“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Бишкектен уурдалышы боюнча жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Ал Анкарада адвокатына аны Бишкектен үч киши уурдап, Түркияга өткөрүп бергенин айтып берген.
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында сел жүрүп, анын кесепетинен алты киши каза болуп, дагы экөө изделүүдө. Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши камакка алынды. Иракта коронавируска чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканада өрт чыгып, 70тей киши каза тапты.
Ысык-Көл облусунун Ырдык айылында негизинен дунган тектүү эл жашайт. Алардын басымдүү бөлүгү дыйканчылык менен тиричилик кылышат. 150 жылдык тарыхы бар айылдын эли күжүрмөн мээнет менен жан багып, маданияты, салт-санаасын сактап келет. “Данисте” бул жолу Жети-Өгүз районунун Ырдык айылында болду.
Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн жогорку кол башчылыгы Кошмо Штаттардагы Борбордук аскер жетекчилигине тапшырылды.
Орхан Инанды мырзанын уурдалып кетиши жакшы иш болбоду. Кантсе да ал киши! Бирок мындан дагы кейиштүүсү - маселенин мынчалык чиелешип, эл аралык маанай түзүп калганы болду. Атаганат... Боордош Түркия 2016-жылкы каргашалуу окуяны башынан кечирбегенде, ички чыңалуусун тынчтык жолу менен чечкенде эмне дейм ичимден. Анда бүгүн эч ким эч кимди аңдымак эмес. Кыргыз коому да эки жаат болуп айтышпайт эле. Түркиянын башынан ошол окуя өтпөгөндө, өздөрүн бир тууган санаган эки өлкөнүн жылуу мамилеси кыйлага... Читать дальше...
Көпчүлүк өлкөлөр спортчуларынын кийимин желегине түспөлдөштүрүп тиктирген. Салтанаттуу жүрүштө кийген параддык формасын да спорттук стилге ыктап даярдаган. Башка мамлекеттердин олимпиадачыларынын экипировкасын Кыргызстандыкы менен салыштырып көрүңүз.
Францияда Канн кинофестивалы башталды. Анда кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Кыргыз синема” аттуу кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө ачылды. Көргөзмө атамекендик кинематографиянын 80 жылдыгына арналган.
Ош шаарына 12-июлда мамлекет сатып алган Кытайдын Sinopharm вакцинасы келип, эмдөө пункттарына таратылды. "Азаттыктын" кабарчысы Ош шаарындагы кошумча ачылган эмдөө пунктарынын бир нечесине барып, вакцина алып жаткандар аз экенине күбө болду.
Кыргызстандык 18 спортчу Токиодо өтө турган жайкы олимпиада оюндарына аттанды. Жайкы олимпиада оюндары 23-июлда Жапониянын борбору Токиодо башталат. Кыргыз спортчулары жалпы спорттун тогуз түрүнөн оюндарга жолдомо алышкан.
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө. Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табигый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды.
Токио Олимпиадасына бара турган команда менен министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жолукту.
Марипов Олимпиададан алтын уткандарга 10 миллион, күмүшкө 7 миллион, коло байге үчүн 5 миллион сом берилерин белгиледи.
“Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Бишкектен "кыргыз улутундагы үч адам уурдаган". Андан соң эртеси күнү Түркияга алып келишкен. Бул тууралуу ал Түркиядагы адвокаты Халил Ибрагим Йылмазга айтып берген.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Өзбекстандагы оппозициячыл "Эрк" партиясынан президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн белгилүү ырчы Жахонгир Атажанов саясаттан убактылуу четтеп, ырчылык карьерасына кайра кайтып келерин билдирди. Бул тууралуу 10-июлда Instagram баракчасына жазып, мындай чечимине ата-энеси себеп болгонун айткан. "Мен 15 күндөн бери саясий темалар боюнча бир дагы эфирге чыга элекмин. Анткени менин мындай онлайн эфирлерим апамдын өмүрүн кеминде беш жылга кыскартканын сезем. Мага мындай жол менен келе турган президенттик кызматтын кереги жок. Читать дальше...
Ат-Башы районунун аймагындагы Кыргызстан менен Кытайдын чек ара тозотуна электр кубатын жеткире турган зым тартылды. Бул тозотко жана анын жанында жайгашкан чек арачылардын айылына 30 жылдан бери жарык туруктуу берилген эмес. Айылда 16 кожолук бар.
Москвада кыргызстандык жана тажикстандык мигранттар мушташып, жүздөй киши кармалды. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Орусиядагы өкүлү Нурлан Жанбаев Москвада кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан улам "бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун билдирди. Полиция 103 адамды кармаган жана алардын 70тен ашыгы Кыргызстандын жарандары. Аларга каршы үч тажик жараны полицияга арыз жазган. Жанбаев буга чейин Москвада Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын калайман мушташы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берген. Читать дальше...
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын аппарат башчысы Фарид Ниязовго 2016-жылы түркиялык 10 атуулга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берген деп кылмыш иши козголду. Атамбаевдин адвокаты кылмыш иши түрк чалгын кызматы уурдап кеткен Орхан Инандынын ишинен алаксытуу аракети экенин айтууда. Түркиянын чалгын кызматы “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандыны уурдап кеткенден кийин кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдү текшерүү башталды. Бишкек шаардык милициясы мурдагы... Читать дальше...
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда сел жүргөн Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарына өзгөчө кырдаал жарыяланды. 12-июлда аймакта сел жүрүп сегиз кишини агызып кеткен. Учурда жети адамдын сөөгү табылды, алардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү. Дагы бир адам изделүүдө. Нурбек Шайыбеков бир күндө эки кызынан, апасынан, карындашынан жана эки жээнинен айрылып калды. Күйүткө баткан Нурбек эки жарым жаштагы кызынын сөөгүн 14-июлда гана сел алып кеткен үйүнүн жанынан тапканы маалым болду. “Апамды... Читать дальше...
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар. Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат. Көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын жетекчиси Абдулнасир Закиров билдирди. Читать дальше...
Кыргызстан Кытай тарап менен эки өлкөнүн чек ара бекеттеринен жүк өткөрүүнү көбөйтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди. Мекеме Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь кыргыз тарапка чек арадагы өткөрүү пункттарынын кызматкерлерин, айдоочуларды, товар ташыган адамдарды коронавируска каршы эмдөөнү сунуштаган. 12-июлда Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өтүп жатканын айткан. Читать дальше...
Дүйнө биринчилигине грек-рим, эркин күрөш жана кыз-келиндер күрөшүн аркалаган балбандар жөнөтүлөт. Турнир Будапешт шаарында 17-26-июль күндөрү өтөт.
"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны Анкара шаардык прокуратурасы "куралдуу террордук уюмду башкарган" деген айып менен камакка алганы кабарланды. Бул тууралуу мамлекеттик "Анадолу" кабар агенттиги 12-июлда маалымат таратты. Анда айыпкер "Гүлен" кыймылынын мүчөлөрүн Кыргызстандын паспорттору менен камсыз кылып, уюмдун акчасын башкарып жүргөнү айтылган. "Sabah" басылмасы Орхан Инанды Анкарадагы суракта өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай, "Гүлен" кыймылын террордук уюм катары тааныбай турганын билдиргенин жазды. Читать дальше...