5-августта Чуңкурчак жайлоосунда “Кымыз” фестивалы өттү. Улуттук суусундукту өндүргөн ишкерлерди колдоп, турист тартууга багытталган фестивалга ар аймактан жүздөгөн мейман келди.
Росфинмонитироннг социолог, саясат таануучу Борис Кагарлицкийди "экстремисттердин жана террористтердин" тизмесине киргизди. Кагарлицкий өзү июль айынан соңунан бери Сыктывкардагы убактылуу кармоочу жайда "террорчулукту актоо иши" боюнча отурат. Федералдык коопсуздук кызматы Кагарлицкийди "Интернетти пайдалануу менен террорчулукка чакырык жасаган" деп айыптоодо. Кагарлицкийдин жактоочусу Сергей Ерохов кылмыш ишин козгоого саясат таануучунун аннексияланган Крымдагы көпүрөдөгү жардыруу боюнча социалдык... Читать дальше...
Израилдин коопсуздук күчтөрү "кол салууга камданып бара жатышкан" делген үч палестиналыкты Батыш жээктин түндүгүндө, Женин качкындар лагерине жакын жерде жок кылганын билдирди. "Жакында эле Женин качкындар лагериндеги террорчулардын тобу теракт уюштуруу үчүн бараткан автоунаа аныкталды", - деп жазылат армия тараткан маалыматта. Аталган лагерде израил коопсуздук күчтөрү атайын операция жүргүзүп турат. Июнь айындагы кеңири рейддин жүрүшүндө 12 палестиналык жок кылынган. Миңдеген адамдар коопсуз жакка чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Читать дальше...
Болгариянын Улуттук кеңеши үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү жактырды. Буга 18 жаштагы кыздын зордук-зомбулукка кабылышы жана андан кийинки элдик толкундоолор түрткү болду. Кезексиз жыйынга чогулган депутаттардын 144ү мыйзамды колдоп, 58и каршы чыкты. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр никеде жана расмий мамиледе болбогон адамдан зордук-зомбулук көргөн аялды коргоого багытталган. 26-июнда Стара-Загора шаарында 18 жаштагы кызды сүйлөшкөн жигити уруп-сабап, чачын кырып, бети-башын тилип салган. Читать дальше...
Ысык-Көлдө эс алууда жүрүп каза болгон 23 жаштагы таластык жигиттин жакындары тергөө иштерине нааразы болууда. Алар маркумду киши колдуу болгон деп эсептешет. Милиция окуянын чоо-жайы териштирилип жатканын билдирди. Президент Садыр Жапаров бул ишти жеке көзөмөлүнө алганы кабарланды. 6-августта көл жээгинде туруп коомчулукка кайрылгандардын видеосу TikTok социалдык тармагы аркылуу тараган. Анда ондон ашык адам досубуздан айрылып калдык, аны бейтааныш адамдар сабап кетти, окуянын күбөлөрү бар деп айткан. Читать дальше...
Жыл башынан бери баңгизатка байланышкан 753 кылмыш аныкталды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти. Маалыматта 5 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынганы айтылат. Баңгичиликтин алдын алуу үчүн 180ден ашык иш-чара өткөрүлгөн. ИИМ 2022-жылы баңгизатка байланыштуу 463 кылмыш аныкталып, 11 лабораториянын ишине бөгөт коюлганын билдирген. Улуттук коопсуздук... Читать дальше...
Сауд Арабия Кыргызстанды конок визасы бериле турган өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 7-августта билдирди. Электрондук виза бир жылдык мөөнөткө берилет. Визанын бул түрүн алгандар Сауд Арабиянын аймагына көп жолу кирип, 90 күнгө чейин жүрсө болот. Конок визасы туризмге байланыштуу иш-чараларга катышууга, жарандардын үй-бүлөсүнө жана туугандарына барууга, эс алууга жана умра зыяратын аткарууга (ажылыктан тышкары) мүмкүнчүлүк берет. Читать дальше...
Салык кызматынын басма сөз кызматы ыктыярдуу легалдаштыруу жана мүлктөргө мунапыс берүү жараянынын алкагында 2 млн 377 миңден ашуун салык декларациялары жок кылынганын 7-августта билдирди. Анын ичинен 1 млн 503,1 миң декларация ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке жактарга, 321,5 миңи – салык салынуучу кирешеси жокторго, 553,1 миңи – мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жактарга таандык. Салык кызматы бул декларацияларды өрттөө жолу менен жок кылып, “Салык сервис” ишканасы ал документтердин баарын тиешелүү сайттан өчүрдү. Читать дальше...
