Мы в Telegram
Добавить новость

Художественно-промышленная выставка-форум «Уникальная Россия» пройдет в Москве

Горожан пригласили отпраздновать открытие летней навигации на Южном речном вокзале

В деле Тимура Иванова могут появиться новые эпизоды противоправной деятельности

В Нижнем Новгороде появилось граффити подсвечника на ОКН



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2021

Новости за 30.07.2021

Azattyk.org 

АКШнын аскерлерине жардам берген оогандыктар коопсуз жайга чыгарылууда

Ооганстанда америкалык аскерлер жана дипломаттар менен кызматташкан ооган жарандары өлкөдөн чыгарылып, коопсуз жерге жеткирилди. Алгачкылардан болуп Ооганстандагы америкалык аскер базалары менен дипломатиялык миссияда мурда котормочу болуп иштеген оогандар АКШга үй-бүлөлөрү менен алып келинди. Алар буга чейин “Талибан” кыймылынын кол салуусунан коркуп, өлкөдөн чыгарып кетүүнүн суранып, Вашингтонго кайрылышкан. Учуп келген бардык оогандыктар АКШнын Вирджиния штатындагы Форт-Ли аскер базасына жөнөтүлдү. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кытай Москвага каттаган учакты коронавирустун булагы деп атады

Кытайдын чыгышындагы Нанкин шаарынын бийлиги Москвадан учуп келген Air China компаниясына таандык жүргүнчү ташыган учакты COVID-19 пандемиясы башталгандан берки вирусту жугузуучу эң ири булак деп атады. Бул шаарда вирус чыккандан бери аталган учакта учуп келгендердин арасынан ооруну жугузуган 200дөн ашуун учур аныкталды. Алар аркылуу Кытайдын аталган шаарынын калкына жана 15 провинциясындагы 26 калктуу конушуна тараган. Бул тууралуу Гонконгдогу South China Morning Post гезити жазып чыкты. Мамлекеттик... Читать дальше...

Azattyk.org 

АКШ Өзбекстанга Moderna вакцинасынын 3 млн. дозасын берди

30-июлда коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 3 млн 60 доза Moderna вакцинасы жүктөлгөн учак АКШдан Өзбекстанга келип конду. АКШда өндүрүлгөн Moderna вакцинасы эл аралык COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга жардам иретинде акысыз берилди. Гуманитардык жардамды Ташкендин аба майданынан Өзбекстандын Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери кабыл алды. АКШнын адистери аталган вакцинаны коронавируска каршы 94 пайыз натыйжалуу деп сыпатташкан. Аны 18 жаштан өткөндөр эки дозада бир ай аралык менен алат. Читать дальше...

Azattyk.org 

Эгемендиктин башаты - тазалык менен тынчтык

"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Ырысбай Абдыраимовдон келген материалды сунуштайбыз. Кыргызстанды дүйнөдөгү ондогон өлкөлөр жана эл аралык уюмдар эркин өлкө катары тааныгандыгына нечен жыл өткөнүнө карабай, ал толук эркиндикке жетише элек. 1991-жылдын 31-августунан бүгүнкү күнгө дейре деле каз-каз басып, тай-тайлаган учуру. Ошо күнү төрөлгөн уул-кыздарыбыз Алыкулдун “боз ат минген” отуз жашына толуп, беш манжадай баары болбосо да, алардын арасындагылар мыкты билим... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бразилия Орусиянын вакцинасын алуудан баш тартты

Бразилиянын өкмөтү Орусиядан 10 млн. доза "Спутник V" вакцинасын алуу боюнча быйыл мартта кол коюлган макулдашууну жокко чыгарды. Бул тууралуу Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Бул чечим Бразилиянын Дары-дармектерди каттоо агенттиги орусиялык вакцинаны колдонууга уруксат берүүнү кечеңдеткени себеп болду. Ошондуктан министрлик өлкөдө коронавируска каршы эмдөө программасы эми Орусиянын вакцинасыз жүргүзүлөрүн билдирди. Бирок эгерде аталган агенттик "Спутник V" вакцинасын колдонууга уруксат берсе... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чек ара: өзбек жарандары президент Жапаровго кайрылды

Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылды. Талкууга түшкөн өзбек блогеринин кайрылуусу “Урматтуу президент Садыр Жапаров, учурда билесиз "Достук" чек ара бекетинен өзбек жарандары өтүп, Казакстандын бир топ шаарларына "Ош" аэропорту аркылуу учушат. Бирок ал жерде адамдын ачуусун келтирип, Кыргызстан мамлекетин шерменде кыла турган окуялар болууда”, - деген блогер Исраилдин видеосу... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Олимпиада айылында күндө катаал текшерүү, чектөөлөр көп"

