Казакстандын Петропавловск шаарындагы тогузунчу класстын окуучусу мектепке балта менен бычак көтөрүп келип, балдарга кол салган. Түндүк Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгы билдиргендей, башынан жана билегинен жараат алган эки окуучу балдар ооруканасына жаткырылды, дагы бирине жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү. Укук коргоо органдары кылмышка шектүү окуучуну кармап, окуяны иликтей баштады. Күбөлөрдүн айтымында, окуучу мектептин экинчи кабатындагы дааратканага кирип, кийимин алмаштырып... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-февралда расмий сапарынын алкагында Венгриянын мамлекет башчысы Каталин Новак менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуу президенттик резиденцияда – Будапешт шаарындагы Шандора сарайында өттү. Жапаров менен Новак алгач бетме-бет форматта, андан соң кеңейтилген курамда жолугушуу өткөрдү. "Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери... Читать дальше...
"Азаттыктын" чыгаан журналисти, муркум Уланбек Эгизбаевдин туулган күнү - 12-февралда мыкты иликтөөчү журналисттер сыйлык алып, “Чындык” деп аталган форум өттү. Быйыл Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлык Болот Темировдун “Эки күндө 37 миллион сомду кантип тапса болот? Ташиевдердин схемасы” деп аталган эмгегине берилди.
Кыргызстанда соңку бир аптада (6-12-февралга чейин) сасык тумоо менен катталган бейтаптардын саны 6966га жетип, өткөн жумага салыштырмалуу 9,5 пайызга көбөйгөн. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. “Оору боюнча мониторинг күн сайын жүргүзүлүүдө. Сасык тумоо жана коранавирустун алдын алуу үчүн бет кап тагынуу, аралыкты сактоо, тазалыкты сактоо, үшүп калуудан сактануу сыяктуу бардык эрежелерди сактоо сунушталат”, - деп айтылат департамент тараткан маалыматта. Читать дальше...
13-февралда кыргызстандык куткаруучулар зилзаланын очогу болгон Түркиянын Кахраманмараш шаарынан 38 жаштагы келинди уранды алдынан аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Телеграм каналына жарыялады. Маалыматка караганда, Хадиче Ахар “Хайрылло махелеси” аймагындагы ураган имараттын астынан табылган. Ушуну менен кыргыз куткаруучулары бешинчи кишини тирүү таап чыгышты. 100дөн ашуун жарандын сөөгүн казып чыгышты. Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 22:00 чамасында... Читать дальше...
Ички иштер министрлиги оң рулдуу автоунааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салуу тууралуу токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор өкмөттүн сайтына жарыяланды. Ага ылайык, оң рулдуу автоунаалар коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташый албайт. Демилгечилер чектөө жол кырсыктарынын алдын алуу максатында киргизилип жатканын белгилейт. Ошондой эле токтомдо үч категориядагы автоунааларга ылдамдыкты чектөөчү жабдуу коюу каралган. Ага ылайык, автобустар, 8ден ашык орундугу бар автоунаалар... Читать дальше...
Мамлекеттик мекемелердин алдында түзүлгөн коомдук (байкоочу) кеңештердин мүчөлөрү Министрлер кабинетинин аларды жоюу демилгесине каршы президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. "Коомдук кеңештер бир жагынан мамлекеттик мекемелер аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу, экинчи жагынан аталган мекемелердин ишиндеги ачыктыкты камсыздап, коррупциянын алдын алуу максатында түзүлгөн. Ушул тапта түрдүү тармактардагы коомдук кеңештерде 400дөн ашуун адам ыктыярчы катары эмгектенип келишет. Тилекке каршы... Читать дальше...
Бишкектин Октябрь райондук соту коррупцияга шектелген “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкуловдун бөгөт чарасын карап, 9-апрелге чейин Бишкектеги тергөө абагында калтырды. Ушул эле иш боюнча кармалган Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыкты. 10-февралда Башкы прокуратура “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаар мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Читать дальше...
