Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттин макамы тууралуу мыйзам долбоорун кайра кайтарып алды. Анын жардамчысы документ алымча-кошумчалоо максатында чакыртылып алынганын билдирди. Долбоорду былтыр жыл аягында парламент биринчи окууда кабыл алган жана анда экс-президенттин жеңилдиктерин кыйла кыскартуу каралган. Былтыр жыл аягында депутат Жеңишбек Токторбаев экс-президент макамын алгандардын мыйзамда каралган жеңилдиктери кыйла кыскарышы керектигин айтып чыккан. Буга байланыштуу атайын мыйзам долбоор жазып... Читать дальше...
21-февраль - эл аралык эне тил күнү. ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы тарабынан 1999-жылы эне тил күнү жарыяланган. Ал акыркы 23 жылдан бери дүйнө жузүндө белгиленип келатат. Жылдын дал ушул күнү "Эне тил күнү" деп белгиленишинин өз себеби бар.
21-февралда Баткен облусунун аймагындагы чек ара бекетинде 26 жаштагы чек арачы өзүнүн 21 жаштагы кызматташын атып алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы кабарлады. Мекеменин басма сөз бөлүмү ырастагандай, баштапкы маалыматтарда З.Ж. аттуу аскер кызматкери АК-74 автоматын этиятсыздык менен колдонуп жатып, капыстан ок чыгарып алган. Ок У.Б аттуу башка бир чек арачынын моюнуна тийген. Жаракат алган кишиге шашылыш түрдө медициналык биринчи жардам көрсөтүлүп... Читать дальше...
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 55 млн. 757 миң 825 сом жана 14,4 миң рубль түштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги кабарлады. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн аталган министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жарандар үчүн жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар болууда. Читать дальше...
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарындагы кар көчкүдө каза болгон мургабдык тогуз кишинин сөөгү өздөрү туулуп-өскөн айылдарында 21-февралда жерге берилди. “Азаттыкка” мургабдык кыргыздардын өкүлдөрү билдиргендей, маркумдардын үчөө жаш бала. Алардын сөөгү Хорогдон Мургабга тик учак менен жеткирилген. Зыйнатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты. Хорог шаарында 15-февралда эртең мененки саат 10дор чамасында кар көчкү түшүп, он чакты үйдү басып калган. Ванч деп аталган райондо да көчкү түшкөн. Читать дальше...
Беларус парламентинин Өкүлдөр палатасы мамлекеттик чыккынчылык үчүн өлүм жазасына тартууну караган мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Документке ылайык жогорку чара аткаминерлерге жана аскер кызматкерлерине колдонулушу мүмкүн. Долбоордо ошондой эле тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна, коомдук коопсуздукка, жол кыймылынын коопсуздугуна, калктын саламаттыгына жана мамлекетке каршы кылмыштар үчүн айыпка жыгуу каралган. Кылмыш-жаза кодексине «Терроризмди пропагандалоо» деген жаңы беренени киргизүү сунушталган. Читать дальше...
Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгуусуна тыюу салынды. Бул тууралуу Сот департаментинин жетекчисинин орун басары Кубат Черикчиев 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди. Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте жол эрежесинин айып пулдарын... Читать дальше...
Кыргызстандын мурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Дубайда өткөн азыркы президент менен экс-президенттердин жолугушуусу тууралуу пикирин айтты. Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө Жээнбеков президент Садыр Жапаров жолугушууну эл биримдигин бекемдөө максатында уюштурганын, муну жыйынга келгендердин бардыгы кубаттаганын белгиледи. Ал катышуучулардын бардыгы, толук курамда, аягына чейин отурганын жазган. “Садыр Жапаров Дубайдагы жолугушууга чейин Алмазбек Атамбаев экөөбүздү жолуктурганын айтты. Читать дальше...
Өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдин Египеттеги сапарынын жыйынтыгында ал өлкөнүн компаниялары менен 1,6 миллиард долларга тете 20 макулдашууну ишке ашыруу келишимине жетишилди. Бул тууралуу өзбек мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мирзиеев Каирге 20-февралда эки күндүк сапар менен барган. Расмий маалыматка караганда, 20 чакты алдыңкы компаниянын жетекчилиги менен жолугушууга Египеттин эл аралык кызматташтык министри Рания ал-Машат, Соода палаталарынын Федерация төрагасы Ибрагим Махмуд ал-Араби катышты. Читать дальше...
