Медицинанын жана илимдин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Ахунбаевге каза болгондон кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен ушундай эле белги менен наамдар көзү өткөндөн кийин советтик мамлекеттик жана партиялык ишмерлер Абды Сүйөркуловго, Насирдин Исановго мамлекеттин жана Кыргызстан... Читать дальше...
Парламенттин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакиров 29-августтун кечинде Ош облустук милициясына сурак берип чыкты. Буга чейин ал өзүн милиция кызматкерлери алып кетип баратканын жана кайсы ишке байланыштуу чакырылганынан кабары жоктугун билдирген. Дээрлик төрт саатка созулган сурактан чыккандан кийин Бакиров "Азаттыкка" маалымат бербөө тууралуу кагазга кол коюп чыкканын айтуу менен чектелди. Адвокаты Назгүл Сүйүнбаева ал 2020-жылдагы шайлоодогу добуш сатып алуу ишинин негизинде сурак бергенин жана... Читать дальше...
Медиа коомчулук Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылганын сындап чыгышты. Алар көзөмөл органдын аракетин сөз эркиндигине басым катары баалашууда. "Бийликти кескин сындайт" Бишкек шаардык прокуратурасы Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу арызын 22-августта жазганы бир аптадан кийин белгилүү болду. Райондук соттун басма сөз кызматы иш өндүрүшкө алынганын ырастады. Алгач көзөмөл органдын “Клооп” басылмасын жабуу үчүн сотко кайрылган документтериндеги жүйөлөрүнө токтоло кетели. Читать дальше...
Орусиянын Алматыдагы башкы консулу Евгений Бобровдун кызматтагы мөөнөтү аяктарына бир нече күн калганда Казакстандагы орус тилинин абалы тууралуу айткан сөздөрү казак коомчулугунун нааразылыгын жаратты. Бобров Орусиянын мамлекеттик маалымат каражатына курган маегинде “Казакстанда орус тилин колдонуу чөйрөсү тарып баратканын” айткан. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү "Бобров өлкөдөгү орус мектептери тууралуу толук статистиканы билбесе керек" деп билдирип, бул дипломат Казакстанда иштебей калганын белгиледи.
Чүй облусунун Сокулук райондук соту тогуз жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө байланыштуу кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды. Сот өкүмүнө ылайык, секелекке тийишти деп айыпталган адам Кылмыш-жаза кодексинин 34-158-беренелери ("Уланып жаткан кылмыш", "ыплас аракеттерге баруу") боюнча күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилди. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөшү керек. Жабыркаган тарапка кенемте катары айыпталуудан 132166,96 сомду материалдык зыян үчүн, 50 миң сомду моралдык зыян үчүн өндүрүү каралган. Читать дальше...
Орусиянын Челябинск облусунда Ми-8 аскердик тик учагы кырсыкка кабылып, үч киши мерт болду. Орусиялык маалымат агенттиктери чукул кызматтарга таянып билдиргендей, окуя Соснов районунда болгон. Жергиликтүү бийлик тик учак Борбордук коопсуздук кызматына (ФСБ) таандык экенин кабарлашты. “База” Телеграм-каналы кырсыкка учураган бортто бир инструктор менен эки курсант болгонун, алар учуп-конууга машыгып жатканын маалымдады. Тик учактын кулашына эмне алып келгени белгисиз. Алдын ала маалыматка ылайык, техниканын бузулушу себеп болгон. Читать дальше...
29-августта Жалал-Абад шаарында “Барселонанын” академиясы ачылып, ага каталондук клубдун легендалары, президенти Жоан Лапорта жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. “Барселона” академиясынын өкүлдөрү Кыргызстанга өлкө жетекчилигинин демилгеси менен келди. Бирок академияны ачууга, ага кошуп “Барса” легендаларын алып келүүгө канча каражат кеткени айтылган жок. Борбор Азиядагы биринчи академия “Барселонанын” президенти Жоан Лапорта... Читать дальше...
Бразилиялык футболчу Роналдиньо Бишкекте өтө турган Барселонанын ардагер оюнчуларынын беттешине келбей калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарында ачылган Барселонанын футбол академиясынын демилгечиси Айбек Алимбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, спортчу Кыргызстанга келүүгө убада берген, бирок соңку учурда жеке иштерине байланыштуу келе албай калган. 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өттү. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона”... Читать дальше...
