Соңку жылдарда бир жагынан электр кубатын керектөө өсүп, экинчи жагынан дарыяларда суу аз келүүдө. 24-июлдан тартып энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилди. Анын чыныгы себептери эмнеде? Токтогул суу сактагычына суу аз келип, ошол эле маалда электр кубатын колдонуу жыл өткөн сайын көбөйүп бараткан шартта 3 млрд кВт/саат таңкыстык кантип жабылат? Кеминдеги майнинг компаниядан канча пайда түштү? Быйыл кышында электр өчөбү? Кубат Оторбаевдин ушул жана башка суроолоруна Энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берди. Читать дальше...
Кытай 1-сентябрдан баштап учкучсуз аппараттардын экспортуна убактылуу чектөө киргизерин билдирди. Соода министрлиги кабарлагандай, жаңы эреже улуттук коопсуздукту коргоо максатында кабыл алынды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Чектөөгө ошондой эле салмагы жети килограммдан ашкан жарандык дрондор, учкучсуз аппараттардын тетиктери жана аларды чыгарууда колдонулган жабдыктар да кабылды. Чет өлкөгө дрондордун атайын лицензия алып гана жөнөтсө болот. Соода министрлигинен ырасташкандай, бул аппараттарды... Читать дальше...
31-июлда Орусиянын Санкт-Петербург, Казань, Омск, Калуга, Можайс, Подольск жана башка шаарларында аскердик комиссариаттардын имараттарын өрттөө аракети катталды. "База" Телеграм-каналы жазгандай, кылмышка шектелип кармалгандардын баары аларды телефон аркылуу кайсы бир шылуундар бул ишке барууга мажбурлаганын айтышкан. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү аялдар болуп чыкты. Алардын бири да саясий талаптар тууралуу айтышкан эмес. Калуга менен Казань шаарларында аскердик комиссариатты өрттөөгө 78 жана 62 жаштагы пенсионер аялдар аракет кылышкан. Читать дальше...
Казакстандын Алматы шаарынын Аккент кичирайонундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тутанган өрттөн отуздан ашуун киши жабыркады. Алардын көбү балдар экенин калаанын Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди. Тилсиз жоо 16 кабат үйдүн бешинчи кабатында тутанганын, учурда өрт өчүрүлгөнүн, тургундарды куткаруу жана эваукация иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар департаменти маалымдады. Социалдык тармактарга жарыяланган видеолордо үйдүн алдында турган адамдарды көрүүгө болот. Алар төшөк, килем жайып... Читать дальше...
Орусиянын башкалаасы Москвада Кыргызстандын элчилигинин алдында кризистик борбор ачылды. Борбор оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргызстандын жарандарына, мигрант кыз-келиндерге колдоо көрсөтүү багытында иш алып барат. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады. Борбордун расмий ачылышы 31-июлда өтүп, иш-чарага чакырылган юристтер медициналык камсыздандыруу, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча мигранттарга маалымат берген. Кыргызстандын 7 млн ашуун калкынын 1 миллиондон көбү миграцияда жүрөт. Читать дальше...
Бишкектеги Тез жардам борборунун бир нече кызматкери 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдына митингге чыгышты. Алар айлык акыларынын аздыгын айтып, үй-бүлөсүн багууга мүмкүн болбой калганына даттанды. Министр Гулнара Баатырова ушул эле күнү шашылыш жыйын өткөрүп, "Тез жардам" кызматкерлеринин айлык акысынын өлчөмүн тактоо тапшырмасын берди. "Бул айда 11 миң эле сом тийди" Нааразылык акциясына чыккан Тез жардам борборунун кызматкерлеринин бири Алия Алдееванын журналисттерге билдиргенине караганда... Читать дальше...
Иранда болуп көрбөгөндөй ысыктан улам эки күндүк дем алыш жарыяланды. Өкмөттүн маалымат катчысы Али Бахадори Жахроми билдиргендей, мамлекеттик мекемелерди, банктарды жана мектептерди 2-3-август күндөрү жабуу чечими Саламаттык сактоо министрлигинин эскертүүсүнөн кийин кабыл алынган. Бул тууралуу мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды. Соңку күндөрү Иранда абанын температурасы 40 градуска чейин жетүүдө. 1-августта башкалаа Тегеранда 38 градус ысык катталды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Токмоктогу “Ай-Кью” билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 1-августта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин аталган мектептин 11-классты бүткөн 84 окуучусу аттестат ала албай жатканы айтылып, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери нааразылыгын билдирип чыккан. Билим берүү жана илим министрлиги бул жагдайга түшүндүрмө берип, мектеп күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алып, бирок экстернат... Читать дальше...
