Мы в Telegram
Добавить новость

Блогер Портнягин обжаловал решение суда о домашнем аресте

Ведущая Виктория Боня подарила свое фото в белье сыну Алены Водонаевой

В РФ утвердили правила получения статуса для художников-ювелиров

РКН: «Википедия» по-прежнему не удалила 187 противоправных материалов



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2023

Новости за 22.02.2023

Azattyk.org 

“Керемет Банктын” иши боюнча УКМКнын дагы бир кызматкери кармалды

Бишкектин Октябрь райондук соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Өздүк коопсуздук кызматынын С. Э. К. аттуу улук кызматкерин тергөө бүткүчө камакка алды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка ылайык, ал Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайына (гауптвахта) 21-апрелге чейин камалды. УКМКнын кызматкерин “Керемет Банктын” иши боюнча иликтеп жаткан Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын тергөөчүлөрү кармашкан. Башкы прокуратура 2022-жылдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ элчиси Лесли Вигери менен Акылбек Жапаров кызматташтыкты талкуулады

22-февралда Бишкекте Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолукту. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Твиттердеги баракчасында кабарлады. Маалыматта айтылгандай, алар АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык жана климаттык кызматташтыкты, өзгөчө креативдүү экономика тармагында алаканы тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты Кыргызстандын Министрлер кабинети бул боюнча өз сайтына маалымат жарыялай элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1,5 миллион доллар легалдаштырылганы аныкталды

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабанда менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы текшерүү иштеринин жүрүшүндө жасалма документтерди пайдалануу менен каражаттарды легалдаштырган фактыларды аныктады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды. Анда айтылгандай, Кыргызстандагы “С.С.” аталышындагы фирма эл аралык товардык-акча которууну ишке ашыруу шылтоосу менен Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдүн бириндеги юридикалык жак менен келишим түзгөн. Фирма сырттагы компанияга жабдууларды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт райондук кеңештерди түзүүнү 2025-жылга калтырууну сунуштады

Министрлер кабинети Кыргызстанда райондук кеңештерди түзүү демилгесин сунуштады. Бул тууралуу 22-февралда тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралып жаткан учурда маалым болду. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев баяндама жасады. Ал учурда пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунда... Читать дальше...

Azattyk.org 

Иран "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президентине санкция салды

Иран бийлиги “Эркин Европа/Азаттык” медиа корпорациясынын президенти Жейми Флайды санкциялык тизмеге киргизди. Анын аты-жөнү Евробиримдик менен Улуу Британиянын Тегеранга каршы санкцияларына жооп иретинде түзүлгөн кара тизмедеги 40 кишинин жана уюмдардын катарына кошулган. Тегерандын расмий билдирүүсүнө ылайык, санкциядагы адамдардын өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат, эгер Иранда мүлктөрү болсо конфискацияланат. Декабрда "Азаттык" радиосунун Иран кызматы жана франциялык Charlie Hebdo журналы ислам жумуриятынын санкциялык тизмесине киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Уруксатсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракети башталды

Бийлик Бишкекте мыйзамсыз курулган көп кабаттуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу аракетин баштады. Ал үчүн мунапыс мыйзамы жазылып жатат. Министрлер кабинетинин маалыматына караганда, коопсуздук талаптарына жооп берген жана уруксат алынган жерге түшкөн объектилерге гана документ берилет. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жана Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясында көтөрүлүп, ар кандай пикирлерди жаратты. Түркия жана Сириядагы жер титирүүлөрдүн курмандыктары менен кыйраган үйлөр Кыргызстанда курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Азаттыкчы" Кыяс Молдокасымовдун алтымышынчы жазы

Тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү коомдук ишмер Кыяс Молдокасымов 1998-2005-жылдарда "Азаттыктын" Бишкектеги бюросун жетектеген. Ал быйыл 60 жашка толду.    Мээнеткеч багбан, илимдеги балбан “Азаттыкка” ишке кирип, Бишкек бюросуна баш баксам Кыяс агай жетекчи экен. Токтоо, салмактуу, ошол эле маалда жумшак юмору бар адамдыгын байкадым. “Азаттыктын” интернет сайты кыргыз тилдүү интернет сайтардын бири катары 2003-жылы өз ишин баштады. Мен Жыргалбек Касаболотовдон кийин редактор катары түйшүктөнүп, 2005-жылдын 31-мартына чейин иштедим. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик Дума АКШ менен өзөктүк куралды чектөө келишимин токтотууну колдоду