Соңку суткада Жапонияда вирусту жуктуруп алгандардын рекорддук саны (10 миңге чукул) катталды. Бирок Токиодогу Олимп оюндарынын уюштуруучулары кырдаал көзөмөлдө деп ишендирүүдө. Эл аралык олимпиада комитетинин басма сөз катчысы Марк Адамс журналисттерге маалымат берип жатып, азыркы учурда дүйнөдөгү коронавируска каршы эң катаал чаралар олимпиадалык объектилерде көрүлүп жатканын айтты. Ушул кезге чейин Олимпиада айылынан 193 кишиден вирус табылган. Анын жыйырмасы спортчулар. Пандемиянын оор шартында... Читать дальше...

Azattyk.org 

Израилде вакцинанын үчүнчү дозасын сая башташты

Израилде коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайып башташты. Жапонияда COVID-19 күчөп жатканына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими узартылмай болду. Казакстанда бул илдеттен бир суткада көз жумгандардын саны 100дөн ашты. Израил коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасын сайып баштаган дүйнөдөгү биринчи мамлекет. Pfizer/BioNTech вакцинасынын үчүнчү дозасы бери дегенде беш ай мурда эмделген 60 жаштан жогоруларга сайылат. Бул тууралуу 29-июлда Израилдин өкмөт башчысы Нафтали Беннет билдирди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тарыхты сүрөт менен тааныткан чебер

Адилет Дюшембиев орусиялык мыкты сүрөтчү-дизайнерлерден онлайн сабак алып, Кыргызстанда жаңыдан өнүгүп келе жаткан декорду этно-стиль менен айкалыштырууда. Жаш декоратордун эмгектерине дубайлыктар, орусиялыктар кызыгып, жумушка чакырган. Бирок андан баш тарткан. Ал акыркы бир жылдан бери Каракол шаарында чоң эмгегин жаратууда. Адилет атактуу сүрөтчү, скульпторлор менен биригип этно-ресторанды жасалгалап жатыптыр.

Azattyk.org 

Чүйдө үй тоногон балдар кармалды

Чүй облустук милициясы үйлөрдү тоноп жүргөн ууру балдарды кармады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция тараткан маалыматта кармалган балдар буга чейин да уурулук кылып жүргөн. Маалым болгондой, кармалгандар Аламүдүн районундагы Лебединовка, Кырман айылдарындагы үйлөргө ууруга кирип, колуна тийгендин баарын уурдап келишкен. Бул боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө беш арыз түшкөн. Ыкчам издөө иштеринин алкагында шектүү катары 2001, 2003, 2004 жана 1998-жылы туулган балдар кармалды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Талас: милиция катышкан чыр

Талас шаарынын 31 жаштагы тургуну Гүлзат Кубеева ушул күндөрү ооруканада дарыланып жатат. Ал кичинекей балдардын оюнунан келип чыккан чырга арачы болгон маалда сабалганын айтууда. Ал арада милиция кызматкеринин жубайы да колу сынганын билдирип, милицияга арыз жазган.




Azattyk.org 

Жогорку сот “Биздин Кыргызстан” партиясын колдогон чечим чыгарды

Жогорку сот Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышып, экинчи орунга чыккан “Биздин Кыргызстан” саясий партиясын колдогон чечим чыгарды. Соттун 30-июлдагы токтомун партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жарыялады. Токтомдо Бишкектин Административдик сотунун чечими күчүндө калтырылганы жазылган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо быйыл 11-апрелде өтүп, жыйынтыгында Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлда өткөн. Ош шаарынын... Читать дальше...

Azattyk.org 

“Ак-Тилекте” жүздөн ашуун жүк ташуучу машина кезек күтүп турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде машиналар кадимки тартипте өтүп жатат, кезек маал-маалы менен гана пайда болуп калууда. Бул тууралуу 30-июлда “Азаттык” радиосуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди. “Өтүп жатат. Бирок, маселен, түндө 10-20дай эле машина өткөн болсо, саат 11де 120 машина топтолду. Анан азая түшүп, мына, саат 17ге карата кайра көбөйдү, 120дай машина турат”. Чек ара кызматы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш "Мегакомду" сатууга макул болду

Жогорку Кеңеш "Мегаком" бренди менен таанымал "Альфа Телеком" мамлекеттик компаниясын толугу менен сатуу тууралуу Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун колдоду. Эми компания кандай шартта сатылары, баасы аныкталмакчы. Жогорку Кеңеш өткөн айда жакынкы эки жылда толугу менен, же кайсы бир үлүшү сатылчу 25 мамлекеттик объекти тууралуу программаны бекитип, токтом кабыл алган. Министрлер кабинети эми ага кошуп дагы төрт объектини, тактап айтканда, "Мегакомду" (100%), Кепилдик фонддун (14,9%),... Читать дальше...

