Мы в Telegram
Добавить новость

«Спартак» прорабатывал вариант с возможным назначением тренера АПЛ

Шесть человек пострадали в результате ДТП с маршруткой в Москве

Какие фильмы выходят в кино и в сети в мае 2024 года

К московскому общежитию РУДН приехали 5 пожарных машин после сообщения о взрыве

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Август
2023

Новости за 22.08.2023

Azattyk.org 

Италиялык атактуу ырчы Тото Кутуньо көз жумду

Италиялык атактуу ырчы Тото Кутуньо 80 жашында көз жумду. Бул тууралуу Ansa агенттиги маркум ырчынын менежери Данило Манкузого таянып кабарлады. Анын айтымында Кутуньо көп жылдан бери ооруп жүргөн жана акыркы айларда ден соолугу кескин начарлап кеткен. Ал Миландагы Сан-Рафаэле ооруканасында көз жумганы белгилүү болду. Сальваторе (Тото) Кутуньо 1943-жылы 7-июлда Фоздиново шаарында жарык дүйнөгө келген.  Өткөн кылымдын 70-80 жылдары L’italiano жана Serenata деген ырлары менен Кутуньо өз өлкөсүндө... Читать дальше...

Azattyk.org 

Пакистанда асма жолдо калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө

Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы асма жолдо калып калган балдарды куткаруу операциясы жүрүүдө. Азырынча эки бала аман-эсен эвакуацияланды. Расмий бийликтин маалыматына караганда, сегиз кишиден турган топ мектепке баратканда аркандардын бири үзүлүп кеткен. Окуучулар 274 метр бийиктикте асылган бойдон калышкан. Пакистандын премьер-министринин милдетин аткаруучу Анваар-уль-Хак Какар ыкчам чараларды көрүүнү буйруду. Окуя болгон жерге Пакистан армиясынын тик учактары барды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Төрөбаев "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык аяктап калганын билдирди

Мининстрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Энергетикалык кеңешинин 62-жыйынында сүйлөп жатып, "Камбар-Ата 1" ГЭСинин курулушуна даярдык жакында аяктай турганын билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. “Масштабдуу “Камбар-Ата 1” ГЭСин даярдоо этабынын курулушу аяктоо алдында турганын кошумчалай кетели. Буга катар Казакстан жана Өзбекстан менен биргелешкен ишкана түзүү иштери жүрүүдө”, - деди Төрөбаев. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү 22-августта маалымдады. “Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган”, - деп айтылат билдирүүдө. Өкүлчүлүк учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жол кыймылынын, коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады. Буга чейин Казакстандын Улуттук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак чек ара кызматы “Ак-Тилектеги” кезек тууралуу түшүндүрмө берди

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин билдирди. Казак чек ара кызматы тараткан маалыматта чек арада мыйзамсыз ишмердүүлүккө каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылат. “Кандайдыр бир чектөө чаралары киргизилген жок, өткөрмө бекеттер штаттык режимде иштеп жатат. Текшерүү убактысынын регламенти тыкыр сакталууда. Автотранспортторду өткөрүү сезонго мүнөздүү суткалык көрсөткүчтөн ашкан жок. Анын ичинде казак-кыргыз чек арасында дагы”... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасында 500дөй фура топтолду. Кезектеги тыгындын себеби эмнеде?

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" бекетинде кезек күткөн автоунаалардын саны 500гө чамалады. Айдоочулар үч күндөн бери кезек күтүп турганын жеринен "Азаттыкка" айтып беришти. Алар муну суу маселеси менен байланыштырып жатышат. Кыргыз жана казак коомчулугунда да ушундай пикирди кармангандар бар жана социалдык тармактарда ар кандай талаш-талкуулар күч алды. Казак каржы министри Ерулан Жамаубаев жагдайды маңзатка каршы операция катары түшүндүрсө, Чек ара кызматы аталган өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок деген маалымат таратты. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Демократия аралындагы" пикир үчүн сурак

Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу коомдук маселелер боюнча өз оюн ачык билдирип жүргөн Төлөн уулу Бектемир эки күн катары менен суракка чакырылды. Кечээ Кемин шаардык кеңешинин депутаты Наталья Дубинина УКМКга сурак берип чыкты. Бул арада жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун кылмыш иши прокуратурага өттү. Коомдогу түрдүү маселелер боюнча өз оюн ачык жазып жүргөн Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Төлөн уулу Бектемир бүгүн, 22-августта саат 17:00дө милицияга суракка чакырылганын билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Грекияда 18 адамдын күйүп кеткен сөөгү табылды

Грекиянын түндүгүндөгү Авантас айылынын жанында 18 адамдын күйүп кеткен сөөгү табылды. Бул тууралуу өрт өчүрүүчүлөр билдиришти. Бул аймакты төрт күндөн бери тилсиз жоо каптап жаткан. Грекиялык маалымат каражаттары өз булактарына танып, бул сөөктөр болжол менен мигранттардыкы болушу мүмкүн экенин жазышты. Өрт Түркия менен чек арага жакын жайгашкан Эврос аймагынын борбору Александруполиске жетип, ооруканадагы бейтаптар шашылыш түрдө коопсуз жакка чыгарылды. Алардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркайлар... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жапония "Фукусима-1"АЭСинен чыккан сууну океанга төгөт

Жапония "Фукусима-1" атомдук электр станциясынан чыккан сууну 24-августтан баштап Тынч океанга төгө баштайт. Бул тууралуу 22-августта премьер-министр Фумио Кисида кабарлады. Июль айында Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик океанга төгүлө турган суу коопсуздук стандарттарына туура келерин жана «айлана-чөйрөгө жана адамдарга анчалык деле радиологиялык зыян келтирбестигин» айткан. Ошол эле маалда айрым мамлекеттер буга тынчсыздануусун билдирүүдө. Kyodo News басылмасы жазгандай, июль айында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстандын алты районунда суу тартыштыгынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды

Катуу ысыкка жана сугат суунун тартыштыгына байланыштуу Казакстандын Байзак, Жамбыл, Кордой, Мерке, Т.Рыскулов жана Талас райондорунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун акимчилиги кабарлады. Мекеменин сайтындагы билдирүүдө жабыр тарткан фермерлерге казак өкмөтүнүн резервинен каражат бөлүү каралып жатканы айтылат. Сугат суунун тартыштыгынан жана өтө ысык аба ырайыдан улам Казакстанда бул жылы түшүм 25-30% аз болору күтүлүүдө. Быйылкы жайда Жамбыл облусунун беш районунда суу тартыш болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Казак министри “Ак-Тилектеги” узун кезек тууралуу комментарий берди

Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине байланыштуу комментарий берди. “ORDA Kaзакстан” маалымат агенттиги жарыялаган видеодо ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мындай деди: “Менин билишимче, ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөн. Ушундан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатат. Мунун коммерциялык жүктөргө тиешеси жок”, - деди Жамаубаев. Читать дальше...




Azattyk.org 

Пакистанда жоочулардын кол салуусунан 11 аскер каза болду

22-августтун таңында Пакистандын Түштүк Вазиристан аймагында радикал согушкерлердин кол салуусунан бери дегенде 11 аскер мүрт кетти. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик кабарлады. Барах районуна жасалган чабуул үчүн жоопкерчиликти өлкөдө тыюу салынган «Техрик-и-Талибан Пакистан» (ТТП) кыймылы алып, 18 жоокерди жок кылганын билдирди. “Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу максатын айтып келишет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Таштанды контейнерлери турган айрым жерлерге видео байкоо коюлду

Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы “Тазалык” ишканасы таштанды контейнерлери турган айрым аймактарга видео камераларды орнотконун билдирди. Маалымат боюнча, камералардын көбү таштандылар мөөнөтүнөн мурда толуп калган же тигүү цехтеринен чыккан жана курулуш калдыктары төгүлүп жаткан жерлерге коюлду. Ушул тапта 19 камера иштеп жатат, жыл аягына чейин дагы 20 камера орнотулат. Курулуштан жана тигүү цехтертерден чыккан таштандыларды ыргыткан адамдардын видеолору муниципалдык инспекцияга берилет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Арыктагы киргилт сууну ичүүгө аргасыз зарташтыктар

Баткендин миңден ашык калк жашаган Зарташ айылы чоң дарыянын жээгинде жайгашканы менен эл жогорку айылдарды, эгин талааларын аралап келген арыктагы агын сууну ичип келет. Баткен облусунда Зарташ айылындай болуп ичүүчү суу менен камсыздалбаган 80ден ашык айыл бар.

