12-июлда саат 20:00 чамасында Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу жааган жамгырдан сел жүрүп, жети кишини агызып кетти. Алардын бешөөнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди. "Саат 22:00дө беш кишинин сөөгү табылды, экөө изделип жатат", - деди Султанмуратов. Издөө иштерин ӨКМдин Аксыдагы бөлүмүнүн куткаруучулары жана жергиликтүү эл жүргүзүүдө. (TB)
Өткөн апта соңунда кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан кыргызстандык 27 жаштагы чек арачы набыт болду. Аймакта эки жарым ай мурда 55 кишинин өмүрүн алган эки өлкөнүн чек ара жаңжалынан бери чыңалуу сакталып турат. Жергиликтүү тургундар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн абал көп деле өзгөрбөгөнүн айтышууда. Чек арадагы чатакта 27 жаштагы уулунан ажырап, кан жутуп олтурган Тойчубай Хажиев эки тарапты тиреше бербей, эпке келүүгө чакырды. “Уулум алты жылдан бери чек арачы болуп кызмат өтөп келген. Читать дальше...
“Талибандын” согушкерлери Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни шаарын курчоого алышты. Аталган аймактын жергиликтүү кеңешинин мүчөсү Хасан Резайи кырдаал оор экенин айтты. “Шаардагы абал абдан кыйын. Талибдер жайкын тургандардын үйлөрүнө жашынып алып, аскерлерди аткылап жатышат. Бул ооган армиясынын талибдерге каршы салгылышуусуна тоскоол болуп жатат”, - деди ал. Бул шаар Газни провинциясынын борбор болуп саналат. Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Читать дальше...
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 11-июлда Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келгенин билдирген. Жер-жерлерде атайын пункттар ачылып, өлкөдө жапырт эмдөө башталат. Жарандар кайсы жактан, кандай шарттарда вакцина ала алышат?
Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Таалатбек Масадыковду дайындады. Бишкек шаардык кеңешке өтпөй калган партиялар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. Кубада коммунисттик бийликке каршы миңдеген адам нааразылык акциясына чыкты.
Түркиянын Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча Түркияга күнүнө миңдей ооганстандык качып келүүдө. Алар негизинен Иран аркылуу Түркиянын аймагына мыйзамсыз өтүшөт.
“Социал демократтар” партиясы Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгына байланыштуу ИИМге жана Боршайкомго кайрылды. Бул тууралуу “Социал демократтардын” лидери Темирлан Султанбеков “Азаттыкка” билдирди. Ал шайлоодо алдыга чыккан партиялардын бири - “Эмгек” партиясын добуш сатып алган деп сындап, БШК менен ИИМ бул жагдайларды карап чыгышы керек деп эсептейт. "Шаардык кеңешке "Эмгек" келбеши керек. Аларды четтетиш керек. Кайра шайлоо өткөрбөй, таза добуш алгандарга мандат берилиши кажет",- деди Султанбеков. Читать дальше...
Кербен шаардык кеңеши үч жолу тең мэр шайлай алган жок. Мындан улам депутаттарды таратуу өтүнүчү менен президентке кайрылуу жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Борбордук шайлоо комиссиясынын Аксы районундагы жана Таш-Көмүр шаарындагы өкүлү Казыбек Шадыбеков билдирди. "БШК Кербен шаардык кеңешин таратып, кайра шайлоо дайындоо тууралуу президентке кат жиберди", - деди Шадыбеков. Кербен шаарынын мэрин шайлоо алгач 7-июнга белгиленип, бирок кворум жоктугунан өтпөй калган. 21-июндагы шайлоодо жалгыз... Читать дальше...
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” Борбордук шайлоо комиссиясынын мучөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. Ал 11-июлдагы шайлоонун жыйынтыгы чыгып бүткөнүн, добуш берүү жараянына байланыштуу түшкөн арыз-даттануулар эки жумага жакын аралыкта каралып, анан депутаттарга төш белгилер ыйгарыларын айтты. Бишкектеги 45 мандатты алты партия бөлүшөт. Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат төрт партияга, Токмоктогу 31 мандат беш партияга берилет. Читать дальше...
Футбол боюнча Европа чемпионатын Италия жеңип алды. Финалдык оюн өткөн Англия баш калаасындагы "Уэмбли" стадионунда 60 миңдей көрүүчү болду.
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалды. 39 жаштагы кенже Бердымухамедов экономикалык, банк маселелери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча байланыш тармагын тейлейт. Дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бирин башкарган Гурбангулы Бердымухаммедов өз уулунун макамын көтөргөнүн өкмөттүн 9-июлдагы кеңейтилген жыйынында жарыялады. Сердар Бердымухамедов акыркы жарым жыл ичинде экинчи жолу кызматтан көтөрүлүп жатат. Ал быйыл февраль айында... Читать дальше...
12-июлда Кытайдын Sinopharm вакцинасы Ошко жеткирилип, эмдөөчү пункттарга таратылды. Коронавируска каршы вакцинанын биринчи партиясы менен Ош облусуна 85 миң, Ош шаарына 50 миң доза жеткирилди. Жалпысынан облуска 175 миң, шаарга 110 миң доза бөлүнгөн. Дарыгерлердин маалыматында, калкты тез арада эмдөө үчүн базарларда, ири дүкөндөрдө кошумча атайын эмдөөчү жайлар ачылат. 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келген. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов... Читать дальше...