Azattyk.org 

"Проект" басылмасынын баш редактору Орусиядан чыгып кетти

"Проект" басылмасынын баш редактору Роман Баданин Орусиядан чыгып кеткенин өзү Reuters маалымат агенттигине кабарлады. Орусияда "Проект" басылмасы "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген. Ал эми анын башкы редактору Роман Баданин болсо "чет элдик агенттердин" реестрине кошулган. Журналист мекенине кайтпай турганын, анткени аны "Проект" басылмасындагы ишмердиги үчүн кылмыш жоопкерчилиги күтүп турганын билдирди. Ал 2015-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча "жагымсыз уюмдардын" тизмесине киргизилген... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркия: токойдо чыккан өрт туристтик жайларга жетти

Акыркы үч күндөн бери Түркиянын 21 облусунда 71 токойдо өрт чыкты. Алардын үчтөн бири өчүрүлө элек. Тилсиз жоо төрт адамдын өмүрүн алып, миңдеген тургун коопсуз жайга көчүрүлгөнү кабарланды. Өлкөнүн айыл-чарба министри Бекир Пакдемирли бейшембиде "Твиттер" баракчасына чыккан өрттөрдүн айрымдары ээ-жаа бербей жатканын, абалды согуш менен салыштырган билдирүү жазды. "Бул согушта токойчулар, мамлекеттик кызматкерлер жана калкыбыз менен болгон күчүбүздү колдонуп, согушуп жатабыз", - деп жазды министр. Читать дальше...

Azattyk.org 

Токио-2020: Орусиялык эки спортчу төрт алтын утту

Токиодо өтүп жаткан Олимп оюндарында орусиялык суучул Евгений Рылов 200 метр аралыкка аркасы менен сүзүүдө алтын медал алды. Спортчу олимпиадалык жаңы рекорд койду. Бул Рыловдун Олимпиададагы экинчи алтыны. Экинчи орунду америкалык Райан Мёрфи алса, үчүнчү орунга британиялык Люк Гринбэнк татыды. Мындан сырткары Токиодогу оюндарда дагы бир орусиялык спортчу Виталина Бацарашкина Олимпиаданын эки жолку чемпиону болду. Ал 10 жана 25 метрлик аралыкка пневматикалык тапанчадан атуу боюнча мелдештен алтын алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Статком: Кылмыштуулук деңгээли кыйла жогорулады

Кыргызстанда быйыл кылмыштуулуктун деңгээли былтыркыга салыштырганда бир катар көрсөткүчтөр боюнча кыйла жогорулаганы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеме Башкы прокуратуранын маалыматына таянып жазгандай, январь-июнь айларында жалпысынан өлкө аймагында 23,5 миң кылмыш, 12 миң жорук катталды, алардын көбү Бишкекте жана Чүй аймагында жасалды. Былтыркы жылдын биринчи жарымына салыштырганда кылмыштар 1,5 эсе, жоруктар 30% көбөйдү. Адам өлтүрүү 26%, зордуктоо фактылары 34% көп катталды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендер 528 миңден ашты

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 30-июлга карата 528 миңден ашты. COVID-19 боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, алардын 115 миңи вакцинанын эки дозасын тең алгандар. Соңку бир күндө вакцинаны 19 миңге жакын адам алды. Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 162 миңге, каза болгондор 2311 адамга жетти. Учурда республиканын бардык аймактарында "Спутник V", Sinopharm жана AstraZeneca вакциналарын алууга шарт бар. Президент Садыр Жапаров 23-июлда Sinopharm вакцинасын алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Беларус: ишкерлер бийликтин басымына кабылганын айтышууда

Интернет желесине Беларустан чет өлкөлөргө кетип жаткан бизнесмендердин жеке маалыматтары чыгып кетти. Алар өлкөдө калган жакындары жана кесиптештери үчүн коркушарын айтышууда. Беларустагы бир канча бийликчил телеграм-каналдар чет өлкөлөргө кетип жаткан ишкерлердин тизмесин жарыялады. Анда ишкерлер өзү менен кошо бизнесин Латвияга жана Литвага көчүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү айтылат. Минскидеги бийликчил телеграм-каналдар өлкөдөн кеткен жана кетүүгө камданып жаткан ишкерлердин жана алардын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун мүчөлөрү соттолду

