Түркиянын Сирия менен чектеш Хатай провинциясында апта башындагы зилзалада Кыргызстандын бир жараны каза тапканы кабарланды. Аталган провинциянын Хатай шаарында кыргызстандык келиндин сөөгү кыйраган үйдүн урандыларынын алдынан табылганын 9-февралда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка ылайык, 37 жаштагы кыргызстандык келин хатайлык карыяны багып, иштеп жүргөн. Карыя менен кошо аны караган келин да набыт болгонун консулдукка иш берүүчү үй-бүлө тастыктаган.... Читать дальше...
Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 19 700гө жеткенин 9-февралда кечке жуук BBC кабарлады. Алардын 16 миңден көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди. Жараат алгандар 60 миңден ашат. Бир катар мамлекеттердин көмөгү менен куткаруу иштери төртүнчү күнү уланып жатат. 6-февралда Түркиянын түштүк тарабында жана Сириянын түндүгүндө эки жолу күчү дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Читать дальше...
Польша бийлиги Беларус менен чек арадагы бир канча өткөрмө пункттарын, анын ичинде ири Бобровники бекетин жапты. Чечим 10-февралда күчүнө кирет. Бул тууралуу Польшанын ички иштер министри Мариуш Каминский билдирди. Эки өлкөнүн ортосунда алты өткөрүү пункту бар. Мындан ары экөө гана - бири жүк ташуучу автонунааларга, экинчиси жөө жүргүнчүлөргө ачык болот. "Азаттык" радиосунун беларус кызматы Варшаванын чечими Беларуста поляк тектүү журналист Анджей Почзобутка сот өкүм чыккан күндүн эртеси кабыл алынганын жазды. Читать дальше...
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын Новосибирск шаарындагы турак үйдөгү жарылууда эки кыргызстандык жараат алганын билдирди. Алардын бири - 30 жаштагы жигит газга ууланса, 45 жаштагы аялдын омурткасы сынып, экөө тең ооруканага жеткирилген. Алар жарылуу болгон үйдөгү батирлердин биринде жашаган. Баштапкы маалыматка ылайык, турак жайдагы жарылуудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок. Кыргызстандын Новосибирскидеги башкы консулу ооруканадагылардан кабар алып, медициналык... Читать дальше...
Ооганстандын Тажикстан менен чектеш Бадахшан провинциясынын Ишкашим районунда Кыргызстанга кетүүнү көздөгөн токсондой памирлик кыргыз паспорт ала албай, суукта арасат абалда турат. Кышкы аяз ооган элин, анын ичинде 2 миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүн бейпайга салып, ондогон адам өмүрү кыйылды. Талибдер бийликке келгени гуманитардык кризиске баткан өлкөдө тамак-аш тартыш, жарык, жылуулук, жумуш жок. Памирлик кыргыздар кандай жардамга муктаж? Кыргыз бийлиги алардын түйшүгүн кантип жеңилдете алат? Читать дальше...
Түркиядан ондогон кыргызстандык Ташкент жана Астана арыкылуу эвакуациаланды. Ал арада Кыргызстанда Түркияга жардам чогултулуп атат. Күнүгө ондогон тургун түрк элчилигине азык-түлүк, жылуу кийим кече, акча алып келүүдө. Болгон жардам Түркияга жуманын соңунда жөнөтүлөт.
АКШнын чалгын кызматы "Кытай аба шарларын дүйнөнү чалгындоо максатында дайыма колдонот" деген тыянакка келишкенин Пентагондун расмий өкүлү Патрик Райдер билдирди. Анын белгилешинче, мындай шарлар Борбордук жана Латын Америкасынын, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиянын, Европанын үстүндө байкалган. Райдер Кытайда шарларды колдонуунун масштабдуу программасы бар деген божомолун айтты. New York Times адистерге таянып, шарлар чалгындоо спутниктерине караганда айрым артыкчылыктарга ээ экенин жазды. Алар жер бетине жакыныраак... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 9-февралда Бишкек шаарындагы "Азия Молл" соода борборунан чыккан өрт саат 18:00дө толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди. Өрт соода борбордун үчүнчү кабатындагы тамактануучу жайдан чыгып, 20 чарчы метр жер күйгөн. ӨКМ билдиргендей, имараттын ичиндеги адамдар эвакуацияланды, жабыр тарткандар жок. Кыргызстанда 2022-жылы өрт кырсыгынан 30 адамдын өмүрү кыйылганын 20-январда “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен (ӨКМ) билдиришкен эле. Мекеменин маалыматына караганда... Читать дальше...
