Мы в Telegram
Добавить новость

Площадку под строительство жилья по программе реновации освободили в Люблине

Новый жилой комплекс сдан в Нагатино-Садовниках

Изменился график поездов на МЦД-4, Киевском и Горьковском направлениях 17–19 мая

Обеспечение газовой безопасности в МКД Подольска обсудили на совещании



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Мектепке берилген белектин чуусу, Ташиевдин кайрымдуулугу

Мектепке берилген белектин чуусу, Ташиевдин кайрымдуулугу

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы мектептердин бирине атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилди делген компьютерлердин айланасында талаш-талкуу кызыды. Ушул айдын башында он компьютер берилгенин айтып чыккан райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнов болсо бул техника Дүйнөлүк банктын долбоорунун негизинде алынганын билдирген жана мындан көп өтпөй эле күтүүсүз кызматтан кеткени белгилүү болгон. 

Бул окуядан улам жогорку бийликтеги адамдардын кайрымдуулугу, чыгыша-кирешесинин ачыктыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Ушул айдын башында социалдык тармактарда Сузактагы "Ынтымак" атындагы №85 орто мектептин директору Карачач Боржуеванын кыскача видеосу жарыяланган. Анда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөлүк фондунан жаңы компьютерлер берилгенин айтып сүйүнгөн.

"Мына бүгүн биздин "Ынтымак" мектебибизге жаңы он компьютер келди. Биз Камчыбек Кыдыршаевич, сизден сурандык эле. Сизге чоң рахмат. Заманбап шарттар түзүлдү. Мындан ары сизди уят кылбай жакшы иштейбиз деген үмүтүбүз бар",- деген директор.

Бул компьютерлердин таржымалын "Т-Медиа" сайтынын журналисттери сүрүштүргөн жана анда Боржуева Ташиевдерден белек келгенин бышыктаган. Бирок аталган сайттын кабарчылары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөновго кайрылганда, ал бул техника Дүйнөлүк банктын "Келечек үчүн билим берүү" долбоорунун алкагында алынганын маалымдаган.

"Ошондой долбоорлор башталганда "Ынтымак" мектеби авариялык абалда болчу. Банктын талаптарына ылайык, авариялык мектептер кошулбай калган. Аларга бүгүнкү күндө он компьютерди Дүйнөлүк банктын долбоорунун негизинде убактылуу пайдаланууга бердик",- деген Үсөнов.

Мындан көп өтпөй Тынычбек Үсөнов күтүүсүз кызматтан кеткени белгилүү болду жана бул мектепке берилген белек, Ташиевдердин кайрымдуулугу тууралуу талаш-талкууга жем таштады.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Нуржигит Мырзабеков башында журналисттерге компьютерлерди Ташиевдер алып бергенин билдирип жаткан.

"Азаттык" аны менен 22-февралда байланышканда Дүйнөлүк банктан аталган мектепке компьютерлер берилгенин бышыктады. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Үсөнөвдун күтүүсүз кызматтан кеткенине байланыштуу териштирүү болбогонун билдирди.

"Компьютерлердин кандай болуп берилгенин азыр тактап жатабыз. Кечээ мен Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө алар компьютерлер биз менен бирге аткарган долбоордун негизинде берилген деп айтышты. Бирок бул окуяга толук сүңгүп кирген жокмун. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы өз каалоосу менен кетти да. Эч кандай териштирүү болгон жок. Анын ордуна милдетин аткаруучу болуп башка бирөө дайындалды".

"Азаттык" мектептин директору Карачач Боржуева менен байланышты. Ал болсо Дүйнөлүк банктан дагы, Ташиевдердин үй-бүлөлүк фондунан дагы компьютерлер алынганын айтып жатат.

"Менден интервью алган Дастан Осмонов деген бала бир жактуу эле "сиз Фейсбукта компьютерлерди Ташиевдер алып келип берди" деген экенсиз, ошол тууралуу маалымат берип коюңуз деди. Анан чынында эле маалымат берип койгонмун. Бирок чынында эле райондук билим берүү бөлүмү дагы бизге компьютер берген. Журналист ал тууралуу сураган жок. Ал компьютерлерди биз пайдаланып турганбыз, Ташиевдердикин болсо кое элек болчубуз, алар ошол маалда кутуда турган. Анан журналист Ташиевдер компьютер бергени чынбы дегенде мен "чын" деп жооп бергем. Мага болсо райондук билим берүү бөлүмү бердиби деген суроо берилген жок да. Чынында эле ал жактан да берилген. Бизде компьютерлер үчүн он орун бар эле. Ошондуктан долбоор аркылуу келген компьютерлер коюлуп, беркилери коюлбай эле турган. Мага Камчыбек Кыдыршаевич андан бир күн мурда келген. Сизге алып келип беришет деди, алып келип беришти. Бирок ага чейин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы берки компьютерлерди мага убактылуу берип турган",- деди Боржуева.

Камчыбек Ташиевдин кайрымдуулугуна байланыштуу маалыматтар маал-маалы менен чыгып турат.

Буга чейин анын жеке каражатына Жалал-Абад шаарындагы айрым көчөлөр оңдолгону, мечит салынганы, миңдеген адамды топтоп тамак бергени, колунда жок айылдаштарына там-таш курулганы, бейтаптардын дарылануусуна каралашканы кабарланган.