Түркмөнстанда IMO социалдык түйүнү интернеттин ылдамдыгынын жайлыгынан иштебей калды. Башка кат алмашуучу платформалардын баары Борбор Азиядагы бул мамлекетте жабылган. Түркмөнстандыктар VPN аркылуу тыюу салынган сайттарды ачууга аракет кылып келишкен. Бирок интернеттин ылдамдыгынан улам бул да мүмкүн болбой калды. Cable.co.uk британиялык компаниясы жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, Түркмөнстан 224 өлкөнүн ичинен секундасына 0,50 мегабит Интернеттин ылдамдыгы менен акыркы орунду ээлеген. Документте... Читать дальше...
Кыргызстандык фермерлер быйыл өлкөнүн көпчүлүк аймактарында тоют жакшы болбой калганын коңгуроо кагууда. Айрымдар мал-жандыгынын туягын азайтып, сатууга аргасыз экенин айтып жатат. Мындан улам мал арзандаган. Ал тапта Айыл чарба министрлиги быйыл дагы тоюттун бардык түрлөрүн сыртка чыгарып сатууга убактылуу чектөө киргизилерин эскертти. "Жаан жок, чөп көтөрүлбөй калды" Нарын облусунун Кочкор айылынын тургуну Уларбек Абдрасулов миң баш ак кой багып, асыл тукум чарбасын иштетет. Ал быйыл чарбасындагы... Читать дальше...
Камбожанын падышасы 7-августта кол койгон буйрукка ылайык, өлкөнүн азыркы өкмөт башчысы Хун Сендин тун уулу Хун Мане кийинки премьер-министр болуп дайындалды. 45 жаштагы генерал Хун Мане Батыштан билип алып келген. Ал Нью-Йорк университетинде экономика боюнча магистр даражасын алган, ал эми докторлукту Британиядагы Бристоль университетинде жактаган. Камбожаны 38 жылдан бери башкарып келаткан Хун Сен өткөн айда бийликтен кетерин кабарлаган. Саясат талдоочулардын пикиринде Хун Сендин бийлиги маалына... Читать дальше...
Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды. Анын бөгөт чарасы 7-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды. Атайын кызмат 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Ал кармалгандан кийин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 8-августка чейин камакка алуу чечими чыккан. Читать дальше...
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз берген адамдарды каттоону улантып жатат. 7-августка карата беш адамды каттады, алардын арасында Эртай Искаков дагы бар. Эртай Искаков аталган округдан буга чейинки шайлоого да катышкан. Ал июлдун башында Бишкектеги таза сууга байланыштуу акцияда кармалып, сентябрга чейин камакка алынган. Шайлоо өнөктүгү маалында анын бөгөт чарасы өзгөрүп-өзгөрбөсү азырынча белгисиз. БШКнын маалыматына ылайык... Читать дальше...
Ысык-Көлгө май төгүлгөн окуяга байланыштуу бир моторлуу кайыктын ээсине 10 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аталган облустагы башкармалыгын жетекчиси Максат Кыштобаев билдирди. Анын айтымында, учурда мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу чаралары күчөтүлдү. "Биздин кызматкерлер химиялык анализ чыгаруу үчүн суунун, кумдун, топурактын үлгүлөрүн алышты. Анын жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат беребиз. Текшерүүдө майы аккан скутер аныкталып, анын ээсине айып пул салынды. Читать дальше...
Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринин ишине 6-августтан тартып убактылуу өзгөртүү киргизилерин билдирди. Ага ылайык, өткөрмө бекеттери жумасына жети күн бою эртең мененки сегизден кечки саат сегизге чейин иштейт. Жети күн бою тең жүк ташыган машиналар өткөрүлөт. Ал эми дүйшөмбүдөн жумага чейин (дем алыштан башка күндөрү) туристтерге, жеңил машиналарга жана жөө адамдарга өтүүгө уруксат берилет. Ишемби жана жекшемби күндөрү жүк ташыган гана... Читать дальше...
Бүгүн, 7-августта борбордогу “Манас” кинотеатрында Кыргыз Республикасынын эгемендик күнүнө карата жана ойчул, жазгыч акын Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI эл аралык айтыштын тандоо туру өттү. Ага өлкө боюнча 37 акын катышып, 8 акын кийинки баскычка жолдомо алышты. Алар: Азамат Болгонбаев, Баян Акматов, Акматбек Султан уулу, Чыңгызхан Кожошев, Изат Айдаркулова, Асылбек Маратов, Кубат Тукешов жана Кутман Садыбакасов. Тандоодон өткөн төкмөлөр 30-31-августта Ош шаарындагы Султан... Читать дальше...
