Борбордук шайлоо комиссиясы 26-июлда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны шайлоодон четтетти. Партия муну "саясий чечим" деп сыпаттап, Жогорку сотко кайрыларын билдирди.
АКШнын бийлиги коронавирустан улам өз жарандарын Испания, Португалия, Кипр жана Кыргызстанга барбай турууга чакырды.
"Азаттык" радиосунун "Эгемендикти эмне бекемдейт?" аттуу сынагына Наргиза Дайырбековадан келген материалды сунуштайбыз. Кыргызстан эгемендүү болгонуна 30 жыл толду. Ушул жылдары мамлекетте болуп өткөн тарыхый окуялар, өнүгүү нугу көз карандысыздыкты бекемдей алдыбы? Кыргызстан дагы эле мамлекеттүүлүгү олку-солку абалдагы өлкөбү? Эгемендикти бекемдеш үчүн эмне кылуу керек? Бул суроолорго бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Ушул учурда Кыргызстан экономикалык жактан өтө алсыз болуп турат. Демек... Читать дальше...
40 катышуучунун ичинен кыргызстандык спортчу 18-орунду ээледи. Жарым финалга чыгуу үчүн саналуу гана ирмем жетишкен жок.
Орусия башкалаасы Москвада июль айынын башында болгон кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин мигранттарды текшерүү дагы деле тыйылбай, депортация кылуу күчөгөнү айтылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да козголуп, мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Биз жакынкы он күндүн ичинде эле Орусиядан Кыргызстанга депортация болгон үч киши менен сүйлөштүк. Алардын баары тең документтеринде маселе чыкканын, ушундан улам мекенине кайтарылганын билдирип бирок ачык сүйлөп берүүгө макул болушкан жок. Читать дальше...
"Азаттык" радиосу чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеди.
"Азаттык" радиосу чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда талкаланган тагдырларды, "Телеграм" топтордогу ормон опузаны иликтеди. Бишкектеги университеттин биринчи курсунун студенттери Мээрим менен Ажар акча табуу жолун издеп жатышкан. Бир күнү Ажар "Инстаграмдан" татынакай кыздар үчүн жумуш бар экендиги тууралуу жарыяны көрүп калат. "Биринчи ал ошол жакка барып келди, интернетте жөн эле бирөөлөр менен кат жазышып, ич кийимди көрсөтүү керектигин айтышыптыр. Башка эч нерсе кылбай эле... Читать дальше...
Казакстандын бийлиги "Медиазона- Борбор Азия" басылмасынан өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдуна маскарапоздун мурду коюлган сүрөттү алып салууну талап кылды. Бул тууралуу басылманын редакциясы кабарлады. Бул дубалга тартылган сүрөт быйыл июль айынын башында Алматыдагы көчөлөрдүн биринде пайда болгон эле. Граффиттинин сол жагында ‘Uly Dala Ury’ деген жазуу калтырылган. Казакчадан которгондо «Улуу талаанын уурусу» деген сөз. Активисттер «Улуу талаанын уулу» деген фразаны бурмалап ойношкону дайын болуп... Читать дальше...
Токио Олимп оюндарына жолдомо алган төрт грек-рим балбаны бүгүн, 27-июлда Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Токиого жөнөп кетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасында балбандар Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Атабек Азисбеков жана Үзүр Жусупбеков бар. Курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаев жетектейт. Балбандар 1-августан баштап мелдешке чыга баштайт. Читать дальше...
Жакында эле “Айтыш” коомдук фондунун 20 жылдыгына жана Эл артисти Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына карата республикалык айтышта төкмө акын Акматбек Султан уулу биринчи орунду алды.
“Токтогул” гидроэлектростанциясын жаңылоого зарыл болгон, өкмөт жети айдан бери күтүп жаткан жабдык Кыргызстанга ташылып келди. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттык” радиосуна «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Айдаралиеванын айтымында, гидроагрегатты айланта турган дөңгөлөк Кыргызстандын буюртмасы менен Кытайда жасалды. 4700 чакырым аралыктан аны өлкөгө атайын техниканын жардамы менен алып келишти: “Жаңы дөңгөлөк Кытайда GE Hydro атайын заводунда жасалды. Читать дальше...
Улуттук допингге каршы борбор" дирекциясынын жетекчиси Нургүл Кермакунова Токио Олимпиадасына катыша турган кыргызстандык спортчулар кызытма колдонууга каршы күрөшүүдө бардык нормаларды толук аткарганын айтты.
Гонконгдо шейшемби күнкү сот жараянында өткөн жылы Кытай бийлиги колдогон саясий оппозицияга каршы багытталган улуттук коопсуздук тууралуу жаңы мыйзамга ылайык, биринчи жолу айыптоо өкүмү чыкты. 24 жаштагы Тон Юнкит террорчулукка жана Гонгконгду Кытайдан бөлүүгө шыкакчы катары айыптуу деп табылды. Аны адатта Гонгконгдо кабыл алынган тартип боюнча сот арачылары эмес, Бээжиндин көзөмөлү астында дайындалган үч судья соттоду. Сот өкүмү кийин жарыяланат. Гонконгдун бул тургунун мотоцикл менен үч... Читать дальше...
Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев 27-июлда Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдешке чыкты. Ал 81 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, алгачкы беттешинде орусиялык балбан Алан Хубецовго жеңилип, мелдештен четтеп калды. Беттештин негизги бөлүгүндө Владимир Золоев пассивдүү күрөшкөнү үчүн эки эскертүү алды. Негизги убакытта жеңүүчү аныкталбай, балбандарга кошумча (биринчи упайга же биринчи эскертүүгө чейинки кошумча бөлүк) убакыт берилди. Кошумча убакыт бүтөрүнө аз калганда калыс Золоевге дагы бир эскертүү берип... Читать дальше...
