Тажикстандын статистика боюнча агенттигинин башчысы Жамшед Нурмухаммадзода өлкө өткөн жылы коңшу мамлекеттерге 106 миллион долларлык электр энергиясын экспорттогонун билдирди. Маалыматка караганда, былтыр Ооганстанга 1,7 миллиард киловат саат жана Өзбекстанга 1,6 миллиард киловат саат электр энергиясы сатылган. Нурмухаммадзода башка өлкөлөргө да анча чоң эмес көлөмдө электр жарыгы сатылганын белгилегени менен ал кайсы өлкөлөр экенин ачык айткан жок. 30-январда энергетика министри жана «Барки Точик»... Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу жер титирөөдөн набыт болгондор 40 миңге чукулдады. Кемпир-Абад иши боюнча тергөө абагында жаткан жарандык активист Перизат Суранова саламаттыгы начарлагандыктан ооруканага жеткирилди.
Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жолугушуп, бир катар маанилүү багыттар боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушуу алгач чакан жана кеңейтилген форматта өттү. Расмий маалыматка караганда, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо жана кеңейтүү маселелерин, банк чөйрөсүндө, гидроэнергетикада, жашыл экономикада өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүгүн жана башка маселелерди талкуулашты. Читать дальше...
Кыргызстандын Финансы министрлигинин 14-февраль саат 17:00гө карата маалыматына караганда, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 17 млн. 807 миң сомдон ашуун жана 13,5 миң рубль түштү. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча жардам чогулткандар болууда. Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга акчалай жана гуманитардык жардамдар... Читать дальше...
Кыргызстанда бийлик жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамдын ордуна сунуштаган жаңы долбоорунун үчүнчү вариантын иштеп чыкты. Журналисттер сунуш-пикирлери жоопсуз калып жатканын айтса, бийлик өкүлдөрү талкуу тийиштүү деңгээлде экенин белгилөөдө. Мыйзам долбоорунун үчүнчү варианты иштелип чыкканы жумуш тобуна 11-февралда маалым болгонун топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков билдирди. Аманбеков президенттик администрация мыйзамды өзгөртүүгө эмне негиз болгону тууралуу... Читать дальше...
14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал абактын оозунда туруп өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин журналисттерге айтты. Тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, Испанияга учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи. Атамбаев сөз арасында бийликте турганда маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү. "Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Читать дальше...
Түркия менен Сирия чектешкен Хатай провинциясында зилзалада каза болгон келиндин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. 37 жаштагы кыргызстандык келин соңку алты жылдан бери Хатайда үй кызматчысы болуп иштеп жүргөн. Артында апасы, бир туугандары жана 16 жаштагы уулу калды. 6-февралдагы жер титирөөдө Хатай провинциясында иштеп жүргөн Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылынын тургуну Мадина Бактачиева каза болду. Анын сөөгү 11-февралда табылып, 12-февралда тек-жайы аныкталган. Адегенде Москвага миграцияга кетип... Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыккандан кийин журналисттерге сүйлөп жатып, өлкөнү башкарып турган кезинде маалымат каражаттарын сотко бергени үчүн өкүндү. "Албетте, сөз эркиндиги болушу керек. Мен журналисттердин баарына ыраазычылык билдирем. Суукка карабай күтүп турганыңарды көрүп, атайын токтодум. Мен Дача-Су боюнча айрым маалымат каражаттарын сотко берген элем. Азыр ошол үчүн өкүнөм. Мен ал кезде президент болгонум үчүн сотко бербешим керек экенин эске албаган экенмин. Читать дальше...
Ош шаардык прокуратурасы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын бир нече кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, жергиликтүү прокуратура шаардык билим берүү башкармалыгына жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында былтыр мамлекетке жалпы 1 млн. 905 миң 987 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгенин аныктаган. Аталган башкармалыктын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, башкармалыкта жана эч бир мектепте иштебеген тааныштарынын... Читать дальше...
Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 40 миңге чукулдады. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге чейин көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калды. Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин зилзаладан набыт болгондор 31 643 кишиге жеткенин, Сириядагы жоготуулар 5700дөн ашканын Улуттар Уюму кабарлады. Уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатат. Читать дальше...
Бүгүн, 14-февралда Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев абактан чыкты. Ал журналисттерге сүйлөп жатып өзүнө козголгон кылмыш иштеринин баары негизсиз экенин айтты. Атамбаев тез арада дарыланышы зарыл экенин айтып, чет өлкөгө учуп кетерин билдирди. Бирок кайра кайтып келерин белгиледи. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды. Бул тууралуу документтин сүрөтү Интернетке да жарыяланды. ... Читать дальше...
"Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасын ишке ашыруунун жүрүшүндө 6,2 млрд. сомго 2,5 миңден ашык үй-бүлө турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөнова билдирди. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолуккан учурда ушундай маалымат берген. Төлөгөнованын айтымында, 2022-жылдын аягында компаниянын уставдык капиталын көбөйтүүгө 3,8 миллиард сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн. Азыркы тапта 60 миңдей жаран каттоого арыз таштап... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда Будапештте мажар-кыргыз бизнес-форумуна катышып, Венгриянын ишкерлерин Кыргызстандагы артыкчылыктуу долбоорлорго катышууга чакырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Иш-чарага Венгриянын экономикалык өнүктүрүү министри Мартон Надь, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилери, эки өлкөнүн туризм, курулуш, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика, энергетика, өнөр жай өндүрүшү ж.б. тармактарынын... Читать дальше...
Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) "Бузулбас бир туугандык-2023" аскердик машыгуулары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу ЖККУнун биргелешкен штабынын начальниги Анатолий Сидоров Москвадагы маалымат жыйында билдиргенин орусиялык бир катар маалымат каражаттары жазды. Кыргызстандын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Жыл башында Армения өз аймагында уюмдун машыгууларын өткөрүүдөн баш тарткан. Премьер-министр Никол Пашинян коргоо министри ЖККУнун биргелешкен штабына азыркы кырдаалда... Читать дальше...
12 жыл мурда каза тапкан Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө классташы, Майлуу-Суу шаарынын тургуну, 33 жаштагы Марат Авасбеков айыпталып, Ноокен райондук соту 2022-жылы августта тогуз жылга эркинен ажыраткан. Ушул эле жылдын 19-декабрында Жалал-Абад облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырды. 13 жыл мурдагы окуя боюнча буга чейин да бир нече соттук териштирүү болгон. Киши өлтүрүүгө айыпталып, үч адам соттолду Тергөөнүн версиясы боюнча Байсал Батырбек уулунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинде Марат Авасбеков жалгыз айыпталуучу эмес. Читать дальше...
Бишкекте адабиятчылардын, коомдук-саясий ишмерлердин жана жалпы китеп сүйүүчүлөрдүн катышуусунда китеп форуму өттү. Форумда кыргыз адабиятындагы орчундуу маселелер талкууга алынды. Катышуучулардын пикиринде, агартуу тармагындагы көйгөйлөр көтөрүлгөн мындай саамалык учурдун талабы болуп турган. Novotel мейманканасында өткөн “Сөздөн ишке” аталышындагы форумда “Адам укугу – учурдагы кыргыз адабияты”, “Адабий сындын сапатка таасири”, “Кыргыз качан сапаттуу китеп окуйт?”, “Котормо өнөрү – маданият көпүрөсү”... Читать дальше...
“Азаттыктын” 70 жылдыгын утурлай бул ирет биз белгилүү публицист, адабиятчы Эсенбай Нурушевди студияга чакырдык. Эсенбай Нурушев радиодо жыйырма жылдай иштеген. “Азаттыктын” баш кеңсеси Прагада көп эмгек өтөп, азыркы тапта Кыргызстанда ардактуу эс алууда.
Түркиядагы катуу зилзала катталган Газиантеп шаарында жашап, иштеген он чакты кыргызстандык мигрант кыз-келин кезек менен коңшу Кахраманмараштагы куткаруучуларды кошумча ысык тамак менен камсыз кылууда. Алардын демилгесин өлкөдөгү башка кыргызстандыктар да материалдык жактан колдоп, дем беришүүдө. "Азаттык" кыргыз куткаруучуларына манты жасап көтөрүп барган Гүлмайрам Рысбекова менен байланышты. Эске сала кетсек, Газиантепте күнүнө үч-төрт жолудан жер силкинип жатат. Абал тынчый элек. - Социалдык... Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги тергөө абагында жаткан жарандык активист Перизат Суранова саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бүгүн, 14-февралда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттыкка" билдирди. Суранованын абалы канааттандырарлык деп сыпатталып жатканын кошумчалады. "Перизат Суранова Чүй облустук ооруканасына бүгүн жеткирилди. Учурда операция жасоо пландалып жатат". Суранова ден соолугу кескин начарлап кеткенин... Читать дальше...
Кыргызстан кайсы өлкөгө көп экспорттойт (млн. $)
Кыргызстан кайсы өлкөдөн көп импорттойт (млн. $)
Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-февралда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин чет өлкөгө чыгып дарылануусуна уруксат берген чечим чыгарганы кабарланды. Бул тууралуу документтин сүрөтү интернетке жарыяланды. 13-февралда Атамбаевге карата Жогорку Соттун мурда чыгарган чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилгенин аталган органдын басма сөз кызматы билдирди. Соттук коллегия жаңы ачылган жагдайлар боюнча Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып... Читать дальше...
Бишкекте Кытайдан сатып алган 20 Zhongtong 6105 үлгүсүндөгү автобустар каттамга чыгарылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, борбордук көчөлөрдү бошотуу жана экологиялык максатта кичиавтобустук каттамдардын кыймылы өзгөртүлүп, атайын долбоорлор даярдалды. Ага ылайык, Аламүдүн, Ош базарларын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин кыдырып эл ташыган №35 жана №48 автобустарга 28 унаа бөлүнөт. Бул каттамдар №113 жана №114 каттамындагы жалпысы 84 кичиавтобусту алмаштырат. №38 жана №42 автобустук каттамдарга ар бирине 19дан автобус бөлүнөт. Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевге карата Жогорку Cоттун мурдагы чечимдери жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилди. Мындай чечимди Жогорку Соттун коллегиясы 13-февралда чыгарганын Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди. Жактоочунун маалыматына караганда, Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан кое берилишине байланыштуу чыгарылган чечим жокко чыгарылып, иш жаңыдан кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилди. Бул маалыматты Жогорку Соттун басма сөз кызматы ырастады. Читать дальше...
Түркияда жер титирөөдө каза болгон Токтогул районунун Чеч-Дөбө айылынын тургунунун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14-февралда билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 1986-жылы туулган аялдын сөөгү уранды астынан 11-февралда табылган. Жакындарынын айтымында, маркум Түркияда үй кызматчысы болуп иштеп жүргөн. Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 37 миңден ашты. Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө... Читать дальше...