2010-жылкы Апрель окуясында курман болгондордун жакындарынан жана окуяга катышкан адамдар түзгөн “Баатырлар үмүтү” коомдук уюму президент Садыр Жапаров менен мурдагы беш президенттин жолугушуусун айыптап чыкты. Алар өз кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Уюмдун өкүлдөрү анда бул экс-президенттерди кайтаруу болушу мүмкүн деген камтамачылыгын билдирип, мурдагы президент Курманбек Бакиев 2010-жылкы апрелдеги окуяларга, андагы өлүмдөргө күнөөлүү экендигин белгилешкен. 20-февралда Апрель... Читать дальше...
Сөз эркиндиги жана Кыргызстандын эгемендиги менен “Азаттыктын” байланышы талашсыз. 70 жылдык тарыхы бар “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири - Тынчтыкбек Чоротегин. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеди.
Сөз эркиндиги жана Кыргызстандын эгемендиги менен “Азаттыктын” бйланышы талашсыз. 70 жылдык тарыхы бар “Азаттыктын” Кыргызстанда түптөлүшүнө зор салымын кошкон инсандардын бири бүгүнкү маектешибиз Тынчтыкбек Чоротегин. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору болуп бир топ жыл иштеди. Тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин менен Кубат Оторбаев маектешти.
“Бийлик сырларынын” бул жолку коногу коомдук ишмер, Кыргызстандын аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков болду. Ал маегинде мамлекеттик резиденцияда кимдер жашаганын, аларга көрүлгөн камкордуктар, жеңилдиктер, тартип-эрежелер, аны бузгандар, чоңдордун байбичелеринин мамилеси, Усубалиевдин Айтматовду конок кылганы ж.б. окуялар тууралуу кеп кылат. - Дөөлөтбек агай, сиз совет заманында мамлекеттик резиденцияда жетекчи болуп иштеп турган мезгилде ал жерде кимдер, кайсы кызматты ээлегендер жашачу эле? Читать дальше...
Бүгүн, 21-февралда Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинде “Азыркы күндөгү көркөм котормонун абалы” аттуу иш-чара өттү. Анда ушул тапта жарык көрүп жаткан котормо китептеринин абалы, көркөм котормонун сапаты, келечеги жана дүйнөлүк адабияттын тенденциялары талкууланды. Соңку жылдары америкалык жазуучулардын ондон ашык романдары, Герман Гессе сыяктуу немис жазуучуларынын чыгармалары кыргызчага которулду. Калганы көбүнчө орус тилинен кыргыз тилине оодарылып жатат. Талкууну... Читать дальше...
“Бийлик сырларынын” бул жолку коногу коомдук ишмер, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков болду. Ал маегинде, мамлекеттик резиденцияда кимдер жашаганын, аларга көрүлгөн камкордуктар, жеңилдиктер, тартип-эрежелер, аны бузгандар, чоңдордун байбичелеринин мамилеси тууралуу кеп кылды.
Кыргызстандагы жыгач материалдарды жана курулуш тактайларын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн башка жакка чыгарууга салынган убактылуу тыюу узартылды. Бул тууралуу Министрлер кабинети токтом кабыл алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Тыюу 2022-жылдын 1-августунда алты айлык мөөнөт менен киргизилген. Токтомдун мөөнөтү 2023-жылдын 14-февралында бүтмөк. Токтом 15-февралдан тартып дагы алты айлык мөөнөткө узартылды. Экспорттук чектөө Орусиядан гана келген жыгачтарга эмес... Читать дальше...
Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен Омбудсмен Атыр Абдрахматова жолугуп, өлкөдөгү адам укуктарынын абалын талкуулашты. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушууда адам укуктарынын сакталышы, сөз эркиндиги, гендердик теңчиликтин сакталышы жөнүндө сөз болду. Акыйкатчынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу, Кыргызстандын эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттенмелеринин аткарылышы талкууланды. Лесли Вигери Мамлекеттик департаментте былтыр ноябрь айында ант берип, кызматка киришкен. Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик ЭлТР телеканалынын “ПолитКлиника” басылмасынын сайтын бөгөттөө өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасы билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик басылманын видеосундагы маалыматтар ишенимдүү ачык булактардан алынган деген жүйө келтирген. ЭлТРге сот органдарына кайрылууну сунуштаган. Телеканал “ПолитКлиника” медиасынын "ЭлТРдин Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес дегени калп” деген видеосуна байланыштуу... Читать дальше...
Майда соода-сатык менен алектенген ишкерлер салык боюнча жаңы эрежелерге каршы болууда. Товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрүнүн (ЭТТН) ишке кириши аларга кошумча түйшүк жаратып, анын айынан баалар да кымбаттай турганын билдиришүүдө. Министрлер кабинети ЭТТН онлайн толтурула баштагандан бери Кыргызстанда айланган товардын көлөмү билине баштаганын, ошого жараша салык да көп чогултуларын жүйө келтирип жатат. Ишкерлердин нааразылыгы 20-февралда Бишкектеги Максим Горький атындагы... Читать дальше...
Ирандык фонд жазуучу Салман Рушдиге кол салган адамды кубаттап, миң чарчы метр айдоо жерин убада кылды. Ушундай маалыматты Ислам жумуриятынын мамлекеттик телеканалы Телеграм каналынан таратты. 75 жаштагы Рушди августта Нью-Йорк штатында адабий кече маалындагы чабуулдан бир көзүнөн ажыраган. Америкалык шийи мусулман Хажи Матарга адам өлтүрүүгө аракет кылган деген айып тагылып, ал сотто күнөөсүз экенин айткан. "Имам Хомейнинин фатваларын ишке ашыруу" фондунун катчысы Мохаммад Эсмаил Зареи “Рушдинин... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту банк эсептерин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш ишинин материалдарын "Азаттыкка" берүүгө Ички иштер министрлигин милдеттендирди. Мындай чечимди 21-февралдагы жараянда ишти караган судья Тилек Турдукулов чыгарды. Ага ылайык, "Азаттык" үналгысынын "Демирбанктагы" банк эсептерин камакка алууга негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалыматтарды радиого берүүдөн баш тарткан ИИМдин тергөөчүсү Улан Жапековдун аракетинде "мыйзам бузуу бар" деп табылды. Иш менен "Азаттыктын" адвокаттарынын таанышуусуна уруксат берилди. Читать дальше...
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мектептердин бирине Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин компьютер алып бергенин төгүндөгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсенов кызматтан кетти. Билим берүү министрлиги Үсөнов өз арызы менен 17-февралда иштен кеткенин билдирди. Мекеме мектепке компьютерлерди Камчыбек Ташиев алып бергенин маалымдады. 4-февралда социалдык тармактарда Сузактын “Ынтымак” мектебине атайын кызматтын башчысы Камчыбек... Читать дальше...
Пакистан менен Ооганстандын чек арасындагы негизги өткөөл үч күндөн бери жабык тургандыктан чоң тыгындар пайда болду. Товар ташыган миңдеген машине узун кезекте турат. Тараптар маселени жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, "Талибандын" бийлиги Торхам пунктун жекшембиде жаап койгон. Эки өлкөнүн биргелешкен Соода жана өнөр жай палатасынын төрагасы Зия-уль-Хак Сархади соодагерлер чоң чыгымга учурап жатканын, учурда 6 миңдей жүк ташуучу унаа чек арада топтолуп калганын белгиледи. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров кезектеги жогорку атайын наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин сайтына маалымат чыкты. Ага ылайык, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов менен Ички иштер министрлигинин академиясынын башчысы Тариель Абитовго “милициянын генерал-майору” наамы жана Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Самат Исабековго “бажы кызматынын генерал-майору” наамы берилди. Мурат Боронов буга чейин Ош шаардык жана Ош облустук милициясын жетектеген. Читать дальше...