Заманбап Кыргызстандын тарых илимин өнүктүрүүдө опол тоодой салым кошуп жаткан изилдөөчүлөр – азганактай сандагы археологдор. Аларга көмөк көрсөтүү жана алардын санын кескин арттыруу зарыл. Тарыхчынын блогу. Кыргызстандын жана ага чектеш тарыхый чөлкөмдөрдүн тарыхын терең изилдөө үчүн тармактык адистер зарыл. Алардын башкы сабында археологдор да турушу керектигин эч ким танбайт. Жаш адистер жылуу сөзгө эле эмес, чыныгы камкордукка да муктаж Он чакты жылдар бою ар бир археологиялык казуу мезгилин бошко кетирбестен... Читать дальше...
Гавайинин Мауи аралындагы тарыхый Лахайна шаарын каптаган өрттөн каза тапкандардын саны 93 адамга жетти. Табигый кырсыктын курмандыктарын тактоо иши баштапкы гана стадиясында экенин, өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүндүгүн Associated Press жаңылыктар агенттиги жекшемби күнү маалымдады. Мауи аралынын полициясы билдиргендей, атайын үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен иштеген куткаруучу топтор өрт чулгаган аймактын 3 пайызын гана текшерип чыкты. "Биз этият иштешибиз керек. Ал жакта оор металлдар бар. Читать дальше...
13-августта Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан провинциясында белгисиз жоочулар кытайлык инженерлердин кербенине кол салды. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ортодо чыккан атышуудан үч коопсуздук кызматкери жараат алды. Эки жоочу өлтүрүлүп, үчөө жарадар болду. Пакистандык сенатор, Белужистан провинциясынын мурдагы полиция башчысы Сарфараз Ахмед Бугти "X" социалдык тармагына (мурдагы Твиттер) жазгандай, чабуулдан Кытайдын бир дагы жараны каза тапкан жок. Читать дальше...
Түркмөнстан Орусиянын Кытайга газ экспортун арттыруу тууралуу планына тынчсыздануусун билдирди. «Түркмөнгаз» мамлекеттик концернинин төрагасынын орун басары Мырат Аршаевдин мындай мазмундагы билдирүүсү Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды. Анда Аршаев Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Экономикалык кызматташтык департаментинин директору Дмитрий Биричевскийдин Орусия, Өзбекстан жана Казакстандын ортосунда "газ үчилтигин" түзүү тууралуу 11-августтагы билдирүүсүнө комментарий берген. Читать дальше...
Ысык-Көл облустук экологиялык-туристтик милициясынын кызматкери Эрлан Мусакожоев командиринин кысымына чыдабай өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын билдирди. Ал айыптап жаткан командир Бакыт Абакиров Мусакожоевдун бул кадамына түшүнбөй жатканын айтууда. Бул милиция кызматкерлеринин жетекчилерине нааразылык билдирген биринчи учур эмес. Эрлан Мусакожоев 11-июлда кесиптештеринин көзүнчө өзүнүн бутуна бычак менен сайып жиберген. Ал мындай кадамга командиринин басымынан улам барганын айтып жатат: “17-июлдан... Читать дальше...
14-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо карга айланат, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы кескин төмөндөп, 14-15-августта өрөөндөрдө түнкүсүн 5…10°, күндүз 18-20° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Тоолуу... Читать дальше...
13-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасында Дүйнө кубогу башталды. Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышууда. 20-августка чейин улана турган оюндар үч форматта өтөт. Биринчи форматта “Достук” кубогу үчүн А тайпасында Кыргызстандын “Ынтымак”, “Сары-Өзөн”, “Мурас”, “Достук” командалары, В тайпасында Казакстандын “Түркстан”, “Шымкент”, “Астана” жана “Жетису” командалары ойнойт. Экинчи форматтагы клубдар лигасында алты мамлекеттен 12 команда төрт тайпада ат салышат. Читать дальше...
Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиянын ректору алмашты. Август айынын башында аталган академияга тарых илимдеринин доктору Акылбек Кылычев ректор болуп дайындалганы белгилүү болду. Академиядагы ишенимдүү булактар маалымдашкандай, 3-августта Кылычев дипломатиялык академиянын эмгек жамаатына тааныштырылган. Окуу жайдын сайтына да ректор деп Акылбек Кылычевдин ысымы жазылган. Дипломатиялык академия ректорунун алмашуусу, мурдагы ректор Чынара Адамкулованын... Читать дальше...
Газ менен жүрүүчү, жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттары бар 25 автобус 13-августта Бишкек шаарына алып келинди. Шаардык мэриянын маалымат катчысы Назгүл Жамгырчиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бүгүн кечке чейин дагы 25 автобус келет. "Президент Садыр Жапаровдун Кытайга сапарында жетишилген макулдашуулардын негизинде Кыргызстанга 1000 автобус алып келинет. Бүгүн биринчи партиянын алгачкы 25 автобусу келди, кечке чейин дагы 25и келет". Маалыматка ылайык, жыл аягына чейин 500 автобус, калганы келерки жылы алып келинет. Читать дальше...
Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев эл аралык Көк бөрү федерациясына президент болуп шайланды. Мындай чечим бүгүн, 13-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн эл аралык Көк бөрү ассоциациясынын конгрессинде кабыл алынды. Конгресске тогуз мамлекеттен 14 улуттук федерациянын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты. Жыйында эл аралык Көк бөрү федерациясы Эл аралык Ассоциация болуп түзүлдү. Ассоциациянын президенти Курманкул Зулушев, вице-президенттери Казакстандын Жаппай Көк пар федерациясынын президенти Гани Дирманов... Читать дальше...
Эл аралык спорт чебери, Европа кубогунун жана Европа чемпионатынын жеңүүчүсү, Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Ахмед Анарбаев 75 жашында дүйнөдөн кайтты. Ахмед Анарбаевге былтыр остеосаркома деген диагноз коюлуп, акыркы жылы бир канча операцияны баштап кечирген эле. Ахмед Анарбаев Кыргызстандын спорт тарыхында суучулдардан биринчи болуп 1968-жылы Мехикодо өткөн олимпиада оюндарына катышкан жана Ысык-Көлдү биринчи болуп сүзүп өткөн. Спорт журналисти Канай... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевдин пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыгарылышы боюнча Бишкектин Свердлов райондук соту түшүндүрмө берди. Соттун маалыматына ылайык, Данияр Ибраевге карата Кылмыш кодексинин 245-беренеси ("Коммерциялык жана башка уюмдун кызматкеринин кызмат абалынан пайдалануусу") менен коюлган айыптар далилденген эмес, сот бул берене боюнча анын күнөөсү жок деп актаган. "Ошол эле учурда алдамчылык фактысы боюнча айыбын өзү моюнуна алганы... Читать дальше...
Чехиянын борбору Прага шаарында бүгүн, 12-августта ири гей-парад болуп өттү. Полициянын мааалымдашынча ага 60 миңдей адам катышты. Парадга катышкандардын арасында ички иштер министри Вит Ракушан жана тышкы иштер министри Ян Липавский да болгонун Dpa агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, параддын катышуучулары ЛГБТ символикалары менен кийинип, шаар аралап жүрүштү. Алар бир жыныстуу никени расмийлештирүүнү да айтышты. Жергиликтүү маалымат каражаттары ошол эле учурда ондогон адамдар гей-парадга... Читать дальше...
Шаардык казыят тарабынан түзүлгөн атайын комиссия 11-августтан тарта шаардагы бардык диний мекемелердин ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Анын алкагында диний окуу жайлардын жана мечиттердин курулуш документтеринин тактыгына, санитардык жана өрт коопсуздугу талаптарынын сакталышына, тазалыгына жана медреселердеги окуу программаларына көңүл бурулат. Муфтияттын маалыматына караганда, текшерүү диний мекемелердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча өкмөттүн токтомунун алкагында жүрүп жатат. "Текшерүүдө даярдыгы жок... Читать дальше...