АКШ президенти Жо Байден бардык федералдык кызматкерлерди коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү планын жарыялаганы жатат. АКШда бардык федералдык кызматкерлер коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек. Мындай талапты президент Жо Байден 29-июлда жарыяларын Ак Үйдөгү булактар кабарлады. Планга ылайык, вакцина алууну каалабаган мамлекеттик кызматкерлер коронавирус жуктурбаганын далилдеген тесттин жыйынтыгын көрсөтүп турушу керек. Алардын иш сапарларга чыгышына да чектөө киргизилет. Президент Байдендин... Читать дальше...
Эл аралык олимпиада комитетинин сайтында өзгөчө видео жарыяланды. Анда Советтер Союзу менен Россиянын атынан Олимпиадага спорттун таянып секирүү түрү боюнча катышкан аялдардын мууну көрсөтүлгөн.
Жогорку Кеңеш талаш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды. Депутаттар бир ай мурун эле өздөрү четке каккан долбоорду кайра 100гө жакын добуш менен колдоп берди. "Фейктерге" каршы делген документ парламенттен өтөрдөн бир күн мурун эл өкүлдөрү президент менен жолугушкан. Оюн өзгөрткөн депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттары эс алууга кетер алдында мыйзам долбоорлорун топ-тобу менен кабыл алып жатат. Алардын арасында коомчулукта... Читать дальше...
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүн негиздеген Сарбагыш Иманалиевдин кайтыш болгонуна бир жыл болду. Мыкты адисти азыр деле жоктогондор көп. Коронавирус эки жылда Кыргызстанда ондогон мыкты дарыгерлерди алып кетти. Мындан мамлекет, эл эмне сабак алды? Маркум дарыгер өмүрүнүн акырына чейин айтып жүргөн медицинадагы көйгөйлөр чечилдиби?
Шаршембиде Түркиянын Анталия аймагындагы Манавгат районунда башталган өрт кеминде 600 гектар жерди жалмады. Жергиликтүү бийлик Аксеки аймагындагы турак үйлөрдүн 80% күйүп кеткенин кабарлады. Өрттөн 58 киши жараат алып, бир киши каза болгон. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу тактала элек.
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Гүлзат Бектемирден келген материалды сунуштайбыз. Бала кезимде чоң энем “Ысык-Көл тууралуу уламыш”, “Кожожаш мерген”, “Билерман кыз”, “Ырыс алды ынтымак” деген сыяктуу жомокторду күндө кайталап айтып берчү. Аны уккандан мен да тажачу эмесмин. Кийин өз ата-энемдин “Ой, ал кезде кумшекердин килосу 1 сом болчу”, “10 сомго борборго барып ойноп келчүбүз” деген өңдүү “жомокторун” уга баштадык. Ошентип чоңойдум... Эс тарта баштаганы анда... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште мурдагы транспорт министри жол тармагына тымызын аралашып, кийлигишип жатканы айтылды. Парламентте анын аты ачык аталган жок, бирок акыркы күндөрү экс-министр Нурлан Сулайманов жана анын таасири тууралуу сөз көбөйгөн эле. Убагында кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн Сулайманов мындан он күндөй мурда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаровду Ошто коштоп жүргөнү дагы талкуу жараткан. Парламентте жол тармагына мурдагы министрлердин бири кийлигишип жатканын вице-спикер,... Читать дальше...
29-июлга карата Кытайдын спортчулары Токиодогу Олимп оюндарынын 14 алтын медалын утуп, жалпы эсепте биринчи орунга чыкты. Кытайлык спортчулардын капчыгында жалпы 29 (6 күмүш, 9 коло) медал бар. Экинчи орунда 14 алтын, 4 күмүш, 5 коло байге уткан Жапония курама командасы. Андан кийин АКШ, Австралия жана Орусиянын олимпиада комитети жайгашты. Олимпиаданын алтынчы күнүндө спорттун 24 түрүнөн мелдештер өтүп жатат.
Бокс федерациясынын эл аралык даражадагы калысы Иса Кунасов кыргыз боксчуларынын ийгиликсиз болуп жаткандыгы окуу-машыгуулардын өтө аз болушунан улам экендигин айтты.
Олимпиада-2020 мелдешинде жеңил атлетика боюнча мелдештер 3-августта башталат. Кыргызстандык спортчу 5 000 метр аралыкка чуркоо боюнча таймашат.
Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы кыргыздар байырлаган Мургаб районуна акыркы эки жылдан бери турист келбей калды. Негизинен топоз багып жан баккан мургабдыктар мындай кырдаалга коронавирус пандемиясы себеп болгонун, анын кесепетинен туристтердин агымы азайганын айтышат.
Жогорку Кеңеш "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорун кабыл алды. Эми парламенттеги 90 депутаттын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Партияны тандаган шайлоочу тизмедеги 55 талапкердин ичинен өзү тандаган талапкерге да (преференциалдык) добуш бере тургандай ыкма киргизилди. Мындай ыкманы демилгелеп, мыйзамды өзгөртүүгө кызыкдар болгон депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов менен маектештик. - Сиз партияны, анын ичинде талапкерди... Читать дальше...
28-июлда Түркиянын Анталия аймагындагы Манавгат районундагы токойлордо өрт чыкты. Бир канча сааттын ичинде 600 гектар жер күйүп кеткен. Манавгат райондук администрациясы, токойдун ичиндеги жаныбарлар жабыр тартканын, төрт айыл тургундары эвакуацияланганын билдирди. Ал эми Түркиянын Саламаттыктты сактоо министри Фахреттин Кожа, өрттөн 62 киши жарат алганын, алар ооруканаларга жеткирилгенин кабарлады. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар бар-жогу тактала элек. Шершембиде Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу... Читать дальше...
Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы эс алуу жайында катталган адам өлүмүнө байланыштуу эки кылмыш иши козголду. 27-июлда пансионаттын аквапаркына суу толтурууга ылайыкташкан түтүк 18 жаштагы баланы соруп кеткен.
Кыргызстанда аялдардын лидерлик академиясы түзүлүп, онлайн форматта окутуу үчүн кыз-келиндерди кабыл ала баштады
Мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Үсөн Сыдыков 28-июлда 78 жаш курагында оорудан каза болду. Үсөн Сыдыков менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өттү. Совет мезгилинен кадыр топтогон кадр Үсөн Сыдыков 1943-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган. 1965-жылы Фрунзе шаарындагы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1965-жылы Ноокен (мурдагы Ленин) районундагы "Арал" совхозунда агроном болуп баштаган. Читать дальше...
Бул кыргызстандык атлеттин ММА спортундагы дээрлик төрт жылдык тыныгуудан кийинки алгачкы беттеши болмокчу. Акыркы жолу таймашка 2018-жылы чыккан.
Быйыл алты айда Кыргызстанда 3400дөй жол кырсыгы катталып, 329 киши каза болду. Адистер тынч заманда ушунча кишинин өмүр менен кош айтышып жатканы камтама кыларын, мындай трагедияларга жол эрежелерин бузуу, айдоочулардын маданиятынын жоктугу, автомектептердин начар сапаты алып келип жатканын айтышат. "Балыкчыда турушчу. Жакында кичинекей машине сатып алып, дүкөндөргө тоок фермасынан жумуртка өткөрүп, балдарын багып жатышкан. Жакшынакай эле жүрүшчү. Эми жөн эле жолдо келатып ушундай кырсык болбодубу. Читать дальше...