Беларус оппозициясы Варшавада "Жаңы Беларустун" паспортунун таанытымын өткөрдү. Бул тууралуу "Азаттыктын" беларус кызматы жазды. "Жаңы Беларустун" улуттук паспортун ойлоп табуу чечими 2020-жылдагы жапырт куугунтуктоолордон кийин өлкөдөн чыгып кеткен беларус жарандары дуушар болгон кыйынчылыктардан улам жаралган. Аларга Беларустун чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө документ алуу же алмаштыруу дээрлик мүмкүн эмес. Бириккен өткөөл кабинеттин эл аралык иштер боюнча өкүлү Валерий Ковалевский... Читать дальше...
Тарых илимдеринин доктору, коопсуздук кызматынын запастагы полковниги Болот Абдырахманов “Ата-Бейит” улуттук-тарыхый мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы 7-августта билдирди. Болот Абдрахманов 1987-жылдан баштап Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы, кийин атайын кызматтын Ысык-Көл жана Чүй облустук башкармалыктарынын башчысы болуп иштеген. 2010-2011-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болгон. Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинети ломду жана кара металл калдыктарын, алардан жасалган куймаларды сыртка ташып чыгарууга салган тыюусун 7-августтан тартып кайрадан алты айга узартты. Бул тууралуу өкмөттүн сайты кабарлады. Токтомдун алкагында Экономика министрлигине Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына кабарлама берүүнү, Тышкы иштер министрлигине Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Аткаруу комитетине маалымат берүү тапшырмасы коюлду. Өкмөт бул чектөөнү 2022-жылдын августунда жарым жылга кабыл алып... Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Куляб шаарындагы жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди. Мындай маалыматты мекеменин басма сөз кызматы 7-августта таратты. 6-августта кечки саат 19:30дар чамасында Тажикстандын Куляб шаарында жүк ташыган машина жол четиндеги эки үйдү, бир канча жеңил унааны сүзүп кеткен. Дүйшөмбү-Куляб-Хорог жолундагы "Сомони" базарынын тушунда болгон кырсыкта 14 адам мерт болду. Кулябдын саламаттык сактоо бөлүмү мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экенин... Читать дальше...
8-августка караган түнү Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында эс алууда жүрүп каза тапкан 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. “Укук коргоо органдарына окуянын чоо-жайын ар тараптуу жана объективдүү иликтөө тапшырмасы берилди”, - деп жазды Султанбаев. Окуя 5-августта Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы көл жээгинде болгон. Жакындары ал киши колдуу каза болгонун айтып, бирок муну милиция... Читать дальше...
Кыргызстанда жогорку окуу жайларга (ЖОЖ) абитуриенттерди кабыл алуунун төртүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги 7-августта кабарлады. Кабыл алуу 9-август, саат 14:00гө чейин созулат. Кабыл алуунун биринчи туру 17-июлдан 19-июлга чейин, экинчи туру 24-июлдан 26-июлга чейин жана үчүнчү туру 31-июлдан 2-августка чейин уланды. Үч айлампада 20 миң 278 абитуриент университет, институт, коллеж жана башка окуу жайларга кабыл алынды. Абитуриенттер сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөрдү... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясы борбор калаадагы Чүй-Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон ок атышуу иликтене баштаганын билдирди. 7-августта таңкы саат 4:00дөр чамасында Бишкек шаардык милициясына ок атышуу болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн. Райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, беш жаранды кармаган. Кармалгандар 1995-жылы туулган А.Р. жана С.А., 1988-жылы туулган Т.Ф., 1983-жылкы И.А., 1985-жылы туулган А.А. аттуу жарандар болгон. Райондук милиция бул фактыны каттоого алып... Читать дальше...
Иранда 7-августа кийинки жылдын март айында өтүүчү парламенттик шайлоого талапкерлерди расмий каттоо башталды. Бул Ирандагы жүздөгөн адамдын өмүрүн алган нааразылык толкундоолорунан кийинки алгачкы шайлоо жараяны болуп калат. Ирандагы 1979-жылдагы Ислам революциясынан кийин президенттик жана парламенттик шайлоо үзгүлтүксүз өтүп келет. Бирок бийлик талапкерлердин ар бирин дыкат текшерип чыгат жана акыркы сөздү Ирандын жогорку руханий лидери Али Хаменеи айтат. Өлкөдө былтыр сентябрдан баштап бир... Читать дальше...