Англис тили мектептерде 9 жыл окутулганына карабай, мектеп бүтүрүүчүлөрү тилди толук өздөштүрө алышпайт. Ошол эле учурда жеке менчик курстарга, социалдык тармактагы тил үйрөтүүчү контентке суроо-талап күч. “Азаттык+” жаштардын дүйнөлүк тил менен байланышын талкууга алды.
3-февралда улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер Таабалды Эгембердиевдин өмүр жолуна арналган эки китептин бет ачары өттү. Таабалды Эгембердиевди кыргыз эли агартуучу, ойчул, демократиялык баалуулуктарды ырааттуу коргогон коомдук ишмер деп билет.
Киевде биринчи жолу Евробиримдиктин бараандуу делегациясы катышкан саммит ачылды. Орусияда жугуштуу ооруларга текшерилген мигранттардын айрымдары аларга так эмес диагноз коюлуп жатканын айтууда. Европарламент Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин абалына кабатыр.
2-февралда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилери, Чек ара кызматынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, район жетекчилери жолукту. Анда тынчтыкты сактоо багытында биргелешкен иш чараларды өткөрүү макулдашылган. Кыргызстан менен Тажикстандын эки чектеш облус башчыларынын жолугушуусу Баткен облусунун Лейлек районунда, кыргыз-тажик чек арасында өттү. Жолугушууга Баткен облус жетекчиси Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан “Камбар-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭО) Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ ) менен бирге даярдай турганын билдирди. Жапаров бул тууралуу 3-февралда Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында айтты. Ал Кыргызстан коңшулары – Казакстан жана Өзбекстан менен биргеликте Кыргызстандагы эң ири “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштаганын кошумчалады. Үч өлкөнүн энергетика министрлери 6-январда Бишкекте... Читать дальше...
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жаткан Талас шаарынын вице-мэри жана шаардык кеңештин жетекчилери бюджетке 5 миллион сом кайтарып бергенин билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, шектүүлөр тергөөдө күнөөсүн моюнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берүүгө макул болушкан. УКМК Талас шаарынын вице-мэри Максат Байжигитов, шаардык кеңештин төрагасы Адылбек Жусупбеков, шаардык кеңештин вице-спикери... Читать дальше...
Кыргызстан менен Өзбекстан “Түндүк Сохтогу” газ сактоочу кампаны чогуу ишке киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Анжиян облусундагы сапарында айтканын uzа.uz мамлекеттик маалымат агенттиги жазды. Порталдын маалыматына караганда, Шавкат Мирзиеёв бул маселени Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында президент Садыр Жапаров менен макулдашканын, жакында Өзбекстандын энергетика министрлиги техникалык маселелерди талкуулоо үчүн Кыргызстанга бара турганын айткан. Читать дальше...
Бишкектин электр түйүндөрү боюнча ишканасы карызы бар абоненттеринин жарыгын 6-февралдан тартып өчүрө баштай турганын эскертти. Мекеме 3-февралда жарыялаган кайрылуусунда декабрь-январь айларында өтө суук болгондуктан карыздар абоненттердин электр энергиясы өчүрүлбөгөнүн, төлөнгөн акы жабдыктарды тейлөөгө, тармактын ишин туруктуу камсыздоого жумшаларын белгиледи. Борбор калаада, ишкана билдиргендей, дебитордук карызы бар абоненттердин саны 7 миңден ашат. Кыргызстанда 11-16-январь күндөрү абанын температурасы төмөндөп... Читать дальше...
Иранда түрмөдө жаткан режиссер Жафар Панохи нааразылык иретинде ачкачылык жарыялады. Алты жылга эркинен ажыратылган Панохи Ирандагы эң белгилүү кинорежиссерлордун бири. Анын тасмалары Берлин жана Канн кинофестивалдарында сыйлыкка татыган. Локарнодогу "Алтын илбирс", Венециядагы "Алтын арстан" фестивалдарында сыйланган. Өткөн жылдын май айында Панохи Ирандагы сөз эркиндигин жана эркин чыгармачылыкка каршы репрессиянын күчөшүн айыптаган 300дөн ашуун коомдук-маданий ишмерлердин ачык катына кол койгон. Читать дальше...
Абактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков өлкөнүн юстиция министрине, акыйкатчысына, журналисттерге жана укук коргоочуларга кайрылып, ден соолугуна байланыштуу көз каранды эмес консилиум түзүүгө жана тийиштүү дарылануудан өтүүсүнө жардамдашууга чакырды. 3-февралда социалдык түйүндөр аркылуу жарыялаган кайрылуусунда Жээнбеков буга чейинки өтүнүчү боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) жооп алганын, анда ал абак шартында дарылануу сунушунан баш тартып койгону айтылганын билдирди. Читать дальше...
Казакстанда журналист Махамбет Абжанды "атайылап жалган маалымат тараткан" жана "опузалап пара талап кылган" деген айып менен тогуз жылга камалды. Чечимди 3-февралда Астананын кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык соту чыгарды. Өкүм жарыялангандан кийин залда отургандар "Уят!", "Боштондук!" деп кыйкырышты. Бир күн мурун прокурор журналистти 11 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү суранган. 2022-жылы 3-июлда кармалган Махамбет Абжан ишкерди опузалап, 50 миллион теңге (180... Читать дальше...
Пакистандын армиясы Ооганстан менен чек арага жакын жердеги “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын мүчөлөрү жайгашкан жерди бутага алды. Атышууда эки козголоңчу жок кылынганы 3-февралда расмий кабарланды. Аскерлер Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан районундагы согушкерлердин баш калкалоочу жайынан курал-жарактарды табышты. Аскердик рейд учурунда жок кылынган жоочулар мурда коопсуздук күчтөрүнө кол салууга катышканы айтылууда. 30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке... Читать дальше...
"Кумтөр Голд" компаниясын убактылуу сырттан башкаруу учурунда, 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин жалпы наркы 62,2 миң доллардык 25 алтын медал даярдалган. Бул тууралуу Эсеп палатасынын бүгүн, 3-февралда жарыяланган аудиттик отчетунда маалым болду. 25 медалдын тогузу ушул тапта кайда экени белгисиз, калганы компаниянын кассасында сакталуу деп айтылат Эсептөө палатасынын отчетунда. Маалыматта медалдарга каражат максатсыз корогонун белгилеген. Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап... Читать дальше...
“Азаттык” радиосуна байланыштуу маселе 3-февралда Бишкекте өткөн коомдук ишмер, белгилүү ишкер, публицист Таабалды Эгембердиевди эскерүү кечесинде көтөрүлдү. Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыктын” жабылышына каршы экенин айтып, бийлик өкүлдөрүнө "Көзү өткөн Таабалды Эгембердиевдин, Жыпар Жекшеевдин, Казат Акматовдун арбагын сыйласаңар, көзү тирүү бизди сыйласаңар, сөз эркиндигин, демократияны сыйлагыла” деп кайрылды. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин Эгембердиевдин Кыргызстанда... Читать дальше...
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанда өтүп жаткан эл аралык Digital Almaty форумуна катышууда. Ал санариптик өзгөрүү бардык тармактарга өз таасирин тийгизип, айрыкча экономика жана саясатта да олуттуу орунга ээ болуп бара жатканын айтты. "Аналитиктердин божомолу боюнча акылдуу машинелер адамдай эле ойлонуп, жакынкы келечекте билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу бир катар тармактарда революция жаратат. Жакында эле британиялык окумуштуулар жасалма интеллектин жардамы менен боор рагына дары тапты деген жаңылык чыкты. Читать дальше...
Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери антибиотик сайгандан кийин аллергиялык реакциянын айынан анафилактикалык шок абалга кептелген тогуз адам катталганын бүгүн 3-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын бири өзүнө келе албай каза болгон. Териштирүү жүргүзгөндө мындай реакция “Цефтриаксон” дарысын (Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусия өлкөлөрүндө өңдүрүлгөн) көпчүлүк учурда үй шартында сайгандан кийин пайда болгону аныкталган. Читать дальше...
Жогорку Кеңеште санарип өнүктүү министри Талантбек Иманов менен "Дастан" ишканасынын мурдагы башчысы, ириде энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемаларда аты аталган Алексей Ширшовдун байланышы тууралуу дагы маселе көтөрүлдү. Парламенттин соңку, 2-январдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев өкмөт өкүлүн коррупцияга айыптады. Министрликке берилген маанилүү, кирешелүү ишканалар келечекте сатылып кетерин эскертти. Министрликтин басма сөз кызматы Иманов менен бул мекемеге айтылган дооматты "каралоо" деп комментарий берди. Читать дальше...