Пакистанда Исламабад шаарынын апелляциялык соту коррупция үчүн айыпталган экс-премьер-министр Имран Ханды үч жылга абакка кесүү өкүмүн убактылуу токтотту. Саясатчынын адвокаттары жана соттун өкүлдөрү бул тууралуу шейшембиде билдирди. Хандын партиясы ал күрөөгө бошотулганын маалымдады. Бирок экс-премьердин үстүнөн 100дөн ашык иш козголгондуктан, качан кое берилери белгисиз. Акыркы иш боюнча ага мамлекеттик кызматта турганда чет өлкөлүк лидерлерден алган кымбат баалуу белектерди саткан деген айып коюлуп, августтун башында үч жылга кесилген. Читать дальше...
Ооганстан дүйнөдөгү экономикалык же социалдык жыйындарга эле эмес, экологияга байланышкан талкууларга да чакырылбай калды. Бул тууралуу БУУнун Ооганстандагы өкүлү Роза Отунбаева “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал учурда Ооганстандын борбору Кабулда 15тей мамлекеттин элчилиги калганын, Батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери коопсуздуктан улам коңшу өлкөлөрдө иш алып барып жатканын айтты. “Мында сергек акыл менен иш жүргүзүү зарыл. Эмири "Биздин ислам – өзгөчө ислам" деп туруп алды. Буларга биз Ислам кызматташтык уюмун тартып... Читать дальше...
Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду милиция кармап кетти. Бул маалыматты ал "Азаттыкка" өзү ырастап, учурда аны облустук милицияга алып баратышканын билдирди. Кармалган себеби тууралуу маалыматы жок экенин айтты. Милиция бул боюнча комментарий бере элек. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Жогорку Сот 18-августта Өмүрбек Бакиров шайланып келген Ош облусунун Ноокат районундагы... Читать дальше...
Лейлектик 35 жаштагы Исламбек 2014-жылы Орусияда баңгизат менен кармалып, 16 жылга соттолгон. Ушул жылдын башында үй-бүлөсүнө айтпай "Вагнер" жеке аскердик тобуна кошулган.
Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин тун кызы Саида Мирзиёева жаңы кызматка дайындалды. 38 жаштагы Саида Мирзиёева президенттик администрациянын жаңы курамында атасынын жардамчысы болуп иштей баштады. Саясат талдоочулар менен эксперттер Мирзиёев мураскерин таптай баштаганын айтып жатышат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 38 жаштагы кызы Саиданы өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат катчысы Шерзод Асанов Телеграмдагы расмий баракчасында билдирди. Буга чейин "Озодлик" радиосу өз булактарына таянып... Читать дальше...
Кыргызстандагы медиа коомчулук Бишкек шаардык прокуратурасынын “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арызына байланыштуу билдирүү таратты. Анда прокуратуранын доо арызында айтылгандай Kloop Media басылмасы уюмдун уставдарына дал келбеген ишмердүүлүктү алып барууда деген дооматтары негизсиз экени белгиленген. "Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка аракеттерди жана иштерди жүргүзүүгө укуктуу. Бул өңүттөн алганда, прокуратура белгилеген "саясатты кескин сындоо"... Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиядагы Москва облусуна караштуу Электросталь шаарындагы мигранттардын калайман мушташы тууралуу маалымат берди. Анда "Фрязево" темир жол станциясындагы жаңжалда кыргызстандык бир жараан жараат алганы, ага амбулатордук жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөнүн билдирди. "Электросталь шаарынын компетенттүү органдарынын маалыматына ылайык, бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери уланууда. Читать дальше...
Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан күзгү-кышкы сезондо электр энергиясы менен камсыздоо тууралуу макулдашты. Казакстандын Энергетика министрлиги маалымдагандай, Астанада жакында өткөн жолугушууда үч өлкөнүн өкүлдөрү бул маселени талкуулашкан. Казак маалымат каражаттары тараптар бериле турган энергиянын көлөмүн, мөөнөтүн аныкташканын жазышууда. Жетекчилер ошондой эле электр энергиясынын эсебин саат сайын жүргүзүү механизмин киргизүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу, энергиянын пландан тышкары берилишин... Читать дальше...
Бишкек шаардык соту блогер Ырыс Жекшеналиевдин Кыргыз улуттук университетиндеги (КУУ) окуусун улантууга уруксат берди. Бул тууралуу блогер өзү "Азаттыкка" ырастады. Ал былтыр тергөө абагына камалганда ал билим алган КУУнун Юридика факультети сабакты "себепсиз калтырды" деген негиз менен окуудан чыгарууну чечкен. Жекшеналиев буга каршы сотко даттанып, мартта Ленин райондук соту анын арызын канааттандырган. "Мен абакта отуруп калганда окуудан чыгарган. Кийин министрликке, окуу жайдын өзүнө кайрылганбыз. Читать дальше...
