28-июлда Тажикстандын Өзбекстан менен чектешкен Фатехабад (Ойбек) өткөрмө бекетинде жүздөгөн адам чек арадан өтүү үчүн топтолду. Алар Өзбекстан аркылуу Орусияга чыгып кетүүнү көздөп, мындагы жолду ачууну суранып, эки мамлекеттин бийликтерине кайрылышты. Кыргызстан чек араны жаап койгон соң, тажик мигранттары үчүн Өзбекстан Орусияга чыгуунун жалгыз жолу болуп калды. Бийлик бул маселеге расмий комментарий бере элек. Бирок чогулгандарга чек ара жабык экени айтылып, андан өтүү үчүн Өзбекстандан расмий... Читать дальше...
"Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзам долбоору оңдоп-түзөтүүлөрдөн кийин дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.
Парламент колдогон талаштуу маалымат мыйзамы карапайым калкка каршы колдонулушу мүмкүн деген чочулоо бар. Жогорку Кеңештин 28-июлдагы жыйынында депутаттар коомдо чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышты. Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында өтпөй калган. Бирок 28-июлда депутаттар аны кайра добушка коюу демилгесин көтөрүштү. Читать дальше...
Кыргызстандагы вебкам-студиялардын иши жана анда иштеген кыздардын тагдыры. "Азаттык" радиосу жарыялаган атайын иликтөөнүн автору Улан Асаналиев адам өмүрү менен ойногон “кара бизнестин” айрым жагдайлары тууралуу ой бөлүштү.
Жогорку Кеңеш 28-июлда "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу" мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Документке ылайык, парламенттин 90 депутатынын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Партияны тандаган шайлоочу тизмедеги 55 талапкердин ичинен өзү тандаган талапкерге да (преференциалдык) добуш бере алат. Мажоритардык система - өз алдынча шайланып келе турган 36 депутаттын ар бир округунда 100 миңдей шайлоочу болот. Партиялык система ... Читать дальше...
Мындан эки жыл мурун Ирандан качып келип, монгол курамасына чакырылган дзюдочу Саид Моллаи Токиодогу Олимп оюндарында күмүш медал утту. 29 жаштагы Саид Моллаи 81 кг салмакта чыгып, финалдык беттеште жапон дзюдочусу Таканори Нагасэге утулуп калды. Өз салмак категориясында 2018-жылы дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон Саид Моллаи эки жыл мурда Иранды таштап, чыгып кеткен. Анын сөзүнө караганда, ага израилдик спортчу Саги Мукиге каршы чыкпоо үчүн дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалынан баш тартууга буйрук берилген. Читать дальше...
Ооганстандагы кырдаал Тажикстанга коркунуч туудурса Орусиянын 201-базасы тажик бийлигине аскерий жардам көрсөтөт. Бул тууралуу Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу билдирди. Ал ошондой эле, Москва тажик армиясын курал-жарак жана аскер техникасы менен бекер жабдыганга даяр экенин айтты. Орусиянын коргоо министри Тажикстан ЖККУга мүчө, аскердик союздаш болгондуктан анын аймактык бүтүндүгү менен коопсуздугун коргоо маселесинде "Москва четте карап турбайт" деп ишендирди. Шойгу андан сырткары орус аскерлери Сирияда... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин 28-июлдагы жыйынында депутаттар коомдо чоң талаш-тартыш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алышты. Долбоорду 97 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болду. Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 30-июндагы жыйынында өтпөй калган. Бирок 28-июлда депутаттар аны кайра добушка коюу демилгесин көтөрүштү. Долбоорду кайра добушка коюуга 95 депутат "макул", 5 депутат гана "каршы" болду. Мыйзам долбоорун Гүлшат... Читать дальше...
Кыргызстанда оппозициячыл күчтөр жеке амбициясынан улам бириге албай, өлкөдөгү жараяндарга таасир эте албай жатат. Бул тууралуу “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал соңку жергиликтүү кеңештерге шайлоо, президенттин учурдагы саясаты, азыркы абалга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана социал-демократтардын жоопкерчилиги тууралуу суроолорго жооп берди.