“Евразия үчүн эркиндик” (Freedom for Eurasia) укук коргоо уюму Өзбекстандын Каракалпакстан автоном республикасында былтыркы ири митингдер учурунда расмий айтылгандан алда канча көп киши өлгөнүн билдирди. Уюм башаламандык маалында каза тапкан 55 адамдын тизмесин жарыялап, өлгөндөрдүн саны 70ке жетиши мүмкүн экенин маалымдады. Өзбек бийлиги Каракалпакстандын Конституциядагы макамын өзгөртүү аракетине байланыштуу тутанган нааразылык күч менен басылганда 21 адам өлгөнүн гана ырастаган. "Өкмөт... Читать дальше...
Чүй облустук соту Селекция айылында таза суу берилишин талап кылган акцияда кармалган блогер Эртай Искаков менен конуш тургундары Бакыт Балбаевдин, Бакыт Бекболотовдун доо арызын карап, эки айга камаган райондук соттун чечимин мыйзамдуу деп тапты. Сот жараяны жабык өтүп, соттун имаратында кармалгандардын жакындары жана тарапкерлеринен турган 50дөй киши чогулду. Кармалгандардын жакындары соттун жабык өтүшүн жана камакта калтыруу чечимин сындап чыгышты. Эртай Искаковдун жакындары блогер Ленин... Читать дальше...
1-августта Чүй облустук соту таза суу талап кылган акцияга байланыштуу кармалган Эртай Искаковдун, Бакыт Балбаевдин жана Бактыбек Бекболотовдун апелляциялык арызын карап, аларды камакта калтырган райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” соттук отурумга катышкан кабарчысы билдирди. Бир топ убакыт суудан мукураган Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары 14-июлда Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан. Милиция 15-июлда нааразылык... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) коррупцияга шек саналып кармалган адамдардын үй камагына чыгарылышына байланыштуу сын-дооматтарга жооп берди. Анда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруп, тергөө менен кызматташкандардын бөгөт чарасы өзгөрүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда коррупцияга каршы күрөш токтой электигин эскертти. Ушул жылдын май айында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жемкорлукту тыюунун экинчи айлампасы башталганын, ал алда канча оор болорун жарыялаган. ... Читать дальше...
Зордуктоого шектүү жаранды үй камагына чыгарган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун судьясы Абдисалам Мойдунов кызматтан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады. Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Ак-Суу районунун тургунуна кошунасы кол көтөрүп, зордуктаганын жазган. Кылмышка шектүү райондук соттун судьянын чечими менен үй камагына чыкканы белгиленген. Маалыматка караганда, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 1-августта коомчулуктун талкуусуна... Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы Тез жардам борборунун кызматкерлери нааразылык акциясына байланыштуу маалымат таратып, алардын маянасы боюнча жагдайга түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Гүлнара Баатырова 1-августта атайын кеңешме өткөрүп, борбордун жетекчилигинин, министрликтин Каржы башкармалыгынын жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун өкүлдөрүнүн маалыматын укту. Тез жардам борборунун директору Искендер Шаяхметов кызматкерлер кепилденген айлыгын алып жатканын... Читать дальше...
20-августтан тарта Бишкектин коомдук-муниципалдык транспортунда накталай акча кабыл алынбайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук жол менен, "Тулпар”, “Visa”, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алышат. Жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде ишке киргизилген. Бул долбоорду 2020-жылдан тартып швейцариялык BPC KG компаниясы ишке ашырууда. Читать дальше...
2-августта Каракол шаардык сотунда укук коргоочу Камил Рузиевге карата мурда козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугуна байланыштуу соттук отурум өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Рузиев өзү билдирип, Ысык-Көл облустук сотунан да ырасташты. 10-январда Жогорку Соттун соттук коллегиясы Камил Рузиевди актаган чечим чыгарган. Укук коргоочу өзүнө карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун белгилеп, буга чара көрүү үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасына кайрылганын айтты. “Мага кылмыш иши жасалма негизде козголгону үчүн чара көргүлө деп кайрылсам... Читать дальше...