Бүгүн, 9-февралда "Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жетекчилери Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Анда депутаттар Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Медербек Алиев, Чыңгыз Айдарбеков, Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Гуля Кожокулова, Дастан Бекешев жана Эмил Токтошев катышып, “Азаттык Медиа” мекемесине байланыштуу соңку окуялар талкууланганы айтылат. Депутаттар менен жолугушууга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай... Читать дальше...
Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондор 17 миңден ашканын 9-февралда BBC кабарлады. Алардын көбү Түркияда экенин бул өлкөнүн Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) билдирди. Жараат алгандар 60 миңден ашат. Бир катар мамлекеттердин көмөгүндө куткаруу иштери төртүнчү күн катары менен уланып жатат. 6-февралда Түркиянын түштүк тарабында менен Сирия түндүгүндө эки жолу күчү дээрлик 8 баллга жеткен жер титирөө болгон. Табигый кырсык Түркиянын 10 аймагында болду. Читать дальше...
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Новосибирск шаарындагы турак үйдөгү жарылуудан каза болгондор арасында кыргызстандыктардын бары-жогу такталып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, учурда Новосибирскидеги консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерде жүрөт. “Свобода” радиосу жазгандай, беш кабаттуу үйдөгү газ түтүгүнөн чыккан жарылуудан каза болгондордун саны беш кишиге жетти, арасында эки жашар бала бар. Андан тышкары ондой адам ар кандай жараат алган. Дагы 11 киши дайынсыз. Новосибирск облусунун... Читать дальше...
Бүгүн, 9-февралда Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев Кыргызстандагы ири курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту. Ал Фейсбуктагы баракчасына Түркия менен Сириядагы катуу жер титирөөдөн кийин Кыргызстандагы курулуштардын сапаты тууралуу маселеге көңүл бурулушу керектигин жазды. Мындан улам аталган палатанын алдында Курулуш комитетин түзүү чечими кабыл алынганын билдирди. "Биз бул маселеге өтө кылдаттык менен мамиле жасап, нормаларды ак ниет менен аткарышыбыз керек. Ошону менен бирге биз курулуш бизнеси үчүн аянтча түзүп... Читать дальше...
Латвияда мектептеги билим берүүнү латыш тилине которуу адам укуктарын бузат жана башка этностук топторго дискриминация болушу мүмкүн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери билдиришти. Былтыр сентябрда Латвияда кабыл алынган мыйзамга ылайык, 2025-жылдын сентябрына чейин бала бакчалар жана мектептер латыш тилинде гана окутууга өтөт. 2019-жылы Латвиянын Конституциялык соту мамлекеттик мектептерди 2022-жылга чейин латыш тилине которууну мыйзамдаштырууну тааныган. Латвиянын Тышкы... Читать дальше...
Каракалпакстанда былтыркы демонстрацияларда күч кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу үч адам камакка алынды. Аларга кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын Башкы прокуратура 9-февралда билдирди. Декабрда Каракалпакстандагы окуяларды иликтеген парламент түзгөн көз карандысыз комиссия коомчулукту кызыктырган маселелер боюнча Башкы прокуратурага кат жолдогон. Анда “күнөөлүүлөрдү кармоодо кызматтык милдеттеринен четтеп, ашыкча күч жана каражаттарды колдонгон укук коргоо кызматкерлерине... Читать дальше...
Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы, активисттердин абакта отурганына жүз күндөн ашты. Алардын кылмыш ишине "жашыруун" деген гриф коюлуп, тергөө экспертизаларынын жыйынтыгы чыкты. Камактагылардын жактоочулары иштин купуялуулугу шектүүлөрдүн укугун чектерин, экспертизанын корутундусунда кылмыш далилдери табылбаганын айтып жатышат.
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстанда соттор дагы деле толук эркин эмес экенин моюнуна алды. Ал судьялардын ишин чектеген мыйзамдар бар экенин, аларды оңдоого аракеттер көрүлүп жатканын билдирди. Бийлик буга чейин жергиликтүү сотторду ротация кылып, президент Садыр Жапаров сот системасын реформалоо үчүн атайын кеңеш да түзгөн. Юристтер соттор дагы деле бийликке көз каранды экенин, айрыкча тергөө судьяларынын ишине нааразылык көп экенин айтышууда. Жогорку Кеңеш 8-февралдагы... Читать дальше...