Кемпир-Абад иши боюнча дагы бир жарандык активист Темир Махмудов Бишкектеги №1 тергөө абагына 20-февралга чейин камалды. Мындай чечимди 2-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын мекеменин басма сөз кызматы ырастады. Ушуну менен Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандар 29 кишиге жетти. Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 28 адам жапырт кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында,... Читать дальше...
Бүгүн, 3-февралда коомдук ишмер, улуттук маданиятты өнүктүргөн ишкер, публицист Табылды Эгембердиев тууралуу эки китептин бет ачары жана эскерүү иш-чарасы өттү. "Оо, дарегим! Оо, карегим!" аталышындагы китепте Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарындагы саясий-экономикалык жана социалдык-маданий абалын чагылдырган Эгембердиевдин публицистикалык макалалары камтылса, "Көчмөн жаратман" аталышындагы экинчи эмгекте анын үй-бүлөсүнүн, замандаштарынын эскерүүлөрү камтылган. Түркиядан басылып чыккан китепти журналист Бахтияр Шаматов түзгөн. Читать дальше...
Кыргызстанда былтыр жолдорго асфальт төшөө иши ага чейинки жылга салыштырганда 3,2 эсе көп жасалганын бүгүн 3-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев билдирди. Анын айтымында, министрликке караштуу тармакка былтыр өкмөттөн 8,7 миллиард сом бөлүндү. Бул 2,5 эсе көп, себеби 2021-жылы 3,8 миллиард бөлүнүп берилген: “Асфальт жолдор 488 чакырым басылды. 2021-жылга салыштырганда бул 3,2 эсе көп”. Читать дальше...
Эсептөө палатасынын аудиттик отчетунда "Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин кеңселерине эмерек алуу, дизайнын иштеп чыгууга 2,3 млн. доллар короткону маалымдалды. Жаңы эмерекке буюртма берүү, жеткирүү жана орнотууга 1,43 млн. доллар, дизайнын иштеп чыгууга 31 миң доллардан ашык, мындан сырткары башка чыгымдарга деп 790 миң доллар корогону белгиленген. Эмерек сатып алуу үчүн Италия, Түркия, Беларустун компаниялары менен бир нече келишимдер түзүлгөнү көрсөтүлгөн. Читать дальше...
Кыргызстанда аскерде альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн төлөмүн кымбаттатуу сунушталып жатат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев жазды. Ага ылайык, үй-бүлөлүк жагдайга байланыштуу альтернативдик кызматка чакырылгандар 50 миң сом, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу күчтөрдө кызмат кылууга жол бербегендер 100 миң сом төлөйт. 22 жашка чыккан, аскердик жана альтернативдик кызматты өтөбөгөндөр 300 миң сом төгөт. Азыр иштеп жаткан мыйзам боюнча, үй-бүлөлүк... Читать дальше...
Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Кең-Талаа айылынын аймагында 100 гектарлык мисте багын ачуу пландалып жатканын бүгүн 3-февралда Жогорку Кеңештин «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынын отурумунда маалымат берип жатып экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Кутманованын айтымында, ал жерде тамчылатып сугаруу системасы орнотулат, иштер март айында башталат: “Ошол жерге мисте багын баштап, достук багы сыяктуу наам берип, ынтымакка чакырган жашылдандыруу иштерин жүргүзөлү деп жатабыз”. Читать дальше...
Аскер Сакыбаева - журналист. Бир катар басылмаларда эмгектенген. Соңку кезде эркин медиа каражаттары менен кызматташып келет. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт. Таштандыларды бөлүп чогултуу тууралуу акыркы кезде демилгелер көтөрүлүп, атургай сыртына кайсы таштанды чогула турганы жазылган контейнерлер борбордо коюлуп жатканын көрдүк. Демилге дурус, бирок аягына чейин ишке ашса сонун болор эле. Себеби, бөлүнүп чогулган таштандынын кайра иштетиле турганы аларды иштетүүчү ишканаларга... Читать дальше...
Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 4-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7, Талас жергесинде түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...