Мы в Telegram
Добавить новость

Путин заявил о подготовке предложений для донастройки налоговой системы

Столица выставила на торги 88 парковочных мест в Северном Измайлове

Сочинская полиция задержала наркодилера за прогулку с мертвым дельфином

График работы Московской канатной дороги изменится на майские праздники



World News in Kyrgyz
Ria.city


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer


Июль
2021

Новости за 03.07.2021

Azattyk.org 

Ошто жоголгон эки жашар кызды уурдоого шектүү кармалды

Ош шаарында эки жарым жаштагы бөбөктү уурдоого шек саналып, 38 жаштагы Алай районунун тургуну кармалды. Шектүү 3-июль күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шаардык милициянын маалыматында бөбөк 2-июль күнү жоголгон. «Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, тийиштүү иш-кагаздарды чогултуп, ошол жердеги видео байкоочу камералар каралган учурда, жоголгон наристени азият улутундагы жашы 35-40 чамасындагы эркек киши сүйлөп, ээрчитип баратканын аныкташкан», — деп жазылган мекеме тараткан маалыматта. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Реформа" партиясы "Келечек-Будущее" партиясын жоопко тартууну талап кылууда

"Реформа" партиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына кайрылып, "Келечек-Будущее" партиясын көп аял алууга үгүттөгөнү үчүн шайлоо мыйзамдарынын негизинде жоопкерчиликке тартууну талап кылды. "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова "Азаттыкка" билдиргени боюнча, көп аял алууга үгүттөө менен "Келечек-Будущее" партиясы элди кылмышка үндөп жатат. "Кыргызстанда көп аял алуу кылмыш, мыйзам жол бербейт. Бул партиянын талапкери ачыктан ачык элди кылмышка үгүттөп жатат. Көп аял алуу Конституцияга туура келбейт", деди Клара Сооронкулова. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кара-Кулжада селден 11 турак жай жабыркады

2-июлда кечки саат 18:30 чамасында Кара-Кулжа районундагы Күйөө-Таш айылында сел жүрүп, 11 турак жай жана 250метр ички чарбалык жол жабыркады.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникалары аймактагы жолду тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тилсиз жоо адам өмүрүнө зыян келтирген эмес. Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундар да тартылды. 1-июль күнү саат 19:00 чамасында Алай районунда да катуу жааган жаандан кийин Гүлчө айыл аймагында сел жүргөн болчу. Читать дальше...

Azattyk.org 

Чоң базарда алданган жоош келин

Максуда Ормонова эки жыйнактын автору. Кыргыз аңгемесинин классикасынан жаш автордун “Эки кап алма” деген баянына токтолсокпу деп турабыз.

Azattyk.org 

Вероник Гаррет: Майыптыгы бар балдарга мээрим керек

Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарреттин жубайы Вероник Гаррет "Азаттык" радиосуна курган маегинде Кыргызстанда аткарып жаткан иштери, майыптыгы бар балдар үчүн инклюзивдик коомду жаратууга жасаган аракеттери тууралуу айтып берди. Ал ошондой өзүнүн жеке тажрыйбасы, кызы Флоренс жөнүндө да сөз кылды.

Azattyk.org 

Данакер тарыхчы дүйнө салды

Жума күнү 72ге караган жашында чыгаан кыргыз тарыхчысы Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 4-июлда “Ала-Арча” көрүстөнүндө жерге берилмекчи. Анын жаркын бейнеси тууралуу кичүү үзөңгүлөшү Тынчтыкбек Чоротегин эскерет.