13-февралда Бишкектен Түркияга дагы кошумча 35 куткаруучу жөнөп кетти. Алардын арасында үч дарыгер бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен куткаруучулардан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк жөнөтүлдү. Кыргызстан 12-февралда 80 куткаруучу жана алты дарыгер жөнөткөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, алар жардам иретинде дары-дармектерди... Читать дальше...
Бүгүн, 13-февралда Будапешт шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Венгриянын президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуусу болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, Жапаровду Лайош Кошут аянтына Венгриянын президенти Каталин Новак тосуп алды. Аянтта оркестрдин коштоосунда эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарылып, мамлекет башчылар өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырды. Президент Садыр Жапаров Венгрияга расмий сапар менен 12-февралда барган. Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 14-17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан- чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолунун 58-113 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. 14-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Читать дальше...
АКШнын Катон институту менен Канаданын Фрейзер инситуту биргелешип жүргүзгөн Адам эркиндиги боюнча дүйнөлүк индексте Кыргызстан 165 өлкөнүн ичинен 87-орунду ээледи. Баяндамада адам эркиндигинин ар кыл аспекттери 83 көрсөткүч менен аныкталган. Мыйзам үстөмдүгү, коопсуздук жана коргоо, ээн-эркин жүрүү, дин тутуу, эркин чогулуу жана жарандык коом, эркин ой-пикир билдирүү, алака-катыш, мыйзам системасы жана мүлккө ээ болуу, акчанын наркы, эл аралык соода-сатык эркиндиги сыяктуу көрсөткүчтөр менен ченелет. Читать дальше...
Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын даярдап, 11-февралда жумушчу топко сунуштады. Бул тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, Bulak.kg сайтынын редактору Семетей Аманбеков “Азаттыкка” ырастады. Анын айтымында, жаңы сунушталган долбоор алгачкы редакцияга окшошуп кетет. Анда массалык маалымат каражаттарын милдеттүү каттоодон өткөрүү талабы кайра кошулган. Ал эми буга чейинки редакциядагы социалдык тармактын колдонуучулары жана блогерлерге байланыштуу беренелер алынып салынган. Читать дальше...
6-февралдан 12-февралга чейинки аралыкта Кыргызстанда 12 адам коронавирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды. Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалымдашынча, жети адам ооруканага жаткырылды. Калгандары үйүндө дарыланууда. Мекеменин маалыматына ылайык, коронавирус боюнча Кыргызстандын бардык аймактары азыр жашыл зонада. 2022-2023-жыл ичинде Кыргызстанда 21863 адам коронавируска чалдыккан. Жалпы пандемия башталгандан берки аралыкта 3 миңдей адам оорудан көз жумган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 13-февралдагы жыйынында мамлекеттик кызматтарда гендердик теңдиктин сакталышы боюнча жумушчу топ түзүү сунушталды. Бул демилгени көтөргөн депутат Динара Ашимова жумушчу топ "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын аткарылышы боюнча өкмөттөн маалымат алып, мониторинг жүргүзө турганын билдирди. “Министрлер кабинети парламентке келгенде гендердик теңдик боюнча мыйзамдын аткарылышын... Читать дальше...
Салык кызматы 2023-жылдан тартып Кыргызстанда декларация тапшыруунун биринчи этабы башталганын билдирди. Анда тизмеге жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан башкалар дагы кошулганы кабарланды. Быйыл 1-майга чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек: Мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган, илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча... Читать дальше...
Токтогул шаарындагы муз аянтын 5 жыл мурда жаш ишкер Сардарбек Момуналиев ачкан. Ал акыркы эки жылда өспүрүмдөрдү хоккейге үйрөтүп, заманбап муз аянтын салуу аракетинде жүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-февралда “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү К.С. кармалганын билдирди. Ал 1986-жылы туулган жана Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык) менен козголгон кылмыш иши боюнча былтыр июндан бери издөөдө жүргөн деп айтылат маалыматта. Кармалган жаран Ноокен райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу такталып жатканы кабарланды. Читать дальше...
