Мы в Telegram
Добавить новость

Вертолет президента Ирана совершил жесткую посадку из-за тумана

Животные вновь появились в экоцентрах Москвы

Baza: в соцсетях президента Ирана разместили пост с просьбой молиться за него

Mash: свадьбы в России летом подорожают на 30-50%



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Менсиз чөптүн башы кыбырабаса". Канды кудай урарда...

Шатман Садыбакасов аз, анысына жараша саз жазган калемгер эле. Алышкан ооруга баш бербей бир топ чыгармаларды жараткан. Алардын ичинен кыргыз окурмандары менен театр күйөрмандарына айтылуу “Ак боз ат” драмасы белгилүү.

“Азаттыктын” аңгеме сандыгынан сүрөткердин “Ырдын жаралышы” деген көркөм баяны тууралуу кеп кылсакпы деп турабыз.

Көркөм сөз, дегеле өнөр адам менен бийликтин мамиле-катнашы - тээ алмустактан бери келаткан чиеш маселе. Бийлик эгедери бул пенде баласына табият берешендик менен берип койгон өнөрүн өзүнө кызмат кылдырууга кызыкдар болуп келатат. Өнөр адамы үчүн эркиндиктен өткөн баалуу да, барктуу да нерсе жок. Ал деле капаста камалбай канатты кенен жайып көк асманда эркин учкусу келет. Мына ушул ой алдыда кеп болчу Шатман Садыбакасовдун “Ырдын жаралышы” аңыз баянында кызыктуу берилген.

Кыска өмүрүндө бир топ мыкты чыгармаларды жараткан калемгер өткөн менен бүгүнкүнүн өтмө катар байланышын дайыма негизги ой катары алдыга алып чыгат. Мындай сапатты анын "Мүнөз", "Жол түгөнбөйт", "Бир үзүм жалын", "Күндөр", "Сонун бала", "Жашыл өзөн", "Кең дүйнө" сыяктуу китептерин окуган адам байкай алат. Ал эми автор өзү “легенда” деп кошумча ат берген көркөм баянында эмнеликтен пенде баласы көркөм өнөргө ыктайт, уккан чыгармасын унутпай эстеп, андай дүйнөнү жараткандарды баалап-баркташынын себеп-жөнүнө токтолгон.

"Менсиз чөптүн башы кыбырабаса..."

Чыгармада бир да каармандын аты-жөнү айтылбайт, баарысы: хан, койчу, анын колуктусу дагы башкалар - жалпылама аталыш менен баяндалат. Бийлик эгедеринин пенделик турум-турпаты таасын, таамай сүрөттөлөт.

“Хан минген тулпарын камчылануудан эринет. Алтын таажысын көзүнө баса кийип, ыксырап ойлонуп баратты: "Ох, баары мага ушинтип баш ийсе... Жалгыз мен гана акылдуу болсом... Менсиз жел үлп этпесе, чөптүн башы кыбырабаса. Менсиз күн чыкпаса... Колду жазгап койсом эле суу акпай калса".

Ким билет, хан дагы эмне ойломокчу. Бадалда уктап жаткан элик шыбырттан ойгонуп, койкоңдоп карай калды да, ары секирди. Хандын буулуккан тулпары жалт берип үркүп, хан оңкосунан сайылды.

Мына, балаа!.. Хан ордосуна жетип, буурадай буркулдап каарын төктү. Хандын амирине шек келтирип, аны жакшы кайтарышпагандыгы үчүн, бүгүнкү ээрчиген нөкөрлөрдүн башын кестирди. Анан эмне? Ошолордун аңкоолугунан хан-хан башы менен жапайы макулуктан ыза тартты.

Эртесинде эликтүү токойду жаа тарткычтарга тегеректетип, туш-тушунан өрт койдурду:

– Тукумун куруткула! Тирүү жандык чыкпасын! Ким жанынан өткөрүп жиберсе башы алынат!