Azattyk.org 

Анкарадан аскердик колдоо күткөн Бишкек

Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстанга, анан Тажикстанга барып, аскердик кызматташууну талкуулады. Кыргызстан аскер доктринасын кайра карап, коргоо жөндөмдүүлүгүн күчөтүү үчүн жалгыз эле Орусия эмес, Түркия менен да аскерий кызматташтыкты арттырууга кызыкдар экенин ишарат кылды. Унутулган убада. АКШ базасы. Мындай кадам Орусияга жакпасын айткан аскерий аналитиктер Москва 2014-жылы АКШ базасын чыгаруунун алдында Кыргызстандын коргонуу тармагына жардам берүү боюнча убадаларын аткарбай койгонун белгилешти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Орусияда коронавирустан каза тапкандардын саны өсүүдө

Орусияда беш күндөн бери коронавирустан каза тапкандардын саны болуп көрбөгөндөй өсүүдө. Акыркы суткада өлкөдө 697 адам вирустан көз жумду. 3-июлга карата ооруга жаңы чалдыккандардын саны 24 439 адамга жетти. Акыркы суткада 17 899 адам сакайган.  Пандемия башталгандан бери Орусияда 5 млн. 585 262 адам ооруга чалдыкты. 137 262 адам илдеттен көз жумду. Көз карандысыз адистер коронавирустан көз жумгандардын чыныгы саны бул көрсөткүчтөн үч эсе көп болушу ыктмалдыгын айтышууда. 2019-жылы Кытайдын... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш июль айында кезексиз жыйындарын өткөрөт

Жогорку Кеңештин депутаттары 5-июлдан 30-июлга чейинки аралыкта ар шаршемби жана бейшемби күндөрү кезексиз отурумдарга чогулат. Мындай буйрукка парламенттин төрагасы Талант Мамытов 2-июлда кол койду. Кезексиз сессияны уюштуруу Жогорку Кеңештин аппаратына жүктөлдү. Кезексиз жыйындар мамлекеттик органдардын жаңыдан ишке кирген Конституциянын негизинде толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу жана колдонуудагы мыйзамдарды жаңы Баш мыйзамга ылайык келтирүү максатында өткөрүлмөкчү. VI чакырылыштагы Жогорку... Читать дальше...

Azattyk.org 

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков кызматтан алынды

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбеков кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы 3-июлда маалымдады. Анда Оңолбеков жүрүм-туруму үчүн судьялык ыйгарым укугунан мөөнөтүнөн мурда бошотулганы айтылат.  Садыр Жапаров 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелерин талкуулаган кеңештин жыйынында кызуу болуп, иш бөлмөсүнө кире албай жаткан судьянын тартылган видеосу көрсөтүлгөн. Ал Чүй облустук сотунун төргасы Дамирбек Оңолбеков экени белгилүү болгон. Читать дальше...

Azattyk.org 

Кургакчылык кесепети: жаан жок, суу жок, чөп тартыш

Кыргызстанда тоют жетишсиздиги азыртан байкалууда. Ушул тапта бир түк чөптүн баасы талаада орулган жеринде орточо 300 сомдон сатылууда. Айыл чарба министрлиги буга быйылкы кургакчылыктан улам чөп аз болгонун себеп кылып, маселени чечүү жолдорун караштырып жатканын маалымдады. Бул аралыкта базарда малдын баасы арзандаганы айтылууда.




Azattyk.org 

Аба ырайы: күн катуу ысыйт

Кыргызгидромет эскертет: 4-июлдан 8-июлга чейин Кыргызстанда ченемден ашкан ысык аба ырайы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы 39…41°ка чейин жогорулайт. Кыргызстандын улуттук Кызыл Ай коомунун сайтында абанын температурасы өтө ысыган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу сунуштар берилген. Ал эми 4-июлда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы... Читать дальше...

Azattyk.org 

Кочкордон табылган байыркы буудай

Үй жаныбарларынын көбөйүшү кантип илбирстердин азайышына себеп болду? Кочкордо табылган байыркы буудай Литвада изилденди. Былтыркы “кара июль”  дарыгерлерге кандай таасир этти? “Азаттыктын” “Илим жаңылыктары” рубрикасы бул ирет Кыргызстандагы илимий изилдөөлөргө арналды.