Алай районунун Мурдаш айылында кар көчкү алдында калган 59 жаштагы кишинин сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал үч күн мурун айылдан үч чакырымдай аралыктагы тоого мал издегени чыгып, кар көчкү алдында калган. Издөө иштерине ӨКМдин 21 куткаруучусу, төрт милиция кызматкери жана 20 чакты ыктыярчылар тартылган. ӨКМ күн жылып жатканына байланыштуу тоолуу аймактарда жана автоунаа жолдорунда кар көчкү жүрүү коркунучу бар экенин эскертип, жарандарды этият болууга чакырып келет. Читать дальше...
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Түркиянын зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштеп жаткан кыргызстандык куткаруучулар жалпы төрт адамды урандылардын арасынан тирүү алып чыкты. Маалыматка ылайык, 12-февралда саат 22:00 чамасында урандылардын арасында тирүү калган адам бар экени аныкталып, алты жарым сааттай тынымсыз казуу иштеринин кийин 50 жаштар чамасындагы эркек киши аман-эсен куткарылган. Андан алдын, 7 жаштагы баланы уранды алдынан аман таап чыкан. Читать дальше...
Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жумушчу сапар менен барды. Ал сапар алкагында Дубай шаарында өтүп жаткан Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммитине катышат деп кабарлады өкмөттүн басма сөз кызматы. Мындан тышкары Акылбек Жапаров БАЭнин жетекчилери менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өкмөттөрдүн дүйнөлүк саммити 13-15-февраль күндөрү "Келечектин өкмөтүн түзүү" деген лозунг алдында өтүп жатат. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин президенттери... Читать дальше...
“Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов 9-апрелге чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды. Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 12-февралда чыгарды. Райондук соттун дагы бир чечими менен экинчи шектүү Талант Рыскулбек уулу үй камагына чыгарылды. 10-февралда Башкы прокуратура “Көз микрохирургиясы” госпиталынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен Бишкек шаар мэриясынын бир нече кызмат адамдары мамлекетке 93 миллион 162 миң 576 сомдук зыян келтиргени аныкталганын маалымдаган. Читать дальше...
Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 33 миңден ашты. Улуттар Уюму бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Жекшембидеги соңку маалыматка караганда, Түркияда курмандыктар 29 миңден ашса, Сирияда 4 жарым миңге жеткенин Al Jazeera кабарлады. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши башкалкасыз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды. Издөө операциясынын 7-күнүндө дагы урандылардын алдынан аман калгандар табылганы маалым болду. Читать дальше...
Өзбекстан менен Ооганстан "Хайратон — Мазари-Шариф" темир жол линиясын пайдаланууну дагы эки жылга узарткан жаңы келишимге кол койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар "Өзбекстан темир жолдору" компаниясынын маалыматына таянып кабарлашты. Термезде өткөн сүйлөшүүлөрдө Ооганстан темир жол башкармалыгы менен "Согдиана транс" ишканасы ("Өзбекстан темир жолдоруна" тишелүү компания ) жолду дагы эки жылга биргелешип пайдалануу боюнча келишимге жеткен. Тараптар жүктөрдү "Мазари-Шариф" станциясына чейин... Читать дальше...
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 12-февралда Венгрияга расмий сапар менен барды. Мамлекет башчыны жана анын жубайын Будапешт шаарындагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропорттон Венгрия президентинин администрация башчысы Геркели Эклер тосуп алды. Президент Жапаров расмий сапар учурунда Венгриянын президенти Каталин Новак баштаган бир катар жетекчилер менен жолугушат. Мындан тышкары, кыргыз-венгер бизнес форумуна катышат. Сапар алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Читать дальше...