Токой чатырап күйүп, көк түтүн асманды чүмкөдү. Буркурап арча жыттанып, безенип булбул сайраган токой ыш жыттанды. Асманда учкан канаттууларга от жармашып, жандыктар чыркырап куйкаланып чуру-чуу түштү. Жер чыдай албай таштар эриди. Күзгүдөй асманга, кулпурган шиберге көө сапырылды.

Хандын өчү канып, бөйрөгүн таянып, учкаяк тулпарында ары-бери бастырып карап турду.”

А бирок түнт токой өрттөнүп, күнөөсүз жандыктар куйкаланып, бак-дарактар чатырап алоо жалынга капталганы өкүмдардын ачуусун баспай, жанындагыларга зиркилдеп ат ойнотуп турду. Бийлик эмнени кылдырбайт, айтканы айткандай, дегени дегендей аткарылып турса, көзүнүн агы менен тең айланган кошоматчылары, кызматчылары, нөкөрлөрү, дайыма коштоп жүрчү адамдары анын кулагына майдай жакчу гана мактоо сөздөрдү айтып турушса, ошого көнгөн. Бул дүйнөдө андан акылдуу, андан мыкты адам жоктугун саймедирешет. Андай сөздөр кулагы аркылуу кирип дене-боюн балкытып, ички сезимин дүргүтүп ийет. Мына, ат шабыртынан үркүп качкан элик үчүн бүт токойду өрттөтүп салды. Жанындагылардын бирөө да “өкүмдар, коюңуз, мунуңуз туура болбой калды” деп айта албайт. Хан каалаганын жасайт, аны өкүмү - башкалар үчүн сөзсүз аткарылуучу мыйзам, милдет. А бирок ар бир кадамдын каршысында ага каршы кадам, аракет турат. Токой кызыл жалынга капталып, өрт күчөп жатканда “алоолонгон жалындын арасынан кыпкызыл элик жебедей атылып чыкты да, түптүз эле ханды көздөй бет алды. Анын маңдайына таамайлаган хандын жебеси асманга кайыды. Көз ачымдай болгон жок, кызыл элик так түйүлүп, хандын чокусун уюта алтын таажысын тээп өттү”.

Тыптыйпыл талкаланган айыл

Мунусу - бийликке каршы туруу, өкүмдардын эркине каршы чыгуу. Жебедей тик сайылып ханга каршы секирген эликтин артынан чапты. Куугун башталды. Туягы жерге тийип-тийбей асман менен жердин ортосунда калкыган алтын туяк эликке хандын күлүк аты бурчатпай жетти. Кылычын көккө серпип бут алдында арыш керген макулукту бөлө чаап салууга беленденди. Шилтенген кылыч эликтин сереңдеген куйругун бөлө чапты, бейкүнөө жаныбардын чолок куйрук болуп калышы ушундан экен. Айласы куруган элик жолундагы калың айылга бура тартып, кара алачыкка кире качты.

“Ал жердеги эл ыйлоо, кайгы дегенди билген эмес. Ээн-элкин жашаган. Хандын бийлигин укпаган, бири-бирине чоңдук кылбаган, жандыктар алардын үйүнө уктап, балдарын ээрчитип, тирсийген эмчегинен сүт агызган...

Эл жаралуу эликти жашырып, ханды кубалап жиберишет.

Көп убакыт өтпөй бул элдин башына каран түн түштү. Кылычын кайрап хандын кутурган нөкөрлөрү аттанды. "Хан - Кудайдын уулу. Жер үстүндөгү кыбырагандын баары ага баш ийиш керек!".

Хандын нөкөрлөрү айылдын четинен алааматты баштады: жаш балдарды найзанын учуна сайып ыргытышты. Чоңдорду бир жерге топтоп балтыркандай туурашты. Кара кочкул кан суудай шаркырады. Хандын өзү апаппак эгиз баланы кабаттай сайып, алардын көсөөдөй капкара энесине кылычын шилтеди. Капкара эне өлбөдү! Кылыч тийгенде анын денеси жарк дей түшүп, эки бөлүндү да жылдыз болуп күйүп асманга учту...