Azattyk.org 

Ташкентте кайрадан COVID-борборлор ачылууда

Эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетишине байланыштуу Өзбекстан башкалаасында кайрадан COVID-борборлор ачылууда. Ташкент мэриясынын басма сөз кызматы жарыялаган видеодо башкалаа жетекчиси Жахонгир Артыкхожаев “Жаштык” спорт комплексинде ачылган COVID-борборлордун бирине барганын көрүүгө болот. Жергиликтүү басылмалар мындай борборлор “Узэкспоборбор” жарманке комплексинде жана “Узниверсал” спорт жайында ачылганын жазды. Бул үч жайда 2000 бейтапка орун даярдалууда. Өзбекстанда COVID-борборлор... Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда чек арадагы жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыланды

Тажикстандын Кыргызстан менен чектеш Чорку аймагында чек арадагы куралдуу жаңжалда кыйраган үйлөр жаңыдан курулуп бүттү. 2-июлда жаңы үйлөрдүн ачкычтары ээлерине салтанаттуу түрдө тапшырылды. Иш-чарага Согди облусунун төрагасы Ражаббай Ахмадзода катышты. Анын айтымында, чек ара жаңжалында 29 үй жабыркаган. Жаңыланган үй ээлерине азык-түлүк, кийим-кече жана айрым тиричилик техникалары кошо берилгенин "Азаттыктын" тажик кызматы жазды. Үйлөрдү жаңылоого мамлекеттен тышкары коомдук уюмдар жана жергиликтүү эл салым кошкону айтылды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Бишкек шайлоо комиссиясынын төрагасы алмашты

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагалыгына Айбек Стамов, катчылыгына Бахадыр Конуров шайланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, мындай чечим 2-июль күнү АШКнын жыйынында кабыл алынды. Бишкек АШКнын мурунку төрагасы Кайрат Маматов БШКнын мүчөсү болуп шайланган. Боршайкомдун жаңы курамы 30-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Конституциялык мыйзамга ылайык БШКнын 12 мүчөсүнүн жарымын президент... Читать дальше...

Azattyk.org 

Канадада демонстранттар ханышалардын эстелигин кулатты

Канаданын Виннипег шаарында демонстранттар ханыша Елизавета II жана XIX кылымдагы Британ ханышасы Викторияга орнотулган эстеликтерди кулатышты. Бул "Британиянын Канададагы колониалдык мурасына - жергиликтүү элге карата жасалган ырайымсыз мамилесине каршылык" деп айтылды. Акыркы апталарда жергиликтүү элдин балдары тарбияланган католик интернаттарынын аймагынан жүздөгөн баланын сөөгү көмүлгөн көрүстөндөр табылган. Анда 1900-1970-жылдар аралыгында өлгөн үч жаштан жогору курактагы балдардын сөөктөрү аныкталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Пентагон: "Баграм" аскер базасын өткөрүп берүү маанилүү окуя болгон

Пентагон Баграм аэродромунун Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө кайтарылып берилиши - АКШ аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетишиндеги "маанилүү окуя" деп эсептейт. Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби журналисттерге "бийлик дагы деле бар" деп айтып, америкалык аскерлер ооган күчтөрүн коргоого ыйгарым укуктуу экенин билдирди. Кирби бирок бул качанкыга чейин созуларын ачык айткан жок. Америкалык аскерлер жана алардын союздаштары 2-июлда Баграм аэродромун бошотту. Бул күнү акыркы аскерлер чыгып кетти. Читать дальше...

Azattyk.org 

Литва мигранттардын агымынан улам өзгөчө кырдаал жарыялады

Литва өкмөтү беларус-литва чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн мигранттардын агымына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаганын LRT кабарлады. Акыркы суткада эле литвалык чек арачылар коңшу өлкөдөн өтүп келген 150 кишини кармады. Бул мурунку күндөргө салыштырганда үч эсеге көп. Ички иштер министри Агне Билотайте бул жерде маселе бийликтин кырдаалды жөнгө сала албай жаткандыгында эмес деп айтты. Системаны өзгөчө кырдаал режимине өткөрүү - чек арада шашылыш чараларды көрүүдө, ошондой эле буга чейин келгендерди... Читать дальше...

