Мы в Telegram
Добавить новость

На Первомай в Москве заметно похолодает

В Госдуме предложили увеличить МРОТ в России до 30 тысяч рублей

На выставку трофейной техники в Москве доставили танк M1 Abrams

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Февраль
2023

Новости за 27.02.2023

Azattyk.org 

Иранда болот компаниясынын бир нече кызматкери иш таштоо маалында кармалды

Ирандагы Жумушчулардын эркин кошууну маалымдагандай, Исфахандагы болот ширеткен компаниянын бир нече кызматкери өнөр жай комплексинин аймагында иш шарттарына нааразылык билдирген митингдер учурунда камалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" иран кызматы - “Фарда” радиосу жазды. Жумушчулар 25-февралдан бери иш таштаган. Алар шарттарын жакшыртууну, айлык акыларын көтөрүүнү талап кылууда. Кошуун камалгандардын абалы, саны жана кандай айып тагылганы беймаалым экенин билдирди. Сөз болгон компаниянын жумушчулары... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Алты айлык балам экөөбүз беш саат кордук көрдүк"

Евгения Кучерявая үч күндөн бери Бишкектеги Улуттук госпиталда жатат. Ооруканага ал баш мээси чайкалган, бети көгала, көзү ачылбай калган абалда түшкөн. Евгениянын беш айлык уулу учурда Бишкектеги №3 Балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Эне-бала 24-февралда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышкан. Евгения баш калаадагы өз үйүндө күйөөсүнүн ур-тепкисине эч жазыксыз кабылганын айтып отурду: "Беш айлык балам менин колумда болчу, ал уктабай ыйлап аткан. Күйөөм үйгө мас келген, баңгизат да колдонгон экен. Читать дальше...

Azattyk.org 

НАСА жана SpaceX корпорациясынын кемеси учурулбай калды

27-февралда АКШнын Космос агенттиги – НАСА жана SpaceX корпорациясы төрт астронавтты учурууну акыркы мүнөттө токтотуп, кийинкиге калтырды. Мындай чечим «Фалкон-9» ракета ташуучуга отун жүктөөдө маселе пайда болгондон соң кабыл алынды. Стартка даярдык Youtube каналында түз көргөзүлүп жаткан. Маалыматка караганда «Крю Дрэгон» кемеси Эл аралык космос станциясына 2-мартта жөнөшү ыктымал. Канавералдагы космодромдон ушуну менен алтынчы коммерциялык кеме учурулмак. Экипажга америкалык Стивен Боуэн жана Вуди Хобург... Читать дальше...

Azattyk.org 

Канада Ирандын Революция сакчылары корпусунун 12 жогорку аткаминерине санкция салды

Канада Ирандын Революция сакчылары корпусунун жана күч түзүмдөрүнүн 12 жогорку аткаминерине санкция салды. Алар митингдерди басууда "адам укуктарын одоно бузгандыгы" үчүн айыпталууда. Бул тууралуу Канаданын тышкы иштер министрлиги 27-февралда билдирди. Маалыматка караганда, бул ирет “кара тизмеге” Күрдстан провинциясынын өкүлдөрү камтылды. Укук коргоочулар былтыр студент кыз Махса Амини абакта көз жумгандан кийин тутанган нааразылык акцияларында жалпысынан 500дөн ашуун киши набыт болгонун айтып келишет. Читать дальше...

Azattyk.org 

Равшан Жээнбековдун адвокаты тергөө судьясына арызданды

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалган саясатчы Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев ага жакындары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтып, тергөө судьясына арызданды. Бул тууралуу жактоочу бүгүн 27-февралда билдирди. Жоошевдин айтымында, ал 18-февралда тергөө тобунун башчысы Улан Жапековго кайрылып, Жээнбековго ооруканада жакындары менен көрүшүүгө уруксат берүүнү өтүнгөн, бирок анын өтүнүчү четке кагылган. Жактоочу андайга тергөөчүдө негиз болбогонун, ошондуктан тергөө судьясына кайрылганын айтты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда көчкү алдында калган эки кишинин сөөгүн издөө иши уланууда

Тажикстанда Душанбе-Чанак автожолунда кар көчкү алдында калган эки кишинин сөөгүн издөө иши уланууда. Бийлик өкүлдөрү 26-февралда “Шахристон” ашуусунда болгон кырсыкта бир эмес, эки машине жабыркаган деп божомолдошот. "Озоди" радиосу маалымдагандай, Чукул кырдаалдар комитетинин кызматкерлери жекшембиде эки кишинин сөөгүн тапкан. Жолду тейлеген Innovative Road Solutions компаниясы үч киши окуя болгон жерде, дагы бирөө ооруканага баратканда каза болгонун маалымдады. Аман калган бир жүргүнчү реанимацияга жеткирилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров мамлекет менен муфтиятты эриш-аркак иштешүүгө чакырды

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мамлекет динге кийлигишпейт, бирок муфтият мусулман динин кармангандардын бир багытта болушуна көз салышы керек деген пикирин 27-февралда өлкөнүн муфтийи Замир Ракиев жана Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров менен жолукканда айтты: “Мамлекет динге эч кандай кийлигишпейт. Бизде дин тутуу эркин. Бирок бири-бирибиз менен эриш-аркак, тыгыз байланышта иштешибиз керек. Анткени диний агымдар көп бизде. 16-17 агым менен жүрөбүз. Бир... Читать дальше...