Хандын кулагы дүңгүрөп, кылычы колунан түштү. Болуп көрбөгөн шумдукка делдейишкен нөкөрлөрүнө буюрду:

– Бул жөнүндө бизден башка билбесин, эч ким укпасын...”.

Өкүмдардын айтканындай болду. Касиеттүү сыр эч кимдин оозунан чыкпады. Эки баласынан ажыраган кара кийимчен келиндин күйөөсү – койчу бир жактан кечирээк келип канабайрамды кийин көрүп калган. Эгиз баласы өлүп, келинчеги дайынсыз жок болуптур. Кан суудай төгүлгөн алааматты көрүп ыйлайын десе үнү чыкпай, айласы куруп бакырып-бакырып алды. Анан ый да келди, байкуш койчунун көзүнөн мончок-мончок жаш кетип, үнү бүткөнчө ыйлады. Аны соороткон да жан болбоду. Тирүүнүн баары өлүп, ырыс-кут конгон айыл кара жамынып калган. Пенде баласынын кайгысын билдирүү ошентип ыйга өтүптүр. Акыры ага шайы келбей калган соң койчу кандай да болсо залым хандан өч алмай болду.

Ыр

Буга чейин пенде баласы бирин-бири жок кылмайды, бейкүнөө макулукту өлтүрүүнү билбеген койчу таап алган оюна таң калып, анысына бир алдын кубанып кыңылдап ырдап жиберди.

“Ал ырында кордук тартып кырылган айылын, көркүнөн ажыраган жерин, эгиз баласынын өлүмүн, жаш колуктусунун жоголгонун ырдайт. Зулум хандын бийлигин тебелеп, ордосун өрттөөнү самайт. Асман, Жерден жардам сурайт.

Койчунун ыры чыгар менен кара туман сүрүлүп, жадырап күн чыгат, гүл жайнайт. Канаттуулар учуп-конуп сайрап, токой жашыл жалбырак жамынып арасына татынакай жандыктар келет. Тынчып калган суулар бууракандап ага баштайт.

Асманга жылдыз болуп кубулган колуктусу түшүп келип:

– Мен эми сенин ырыңда гана жашай алам! Менин өмүрүм сенин ырыңда... Сенин ар бир ырың жылдыз боло берет дейт.

Койчунун обону айлананы жаңыртып улам кубулуп, бийиктеп, тоолорду тешип, мелмилдеген деңизге чейин кулачтайт. Анын ырына баары кулак түрүп, баары ханга кыжырдана баштайт. Койчуну өзүнүн ыры колтуктап тургузуп, колунан жетелейт. Жер силкинип, жылдыздар көбөйүп, жумуштан чарчагандар көңүлдүү жүрүшөт.”

Ый артынан жаралган ыр акыры ханга да жетет. Ордодо жатып эриккен өкүмдар бир күнү сыртка чыкса табият жанданып, тоо-таштын арасында койчунун үнү жаңырып калыптыр. Бул жерде хандын гана үнү бийик чыгып, оозунан чыккан сөздөрү мейкинден-мейкинге жетип, тоо-талаада ошол гана жаңырып турушу керек эле.

Арманын ыйдан эмес ырдан чыгарып жаткан койчуну хан апачык өлтүрүүдөн чочулап желдеттерине карматып ордосуна алып келип зынданга салдырды. Койчунун басканын тыйганы менен талаа-түздө жаңырган ырын тыя албады. Ырды темир дарбазалар, алтынга чулганган үйлөр тосо албайт экен. Шаар дебей, айыл дебей, тоо дебей, талаа дебей бардык жерде жаңыра берет тура. Анын мындай касиетин билбептир. Хандын айласы кетти. Баарынан коркунучтуусу, койчунун ыры ханды кайтарган жан сакчылардын, ордодо кызмат кылгандардын да көңүлүнө төп келип, баары ырдап калышканы куйкасын куруштурду.