Беларус соту польшалык “Белсат” телеканалын экстремисттик деп тапты. Шейшембиде Ички иштер министрлиги өлкөдөгү эң популярдуу маалымат булагы "Белсат" телеканалынын кабарларын соцтармактарда бөлүшкөн адам айып пул төлөйт же эркинен ажыратылат деген чечим чыгарды. Ошондой эле, телеканалдын сайты жана анын социалдык тармактардагы бардык аккаунттарына Беларустун аймагында бөгөт коюлат. Өлкөнү чейрек кылымдан бери башкарып келген Александр Лукашенко ушул айда талаштуу президенттик шайлоонун бир жылдыгын утурлай өлкөнү активисттерден... Читать дальше...
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата анын бейнесине арналган көркөм тасманын сценарийине сынак жарыялады.
Ооганстандын Тажикстан менен чектеш аймактарынын үчтөн экисине жакынын ээлеген "Талибан" кыймылы коңшу өлкөлөргө коркунуч келтирбей турганын убада кылууда.
Муфтий Замир Ракиевдин буйругу менен Нарын облусунун казысы болуп Эрик Молдокулов дайындалды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди. Нарын облусунун казысы болуп 2011-жылдан бери иштеп келген Мамбетасан Ибраев ден соолугуна байланыштуу арызын жазган. Ага муфтий "Ардактуу казы" наамын тапшырган. Эрик Молдокулов 2020-жылдын декабрынан бери казынын орун басары болуп иштеп келген. Ага чейин 2011-2014-жылдары Нарын медресесинде мугалим, мүдүр, 2012-2016-жылдары Аалымдар кеңешинин мүчөсү... Читать дальше...
Роскомнадзор оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташы Любовь Соболдун "Твиттер" аккаунтун бөгөттөө үчүн Twitter социалдык тармагына билдирүү жиберген. Бул тууралуу Любовь Соболь "Твиттерине" жазды. Роскомнадзор жиберген билдирмеде Навальный негиздеген ФБК уюмунун юристи Любовь Соболь "Твиттер" баракчасына сот тарабынан тыюу салынган экстремисттик уюмдун ишмердигин үгүттөө үчүн колдонот деп белгилеген. Буга чейин Орусиянын бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын Коррупцияга... Читать дальше...
Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 505 миңден ашты. Алардын 112 миңден көбү эки дозаны тең сайдырышты. Учурда өлкөдө вакциналардын 1 миллион 55 миң чамалуу запасы бар. Бул 28-июль, кечки саат бешке карата маалымат. Эмделгендердин эсеби Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Электрондук саламаттык борборунун маалымат базасында күнү-түнү жаңыртылууда. Кыргызстандыктарды эмдөөгө негизинен Кытайдын Sinopharm компаниясынын вакцинасы, андан тышкары Европа... Читать дальше...
Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары бөлүп берген QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы 28-июлда Бишкекке жеткирилди. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, Казакстандын Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий-изилдөө институту ойлоп тапкан бул вакцина 18 жаштан жогору курактагыларга коронавирустан коргонуу үчүн сайылат. Биринчи доза менен экинчисинин ортосундагы аралык 21 күн болушу шарт. QazVac вакцинасы стандарт технология боюнча иштелип чыкканы... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев менен Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламентте кер-мур айтыша кетти. Депутат Маматалиев 11-июлда өткөн үч шаардагы кайра шайлоодо айрым партиялардын мыйзам бузуусуна көз жумулганын билдирип, Шайлдабекованы сынга алды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутат Маматалиевге мыйзам чегинде иш алып барып жатканын, анын партиясынын мыйзам бузуулары жөнүндө айтууга мажбур кылбоону эскертти. “Сизден айырмаланып, кызмат абалымды... Читать дальше...