Орусиянын Мамлекеттик Думасы АКШ менен өзөктүк куралды чектөө боюнча келишимди токтотуу тууралуу президенттин мыйзам долбоорун колдоду. Депутаттар 22-февралда бир добуштан жактырган документти палатага бир күн мурун Владимир Путин тапшырган. СНВ-3 деген ат менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө келишимине 2010-жылы Прагада Орусия менен АКШнын ошол кездеги президенттери Дмитрий Медведев жана Барак Обама кол коюшкан. Путин президент катары келишимди 2026-жылга чейин узарткан. Аны убактылуу токтотуу жагы каралган эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада тууралуу даректүү тасма тартылды

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу даректүү тасма тартылды. Ал баш калаада 27-февралда көрсөтүлөрүн уюштуруучулар кабарлашты. "Who is next?" (Кийинки кезек кимде?) деп аталган тасмада күч менен уурдалып, зордукталып, өлтүрүлгөн Айзаданын кейиштүү тагдыры чагылдырылган. Уюштуруучулардын билдирүүсүндө, тасмада мындай көрүнүш кооптуу кесепеттерге алып келери баяндалган. Анда тергөөнүн шалаакылыгы да көрсөтүлгөн. Иш-чара жөнүндө бул жактан окуңуз. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мектепке берилген белектин чуусу, Ташиевдин кайрымдуулугу

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы мектептердин бирине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилди делген компьютерлердин айланасында талаш-талкуу кызыды. Ушул айдын башында он компьютер берилгенин айтып чыккан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнов болсо бул техника Дүйнөлүк банктын долбоорунун негизинде алынганын билдирген жана мындан көп өтпөй эле күтүүсүз кызматтан кеткени белгилүү болгон.  Бул окуядан улам жогорку бийликтеги адамдардын кайрымдуулугу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Активист Капалова балдарынын күбөлүгү боюнча Конституциялык сотко кайрылды

Активист Алтын Капалова балдарынын күбөлүгүндөгү "атасынын аты" деген графа боюнча Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу Конституциялык соттун сайтында жазылды. Анда активисттин кызыкчылыгын коргогон Элвира Тилек кызы менен Айнура Осмоналиеванын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамынын 30-беренесинин (“Атын өзгөртүү”) 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы Конституцияга шайкеш келерин текшерүү жөнүндө арызы өндүрүшкө кабыл алынганы жазылган. Арыз ээлери тиешелүү мыйзамда эненин укугу атаныкынан төмөн болуп калганын... Читать дальше...




Azattyk.org 

“Баланы кароосуз калтырба”. Магнит, тыйын жутуп...

Идиш-аяк жууган, даараткана тазалаган хлору көп суюктуктар, автоунаанын аккумуляторунун суюктугун ичип алган жаш балдардын саны акыркы жылдары кескин көбөйгөн.Бишкектеги балдардын тез жардам ооруканасына жылына 200дөй бала оозу, кызыл өңгөчү жана ашказаны күйүп кайрылат.

Azattyk.org 

Депутат Аматов уруксатсыз курулган кабат үйлөргө мунапыс бербөөгө чакырды

Уруксатсыз курулган кабат үйлөрдү мыйзамдаштыруу демилгесине каршы пикирин билдирген шаар депутаты Рысбай Аматов Шаардык кеңешти бул маселе боюнча принципиалдуу позициясын билдирүүгө чакырды. Шаардык парламенттин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын 22-февралдагы отурумунда борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар маселеси талкууланып жатканда ал талаштуу үйлөрдү мыйзамдаштыруу өнөктүгү буга чейин да болгонун, бирок анда бир кабат жеке үйлөргө документ берилгенин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда былтыр 500дөн ашык кишиге кайрылман макамы берилди

2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга кайрылман макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында билдирди. Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Ооганстандан келген кыргыздар. Жогорку Кеңештин 22-февралдагы жыйынында депутат Улан Примов демилгелеген “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Арча": №47 абактын ордуна үй куруу пландалып жаткан Ленин районунда парктар бир гана пайызды ээлейт

