Токмоктогу "Ай Кью" жеке мектебинин быйылкы 84 бүтүрүүчүсү аттестатын убагында албай калгандыктан өзүлөрү тандаган жогорку окуу жайына өтүүдө кыйынчылыкка туш болуп жатышканын бүгүн 24-августта акыйкатчынын кеңсеси билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын кайрылуусунун негизинде Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларына документ кабыл алуунун кошумча (бешинчи) турун жарыялады. Акыйкатчы маселенин оң чечилишин жеке өзү көзөмөлдөп, министрликтен бүтүрүүчүлөрдүн укугу сакталышын талап кылып жатканы маалымдалды.
“Окууга тапшыруу укугунан ажырап калганына карабастан жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларына документтерин тапшырышкан. Бирок аттестаты жок болгондуктан аларды окуу жайына каттабай коюшкан. Арыз менен кайрылган ата-энелердин айтымында, бүтүрүүчүлөр эки турдан тең өтүшкөн, бирок алар көздөгөн орундар аттестаты жоктугунан жоюлуп кеткен”, - деп билдирди Акыйкатчынын кеңсеси.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аттестат тапшыруу чечимин кабыл алганын өкмөттүн басма соз кызматы 1-августта кабарлаган.
Аталган мектепти экстернат (эки жылдык окуу программасын бир жылда аяктоо) ыкмасы менен аяктаганын айткан 84 улан-кызга 11 классты окуганы тууралуу аттестация берилбей калганын ата-энелер июль айында айтып чыгышкан жана министрликтен бул маселени чечүүнү талап кылышкан.
Министрлик аталган мектепте күндүзгү жана сырттан окуу боюнча уруксат бар экенин, ал эми экстернатка соңку үч жылдан бери уруксат сурап келе жатканын, бирок андай укук берилбегенин билдирген.
Былтыр аталган мектеп 19 улан-кызга аттестат берген. “Лицензиясы жок болсо, аларга аттестат эмненин негизинде берилген?” деген суроого 14-июлда министрдин орун басары Токтобүбү Ашымбаева жооп берген. Ал аталган аттестаттар мыйзамсыз берилгенин жана бул боюнча юридикалык баа берүү үчүн укук тартибин коргоо органдарына кайрылышканын маалымдаган. (RK)