АКШнын президенти Жо Байден Орусия маалыматтарды бурмалоо аркылуу 2022-жылы өтө турган америкалык Конгресске шайлоого кийлигишүүгө аракет кыларын билдирди. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазып чыкты. Байден Американын чалгын кызматтарынын алдында сүйлөп жатып, “Орусия мындай аракеттери менен биздин эгемендикке шек келтирет” деди. АКШ президенти мындай билдирүүнү ага шейшемби күнү берилген атайын кызматтын маалыматына таянып жасады. Байден Женевада Путин менен жолугушуусун эске салып, анда Орусиянын... Читать дальше...
Пакистандын порт шаары саналган Карачиде 28-июлда мотоцикл минген жоочулар Кытай жумушчулары отурган автоунаага ок атты. Анын кесепетинен автоунаадагы Кытайдын эки жараны жарадар болуп, үчүнчүсү жабыркаган эмес. Ок аткандар окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Кол салууга эмне себеп болгону белгисиз. Карачиде Кытай каржылаган бир нече курулуш долбоорлору бар. Бул кол салуу мындан бир нече жума мурун Пакистандын түндүк-батышында кыркка чукул кытай жумушчулары бараткан автобус жардырылган окуяны эске салды. Читать дальше...
Ошто Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана мурдагы прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин жакын эки тууганы кылмышка шектүү катары эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 28-июлда “Азаттык” радиосуна Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын инспектору Нурпери Адуллаева билдирди. Анын айтымында, кармалгандар өзүлөрү да жабыркаганын айткандыктан райондук ооруканада жатышкан. 27-июлда аларды милициянын убактылуу кармоочу жайына которушту: “Шектүүлөрдүн ден соолугу калыбына... Читать дальше...
Кыргызстанда эмдөө ойдогудай жүргөн жок, бирок азыр калкты вакцина менен камсыздоо маселеси чечилди. Эмдөөдөн өткөн бейтаптар коронавирусту жугузуп алган учурлар жолукканы менен, алар жеңил формада оорушат. Бул тууралуу биз менен маекте Бишкектеги "Тез жардам" борборунун жетекчисиинин орун басары Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, былтыркы жыл менен салыштырганда абал дурусураак. Вирус жугузгандар 2-3 жумадан бери көп болууда.
«Талибан» кыймылы Абдул Гани Барадар баштаган тогуз адамдан турган делегация Бээжинде Кытайдын расмийлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн жарыялады. « Жолугушууда саясат, экономика жана эки өлкөнүн коопсуздугуна байланыштуу маселелер талкууланды. Мындан тышкары Ооганстандагы соңку кырдаал жана тынчтык жараянынын шарттары тууралуу да сөз болду», - деп 28 июлда «Талибан» кыймылынын расмий өкүлү Мухаммад Наим "Твиттерге" жазды. «Талибан» кыймылынын лидерлеринин Кытайга эки күндүк сапары талибдер... Читать дальше...
Ереван ок атышууда үч аскери каза таап, дагы экөө жарадар болгонун кабарлады. Ал эми Баку эки жоокери жарадар болгонун билдирди. 28-июлга караган түнү Армениянын Гегаркуник облусу менен Азербайжандын Келбажар району чектешкен чек ара аймагында ок атышуу болуп, куралдуу кагылышуу таңга маалга чейин созулду. Азербайжандын Коргоо министрлиги Келбажар районундагы азери-армян чек ара аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрү күтүүсүз аткылоого алынганын айтып, армян күчтөрү чек арада кырдаалды курчутуп, чагым жасады деп айыптады. Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту "Кумтөргө" байланыштуу камалган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди.
Литванын чек арачылары 28-июлга караган түнү Беларустан чек араны мыйзамсыз өтүп келген 171 мигрантты кармады. Бул тууралуу Литванын чек ара кызматы билдирди. Ага ылайык, бул соңку жылдары бир күндө кармалган мыйзамсыз мигранттардын эң жогорку көрсөткүчү. Кармалгандардын дээрлик бардыгы Ирактын жарандары экенин айтышып, ошол өлкөнүн документтерин көрсөтүшкөн. Литванын президенти Гитанас Науседа мигранттардын агымы курчуп кеткен шартта гана өзгөчө абал киргизилерин айтканын Delfi агенттиги жазды. Читать дальше...