Кыргызстандагы өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен начар экени ЮНИСЕФтин жаңы изилдөөсүндө белгилүү болду. Анда 10 жаштан 24 жашка чейинкилердин көзү жакшы көрбөй, сөөк түзүлүшүндө кемтик көп экени белгиленген. Өспүрүмдөрдүн 40% гана эртең менен тамактанса, 21% гана күнүнө бирден же экиден мөмө-жемиш жейт. Шекер кошулган шириндиктерди, газдалган суусундуктарды ичкендер 30% ашат. "Тазалыкка көңүл бурууга шарт жок" Сокулук районунун Манас айылындагы Ат-Башы мектеби 600 орундуу... Читать дальше...
Орусиядагы Crocus Group курулуш компаниясынан бир нече айдан бери айлыгын ала албай жаткан өзбекстандыктардын маселесине Ташкент реакция жасап, жардам берилерин убада кылды. Ал эми тажик бийлиги жарандарынын жагдайы тууралуу үн ката элек. Мигранттар митингге чыгышты Москвадагы Crocus Group компаниясында иштеген миңдей мигрант айлык ала албай жатканына нааразылыгын билдирип, 22-февралда ишкананын алдына митингге чыгышкан. Алардын биринин айтымында, күзөтчүлөр асманга травматикалык куралдан ок атып чогулгандарды тараткан. Читать дальше...
Кыргызстанда бала бакча ачуу үчүн талап кылынган аккредитация 1-марттан тарта жокко чыгарылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиев 28-февралда Бишкекте өтүп жаткан “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси уюштурган жолугушууда билдирди. Иманалиев буга чейин Жогорку Кеңештин 24 депутаты демилгелеген “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун колдой турганын айтты. “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жанар Акаев баштаган депутаттар тобу демилгелеп, коомдук талкуудан өткөн. Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы Орусиядан жардам катары 40 өрт өчүрүүчү автоунаа келгенин 28-февралда билдирди. 1-мартта Бишкектеги эски аянттан техниканы салтанаттуу кабыл алуу иш-чарасы өтөт. Өрт өчүрүүчү машинелер эки өлкөнүн президенттеринин буга чейинки макулдашуусунун негизинде грант катары берилгени айтылды. 1-февралда президент Садыр Жапаров Кытайдан грант катары келген 100 техниканы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырган. Анын 85и өрт өчүрүүчү автоунаалар. Куткаруучу 10 машине... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин Борбор Азияга расмий сапары башталды. Кыргызстандын Улуттук банкы соңку эки жылда 46,7 тонна алтын топтогонун жарыялады. Түркмөнстандын президенти 8-Мартка карата аялдарга 60 манаттан белек берүүнү чечти.
Бишкекте 28-февралда билим берүү тармагын реформалоо үчүн “Билимдүү Кыргызстан” улуттук демилгеси түзүлдү. Уюмга коомдук-саясий ишмерлер, билим берүү тармагындагы эксперттер жана мекемелер кирет. Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин кеңешчиси Аслан Койчиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев, бир катар коомдук ишмерлер, саясатчылар жана билим берүү тармагындагы адистер катышты. Улуттук демилгенин төрагасы, коомдук ишмер Абдывахап Нурбаев бул уюмга “Билим берүү жөнүндө”... Читать дальше...
Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы өзүн өрттөгөн жарандын окуясын териштире баштаганын билдирди. 28-февралда саат 15:50дө райондук милицияга маалымат түшүп, ыкчам-тергөө тобу Шопоков-Киев көчөлөрүнүн кесилишкен жерине барганда бир киши өзүнө өрт койгону аныкталган. Милициянын маалыматына караганда, окуя болгон жерге “Тез жардам” чакырылып, жаран шаардагы ооруканалардын бирине жеткирилген. Фактыны райондук милиция каттоого алган. Саламаттык сактоо министрлиги анын денесинин 80% күйүп калганын... Читать дальше...