Бишкектин Ленин районунда мурдагы №47 колониянын ордуна парк куруу демилгесин көтөрүп жаткан экологиялык уюмдар бул райондун аймагынын 1 пайызын гана парктар жана бакчалар ээлей турганын аныктап чыгышты. Бул шаар боюнча эң начар көрсөткүч экенин белгилеген “Арча” демилгеси” коомдук фондунун маалыматына караганда, район калкынын 74% бак-дарак арасында сейилдөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Аталган маселеге байланыштуу фонд 3-мартта “Шааркана: Эмне үчүн колониянын ордуна парк керек?” деген темада талкуу уюштурганы жатат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Казакстанда журналист Данияр Молдабеков сабалды

Казакстандык журналист Данияр Молдабеков беткапчан белгисиз бирөө үйүнүн кире беришинде сабап кеткенин билдирди. "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы 22-февралда окуя болгон жерге барганда "Тез жардам" кызматы журналистке көмөк көрсөтүп жатканына, полиция өкүлү жүргөнүнө күбө болгон. Журналист медициналык текшерүүдөн өтүп, күч органдарына арыз жазарын айтты. RespublikaKZ.media сайтына орчундуу темаларда макала жазып жүргөн Данияр Молдабеков соңку учурларда журналисттерге жасалып жаткан чабуулдар жөнүндө пикирин айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзбекстан жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга жардам жөнөттү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга гуманитардык жардам жөнөтүлдү. "Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги" (УЗа) кабарлагандай, 21-февралда Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтери уюштуруп, жөнөткөн 50 тонна жүктө балдар менен аялдарга кийим-кече, тиричилик техникасы, кургатылган жемиштер, төшөнчө, консерва, гигиеналык каражаттар бар. Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү, ишкерлер жана карапайым калк Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга 170 тонна гуманитардык жардам чогултуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Буура районунун аталышы Айтматов деп өзгөртүлөт

Парламенттин 22-февралдагы жыйынында Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын Ормон хан, Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылын Кайрагач, Таластын Кара-Буура районундагы Чимгент айылын Чолпонбай, Кара-Буура районун Айтматов деп атоо тууралуу мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды. Өткөн жылдын октябрь айында Министрлер кабинети айрым райондор менен айылдардын аталышын өзгөртүп, өлкөнүн белгилүү инсандарынын ысымын ыйгарууга багытталган мыйзам долбоорун сунуштаган. Анда мыйзам долбоору мамлекеттик кызыкчылыктарды... Читать дальше...

Azattyk.org 

Оор кылмышка айыпталган кыргызстандык Испаниядан Бишкекке алып келинди

Испаниянын Юстиция министрлиги Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын оор кылмыш жасагандыгы боюнча издөөдө жүргөн айыпкерди экстрадициялоо тууралуу суроо-талабын канааттандырды. Бул тууралуу негизги көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, айыпталуучу 2021-жылы бир жаранды бычактап, ден соолугуна оор зыян келтирип, өлкөдөн качып кеткен. Ага карата укук коргоо органдары эл аралык издөө жарыялап, Испаниянын Мадрид шаарында кармалган. Шектүү 2023-жылдын 22-февралында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусия Өзбекстандан курулушчуларды тартуу долбоорун токтотту

Орус өкмөтү 21-февралдан тарта өзбекстандыктарды "курулуш, өндүрүш жана айыл чарба иштерине орноштуруу" долбоорун токтотту. 2021-жылы октябрда коронавируска байланышкан чектөөлөрдөн улам Орусиядагы курулуштарга Өзбекстандан мигранттарды тартуу боюнча пилоттук программа иштей баштаган. Ага ылайык, өзбек жарандары Орусияга кирүү үчүн зарыл болгон документтерди текшерүү, манжа издерин тапшыруу жана коронавируска каршы тесттен өтүү сыяктуу талаптарды Өзбекстандын аймагында эле аткара баштаган. ... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ишканаларда тамеки чегүүчү жай уюштурууну милдеттендирүү сунушталууда

Кыргызстанда мамлкеттик мекемелерде жана менчик түрүнө карабастан бардык ишканаларда чылым чегүүчү атайын жай уюштурууну милдеттендирген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Жогорку Кеңештин сайтындагы документке ылайык, тамеки чегүүчү атайын жайда желдетүү системалары, өрт, санитардык коопсуздук талаптары болушу керек. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде өлкөдө тамеки чеккен адамдардын саны жылдан-жылга көбөйүп жатканы айтылган. Долбоордо 14 жашка чейинки балдарды тамеки, электрондук чылым... Читать дальше...

