Оппозиционер Алексей Навальныйдан тарапкерлери жекшембиде “Путин - киши өлтүргүч” аттуу акцияга чыгышты. Бул иш-чара Навальныйдын ууландырылышынын үч жылдыгына карата уюштурулду. Грузия, Эстония, Жаңы Зеландия, Францияда жашаган ондогон активисттер көчөгө согушка каршы чакырыктарды жана символдорду көтөрүп чыгышты. Ал эми Махачкалада жалгыз активист «Навальныйга эркиндик! Репрессияларга жол жок! Согушка жол жок!» деген жарнагы менен пикетке чыкты. Навальныйдын командасынын Телеграмында Кызыл аянттын жанында «Навальныйга эркиндик! Читать дальше...
“Ынтымак” командасы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча Дүйнө кубогунун алкагында “Достук” кубогун утту. Финалда таластык команда Казакстандын “Астана” командасын 10:1 менен эсебинде жеңди. Үчүнчү орунду “Түркстан” командасын 11:3 уткан “Достук командасы алды. Ал эми клубдар лигасында Дүйнө кубогун “Жаштык” командасы алды. Аталган команда финалда Красноярск командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Үчүнчү орунду Өзбекстан ээледи. 1-орунду алган командага 2 млн., 2-орунга 1 млн. жана 3-орунга 800 миң сом берилет. Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында BYD Co Ltd электромобил чыгарган корпорациясынын төрагасынын орун басары Иван Цао менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, тараптар Кыргызстанда электромобилдерди заряддоочу станция куруу, ток менен жүрүүчү автоунааларды сатуу жана чыгаруу маселелерин талкуулады. Жапаров бул үчүн инвесторлорго жагымдуу шарт түзүлөрүн кошумчалады. Иван... Читать дальше...
Роскосмос жекшемби күнү «Луна-25» автоматтык, планета аралык станциясы менен байланыш бир суткадан көбүрөөк убакыт мурун үзүлгөнүн кабарлады. Азырынча аппарат кайда экени белгисиз. Корпорация космостук кеме эсептелбеген орбитага өтүп кетип, жыйынтыгында айдын бетине кулап жок болушу мүмкүн деп эсептейт. Бир күн мурда Роскосмос алдын ала коно турган орбитага өтүп жатканда “Луна-25” станциясынын бортунда адаттан тышкаркы абал пайда болгонун билдирген, бирок бул туурасында толук маалымат берген эмес. Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Будапешт шаарына иш сапары менен барды. Мамлекет башчы Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жапаровду Венгриянын юстиция министри аэропорттон тосуп алды. Кыргызстандын атынан барган расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш сапарынын алкагында Qingdao Laoshan Mineral Water Co.,Ltd. компаниясынын башкармасынын төрагасы Ван Да менен жорлугушту. Жапаров өлкөнүн суу ресурстарынын толук пайдаланылбай жатканын белгилеп, Кыргызстан экологиялык жактан таза ичүүчү сууну Кытайга, Европа жана Азия өлкөлөрүнө экспорттоого даяр экенин жана бул үчүн Laoshan өңдүү компаниялардын тажрыйбасы керек экенин айткан. Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай... Читать дальше...
Бишкекте интернеттеги баңгизат бизнесине аралашты деген шек менен кармалган 16 жаштагы өспүрүм 7 жылдан 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн. Курьер болуп иштеп жүрүп, Телеграм каналынан буйрутма тапкан улан кылмышка кокустан илешип калганын айтууда.
“Кумтөр Голд Компани” ишканасы алтын өндүрүүдөгү чыгымдарга байланыштуу түшүндүрмө берип, ага жумшалган каражаттар өскөнүн моюнга алды. Бирок мекеме муну менен компаниянын ишин “чыгашалуу” деп атоо туура эместигин билдирүүдө. Мунун алдында бир катар басылмалар алтын казууда мурдагы жылдарга салыштырмалуу чыгым өскөнүн жазып чыгышкан. Ал арада өкмөт компанияга кошумча тилке бергени белгилүү болду. Киреше-чыгаша жана чыгым Кыргыз өкмөтүнүн колуна өткөн “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын киреше-чыгашасына... Читать дальше...
20-августка караган түнү Караганда облусундагы "Казакстан" шахтасынан бешинчи кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу көмүр шахталарынын кожоюну эсептелген "АрселорМиттал Темиртау" кабарлады. Шахтадагы кырсыкта каза болгондордун эң жашы 27 жашта болгон. Улуусу 58 жашта. Алардын алды шахтада 39 жыл иштешкен. 17-августта авария болгон учурда 227 кенчи болгон. Алардын 222си куткарылып, бешөө каза болуп калган. Аталган ишкананын аткаруучу директору Виктор Гафиулов "кырсыктан кийин нес абалда турганын" билдирди. Читать дальше...
Бүгүн, 20-августтан тарта Бишкектин коомдук-муниципалдык транспортунда накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен, "Тулпар”, “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алышат. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде ишке киргизилген. Бул долбоорду 2020-жылдан тартып швейцариялык BPC KG компаниясы ишке ашырууда. Читать дальше...
Бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогунда "Достук" (Кыргызстан) менен "Түркстан" (Казакстан) командалары 3-орун үчүн беттешип жатат. "Достук" кубогу үчүн финалда "Ынтымак" Казакстандын "Астана" командасы менен беттешет. "Астана" командасы жарым финалдык беттеште "Түркстанды" 2:0 эсебинде утуп алган. 18-августта Кыргызстандын "Ынтымак" жана "Достук" командалары ат салышып, 2:0 эсебинде "Ынтымак" командасы жеңишке жеткен. Ал эми клубдар лигасында... Читать дальше...