Түркиянын жер титирөө болгон аймактарынан дагы алты кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 9-февралдын кечинде билдирди. Газиантеп шаарынан Өзбекстан уюштурган атайын авиа каттам менен чыккандардын арасында алты кыргызстандык бар экени, алар Ташкентке жеткенде кыргыз элчилигинин кызматкерлери тосуп алып, мекенине жетүүгө жардам беришери кабарланды. Буга чейин кыргыз бийлиги Казакстан аркылуу алгач 17, андан кийин 22 жаранын Түркиядан алып чыкканы расмий кабарланган. Читать дальше...
Чилилик суучул Барбара Эрнандес Антарктикада сөөктөн өткөн муздак сууда эки жарым километр сүздү. Reuters агенттиги муну рекорд деп атады. Жергиликтүүлөр "муз периси" деп атаган Барбара жекшембиде Гринвич аралында суучулдардын кийимин кийбестен, баш кийим жана көз айнектен башка коргоочу каражаттары жок эле 45 мүнөт сууда сүздү. "Өз калыбыма келүү бир топ оор болду. Анткени тулку боюм дээрлик тоңуп калды, дене табым 27 градуска чейин түштү. Мындай катаал шартта сүзүү үчүн моралдык жактан да мыкты даярдык керек. Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү – Г.У.Н жана Н.А.А. аттуу жарандар кармалганын 9-февралда билдирди. Маалыматта алар Ош облусунун тургунунан 14 миң 500 АКШ долларын талап кылып, тергөө органдарынан жашынып жүргөнү айтылат. Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон ишинин алкагында кармалгандар УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...
Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрсө, ал иштеп чыккан жылуулук жана электр энергиясынын баасы 30-40% жогорулашы ыктымал экенин бүгүн 9-февралда Бишкек шаардык кеңешинин Турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда ишкананын директору Нурлан Өмүркул уулу билдирди. Шаардык кеңештин депутаттары ыш маселесин көтөрүп, буга ЖЭБдин түтүнү себеп болуп жатканын айтышты жана аны азыркыдай көмүр жагып эмес... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 9-11-февралдагы жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк жана Чапчыма ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 70-107 чакырымдарында, Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-2 чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 10-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, түнкүсүн Чүй, Ош... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) өлкөдөгү энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу иш-аракеттеринин натыйжасында Токмок шаарында мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылганын билдирди. Атайын кызмат алдын ала эсепке ылайык, мамлекет андан бир миллион сомдук зыян тартканын кабарлады. "Иликтөөнүн жүрүшүндө "Айдоочулар бирикмесинин Токмок шаардык кеңеши" коомдук бирикмесине таандык гаражда майнинг-ферма бар экени аныкталды. Комиссиялык текшерүүдө Токмок шаардык салык кызматынын, райондук электростанциясынын... Читать дальше...
Кариб деңизиндеги Доминика өлкөсүндө эс-учун жоготкон абалда ооруканада жаткан кыргыз жараны Айдин Айтпаевге консулдук-укуктук жардам берүү аракети көрүлүп жатканын бүгүн 9-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Айтпаев ал жакка Бишкектеги жумушка орнотуу менен алектенген компаниялардын бири аркылуу круиздик лайнерде котормочу болуп иштөө үчүн барган. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги аны жумушка алган фирманын камсыздандыруучу компаниясы менен байланышып... Читать дальше...
Британияга барып айыл чарбасында иштеп келген кыргызстандыктар айлык, иштин шарттары тууралуу айтып беришти. Ноокенде үйгө чейин китеп жеткирип берүү кызматы иштей баштады. Бишкекте ымыркайы менен көчөдө калган аял кризистик борборго жайгаштырылды.
Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы Өзбекстандагы белгилүү блогер, Ютубдагы Ko'zgu каналынын автору Абдукодир Муминов кармалганын ырастады. Ал "Опузалап акча талап кылуу" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча шек саналууда. Баштапкы маалыматтарга караганда, Муминов жарандардан, компаниялардан акча талап кылып, бербегендерди жаманатты кылган видеолорду жасаганы айтылат. 8-февралда Муминовдун жакындары жарандык кийимчен адамдар анын Ташкенттеги үйүн тинтип, компьютерин алып кеткенин, блогер өзү дайынсыз болуп жатканын билдиришкен. Читать дальше...