар бул күнү кечинде “Илим кепеси” (“Хижина Наука”) альпинисттик лагеринде түнөп, 11-августта издөө иштерин улантышты. Читать дальше...
12-13-14-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн. "Кыргызгидромет" ушул аймактарды абанын температурасы кескин төмөндөй турганын эскертүүдө. 2023-жылдын 12-14-августунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Читать дальше...
Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат. "Биз айлык маселесинен улам иш таштап жатабыз. Көчөдөгү бардык каттамдар токтоп, паркка чогулуп жатат. Биздин көйгөйүбүз көп", - деди айдоочулардын бири Светлана Тургунбаева. "Азаттыктын" кабарчысынын айтымында, айдоочулар менен "Бишкек троллейбус башкармалыгы" муниципалдык ишканасынын башчысы Талантбек Капаров жолукту. Ал айлык акы 50 миңге чейин көтөрүлөрүн, колго 41 миң сомго тийерин билдирди. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, жарандардан опузалап акча талап кылып жүргөн топ кармалганын билдирди. Маалыматка караганда, алты кишиден турган топ өздөрүн ички иштер органдарынын кызматкерлерибиз деп тааныштырып, бир адамдан 300 миң сом акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана интернетке компроматтык мүнөздөгү видеолорду жайылтуу менен коркутушкан. Шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...
Финансы министрлиги “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин президенти Тенгиз Бөлтүрүктүн маянасына түшүндүрмө берип, ага бул ишканадан эмгек акы төлөнбөгөнүн билдирди. Мунун алдында “Кактус Медиа” Бөлтүрүк айына холдингден 45 миң доллар, Кумтөрдөн 55 миң доллар алып турганын жазган. “Кактус медиа” 9-августта жазгандай, Тенгиз Бөлтүрүк менен Каржы министрлиги 2021-жылдын 21-декабрынан тартып 5 жылдык мөөнөткө айына 45 миң доллар айлык менен эмгек келишимин түзгөн. Анда “Кумтөр Голд Компани”... Читать дальше...
Мамлекеттик салык кызматы январь-июль айларында 135 млрд 728,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматта айтылгандай, муну менен белгиленген план 1,2 млрд сомго ашыкча аткарылган. Чогулган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,9 млрд сомго көп экени да айтылат. Жети айдагы топтолгон каражаттардын ичинен 99 млрд 167,8 млн сом салык жана төлөмдөргө туура келет. Бул сумма былтыр январь-июлда 85 млрд 988 млн сомду түзгөн. Читать дальше...
Өзбекстанда индиялык Marion Biotech компаниясы чыгарган “Док-1 Макс” сиробун ичкенден кийин 65 бала чарчап калган. Мындай маалымат балдардын өлүмү боюнча кылмыш ишинин корутундусунда айтылганын Өзбекстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматына таянып “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды. Январь айынын башында өлкө бийлиги каза болгон балдардын саны 20га жеткенин билдирген. Ошондон кийин балдардын өлүмү боюнча маалыматтар айтылган эмес. Gazeta.uz гезити жазгандай, Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук... Читать дальше...
Бүгүн, 11-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда Улуу Үркүн окуясын эскерген кезектеги жөө жүрүш башталды. Аны “Тосор коому” “Эсимде” изилдөө аянтчасы менен биргеликте уюштурган. Үчүнчү ирет өтүп жаткан жүрүштүн (трекинг) катышуучулары бул жолу эки топко бөлүнүп алып Тосор, Токсо-Булак, Дуулат-Булак, Кайыңды, Алтын-Күңгөй, Ашуу-Төр жерлеринде болуп, Үркүндүн курмандыктарын эскеришет. Саамалыкка “Тосор коомунун” өкүлдөрү, “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жамааты, активисттер жана Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев катышууда. Читать дальше...
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери өлкөдөгү адам укугунун корголушун талкуулады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 11-августта кабарлады. Жаманбаева Кыргызстанда жарандык коом, демократия жана адам укуктары боюнча негизги баалуулуктарды жайылтуудагы АКШ элчилигинин, Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) салымын белгиледи. USAID менен кызматташуунун алкагында адам укуктары жана эркиндиги боюнча маанилүү долбоорлор ишке ашырылганын... Читать дальше...
Дүйшөмбү шаарында 4-10-август күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Өкмөттүн басма сөз кызматы жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын маалымдады, бирок анын мазмунун жарыялаган жок. “Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү”, - деп жазылган маалыматта. Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Кыргызстанда өтөрү да кабарланды. “Сүйлөшүүлөр жакшы эле кетип жатат. Билесиңер да... Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 11-августта Бишкектин Ленин округу боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу аяктады. Маалыматка караганда, 10-августта дагы төрт жарандан арыз түшүп, талапкер болууну каалагандардын саны 34кө жетти. БШК учурда алардын алтоону – Аскар Алмаз уулун, Токтогул Какчекеевди, Эртай Искаковду, Турсунбай Бакир уулун, Сулайман Мамаевди, Жамалбек Ырсалиевди талапкер катары каттады. Ал эми ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган... Читать дальше...
Эл аралык Amnesty International уюму Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан укук коргоочу Рита Карасартовага коюлган айыптарды алып салуу боюнча петиция даярдады. Мындай билдирүү уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн Фейсбуктагы баракчасына 10-августта жарыяланды. Анда Карасартова “учурда бийликтин саясатына тынчтык жолу менен каршылык көрсөткөнү үчүн үй камагында экени” жазылган. “Ритага өз ишин эркин жана тоскоолдуксуз жасоого мүмкүнчүлүк берилиши керек. Ага коюлган айыптын... Читать дальше...