Azattyk.org 

Атакеев: Мунапыс талаштуу үйлөрдүн баарына эле бериле бербейт

Бишкекте уруксатсыз курулган кабат үйлөрдүн баарына эле мунапыс бериле бербей турганын бүгүн 22-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментинин Бишкек боюнча башкармалыгынын башчысы Жоодарбек Атакеев билдирди. Атакеев андай объекттердин саны 35ке жеткенин, баары менен пайдубалы казыла баштагандан бери соттошуп келатышканын, курулушун дароо токтотууга мыйзам уруксат бербей турганын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Милиция Кой-Таш окуясында жай тургун каза болгону тууралуу маалыматты четке какты

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен экс-депутат Ирина Карамушкинанын Кой-Таш окуясында жай тургун каза болгону жөнүндө билдирүүсү тастыкталбаганын кабарлады. Милиция 14-февралда абактан бошотулган Алмазбек Атамбаевдин 2019-жылдын 7-8-августундагы окуяларда жай тургун өлгөнү тууралуу айтканы текшерилгенин билдирди. Белгисиз жигиттин өлүмү тууралуу маселе көтөрүп жүргөн мурдагы депутат Ирина Карамушкина да милицияга чакырылып, сурак берген. Ал төрт жыл мурдагы окуяларда бир киши каза болуп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратып, 22-февралдагы жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош, Суусамыр-Талас-Тараз, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Бишкек-Нарын-Торугарт, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Ош-Сары-Таш-Эркештам жана Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү ыктымалдыгын эскертти. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 23-февралда Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында кар түшөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өзгөндө бир үйдөн үч наристе иске ууланып чарчап калды

Өзгөндө бир үй-бүлөдөн үч наристе иске ууланып чарчап калганын Ош облустук милициясынан “Азаттыкка” 22-февралда билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 3-февралда Мырзаке айылында болгон. Төрт, үч, бир жашар кыз жана алардын 26 жаштагы апасы өз үйүндө көмүрдүн исине ууланып калышкан. Келин аман калып, ооруканага түшкөн, ал эми кыздарын сактап калуу мүмкүн болгон эмес. Милиция күбөлөрдү сураштырып, териштирүү баштаган. Туугандары арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертиза өткөрүүдөн баш тартышкан. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

МК: вышедшая замуж за приемного сына певица Айсылу подала на развод

Шойгу призвал повысить объёмы поставок вооружения и техники в армию

Шоувумен Алиана Устиненко заявила, что получала более 500 тыс. рублей за "Дом-2"

Развожаев предупредил севастопольцев о тренировке флотских расчетов ППДО

Музыкальные новости

В Ульяновской области объявили победителей зонального этапа фестиваля-конкурса «Культура – это мы»

VIII Международный кинофестиваль «17 мгновений…» имени Вячеслава Тихонова объявил победителей

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

Новости России

У путіна погрожують Заходу через заморожені активи

В Иркутском музыкальном театре готовят премьеру спектакля ко Дню Победы

В Москве спасение кота, застрявшего в стене дома, попало на видео

Где появился Первомай и кто начал его праздновать раньше всех

Экология в России и мире

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Уголовное дело против известного российского политолога Михаила Александрова является фальсификацией бакинского режима

Спорт в России и мире

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

16-летняя теннисистка Андреева обновила рекорд турниров WTA-1000

Андреева обыграла Паолини и вышла в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Moscow.media

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Google вложит 2 миллиарда долларов в дата-центр в Индиане

В Евпатории появится уютный жилой квартал “Кубики”

"Банда четырех" против демократии











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Россияне полюбили Changan, продажи выросли на порядок (в 9 раз) за последний год

В столичных кафе предложат особое меню в рамках проекта «Московский завтрак» - Сергунина

Шойгу призвал повысить объёмы поставок вооружения и техники в армию

МК: вышедшая замуж за приемного сына певица Айсылу подала на развод