Azattyk.org 

Эки жыл мурун киши колдуу болгон Айзада жөнүндөгү тасманын бетачары өттү

27-февралда Бишкекте эки жыл мурун киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын трагедиялуу тагдыры тууралуу тасманын бетачары өттү. "Кийинкиси ким?" ("Who is next?") деп аталган бир сааттык даректүү тасманы тартууга "Сорос-Кыргызстан" фонду каржылык жардам көрсөткөн. Фильмдин режиссёрлору – Нуржамал Карамолдоева жана Султан Усувалиев, көркөм жетекчиси Актан Арым Кубат. Кыргыз жана орус тилдеринде англисче субтитр коштогон тасманын бетачарына Айзаданын апасы, жакындары, адвокаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү... Читать дальше...

Azattyk.org 

Финчалгын кызматына төрага болуп Канат Асангулов дайындалды

Мамлекеттик финансылык чалгын кызматынын төрагасы болуп Канат Асангулов дайындалды. Дайындоо тууралуу Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-февралда кабарлады. Интернеттеги ачык булактардагы маалымат боюнча, 55 жаштагы Асангулов 2007-2010-жылдары экономика, каржы министрликтеринде, Социалдык фонддо жетекчинин орун басары кызматтарын ээлеген. 2009-жылы түзүлүп, кийин жоюлган Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт башчы билим берүү системасын толук өзгөртүү керек экенин айтты

Кыргызстанда былтыр мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 69 проценти гана жалпы республикалык тестирлөөгө катышканын бүгүн 27-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. Өкмөт башчы белгилегендей, былтыр мектепти 58 миңден ашуун улан-кыз аяктаган. Жапаров тестирлөөгө катышкандардын көпчүлүгү негизги тесттин эң төмөнкү упайына жете албай калганын, 110 балл деген көрсөткүчкө жетпегендер 57% болгонун кошумчалады. Буга байланыштуу ал мектептерде окутуу сапатын жогорулатуу... Читать дальше...

Azattyk.org 

Ажылык сапарды уюштуруу жана өлкөдөгү ысырапкорчулукту жоюу маселелери талкууланды

Ажылык сапарды уюштуруу жана өлкөдөгү ысырапкорчулукту азайтуу маселеси президент Садыр Жапаровдун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров жана өлкөнүн муфтийи Замир Ракиев менен жолугушуусунда талкууланганын 27-февралда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, муфтий быйыл Сауд Арабиясы Меккеге ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6110 орун бөлүп бергенин, акчаны колдонууда жемкорлукка жол бербеш үчүн мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн... Читать дальше...




Azattyk.org 

Фермерлер 1 миллиард долларга мөмө сатууну кыялданат

Өткөн аптада Кыргызстанда мөмө-жемиштерди өстүрүп, саткан фермерлердин башын кошкон жыйын өттү. Анда мөмө-жемишти экспорттоо, жаңы технологияларды пайдалануу тууралуу сөз болду. Катышуучулар бир эле мөмө аркылуу экспорттун көлөмүн 1 миллиард долларга чыгаруу планы бар экенин жарыялашты.

Azattyk.org 

Фермерлер 1 млрд доллар мөмө сатууну кыялданат

Өткөн аптада Кыргызстанда мөмө жемиштерин өстүрүп, саткан фермерлердин башын кошкон жыйын өттү. Анда өлкөнүн мөмө жемиштерин экспорттоо, жаңы технологияларды пайдаланууда жаатында сөз болду. Жыйналгандар бир эле мөмө аркылуу экспорттун көлөмүн 1 млрд долларга чыгаруу планы бар экенин жарыялашты.