Былтыр август айында Ташиевдер өздөрү туулуп-өскөн Сузактын Барпы айылында "Жони" деген парк куруп, ага агасынын ысымын беришкен. Ошол маалда дагы анын киреше-чыгашасы тууралуу суроолор жаралган.

Былтыр жыл аягында Мамлекеттик салык кызматы Ташиевдин декларациясын жарыялаган эмес. Мекеме муну мыйзамда улуттук коопсуздукка байланыштуу кызматта иштегендердин киреше-чыгашасы ачыкталбай турганы менен түшүндүргөн.

Талдоочу Төлөгөн Келдибаев мындай маалымат ачык болушу керектигин белгиледи. Кайрымдуулук менен алектенгендердин айланасындагы күдүк ойлор жаралбашы керектигине токтолду. Ал ошондой эле кызматтагы адамдардын өз айылына аймагына айрыкча көңүл бурган көрүнүш бар экенин айтты.

"Президенттен баштап, катардагы айыл өкмөткө чейин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагылардын баарынын декларациясы ачык-айкын болушу керек. Тилекке каршы, Кыргызстанда ким бийликке келсе, ким кызматта турса өзүнүн айылына бюджеттен акча бөлдүргөнгө, грант бердирткенге аракет кылышат. Алардын айылына мектептер тездик менен салынып, жолдор курулуп, айтор маселелери чечиле баштайт. Кошоматчылар дагы алардын атынан белек-бечкектерди алып барып беришет. Же болбосо алар бирөөлөргө дайындашы мүмкүн. Ошонун кесепетинен азыркыдагыдай окуялар болуп жатат. Мындай ыкма буга чейин дагы болгон, азыр дагы уланып жатат. Анан эл "колунан келип турганда айылына эч нерсе кылган эмес" деп айтпасын дешет. Кайрымдуулук кайсы акчадан жасалганы, эмненин эсебинен берилип жатканы, кандай бизнестери бары, киреше-чыгашасы ачык болушу керек. Ошондуктан булардын кайрымдуулук иштери тууралуу дагы иликтөөлөр жүргүзүлүшү керек".

Ташиев жана анын жакындары соңку кайрымдуулуктан улам чыккан талкууларга азырынча комментарий бере элек. Буга чейин анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов алар колунда бар үй-бүлөлөрдүн катарына кирерин айткан.

"Ташиевдер буга чейин деле кайрымдуулук кылып эле жүргөн. Өзүлөрүнүн бизнесинин акчасына. Аны жалпы Кыргызстан билет го. Мунун баары элге калат. Ошол эле паркка эл барат, балдарын ойнотот. Эми Ташиев өзүнүн короосуна куруп алган жок да".

Ташиев 2020-жылы бийлик алмашкандан бери УКМКны жетектеп келүүдө. Бир тууган иниси Шайырбек Ташиев учурда Жогорку Кеңештин депутаты, жээни Байгазы Матисаков “Кыргыз Петролеум Компани” (КПК) мамлекеттик компаниясын башкарат.

Атайын кызматы азыркы бийликтин коррупция менен күрөшүндөгү негизги орган болуп турат. Анын алкагында бир нече мурдагы жетекчилер, депутаттар кармалган. Алардын көбү акча төлөп абактан кутулган. Былтыр Ташиев Коопсуздук кеңешинин жыйынында бийлик алмашкандан бери жемкордук менен күрөшүүдөн миллиарддаган сом казынага кайтарылганын билдирген эле.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

За майские праздники по трассе М12 автомобилисты проехали более миллиона раз

Московский военный округ возглавил Сергей Кузовлев

Начался прием заявок на конкурс "Добрый спорт" Шахматы представлены в номинации "Сильный ход"

Собянин объявил о начале фестиваля «Московская A Cappella»

Музыкальные новости

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о поддержке организаций и ИП в Белгороде

Стартовал финальный этап всероссийского футбольного турнира «Будущее зависит от тебя»

Дмитрий Бикбаев готовит премьеру театрального проекта, основанного на личных переживаниях

"Динамо" вышло на первое место в РПЛ за два тура до финиша

Новости России

Собянин объявил о начале фестиваля «Московская A Cappella»

Более 60 тысяч домов в Подмосковье газифицируют в этом году

Тороп травмировался после столкновения головами с Алипом. Вратаря ЦСКА увезли с поля, 19-летний Шайхутдинов вышел вместо него

Захарова: Россия осудила покушение на премьера Словакии Фицо

Экология в России и мире

10 полезных продуктов для сердца

Мультфильм «Пушистый вояж» выйдет в прокат при поддержке Детского радио

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

Новые городские проекты в сотрудничестве с парком Юрия Лужкова готовит Фонд Юрия Лужкова

Спорт в России и мире

Хачанов проиграл Табило в 1/8 финала «Мастерса» в Риме

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме

Новак Джокович низко оценил свою готовность к «Ролан Гаррос» и Олимпиаде-2024

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Moscow.media

Краски севера V

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

«Байкал Сервис» открыл новый терминал на юго-востоке Москвы











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Более 60 тысяч домов в Подмосковье газифицируют в этом году

Московский военный округ возглавил Сергей Кузовлев

Собянин объявил о начале фестиваля «Московская A Cappella»

Захарова: Россия осудила покушение на премьера Словакии Фицо