2021-жылы уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекова жөнүндө даректүү фильм тартылды. Бир сааттык тасмада адам уурдоого кабылган кыздын трагедиялуу тагдыры аркылуу бул кылмыштын кесепети, коомдогу мамиле жана күч органдарынын шалаакылыгы баяндалган.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Вашингтон Бишкектин негизги тышкы өнөктөшү бойдон кала берет деп билдирди. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Астанада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен расмий кездешүү алдында министр Кулубаев Вашингтонго 30 жылдан бери берип жаткан көмөк үчүн ыраазычылыгын билдирип, жардам Кыргызстанда демократия курууга салым кошконун, анын аркасы менен өлкөдө күчтүү жарандык коом түптөлгөнүн... Читать дальше...
"Манас" улуттук академиясы "Эр Төштүк" эпосунун энциклопедиясын басып чыгарды. Бүгүн 28-февралда энциклопедиянын бетачары өттү. Академиядан кабарлашкандай, китепке “Эр Төштүк” эпикалык эпосунан миңден ашуун түшүнүк кирди. “Эпостун контексти аркылуу кыргыз элинин дүйнѳ таанымы, тарыхы, дүйнѳгѳ кѳз карашы, психологиясы, жашоо образы изилдөөгө алынган. Бул жыйнак кенже эпостордун кыргыз фольклор таануу илиминин тарыхындагы алгачкы көлөмдүү басылмасы жана тажрыйбасы” деп билдирди академия. Иш-чарага өкмөттөн... Читать дальше...
Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы эки жылда 46,7 тонна алтын топтоду. Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев бул алтынды сатып тышкы карыздан кутулуп койсо да болорун айтып, кыргыз бийлиги ал максатка ылайык эмес экенин билдирген. Улуттук банк топтогон алтын Улуттук банк карамагындагы алтындын көлөмү боюнча түшүндүрмө берди. 28-февралда мекеменин расмий өкүлү Аида Карабаева Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук банкта ушул тапта 46, 7 тонна алтын бар экенин айтты. Читать дальше...
Евгения Кучерявая үч күндөн бери Бишкектеги Улуттук госпиталда жатат. Ооруканага ал баш мээси чайкалган, бети көгала, көзү ачылбай калган абалда түшкөн. Евгениянын беш айлык уулу учурда Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Эне-бала 24-февралда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан.
Он жылдай өмүрүн карапайым кишилердин таламын талашып, укугун коргоп келген Арзыкан Момунтаева учурда пенсия курагында. Бирок ага жардам сурап кайрылгандардын аягы сууй элек. "Азаттык" Момунтаеванын бир күндүк турмушу тууралуу айтып берет.
Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Bloomberg агенттигинин версиясында кайрадан дүйнөнүн эң бай адамдарынын сап башына чыкты. Анын байлыгы ушу тапта 187 млрд. долларга жетти. Былтыр жыл этегинде Маск биринчиликти Louis Vuitton Moët Hennessy корпорациясынын ээси, франциялык Бернар Арного тарттырып жиберген. Ал 185 млрд. доллар байлыгы менен эми экинчи орунга түштү. Декабрда Bloomberg Маск 200 млрд. доллар жоготкон биринчи ишкер болгонун жазган. Анын негизги себеби Tesla компаниясынын... Читать дальше...
Казакстандын Ички иштер министрлиги 28-февралда "журналисттерге каршы чагымчыл чабуулдардын координатору" кармалганы тууралуу билдирди. Мекеменин сайтында жарык көргөн маалыматка караганда, ИИМ менен Улуттук коопсуздук комитетинин биргелешкен тергөө-ыкчам тобу медианын өкүлдөрүнө кол салууларды уюштурган деп шектелген адамдардын ишмердүүлүгүн токтотууга жетишти. Алар Кылмыш-жаза кодексинин опузалоо, жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу, журналисттик ишмердикке тоскоол болуу, кимдир бирөөнүн мүлкүнө кол салуу... Читать дальше...
Чет элдиктерге Ысык-Көлдүн жээгиндеги эс алуу жайларына менчик укугун берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, эс алуу жайлары жайгашкан жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү да сунушталып жатат. Мыйзам долбоору 27-февралда Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылды. Демилгечилер Ысык-Көлдүн экологиялык жана экономикалык системасын өнүктүрүүгө, бул аймакка гана эмес, жалпы Кыргызстанга чет... Читать дальше...
