Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын курулушу, сапаты менен таанышты. Өкмөттүн расмий сайты маалымдагандай, ал Баткен районундагы Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды. “Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде” дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот”, - деген... Читать дальше...
26-февралда түнкүсүн Кыргызстандын баардык аймактарында кар жаайт. Күндүз Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18... Читать дальше...
Жолдош Турдубаев - адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык сынактарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia сынагынын экинчи байгесине ээ болгон. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Буга чейин ушул темада жазган бир макаламдын аягында абхаз жазуучусу Фазиль Искандердин “Софичка” повестине шилтеме жасадым эле. Кызыгып окугандар (интернетте да бар) ал чыгарманын баш каарманы Софичка аттуу кыз бир тууган... Читать дальше...
Айтыш өнөрү барган сайын жаңы муун менен толукталууда. Алардын катарында өз дарамети менен башкалардан айырмаланган акын кыздарыбыз бар. "Эже-сиңдилерде" бул жолу акын кыздар менен айтыш өнөрү тууралуу сөз кылабыз.
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККБ) маалыматына караганда, жол эрежелерин бир жыл ичинде үч жолу бузган айдоочу кайра экзаменге жөнөтүлөт. Мындай чара ушул жылдын 8-мартынан тарта күчүнө кирет. Укук бузуулар кодексинин 38-беренесине ("Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү – укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу") ылайык, жол эрежесинин төмөнкү түрлөрүн бир жылда үч жолу бузган айдоочулар кайрадан сынак тапшырышат. Читать дальше...
"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров "Чек ара маселелерин чыр-чатакка сезимталдык жана конструктивдүү журналистиканын негиздеринде чагылдыруу" боюнча сынакта 2-орунду алды. Жеңиш Айдаров сынакка "Баткен: тынчтыкты тилеген ишкерлер" деп аталган видеоматериалы менен катышкан. Сынакты "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонду уюштурду. Жеңиш Айдаров 12 жылдан бери чек ара маселелерин чагылдырып, “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы болуп иштеп келет. Кыргызстандын Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Читать дальше...
Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, Кумтөр алтын кени, Улуттук банкта сакталган алтын, кендин ишин текшерүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тууралуу суроолорго жооп берди. Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кени мамлекеттин карамагына өткөндөн бери алтын менен күмүштү казуу көбөйгөнүн белгилеген. "Эки жылда эле 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш чогулта алдык. Азыр Улуттук банкта жатат. Кечээ жакында депутаттарды алып барып көрсөтүп чыктым",-деди Акылбек Жапаров. Читать дальше...
Бүгүн, 25-февралда саат 11:51де Чүй облусунда жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалымдашынча, силкинүүнүн күчү 3 баллды түздү. 3 баллдык силкинүү Сокулук районунун Киров, Асылбаш, Шалта, Москва районунун Садовое жана Беловодск айылдарында болгон. Ал эми Шопоков шаарчасы менен Москва районунун Петровка айылында эки балл болгону кабарланды. Баштапкы маалыматтарга караганда, жер титирөөдөн жапа чеккендер жок. 23-февраль күнү очогу Тажикстанда болгон жер титирөө катталган. Очогунда... Читать дальше...
Бүгүн, 25-февралда Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевдин бошотулушун талап кылган митинг өттү. Митингге чыккандар "Жерибиз үчүн бекем туруу кылмыш эмес", "Акыл, биз сени мененбиз!" деп жазылган плакаттарды кармап турушту. Алар президент Садыр Жапаровго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Акыл Айтбаевди боштондукка чыгарууну суранышты. Читать дальше...
Таабалды Эгембердиевдин бул жашоодогу жалгыз арманы - бизнеске биротоло баш байлагандан кийин жазганды такыр таштап койгону, эчен жыл ичте багып келаткан “баары бир жазуучулукка кайтам” деген ой-тилегинин ишке ашпай калганы болду окшойт. Андан жакшы жазуучу чыгарын айткандар, атүгүл мезгилдүү басмага чыккан макала, маектерин чогултуп китеп кылып чыгарып берүүнү сунуш кылгандар болду. Бирок ал китеп чыгарууга ашыкпады, эңсеген тилегин ишке ашырууга убакты-сааты жетерине ишенип жүрдү, ал эми убакыт дегениң аны күтүп отурбайт экен... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети(УКМК) адам уурдоого жана опузалап акча талап кылууга шек саналган үч адам (К.Н.Б., С.Ч.Ш. М.А.М.) кармалганын билдирди. Маалыматта кармалгандар 19-февралда Бишкекте "А. Т. аттуу адамды алдап жолугушууга чакырып, белгисиз жакка алып барып, бычак менен коркутуп, денесине оор залал келтиришкени" айтылат. "Аны эс-учун жоготкон абалда Бишкектеги батирлердин биринде үч күн кармашып, күч колдонуп коркутуу менен 3000 доллар талап кылышкан",-деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы. Читать дальше...
Египеттин (Мысырдын) Александрия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынды. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта күч сынашып, алгач франциялык Амелине Доуарени 7:0, кийин АКШ өкүлү Кайла Колиин Мираклды 10:0, жарым финалда украианылык Ирина Коляденкону 2:0 эсебинде утуп, финалга чыкты. Алтын байге үчүн беттеште кытайлык Ло Сяоцзюаньды (Xiaojuan LUO) 3:2 эсебинде жеңип алды. Бул мелдеште Кыргызстандан барган балбан кыздар... Читать дальше...
Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 50 миңден ашты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигине (AFAD) таянып жазды. Соңку маалыматка ылайык, 6-февралдагы жер титирөөдөн каза тапкандар Түркияда 44 218 адам, Сирияда 5914 адамга жетти. Түркияда талкаланган 160 миң имаратты калыбына келтирүү иштери башталды. Бул имараттарда 520 миң батир болгон. Расмий маалыматтарга ылайык, башкалкасыз калгандарга 313 миң чатыр тигилген. Читать дальше...
Президент Садыр Жапаровдун 24-февралдагы жарлыгы менен милдеттүү жана альтернативдүү түрдө аскердик кызмат өтөөгө чакыруу башталды. Аскерге чакыруунун жазгы мөөнөтү 2023-жылдын март, апрель, май айларында жүрөт. Жашы 18ге толгон, аскерге жарамдуу эркек балдар өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнө, башка аскердик түзүмдөрүнө милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылат. Президент өзүнүн жарлыгында ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрдө милдеттүү жана альтернативдүү... Читать дальше...
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралдан 3-мартка чейинки сапары учурунда Казакстан, Өзбекстан жана Индияга барат. Бул тууралуу департаменттин маалымат кызматы кабарлады. Блинкен 28-февралда Астанага келет. Ал казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган бир катар жетекчилер менен жолугат. Ошол эле күнү Энтони Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт. Анда АКШ менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы. Читать дальше...
Жалал-Абадда аялдардын тилектештик курултайы өттү. Анда аялдарга карата зордук-зомбулук, алардын саясий чөйрөдөгү орду, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ар тармактан чогулган лидер айымдардын иш чарасына кабарчыбыз Талгат Абжалил катышты.