Azattyk.org 

Тайланддын мурдагы премьер-министри мекенине кайтары менен камалды

15 жыл чет жакта качып жүргөн Тайланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинават 22-августта мекенине кайтып келери менен камалды. 74 жаштагы миллиардерди жүздөгөн тарапташы аэропортто тосуп алышты. Таксин 2001-жылы өкмөт башчылыкка келген. 2006-жылы ал аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кулатылып, өлкөдөн чыгып кеткен. Ал коррупцияга, кызматынан кыянат пайдаланууга айыпталып, 2008-жылы сыртынан сегиз жылга кесилген. Кийин өкмөт башына анын карындашы Йинглак Чинават келген. Ал дагы... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Атлантада камаларын билдирди

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 24-августта Атлантада Жоржия ишине байланыштуу камаларын билдирди. Бул тууралуу ал 21-августта өзүнүн Truth (Чындык) социалдык түйүнүнө жазды. «Мен Атлантага, Жоржияга барууну көздөп жатам, бейшембиде камалам», - деди ал. 2024-жылкы президенттик шайлоого аттанууну көздөп жаткан Трамп ага коюлган айыпты шайлоо кампаниясын үзгүлтүккө учуратуу аракети деп атап, саясий өңүтү бар экенин белгилеп келет. Буга чейин Жоржиядагы Фултон аймактык сотунун судьясы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Автогазга акциз салыгы киргизилип, баасы кымбаттады

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатовдун айтымында, 1-июлдан тартып автоунааларга колдонулуучу газ 1,75 сомго чейин кымбаттады. Баа 1-июлдан тартып автоунааларга колдонулуучу суюлтулган көмүртек газына акциз салыгы киргизилгенине байланыштуу көтөрүлгөн. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2023-жылы 1-июлдан тартып 1 тонна газга 3000 сом акциз салыгы киргизилди. Учурда Бишкекте газдын литри орто эсеп менен 30 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Кыргызстанда баасы арзан болгондуктан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-казак Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү “Ак-Тилектеги” кырдаалды талкуулады

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташуучу автоунаалардын узун кезегине байланыштуу эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу 22-августта Кыргызстандын Чек ара кызматынын Чек ара көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын башчысы Нурланбек Жалбиев блдирди. “Айрым өткөрмө бекеттерде казакстандык кесиптештер менен жолугушуу өткөрдүк. Алар Казакстан тарапта эч кандай чектөө жок экенин, кадимки тартипте иштеп жатканын билдиришти. Биз иш жай болуп аткандыктан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргыз-казак коргоо министрлери аскердик кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков баштаган аскердик делегация келди. Аны менен Кыргызстандын коргоо министри Бактыбек Бекболотов жолугуп, тараптар аскердик-техникалык кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министрликтин маалыматына караганда, Бекболотов Казакстанды туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш деп атады. Казак министри Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов менен дагы жолугушту. Казакстандын аскердик делегациясы эки... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Апамды чачын кырып алып кетти". Кытайлык кыргыздын убайымы

Отуз жаштагы кытайлык кыргыз кыз Багым (жеке коопсуздугунан улам аты-жөнү өзгөртүлдү) Кызыл-Суу автоном облусунда туулуп-өскөн. Акыркы 11 жылдан бери Бишкекте жашайт. 2014-жылы кыргыз жарандыгын алган. Багымдын ата-энеси, агасы жана эки сиңдиси Кытайда калган. 2017-жылы кытай бийлигинин Шинжаң аймагындагы мусулмандарга куугунтугу башталгандан тарта каарманыбыз жакындары менен байланыша албай келет. Жакында эле агасы Бээжин “тарбиялоочу лагерь” деп сыпаттаган жайга камалганын уккан. Андан бери жакындарынан... Читать дальше...