Айтканы эки болбогон өкүмдардын кайсы бир кайгыга малынган койчунун ырын токтото албайт дегени эмнеси! Ыр уккандардын жашытып, шыктандырып, сезимине канат байлап учуруп, өрөпкүтүп, мурда тынч жүргөн жөн жай калкты өзгөртүп жиберди, баарын кыялданууга, үмүт менен жашоого чакырып жатты. Өнөр деген ушундай касиетке ээ турбайбы. Баарынан ажыраган тирүүнүн өлүгү болуп калган койчунун ыры дүйнөнү дүңгүрөтүп турган өкүмдарды ушунчалык бейпайга салабы? Хандын деле бир көрпенде экенин, ал деле башкалардай бир күнү өлүп каларын ойлогон эмес экен.

Баштаган ишин аягына чыгармайын жаны тынбаган хан үнүн баспаган койчуну биротоло жок кылууга киришти. Анын айтканын илгиртпей аткарчу желдеттерине ээн талаада чоң чуңкур каздырып, ага койчуну отургузуп, үстүнө куу отунду үйдүрүп өрттөөгө буйрук берди. Ширедей капкара койчуну өрттөп учкаяк тулпарынын тизгинин ордосун карай бурганда “ырга өлүм жок!” деп кызыл чоктун арасынан тигиниси ырсайып чыгып келе жатпайбы.

Өң-алеттен кеткен өкүмдар желдеттерине кыйкырып, алар койчуну бөлө чаап, анын кызыл каны жерге гүл болуп төгүлүп, мындай шумдукту көрбөгөн хандын жүрөгү жарылып каза болду. Айтса, ал күнү хандын “сулуу кызы койчунун ырына ашык болуп, чынардын бутагына чыгып ырдап олтурган экен.” Адамдар ыйдан тажап, муңдан кутулуш үчүн ырга өтүшөт, ошондон ал ыйдан бийик туруп калган экен.

“Суулардын күркүрөп акканы, зоокалардын жаңырыгы, булбулдардын сайраганы, кыздардын күлкүсү... Баары койчунун ыры, койчунун обону.

Эгерде кайгы басса да тиги асмандагы жылдыздай күлүп турса, ал анык адам! Жылдыздай жаркырап түбөлүккө тура бермек.”

Адам турмушун алмустактан бери коштоп келаткан ый менен ырдын чыгыш теги тууралуу эл арасында айтылып келаткан уламыштын Шатман Садыбакасов иштеп чыккан көркөм маани-мазмуну ушундай. Жазуучу бийлик менен өнөр ортосундагы тирешти, байланышты элдик учкул кыялдан жаралган апсанага айлантып, түпкүлүк оюн көркөм формага ыктуу кыйыштыра алган.

Жазуучулук чеберчилик, көркөм ойду ыктуу туюнтуунун мисалы дегенибиз ушул.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Блинкен: США будут сотрудничать с ЕС по санкциям против КНР из-за ее поставок РФ

Сезон отчетных концертов открылся в Лобне

МЧС: плотный туман в Москве продержится до 7 утра 22 мая

В Люберцах 40 детей-сирот обеспечат жильем в этом году

Музыкальные новости

Прощание «Спартака» с Джикией, «Зенит» в гонке за чемпионство. Итоги игрового дня РПЛ

Наследие Шаляпина и Рахманинова представили на выставке-форуме «Россия»

"Спартак" обыграл "Рубин" со счетом 3:1

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Новости России

В Москве женщина оставили двухмесячного младенца у входа в супермаркет и ушла

Полиция задержала несколько человек после стрельбы в Москве

Лубянка — Трубная: детские сказки и взрослые ужасы

Ещё одна страна хочет стать полноправным членом БРИКС

Экология в России и мире

Выставки индустрии моды в Москве

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы

Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Спорт в России и мире

Звонарёва проиграла американке Крюгер в квалификации турнира в Страсбурге

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Шнайдер вышла в финал турнира WTA-125 в Париже, обыграв Грачёву

Moscow.media

Чесменская церковь.Санкт-Петербург

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса











Топ новостей на этот час

Rss.plus






До конца года в Москве проведут почти в 2 раза больше операций, чем в 2023 году

Новую платформу Атома показали в приложении

В ЯНАО ожидается штормовой ветер

Сезон отчетных концертов открылся в Лобне