Ростов-на Дону шаарында сот "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун үч мүчөсүн алты жылдан алты жарым жылга чейин абакка кести. Ишти караган сот "диний-экстремисттик уюмдун ишмердигин уюштурган" деген негизде айыпкерлерди күнөөлүү деп тапты. Бир тууган Вилен менен Арсен Аванесовдор жана Александр Парков 2019-жылы жазында полиция тарабынан кармалган. Алар Орусияда тыюу салынган диний уюмдун ишин жүргүзүүгө айыпталган. Сотто күнөөсүн моюнга алышкан  эмес. Алар Библияны окуп үйрөнүп, Кудайга сыйынуу үчүн гана жолугушуп жүрүшкөнүн айтып... Читать дальше...

Azattyk.org 

Токио-2020: алтын медалдар саны боюнча Жапония, Кытай алдыда

Токиодо өтүп жаткан жайкы Олимп оюндары жетинчи күнгө карады. 30-июль, ушул сааттарга карата алтын медалдар саны боюнча Жапония менен Кытайдын курамалары алдыда келе жатат.  Кытай 18 алтын алса, Жапония 15, АКШ 14, ал эми Орусиянын Олимпиада комитети 10 алтын медалга ээ болду. Ал эми жалпы медалдардын саны боюнча АКШнын спортчулары 42 медал утуп алды, Кытай - 38, Орусиянын Олимпиада комитети - 32, Жапония курама командасы 26 медал утту.  XXXII жайкы Олимпиада оюндары жапон башкалаасында 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Читать дальше...

Azattyk.org 

УКМК бажыдагы мыйзамсыз схеманы аныктады

"Түндүк" темир жол бажысында айрым логистикалык компаниялар менен сүйлөшүп алып, интернеттен буйрутма берилген товарлардан бажы төлөмүн албай иштеген схема аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 29-июлда тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, жүктү мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча алып жаткан жеринен “Түндүк” темир жолунун бажы тариздөө борборунун инспектору кармалган. Учурда ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт: Жерүйдө быйыл 2,3 тонна алтын өндүрүлөт

Жерүйдө быйыл жыл аягына чейин 2300 кг алтын өндүрүү пландалууда. Бул тууралуу 30-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов ишканага барганда айтылды. Бүгүнкү күнгө карата «Алтын Альянс» компаниясы 1086 кг алтын өндүргөнү, Улуттук банк кымбат баалуу металлдарды сатып алуу боюнча артыкчылыктуу укугунун негизинде 940 кг тазаланган алтынты сатканы маалымдалды. Башкы министр Марипов ишкананын калдык сактоочу жайын текшерип, экологиялык коопсуздук өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. Читать дальше...


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Глава Люберец поздравил боксера с победой

В ЕС отреагировали на решение о передаче во временное управление компаний из Европы

«Пришло время жить на своей земле»

Видео: как в Нижем парке Петергофа запускали «Самсона»

Музыкальные новости

Собянин: Москва завершает переход на новый стандарт экстренной медпомощи

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Частота страховых случаев по ОСАГО для такси в 6,6 раза выше, чем по полисам на другие легковые машины – ЦБ РФ

Псковские волейболисты стали призерами международного турнира «Кубок дружбы»

Новости России

В Москве арестован бывший подчиненный замминистра обороны Иванова

Евгений Чуланов из Воскресенска выиграл олимпиаду по ОБЖ

В России вновь начнут выпускать автомобили под маркой Altai. Первый проект не взлетел, но, возможно, второй окажется более успешным

156 тысяч «Конфеток доброты» помогут детям

Экология в России и мире

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

В Москве состоится уникальный конкурс, сочетающий красоту и интеллект «Мисс Право»

Спорт в России и мире

Кто отец Дианы Джокович?

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде

Moscow.media

Утро у монастыря...

заканчиваеться неделя распродаж the week of sales ends

Мост в Лыткарино готовят к укладке асфальта

Военные следователи провели в Судаке проверку лиц, не вставших на воинский учет











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Сотрудники Щелковского Водоканала устраняют последствия ливня

Глава Люберец поздравил боксера с победой

В Королеве стартовал сезон фонтанов

Суд арестовал бывшего подчиненного экс-замглавы Минобороны Иванова за растрату