Венгриянын Будапешт шаарына залкар манасчы Саякбай Каралаевдин айкели тургузулду. Бул тууралуу ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев Фейсбуктагы баракчасына жазды. "Улуу манасчы, миллиондогон эпостун саптарын жүрөгүнө батырып, дүйнөгө тааныткан ал - Саякбай Каралаев! Саякбай атабызга Европанын борборунда айкел тургузулду, болгондо да тамыры, тарыхы, кезегинде заманы бир Мажарстанда (Венгрия) тургузулду", - деп жазды ал. Анын айтымында, Саякбай Каралаевдин эстелигин тургузуу демилгеси... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад шаарында анын атасы Нуркожо Мусталый уулунун аты коюлган ислам маданий борборунун ачылышына катышты. Анын басма сөз кызматы бул имаратты курууга каражат кайдан алынганын тактаган жок. "Президент шаарда мусулмандардын намаз окуй турган жаңы жери пайда болгонун белгиледи. Бул ислам борбору элдин диний сабаттуулугун жогорулатуу максатында жакшы ниет менен курулган. Имараттын биринчи жана экинчи кабатында намаз окуй турган жайлар бар, жалпысынан 450 кишиге ылайыкталган. Читать дальше...
Ооганстандагы учурдагы абал, гуманитардык кризисти чечүү аракеттери жана анын Борбор Азия өлкөлөрүнө таасири тууралуу БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Ооганстанга жардам берүү миссиясынын башчысы Роза Отунбаева "Азаттыкка" маек курду. - Роза Исаковна, студиябызга кош келдиңиз, саламатсызбы? Ооганстанда бийлик Талибан кыймылынын колуна өткөнүнө эки жыл болду. Сиз Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысынын Ооганстандагы атайын өкүлү, БУУнун Ооганстандагы жардам миссиясынын башчысы... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров 29-августта Жалал-Абад шаарында акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун аты ыйгарылган, оңдолуп-түзөтүлгөн проспектинин ачылышына катышты. Анда маркум акынга көзү өткөндөн кийин "Эмгек баатыры" артыкчылык даражасын ыйгарганын билдирди. Жапаров өлкөдөгү реформанын алкагында быйыл Жалал-Абад шаарын экинчи экономикалык борборго айлантуу тууралуу атайын план бекитилип, ага 2 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдады. "Өлкөбүздөгү чоң шаарларды өнүктүрүүгө мындай каражат биринчи жолу берилип жатат. Читать дальше...
Бүгүн, 29-августта Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы өтөт. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга “Барселона” клубунун президенти Жоан Лапорта жана клубдун мурдагы оюнчулары Карлес Пуйоль, Эдгар Давидс, Ривалдо жана башка оюнчулар келди. Бул күнү президент Садыр Жапаров 29-августта “Барселонанын президенти жана өкүлдөрү менен жолугушуп, алар жаштардын футболго кызыгуусун арттырып, шык берип келерин билдирди. Коноктор футболдук академиянын ачылышына катышып... Читать дальше...
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк жылнаама жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Келаткан жылы майрам күндөр дем алыштарга туш келгенине байланыштуу кошумча төрт күн эс алуу күнү деп эсептелет. Алар: 8-январь, 8-апрель, 6-май жана 2-сентябрь. Ай календары боюнча аныкталуучу Орозо айт жана Курман айтты эске алганда, 2024-жылы 14 майрам бар. Эгер алар ишембиге же жекшембиге туш келсе... Читать дальше...
Абанын булганышы Түштүк Азияда адамдардын өмүр сүрүүсүн бери дегенде беш жылга кыскартышы ыктымал. 29-августта жарыяланган жаңы изилдөөнүн авторлору абасы өтө кир аймактар деп Бангладеш, Индия, Непал жана Пакистанды белгилеген. Чикаго университетинин Энергия саясаты институтунун маалыматына ылайык, абанын сапатынын начарлашына өнөр жайдын тез өнүгүп жатышы, калктын санынын көбөйүшү салым кошууда. Окумуштуулар Түштүк Азияда абанын булгануусу 2000-жылдын башына салыштырганда 50% жогорулаган деген бүтүмгө келишти. Читать дальше...
Кокшетау шаарындагы аскер бөлүгүндө ооруп калган аскерлердин саны 49 кишиге жетти. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук гвардиясынын "Орталык" командачылыгы маалымдаганын кабар агенттиктери жазышты. 23-августтан бери 49 жоокер "дем алуу органдарынын курч инфекциясы" деген диагноз менен ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен беш жоокерден менингококк инфекциясы аныкталды, төртөө энтеровирус инфекциясына кабылганы белгилүү болду. "Азаттыктын" казак редакциясы жазгандай, оорукана кызматкерлери бейтаптардын дене табы көтөрүлүп... Читать дальше...