Пакистандын бийлиги жекшембидеги жардырууда каза болгондордун саны кеминде 54 болгонун маалымдады. Бул тууралуу “Азаттыктын” пакистан кызматы кабарлады. Теракт 30-июлда Баджаур провинциясынын Хар деп аталган шаарчасында болгон. Бийликти колдогон "Ислам улем жамааты" диний партиясынын жыйыны өтүп жаткан маалда жанкечти өзүн жардырып жиберген. Дал ошол маалда партиянын лидерлери сүйлөп жаткан. Алар жабыркаган эмес. Соңку жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобунун жергиликтүү бутагы жоопкерчилик алды. Читать дальше...
Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы автоунааларды кайра каттоо учурунда алынган документтердин тизмесине ОСАГОну (милдеттүү камсыздандыруу полиси) кошууну сунуштоодо. Буга байланыштуу мыйзам долбоору 31-июлда коомдук талкууга чыгарылды. Аталган мекеме калктын милдеттүү түрдө амсыздандыруу боюнча жарандык-укуктук жоопкерчилиги төмөн болуп жатканын белгилеген. Ошондуктан, айдоочуларды ОСАГО полисин алууга түрткү берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу сунушталууда. "Милдеттүү камсыздандыруу тутумун чыңдоо оң натыйжа берет... Читать дальше...
24-июлдан тартып энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал киргизилди. Анын себеби эмнеде? Кеминдеги майнинг компаниядан канча пайда түштү? Быйыл кышында электр өчөбү? Ушул жана башка суроолорго Энергетика министри Таалайбек Ибраев жооп берди.
Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Оппенгеймердин трагедиясы Кристофер Ноландын “атом бомбасынын атасы” аталган Роберт Оппенгеймер жөнүндө кино тасмасы көрүүчүлөргө тартууланды. Мыкты фильм, болгон окуяларга негизделген көркөм баян. Бомбаны жаратаарын жаратып алып, гений физик өзүн күнөөлүү сезип жүрүп өттү бу дүйнөдөн. Президент Гарри Трумэн менен жолукканында “колум канга боёлгонсуп сезем өзүмдү” дейт окумуштуу. “Сенин колуңан мурда менин колум канга батты. Читать дальше...
Бүгүн, 1-августта Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Зергер айылынын Аюу-Сай тилкесинде табийгый кырсыктын алдын алуу максатында жер көчкүнү атайылап тектирлеп түшүрүү иши башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады. Аталган иш-чаранын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Азия Өнүктүрүү Банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Жең Ву жана жергиликтүү тургундар катышты. Читать дальше...
Кытайдын борбору Бээжиндин айланасындагы тоолордо жааган жамгырдан улам катуу сел жүрүп, кеминде 11 киши мерт болду. Отуздай киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу AP агенттиги Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттарына таянуу менен жазды. CCTV телеканалы кабарлагандай, суу ташкындан улам бийлик темир жолдорду жаап, кырсык катталган райондордон тургундарды эвакуация кылып жатат. Кеминде 50 миңдей адам коопсуз аймакка чыгарылышы керек. Катуу жаандан улам шаардын бир топ райондорун суу каптады. Читать дальше...
Кыргызстандын энергетика тармагындагы карызын Финансы министрлиги өзүнө алды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 31-июлда “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Учурда Энергетика министрлигинде 1 млрд сомго жакын карызы бар экенин, ал электр энергиясын керектеген абоненттердин бересеси экенин кошумчалады. “Карыздын баарын мамлекет өз мойнуна алып, өзү жапмай болду. Бул энергетика тармагын тазалоо максатында жасалды. Мисалы, сиз энергетика тармагына инвестиция салам десеңиз, ошол мамлекетти... Читать дальше...
Ошто жана Баткенде турак жайга муктаж адамдардын тобун “араб фондунан үй алып беребиз” деген убада менен алдап, акчасын алууга шек саналган үч киши кармалды. Бул тууралуу 1-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, кеминде 74 адам милицияга арыз жазып, аталган жарандардан жабыркаганын билдирген. Жабырлануучулардын арты 350 миң сомун, алды 11 миллион сомун алдатып жиберген. Жалпы келтирилген чыгым 75 миллион сомдон ашкан. Жабыркаган жарандардын көпчүлүгү Ош шаарынын... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Сауд өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ипотекалык турак жайларды куруу келишимине кол койду. Кредиттик макулдашууга ылайык, Кыргызстанда ипотекалык турак жайларды курууга Сауд өнүктүрүү фонду 100 миллион доллар бөлөт. Он миңдеген адамдар баш калкалоочу жайга жетпеген Кыргызстанда бул келишим маселени чечүүгө канчалык жардам берет? Ипотекалык үйлөрдү Сауд өнүктүрүү фонду каржылайт Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасында... Читать дальше...