Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Москвада Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен мигранттардын көйгөйлөрүн талкуулады. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы 24-августта билдирди.
Жамиля Жаманбаева Орусияда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу, Милдеттүу медициналык камсыздандыруу полисин алуу, мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуу, эмгек укуктарына байланыштуу көйгөйлөр бар экенин белгиледи.
“Биз албетте, жогоруда аталган маселелерди чечүү убакытты, ошондой эле Орусиянын башка мамлекеттик органдарынын активдүү өз ара биргелешип иш алып баруусун талап кыларын түшүнөбүз. Биз тараптан да адам укуктары маселелерин илгерилетүү боюнча болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”,-деди Жаманбаева.
Акыйкатчы билдиргендей, Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен бирге кыргыз мигранттарынын маселелерин чечүүнүн алгоритми даярдалып жатат.
Алар жолугушуунун алкагында кыргыз мигранттарын чогуу кабыл алып, суроолоруна жооп берип, юридикалык жардам көрсөтүштү.
Москалькова кыргыз диаспоралары көтөргөн мигранттардын көйгөйлөрү Орусиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен талкууланып, чечиле турганын билдирди.
Расмий маалымат боюнча Орусияда жашап, иштеген 1 миллиондон ашуун кыргызстандык бар. Алар соңку кездери текшерүүлөр күчөп, мигранттарды кармап кетип жаткан учурлар көбөйгөнүн айтышууда.