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы мамилелердин келечектүү багыттары жана быйылкы жылга карата биргелешкен кызматташуу пландары талкууланды. Жолугушуу 28-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында «Борбор Азия+АКШ» жыйынынын алкагында өттү. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдиргендей, эки дипломат соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо мүмкүнчүлүктөрүн өзгөчө белгилешти. Читать дальше...
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 73 млн. 815 миң 353 сом, 15 миң 250 рубль жана 65, 67 доллар түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги 28-февралда сайтына жарыялады. Жабыркагандар үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары, Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар бар. Читать дальше...
“Талибандын” басма сөз катчысы Забиулла Мужахид 27-февралда “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жогорку өкүлдөрүнүн бири жок кылынганын билдирди. Шейшембиде тараган маалыматка ылайык, уюмдун чалгын кызматынын жетекчиси Кари Фатех дагы бир согушкер менен чогуу Кабулдагы рейд маалында өлтүрүлгөн. Мужахид “Ислам мамлекетинин” дагы бир жетекчиси Ияз Амин Ахингар ушул айда жок кылынганын кошумчалады. Уюмдун жергиликтүү канаты – “Ислам мамлекети-Хорасан” тобу “Талибандын” атаандашы болуп эсептелет. Читать дальше...
Петербургдагы Пулково аэропорту шейшембиде учактарды кабыл алууну жана учууларды убактылуу токтотту. Бул тууралуу шаар бийлиги кабарлап, бирок мунун себебин тактаган жок. Телеграм-каналдар аба мейкиндигинде «белгисиз жабдык» байкалганын жазышты. Петербургдун аба мейкиндиги жабылганын биринчи болуп маалымдаган Baza Телеграм-каналы чек араны бузуу же белгисиз учуучу аппараттар аныкталган учурдагы план ишке киргизилгенин билдирди. Мындай абалда аскердик жана куткаруучу учактардан башкалары жерге конууга тийиш экенин “112” каналы жазды. Читать дальше...
Саламаттык сактоо министрлиги Улуттук онкология жана гематология борборунда химиялык дары-дармек алуу үчүн кезек күткөндөрдүн маселесин тез арада чечүүнү аталган борбордун жетекчилигине тапшырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Бейтаптар биримдигинин жетекчиси Гүлмира Абдыразакова Фейсбуктагы баракчасына коридордо, тепкичтерде кезек күтүп кыйналган бейтаптардын видеосун 27-февралда чыгарган. "Химия терапия бөлүмүндө бейтаптар дарыны эч кандай шарты жок жерде күтүп турушат. Читать дальше...
“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу коомдук ишмер, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев болду. Ал маегинде кантип "Катани" атка конгону, эл аралык кылмыштуу топту Нарындан кууп чыкканы, 20 вагон курал-жарак кантип колго түшкөнү, Атамбаевдин кечирим сурабай койгону, Отунбаева жана Жапаров менен иштеше албай калганынын себептери ж.б. маселелерге кенен токтолот. - Өмүрбек мырза, сиз Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө “Катани” деген атка кондуңуз, аны сизге ким койгон, кайсы окуя себеп болгон? - Мен... Читать дальше...
“Бийлик сырларынын” бул жолку коногу коомдук ишмер, генерал-майор Өмүрбек Суваналиев. Ал маегинде кантип Катани атка конгону, эл аралык кылмыштуу топту Нарындан кууп чыкканы, 20 вагон курал-жарак кантип колго түшкөнүн айтып берет.
Коргоо министрлиги бүгүнкү күндө кыргыз армиясында чоңсунуу (“дедовщина”) деген көрүнүш жок деп эсептейт. Бул тууралуу 28-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү иштери боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып өлкөнүн коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди: “Кыргыз армиясында “дедовщина” жок деп кепилдик бере алам. Ар кандай кичине мыйзам бузуулар, аскердик тартипти бузуулар болуп жатат, тилекке каршы. Читать дальше...
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун директору Жазык кодексинин 210-беренеси (Ишеним көрсөтүлүп берилген мүлктү ээлеп алуу жана коротуу) жана 337-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Азаттыкка" 28-февралда билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек прокуратурасы аны 14-февралда кармап, ошол эле күну сот үй камагына чыгарган. "Кармалган күнү эле анын бөгөт чарасы аныкталып, үй камагына чыгарылган. Читать дальше...