17-февралда түшкөн кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолу убактылуу жабык турат. Облустук бийлик кооптуу тилкелерден көчкүнү атып түшүрүү иштерин жүргүзүүдө. Алар кара жолду бир-эки күндүн ичинде толук тазалап, каттам ачылат деп билдирди.
Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулган окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун бул кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сынга алгандар да болууда. Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн. Атамбаевдин билдирүүсү Жолугушуу тууралуу мурдагы президенттердин эч кимиси үн каткан эмес. 19-февралда Алмазбек Атамбаев жолугушуу болгонун ырастаган билдирүү таратты. Анын билдирүүсүн... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 19-22-февралга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун айрым чакырымдарында, Төө-Ашуу, Долон, Өтмөк, Талдык, Көк-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Акташ, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Казарман-Актал-Чат, Арал-Миң-Куш, Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү түшүүсү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Читать дальше...
Бүгүн, 19-февралда катаал аба ырайына байланыштуу Жалал-Абад облусунуна караштуу Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Расмий маалыматка караганда, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кировка жана Красная-Горка - Ак-Тaш унаа жолуна ири кар көчкү түштү. Каныш-Kыя, Чaткaл, Tepeк-Caй aйыл aймaктарында кар көчкү жүрүп, тоого жакын жайгашкан кээ бир үйлөрдү жана мал сарайларды басып калган. Кар көчкүдөн улам жолдо калгандарды жатакана жана ыссык тaмaк-аш менен Терек-Сай айыл өкмөтү камсыздап жатат. 18-февралда... Читать дальше...
Алмазбек Атамбаев өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттеринин жолугушуусу болгонун ырастап, билдирүү таратты. Анын билдирүүсүн бүгүн, 19-февралда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады. Султанбеков жарыялаган билдирүүдө, Атамбаев мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев (УКМК төрагасы) менен жолугушуу болот" деп чакырышканын билдирген. "Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 15-февралда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Анда "Вечерний Бишкек" басылмасы "Кактус медианы" жалган маалымат таратты деп айыптап, 50 миллион сом талап кылууда.
Кыргызстанда быйыл ажылыкка барууну каалагандар 20-февралдан тарта электрондук тизмеге каттала алат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Маалыматка караганда, ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 6-мартка чейин жүргүзүлөт. Ажыга барууну каалагандар миң доллар жана кайтарымсыз миң сомду төлөп, муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук бөлүмдөрүнө, РСК банкына алгачкы төлөмүнүн квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл. Читать дальше...
18-февралда түркиялык "Демирөрен" маалымат агенттиги Кахраманмараш шаарында тигилген боз үйлөргө зилзаладан жабыркаган шаар тургундары жайгаштырыла баштаганын кабарлады. Алар Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) координациялаган тизме менен киригизилет. 13-февралда зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш шаарынын статиондорунун бирине Кыргызстандан жөнөтүлгөн ондогон боз үй тигилген. Учурда Кыргызстандан барган боз үйлөрдө эки үй-бүлө баш калкалап турат. Читать дальше...
12-18-февралда Өзбекстандын Фергана шаарында кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдалды. Ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылган. "Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Читать дальше...
Бишкек-Ош автоунаа жолундагы кар көчкү толук тазаланып, чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, кар көчкү 18-февралда кечке маал толук тазаланды. Ишемби күнү эртең менен Бишкек-Ош жолуна 180 миң метр куб кар көчкү түшүп, машиналардын бардык түрүнө чектөө киргизилген. Мындан улам "Арал" (Токтогул району, Жалал-Абад) жана "Сосновка" (Жайыл району, Чүй) постторунда кезекке турган жеңил жана жүк ташуучу автоунаалардын саны 500дөн ашкан. Читать дальше...
Германиянын Мүнхен шаарында 18-февралда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев жолукту. Ага АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да катышты. Мүнхенде коопсуздук боюнча эл аралык конференция өтүүдө. "Бул Түштүк Кавказдагы эки мамлекет лидерлеринин Тоолуу Карабак боюнча чыңалуунун фонунда, өткөн жылдын октябрынан берки биринчи жолугушуусу болду",-деп белгилейт Reuters агенттиги. Эки ай мурун Карабакты Армения менен байланыштырган жалгыз жолду -... Читать дальше...
Кыргызстанда 28-февралда фискалдык модул менен иштөө функциясы жок көзөмөл-кассалык аппараттардын (ККМ) колдонуу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Буга чейин салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү 1-мартка чейин узартылган. "1-марттан тартып бардык ККМ фискалдык модул менен иштеши керек. Ал эми белгиленген техникалык талаптарга жооп бербегендер (эски үлгүлөр) мажбурлоо тартибинде өчүрүлөт. ККМ колдонуудан чыгарылса... Читать дальше...
Чаткал районунда кар тынымсыз жаап, кардын калыңдыгы бир метрден ашкан. Облус менен байланыш токтоп, Чапчыма ашуусу жабылды. Үйдүн чатыры кулап, кооптуу аймактагы 15 жаран бала бакчанын имаратына көчүрүлдү.