26-февралда Ирандын валютасы АКШ долларына карата рекорддук төмөн көрсөткүчкө түштү. Бул Ирандын өзөктүк программасы талашка түшүп, адам укуктарынын бузулушунан жана Орусияга учкучсуз учактарды сатуудан улам өлкө эл аралык коомчулуктан обочолонуп жаткан учурга туура келди. Bonbast.com эл аралык биржанын сайтындагы маалыматка ылайык, бир АКШ доллары Ирандын бейрасмий базарында 24-февралда 540 000 риал турса, 25-февралда 540 000 көтөрүлүп, ал эми 26-февралда 601 000 риалга жеткен. Иран бийлиги... Читать дальше...
Иркутск облусунан мобилизациялангандар Орусиянын президенти Владимир Путинге видео кайрылуу жолдоду. Анда «ДНРдин 1-славян бригадасы аларды өлүмгө айдап жатат, ал эми чабуулга баруудан баш тарткандарды автомат жана артиллерия менен аткылашууда» деп айтышкан. Видео кайрылуу “Люди Байкала” Телеграм-каналына жарыяланган. Видеодогу аскерлер 1439-полктон экенин билдиришкен. Буга чейин ушул эле полктун экинчи батальону да ушундай кайрылуу жаздырышкан. Видеодогулар азыр ал батальон толугу менен жок кылынганын айтышты. Читать дальше...
Орусиянын Новосибирск шаарында 9-февралдагы газдын жарылуусунан жаракат алган кыргызстандык аял набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады. Маалыматка ылайык, газ жарылган учурда анын омурткасы сынган. Ага Новосибирскидеги Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалган. 21-февралда Бердск шаарындагы реабилитациялык борборго которулган. 24-февраль күнү ал Бердск шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, көп өтпөй каза болгон. Читать дальше...
Amazon Kindle интернет-дүкөнүндө ChatGPT негизинде жазылган китептер көбөйдү. Пилдердин жок болушу климаттын өзгөрүүсүн тездетет, Вьетнамда байыркы музыкалык аспап табылды. "Азаттыкта" илимдеги соңку жаңылыктардын топтому. ChatGPT жазып берген китептер Февраль айынын ортосундагы көрсөткүчкө ылайык, Amazon Kindle интернет-дүкөнүндө ChatGPT жасалма интеллекти автор же тең автор катары көрсөтүлгөн 200дөн ашуун китеп бар экендигин Reuters басылмасы жазды. Айрым китептер “ChatGPTнин жардамы менен кантип контент жасаса болот?”... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын аскери белгисиз жардыргыч заттын жарылуусунан улам жаракат алды. Жардыргыч зат 25-февралда Баткендеги №2021 аскер бөлүгүндө автоунааларды кароо учурунда жарылган. Жараат алган 19 жаштагы жоокер Раззаков шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы орточо оор. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, окуя боюнча бардык тийиштүү жетекчилерге маалымат берилди. Читать дальше...
Италиянын Калабрия аймагынын чыгыш жээгинде мигранттардын кемеси кырсыкка учурап, кеминде 30 адам каза болгонун ANSA жана башка маалымат агенттиктери жазды. “Андкронос” маалымат агенттиги мигранттарды ташып келе жаткан кемеде 100дөн ашык киши болгонун, андагы 50дөй киши куткарылганын кабарлады. Иран, Пакистан жана Ооганстандан мигранттарды ташып келе жаткан кеме деңиздеги катуу бороондон улам аскага урунган. Италия мыйзамсыз жолдор аркылуу кирген мигранттардын агымын тыюуну көздөйт. БУУнун маалыматына караганда... Читать дальше...
73 жаштагы Базаркан Дүйшөмбиева Ат-Башынын Баш-Кайыңды айылында өспүрүмдөрдү чаңгы (лыжа) тебүүгө үйрөтөт. Ал мектепте 40 жылдан ашык дене тарбия мугалими болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин кыштактагы лыжа сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирген.
26-27-февраль кундөрү жаан-чачындан улам Кыргызстандын тоолуу аймактарында, Бишкек-Ош жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел, Өтмөк ашууларында, Чычкан капчыгайында, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашууда кар көчкү жүрүшү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгалак болуп, муз тоңот. Айдоочулар автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого тийиш. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги зарылчылык болбосо бул күндөрү алыскы жолго чыкпоону сунуштады. 27-февралда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Читать дальше...
Астанада KaRima ресторандар түйүнүнө байланышкан талаш-талкуу күчөдү. Анда иштеген өзбекстандык жаран эксплуатациянын курмандыгы болгонун айтып чыкты. Буга чейин “Азаттыктын” казак кызматы эки өзбекстандык ушундай жагдайга туш болгонун жазган. Казак полициясы иликтөө жүргүзүп, бирок «кылмыштын курамы жок» деп ишти токтоткон. Ресторандар тармагынын өкүлү айыптоолорду четке кагууда.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, мас абалында унаа айдаган айдоочулардын күбөлүгү бир жылга чейин алынат. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет. Алкоголдук ичимдик ичкенин далилдөө үчүн медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тарткан айдоочу үч суткага камалат, эгер жанында айдоочулук күбөлүгү жок болсо, беш суткага камалат. Бир жылга чейин унаа айдоого укуксуз болот. Мас абалында унаа айдап келатып кылмыш курамы жок жол кырсыгына кабылса... Читать дальше...
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Ош шаарында 1644 чарчы метр, Ысык-Көлдө курорттук-рекреациялык аймактагы 4,62 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Ош шаарынын мэриясынын 2002 жана 2004-жылдардагы токтомдору менен 1644 чарчы метр жер тилкелери мыйзамсыз түрдө менчикке берилген. Бул боюнча шаардык прокуратура сотко доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында жер тилкелердин укук берүүчү иш кагаздары жараксыз деп табылды. 18 миллион 700 миң сомго бааланган жер тилкелери шаардын менчигине кайтарылды. Читать дальше...
Түркиянын бийлиги 6-февралдагы жер титирөөдө кыйраган имараттарга байланыштуу 600 адамга карата иликтеп-тергөө иштерин баштады. 182 адам кармалып, камалды. Дагы 400дөйү шектелүүдө. Associated Press агенттигинин маалымдашынча, булар негизинен курулушка тартылган фирмалар, компаниялардын ээлери жана башкаруучулары. Юстиция министри Бекир Боздаг кылмыш иликтөөлөрүн жүргүзүүгө кыйраган имараттар негиз болуп бере аларын белгиледи. Эксперттер жер титирөөдө кыйраган үйлөр жана имараттар сапатсыз курулуш материалдарынан салынганын... Читать дальше...
“Chevrolet Captiva” үлгүсүндөгү автоунаа Кыргызстандын бардык район, шаар башчыларына тапшырылууда. 25-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусундагы иш сапары учурунда облустун Кадамжай районунун акимине, Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Баткен шаарларынын башчыларына жаңы кызматтык унаа тапшырды. Лейлек жана Баткен райондорунун акимдерине кошумча машине берилерин айтты. “Президент Садыр Нургожоевичтин тапшырмасын эсиңиздерге салам. Милдетиңиздерди так аткарып, уят кылбай иштеп бериңиздер. Читать дальше...
Былтыр 14-17-сентябрь күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда кыйраган, өрттөнгөн 418 үйдүн ичинен 332 үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-февралда Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында жаңы курулган үйлөрдүн сапаты менен таанышты. Акылбек Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында жаңыдан курулган үйлөргө барды. Читать дальше...