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов өз уулун кайрадан кызматтан көтөрдү. 39 жаштагы Сердар Бердымухамедов экономикалык, банк маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп дайындалды. Мындай чечим болжолдуу мураскер операциясы тууралуу түкшүмөл ойлорду күчөттү.
Кубада миңдеген адам коммунисттик бийликке каршы нааразылык акциясына чыгышты.
Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги "Кытай тарап Кыргызстандын калкынын 70%и эмделгенден кийин чек арадан өткөн жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтөт" деген талап койбогонун билдирди. Элчилик 12-июлда өзүнүн интернет баракчасына: "Улуттун саламаттыгы - баарынан өйдө турат. Кытай тарап эл аралык мамиле принциптерин сыйлап, башка өлкөнүн ички ишине кийлигишпейт. Бөтөн өлкөнүн калкын эмдөө тууралуу эч кандай талап койбойт. Мамлекеттик бажы кызматынын төрага орун басарынын Жогорку Кеңеште "кытай-кыргыз... Читать дальше...
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили өлкөдөгү соңку күндөрдөгү нааразылык акциясын мамлекетке каршы "ийгиликсиз кутум" деп атады. Ал мунун артында өкмөткө жана чиркөөгө каршы күчтөр турат деп эсептейт. Гарибашвили бул тууралуу дүйшөмбүдө өкмөттүн жыйынынан кийин билдирди. Бир күн мурда Тбилисиде телеоператор Лексо Лашкараванын өлүмүнө байланыштуу нааразылык акциясы өтүп, миңдеген адамдар грузин премьер-министринин отставкасын талап кылышкан. "Пирвели" телеканалында иштеген 37 жаштагы... Читать дальше...
Атактуу спортчу операция ийгиликтүү болгонун, алты апта таяк менен жүрүп, кыска убакытта эле спортко кайра келерин айткан.
Болгарияда бюллетендердин 95% эсептелген соң премьер-министр Бойко Борисов жетектеген «Жарандардын Европалык өнүгүүсү үчүн (ГЕРБ) партиясы менен “Ушунда эл бар” (ITN) партиясы куйрук улаш келе жатат. Бийликчил ГЕРБ 23,91% добуш алса, ырчы жана алып баруучу Слави Трифонов жетектеген партия 23,66% добушка ээ болгон. Өлкөдөгү сурамжылоо борборлору бардык добуштар эсептелгенде “Ушундай эл бар” партиясы алдыга чыгышы мүмкүн деп божомолдоп жатышат. Ал эми үчүнчү болуп Болгариянын Социалисттик партиясы 13,6%... Читать дальше...
Альпинист жолугушууда бийиктикке чыгуу өтө оор болгонун, жеңишин кыргыз элине жана эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арнаганын белгилеген.
Францияда Канн кинофестивалы башталды. Анда кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу “Кыргыз синема” аттуу кыргыз тасмалары үчүн көргөзмө ачылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” көргөзмөгө катышкан кыргыз делегациясынын мүчөсү, кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди. Аталган көргөзмө атамекендик кинематографиянын 80 жылдыгына арналган. Көргөзмөдө "Кыргыз синеманын" кураторлору Гүлмира Керимова жана Гүлкайыр Тиленбаева көрүүчүлөргө кыргыз киносунун тарыхы жана бүгүнкүсү тууралуу айтып берет. 2020-жылдагы... Читать дальше...
Кубада коммунисттик бийликке каршы миңдеген адам нааразылык акциясына чыгышты. Кариб аралдарында жайгашкан бул мамлекетте өтө сейрек демонстрацияга чыккан жаштар «Диктатура жоголсун!», «Эркиндик!» деген ураандарды чакырып жатышты. 11-июлда президент Мигель Диас-Кантель өз тарапташтарын баш калаа Гаванадагы демонстранттарга каршы чыгууга чакырды. Нааразылык акциясы Кубада Советтер Союзу таркагандан берки эң катаал экономикалык кризис күч алып, коронавирус жайылып жаткан маалга туш келди. Анын катышуучулары азык-түлүктүн жетишсиздигине... Читать дальше...
Ош шаарындагы "Кыргыз унаа курулуш" заводу кытайлык Dongfeng компаниясы менен келишим түзүп, 12 жүк ташуучу унаанын тетиктерин алып келип кураштырууда. 9-июнда компания кураштырып бүткөн алгачкы жүк ташуучу чакан унааларын кардарларга сунуштады.
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ашхабадга келип, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу талибдердин Катардагы өкүлү Мохаммад Найим билдирди. Анын айтымында, Ооганстанда өкмөттүк күчтөргө каршы кол салып жаткан кыймылдын өкүлдөрү Ашхабадга түркмөн бийлигинин чакыруусу менен келишкен. Найим талибдер түркмөн тарап менен саясий жана экономикалык байланыш, коопсуздук маселесин талкуулаган. Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигине жакын бир нече булак "Эркин Европа/Азаттык"... Читать дальше...
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов Кыргызстанда 4 554 аймакта жер көчкү жүрүү коркунучу бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 12-июлда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында айтты. “1186 жер көчкү калктуу конуштарга жана объектилерге коркунуч жаратууда. Бардык жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарында. Бүгүнкү күндө 543 калктуу конуштар жана участоктор, 321 ар кандай объектилер жер көчкү болчу жерде жайгашкан. Ал аймактарда 20 миңдей адам жашайт”. Читать дальше...