Azattyk.org 

Салык кызматы автоунаа, турак жай салыгын сентябрга чейин төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы сентябрдан тартып, автоунаа, турак жай жана жер салыгын төлөбөгөндөргө айып салына баштай турганын эскертти. Маалыматка ылайык, 1-сентябрга чейин транспорт, турак үй, батир, короо-жай, бак-чарба жер тилкелерине салыкты төлөө зарыл. Салыктарды өз убагында төлөбөгөн жеке адамдарга 1000 сом, юридикалык ишканаларга 5000 сом айып салынат. Мындан сырткары туум дагы эсептелет. 2022-жылы сентябрга карата мүлккө салынган салыктан 2,2 миллиард сом топтолгон. Быйылкы жылда чогулган салык тууралуу маалымат жарыялана элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

БУУ: "Талибандын" тушунда 200дөй коопсуздук жана мамлекеттик кызматкер өлтүрүлгөн

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы 22-августта жарыялаган баяндамасында талибдер бийликке келген эки жыл ичинде Ооганстанда мурда өкмөттүк мекемелерде жана коопсуздук кызматтарында иштеген 200дөй адам эч кандай сотсуз өлтүрүлгөнү айтылды. Уюм 2021-жылдын 15-августунан тартып, 2023-жылдын июль айына чейин мурдагы аткаминерлер жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрүнүн арасында жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасында 800дөн ашуун укук бузулган учурду каттаган. "Адамдарды "Талибандын" де-факто коопсуздук күчтөрү кармап кетип... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ жана Борбор Азия лидерлеринин саммитине Жапаров да чакырылды

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда өтө турган саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду да чакырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булактар билдирди. Маалыматка караганда, “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы саммит Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында өтөт.    18-августта Forbes журналы Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши прокуратурага өттү

Активист Өндүрүш Токтонасыровго карата козголгон кылмыш ишин тергөө аяктап,  прокуратурага өткөрүлдү. Бул тууралуу 22-августта “Азаттыкка” адвокат Агзам Дүйшөналиев билдирди. Жактоочунун айтымында, иш жакынкы беш күндө прокурорлор тарабынан текшерилип, андан соң сотко өткөрүлөт же кыскартылат: “Иш прокуратурага 22-августта өттү. Эми алар кылмыш ишинин козголушу, Өндүрүш Токтонасыровдун жоопко тартылганынын мыйзамдуулугунун текшерип, кылмыш ишинде мыйзам бузуу барбы же жокпу деген тыянак чыгарышы керек. Читать дальше...

Azattyk.org 

23-августтун аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 23-августта Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 9…14, күндүз 23…28... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Москве заметили первый в России электромобиль Tesla Cybertruck

Восемь человек пострадали в ДТП с участием маршрутки в Москве

Горячая степь: что посмотреть и чем заняться в Калмыкии весной

Шесть человек пострадали в результате ДТП с маршруткой в Москве

Музыкальные новости

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о строительстве спортивных объектов

Предприниматели из Химок станут участниками проекта «Мой Бизнес»

Вечная любовь Валерия Гаркалина

Овчинников: «Зенит» психологически не готов драться за титул РПЛ

Новости России

Шесть человек пострадали в результате ДТП с маршруткой в Москве

Российский лидер Владимир Путин ясно дал понять: время мигрантов прошло. И проблему дефицита кадров нужно решать иначе.

Reuters: установленный Западом потолок цен на ...

«Начальник Чукотки» против «хозяина тайги». Как жили звезды «Бумбараша»

Экология в России и мире

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

ЗЕЛЕНЬ для здоровья мужчин и женщин: советы аюрведы

Серфинг в России 2024: места, где можно поймать волну

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Спорт в России и мире

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Мирра Андреева обыграла Вондроушову в третьем круге турнира WTA в Мадриде

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье

Музеи Твери. Лисичкины сказки

Ученые обнаружили ранний признак рассеянного склероза











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Троицке сотрудники прокуратуры и Почты РФ высадили саженцы сосны в бору

Какие фильмы выходят в кино и в сети в мае 2024 года

Шесть человек пострадали в результате ДТП с маршруткой в Москве

К московскому общежитию РУДН приехали 5 пожарных машин после сообщения о взрыве