Кыз-келиндердин укуктарын коргоо менен алектенип келе жаткан “Айкын багыт” коомдук фонду “Саймалуу бата” деген аталыш менен социалдык оюн уюштурууда. Бул тууралуу 27-июлда “Азаттык” радиосуна уюмдун өкүлдөрү билдиришти. Апалардын ак батасын, кыздарына мурас катары өз колу менен сайып калтырып кеткен туш кийиздердеги саймалардын маанисин жана маңызын чечмелеген, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды даңазалаган оюн 29-июлда Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде өтөт. Ага каалоочулар топ-топко бөлүнүп алып катышат. Читать дальше...
Орусиялык суучулдар Евгений Рылов менен Климент Колесников Токиодогу Олимп оюндарында 100 метрлик аралыкка аркасы менен сүзүү боюнча мелдеште катары менен алтынга жана күмүшкө ээ болушту. Коло медалды үчүнчү болуп келген америкалык Райана Мерфи тагынды. Орусия акыркы жолу мындан 25 жыл мурун, тагыраагы 1996-жылы Атлантадагы Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча биринчиликти алган болчу. Токиодогу Олимп оюндары пандемиянын шарты боюнча көрүүчүлөрсүз жана спортчулар үчүн атайын чектөөлөр менен өтүүдө. Читать дальше...
Октябрь окуяларына байланыштуу абакта отурган оппозициячыл саясатчы Жеңиш Молдокматов 26-июлдан тартып ачкачылык жарыялады. Мунун алдында ага былтыр 9-октябрдагы тоз-тополоңдон улам дагы бир айып коюлган. Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) ушундай эле айыпты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы угузган. Соңку маалыматтар бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларын тергеп-иликтөө тууралуу талаш-талкууга жем таштады. Жеңиш Молдокматовго былтыр 9-октябрдагы тополоңго байланыштуу... Читать дальше...
Президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууга президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана анын орун басарлары катышкан. Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковдун мындай жооптуу кызматка дайындалышы анын тышкы саясат, аймактык коопсуздук маселелериндеги компетенттүүлүгүнө негизделгендигин жана Коопсуздук кеңешинин... Читать дальше...
Москвада полиция «Яблоко» партиясынан Мамдумага депутаттыкка талапкер Кирилл Гончаровду жана анын шайлоо штабынын эки кызматкерин Дорогомилово районундагы жашоочулар менен жолугушууда кармады. Аларды алгач полиция бөлүмүнө алып барышып, Гончаревго майда бейбаштык боюнча протокол түзүп, кечинде коё бергени кабарланды. Анын шайлоо штабынын эки кызматкери таңга маалга чейин полиция бөлүмүндө калган. Аларга «бийлик өкүлүнө баш ийбөө» беренеси боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу "ОВД-Инфо" кабарлады. Читать дальше...
Бишкек-Ош жолунда бир машинада баратып автокырсыкка кабылгандар арасында Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев жана ырчы Самара Каримова бар. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна 27-июлда Жалал-Абад облустук жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, окуя 26-июлда эртең менен болгон. Бишкекти көздөй бараткан “Тойота” машинасын Самара Каримованын күйөөсү, Маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймагы боюнча маданий борборунун мурдагы жетекчиси Асан Мансуров айдап бараткан. Читать дальше...
АКШ президенти Жо Байден Иракта 2021-жылдын аягына чейин америкалык аскердик миссия бүтө турганын жарыялады. Бул тууралуу Байден Ирактын премьер-министри Мустафа аль-Казыми Вашингтонго сапар менен барган учурда билдирди. Байден «Ислам мамлекети» террордук тобуна каршы күрөштө Ирак бийлиги менен кызматташуу чөлкөмдөгү туруктуулукту сактоо үчүн өтө маанилүү болгонун айтты. Ал Ирак премьерин бул кызматташтык эми жаңы шарттарда уланат деп ишендирди. Анда Ирактагы америкалык күчтөр эми аскер кеңешчилеринин... Читать дальше...
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду дагы эки айга, 30-сентябрга чейин абакта калтырды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Жээнбеков менен Зулпукаров 31-майда кармалып, 31-июлга чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалган. УКМКнын маалыматына ылайык, аларга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды. Соттун... Читать дальше...
АКШнын Мамлекеттик департаменти жана ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору (CDC) жарандарына дүйнөдө COVID-19 илдети кескин жайылып жаткан жагдайга байланыштуу, бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Испанияга, Португалияга, Кипрге жана Кыргызстанга саякаттап, барбай турууну эскертти. АКШнын ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору тизмедеги аталган төрт өлкө төртүнчү тобокелчилик тобундагы “кызыл зонада” экенин белгилеп, жарандарды мындай учурда аталган өлкөлөргө баруудан баш тартып, карманып турууга чакырды. Читать дальше...
28-июлда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган жерлерде жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 21...23... Читать дальше...
Быйыл Бишкек шаарына 500дөн ашуун автобус сатылып алынганы жатат. Бул тууралуу 27-июлда мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын «СамАвто» заводунда жасалган 200 жаңы автобус 31-августта, Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата жолго чыгат. Мындан тышкары, Кудайбергенов билдиргендей, жыл аягына чейин 300-350дөй чоң автобус сатып алууга мүмкүнчүлүк бере турган келишим Жогорку Кеңеште талкууланууда: “Эгер бизди колдоп беришсе Европанын өнүктүрүү жана... Читать дальше...