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши: Адвокат камактагы Журабаеванын абалы начарлаганын билдирди

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отурган Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын ден соолугу начарлап кеткендиктен аны ооруканага жаткыруу зарыл болуп жатканын бүгүн 27-февралда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Жактоочунун айтымында, абактагы шарттар Журабаеванын абалына терс таасир тийгизгендиктен анын өнөкөт оорулары козголууда.   «Кылмыш кылбаган, анын үстүнө ушул куракка келип калган адамды камакта кармоо акылга сыйбаган иш»... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоол болсом, Канадага кетүүгө даярмын". Бөлтүрүк президенттен кечирим сурады

Жакында жоюла турган “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы, беш айдан бери абакта отурган Тенгиз Бөлтүрүк президент Жапаровго кат жазып, "кечирим жана ырайымдуулук" сурады. Ал кайрылууда өкмөттө кимдир бирөөгө "тоскоол кылып жатса" Канадага чыгып кетүүгө даяр экенин билдирип, бирок сөз ким жөнүндө болуп жатканын ачыктаган жок. Бөлтүрүктүн адвокаты Башкы прокуратура “Кумтөр” ишин иликтөөдө эки компаниядан 140 млн. сомдой акча өндүргөнүн айтты. Башкы көзөмөл органы бул тууралуу азырынча комментарий бере элек. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 431 миллион долларга өстү

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 578 миллион долларга жетти. Бул тууралуу Финансы министрлигинин 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу жаңы маалыматында белгиленет. Сумманын 4,5 миллиард доллары тышкы карыз, 1 млрд доллардан ашыгыраагы ички карыз. 2021-жылдын жыйынтыгында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 миллиард 147 миллион доллар болчу. Башкача айтканда, мамлекеттик карыз бир жылда 431 миллион долларга өскөн. Эки жыл мурда Кыргызстандын Финансы министрлиги тышкы карызды тейлөө үчүн депозиттик эсеп ачкан. Читать дальше...

Azattyk.org 

Италиянын жээгинде чөгүп кеткен мигранттардын саны 61ге жетти

Италия бийлигинин маалыматына караганда, мигранттар бараткан кемедеги чөгүп кеткен дагы бир кишинин сөөгү табылды. Ошону менен курмандыктардын саны 61 кишиге жетти. Түркиядан Европага жол тарткан жыгач кеме 26-февралда Калабриянын жээгинде аскага урунган. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Мануэла Курранын айтымында, 80 киши куткарылды, маркумдардын арасында 12 бала бар. Мыйзамсыз мигранттар Ооганстан, Иран жана башка өлкөлөрдөн келаткан. Аман калагандардын айткандарына таянып, Италия бийлиги кемеде 180-200дөй киши болгонун боолголойт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмашты

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров кызматтан кетти. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы 27-февралда билдирди. Маалыматка караганда, анын ордуна Канатбек Тургунбеков дайындалды. Ал 2021-жылдан бери Финансылык чалгындоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп турган. Ага чейин президенттик шайлоо учурунда мамлекет башчы Садыр Жапаровдун штабын башкарган. 2020-жылы 4-октябрдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

Аба ырайы: Күн жылуу болот

28-февралда Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Түштүк-чыгыштан шамал согуп турат. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +7…+12, Талас дубанында түнкүсүн -3…-8, күндүз +5…+10, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4 градуска чейин жогорулайт. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыйноого каршы борбор: Көз каранды эмес иликтөө өтүнүчтөрүнүн көбү каралбай калууда

Кыргызстанда жабык жайда кыйноого кабылганын айткандардын арызы боюнча көз каранды эмес териштирүү жүргүзүү иши жакшы болбой жатканын Кыйноолорго каршы улуттук борбор билдирди. Мекеменин расмий сайтына жарыяланган маалыматка караганда, соңку бир жылда мындай териштирүү жүргүзүү тууралуу өтүнүчтөрдүн 84% каралбай калган. Ошону менен катар, борбор билдиргендей, соңку беш жылда кыйноого кабылганын айтып кайрылгандар 1,5 эсе азайды – 2018-жылы бул көрсөткүч 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6% болгон. Беш... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытайлык адистер Өзбекстанга жакырчылыкты кыскартууга жардам берет

Кытайлык адистер Өзбекстандын Эмгек жана жакырчылыкты кыскартуу министрлигинде кеңешчи болуп иштейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. "Кытай жакырчылыкты жеңгенин жарыялаган биринчи өлкө. Эки мамлекеттин тез өнүккөн өнөктөштүгү Кытайдын тиешелүү тажрыйбасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган билдирүүдө. Маалыматка караганда, кытайлык кеңешчилер менен кездешүүдө кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Адистер адегенде аймактарды кыдырып, жеринде абал менен таанышып чыкмакчы. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ишкер айымдар үчүн Германияга сапар уюштурулат

Кыргызстандык ишкер айымдар тобу үчүн Германияга бизнес өнөктөштөр менен байланыш түзүү жана тажрыйба алмашуу максатында иш сапар уюштурулат. Бул тууралуу 27-февралда Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, алар адегенде Бишкекте окуудан өтүп, Германияга барганда бизнес-процесстерди башкаруу боюнча тажрыйба алып, тренингде алган башкаруу жөндөмдөрүн иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк алышат. Кийим тигүү, косметика, айыл чарба жана эмерек жасоо тармагында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Министрлик Бишкек - Кара-Балта жолунун курулушу быйыл толук аяктай турганын айтты

Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушу быйыл августта толугу менен аяктайт. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министринин орун басары Талантбек Солтобаев парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 27-февралдагы жыйынында билдирди. Депутат Жылдыз Таалайбек кызы жолдун бир чакырымы үчүн 1 млн. 555 миң АКШ доллары сарпталганын айтып, курулуш эмнеге кымбат болуп жатканын сурады. Министрликтин алдындагы Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун координатору Санжар... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШнын Энергетика министрлиги COVID-19 лабораториядан тарашы ыктымал деп эсептейт

АКШнын Энергетика министрлиги COVID-19 пандемиясы кытайлык лабораториядан келип чыккан деген жыйынтык жасады. Бул тууралуу америкалык чалгынчылардын жашыруун документинен кабары бар булак маалымдаганын The Wall Street Journal гезити жазды. Басылма коронавирус лабораториядан жайылганы тууралуу версияны буга чейин АКШнын Федералдык иликтөө бюросу да айтып келгенин, бирок башка мекемелер ал шектенүүнү бөлүшпөгөнүн эске салат. Маалыматка караганда, Энергетика министрлигинин "чынында эле ошондой болгон деген ишеними төмөн". Читать дальше...

Azattyk.org 

Президент Жапаров күч органдарынын кызматкерлери үй менен толук камсыз болорун айтты

Президент Садыр Жапаров  алдыдагы үч жылда милиция, прокуратура, УКМК жана Чек ара кызматынын бардык кызматкерлери үчүн ипотекалык үйлөр куруларын билдирди.  "Ички иштер министрлигинде, прокуратура, УКМКда иштеген бир да адамдын үйү жок болбойт. Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу биз 20-25 жылга турак жай беребиз. Катардагы ар бир кызматкердин үй алганга эми айлыгы жетет. Быйыл 15 миңдей батир курулуп бүтөт жыл аяктаганга чейин. Эмки жылы, андан кийинки жылы да куруп, 50-60 миң адамды батир менен камсыз кылабыз"... Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Свыше 250 тысяч цветочных кашпо украсят Москву в этом году

Май спрогнозировали россиянам синоптики

РЕН ТВ: в Москве шестилетний сын спас мать, впавшую в кому

В Госдуме предложили увеличить МРОТ в России до 30 тысяч рублей

Музыкальные новости

Президент России Владимир Путин подтвердил проведение XVI Международного военно-музыкального фестиваля «Спасская башня»

Михаил Булгаков спустя почти 100 лет сумел сказать правду о посольстве США. Благодаря ошибке посла Линн Трейси

Азербайджанцев, подозреваемых в убийстве у «Галереи Чижова», суд отправил в СИЗО

ЦСКА проиграл «Балтике» в гостевом матче 26-го тура РПЛ

Новости России

На выставку трофейной техники в Москве доставили танк M1 Abrams

В Госдуме предложили увеличить МРОТ в России до 30 тысяч рублей

Май спрогнозировали россиянам синоптики

Актриса Аронова призналась, что согласилась на съемки "Лед 3" после уговоров

Экология в России и мире

Чтобы кости были крепкими: 10 продуктов, богатых кальцием, которые нужно добавить в рацион

Оксана Федорова представит премьеру фильма «Петербург Шаляпина и Рахманинова» на выставке-форуме «Россия»

Азербайджанский олигарх Год Нисанов – владелец рынков «Садовод» и «Фудсити» стремительно теряет поддержку элиты после теракта в «Крокусе»

Продвижение Музыки. Раскрутка Музыки. Продвижение Песни. Раскрутка Песни.

Спорт в России и мире

Медведев сыграет с Бубликом в Мадриде 

Теннисист Надаль навестил в больнице 16-летнюю российскую теннисистку Корнееву

Названы победительницы матчей Рыбакиной и Путинцевой за четвертьфинал турнира в Мадриде

Касаткина проиграла Путинцевой и не смогла выйти в 1/4 финала турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Сегодня свой 70-летний юбилей отмечает Заслуженный спасатель Российской Федерации Пётр Алексеевич Спичев

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Автомобили Kaiyi — с комфортом в любое путешествие

Сотрудники спецподразделений столичного главка Росгвардии окончили обучение в Центре профподготовки в Подмосковье











Топ новостей на этот час

Rss.plus






На выставку трофейной техники в Москве доставили танк M1 Abrams

Дожди и заморозки: синоптик Шувалов предупредил о двух волнах похолодания в Москве

Американский истребитель F-16 потерпел крушение в Нью-Мексико

Ульяновские росгвардейцы и кадеты «Гвардейской смены» написали «Диктант Победы»