Azattyk.org 

Калининградда мигранттарга таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды

Орусиянын Калининград облусунун губернатору Антон Алихановдун буйругу менен мигранттарга автобус айдоого, таксист жана мугалим болуп иштөөгө тыюу салынды. Жарлыкка ылайык, мигранттар тарбиячы, наабайчы жана кондитер болуп иштөөгө да укугу жок. Мындан тышкары мигранттарга башкаларды ишке орноштурууга, жумушчу тандоого жана батир берүүгө тыюу салынды. Губернатордун жарлыгы 3 айдан кийин күчүнө кирип, жыл аягына чейин иштейт. Облустук бийлик бул пандемия учурундагы чектөөлөргө байланыштуу болгонун... Читать дальше...

Azattyk.org 

Туристтерди күткөн Сары-Могол

Адатта Алай районунун Сары-Могол айылында жай мезгилинде туристтик сезон башталчу. Бул аймакка көбүнесе эс алуучулар Европадан келип, алардын айрымдары Ленин чокусуна чыгууга да кызыгат. Бирок, быйыл чет мамлекеттен каттаган туристтердин саны аз. Ар жылы турист тоскон Сары-Могол айылындагы учурдагы абал тууралуу видео баян.

Azattyk.org 

Өзбекстан “Twitter”, “TikTok” жана “ВКонтакте” ишин чектеди

Өзбекстандын Маалыматташтыруу жана телекоммуникация чөйрөсүн көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциясы социалдык тармактардын ишин чектеп, муну аталган платформалар жеке маалыматтарды иштеп чыгууда мыйзам бузууларга жол бергендиги менен негиздеди. Бул маалыматты аталган мекеменин сайты жарыялады. Анда “тиешелүү социалдык тармактар аныкталган кемчиликтерин жойгонго чейин чектөө алынбай турганы” айтылган. Мекеме так кайсыл коомдук сайттар чектөөгө алынганын ачык айткан жок. Gazeta.uz жазгандай колдонуучулар “Twitter”... Читать дальше...

Azattyk.org 

COVID-19: Акыркы суткада сегиз киши каза тапты

Коронавируска каршы республикалык штабдын 3-июлга карата берген маалыматына ылайык, акыркы суткада 1352 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Анын ичинде басымдуу бөлүгү Бишкекте (803). Ал эми Ош шаарында 42, Чүйдө 189, Ошто 67, Таласта 29, Нарында 24, Ысык-Көлдө 37, Баткенде 81 кишиден аныкталган. Ушуну менен жалпы өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 129 232 кишиге жетти. 111 934 бейтап оорудан сакайды. Коронавирустан акыркы суткада 8 адам жарык дүйнө менен кош айтышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Бийлик атаандаштарына басым кылууда"

Саясатчы Сейтек Качкынбай өлкөдөгү жоон топ саясатчылардын камалышын коррупция менен күрөшүүдөн сырткары келечектеги ыктымал оппозициянын таасирин азайтуу аракети деп эсептейт.


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Ведущие «Авторадио» исполнили в Кремле культовую песню о самой масштабной стройке XX века

МВД: в Подольске началась проверка после публикации видео мужчины с ежами

Визажист-самоучка: 21-летний парень из Новосибирска попал в список Forbes

В Люберцах заложили капсулу времени с посланием будущим школьникам

Музыкальные новости

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2

МТС Travel рассказал, куда туристы из Чувашии поедут на майские праздники

Токсиколог Кутушов рассказал почему возникает похмелье

Олимпиада по финансовой грамотности МГУ проходит при поддержке СберСтрахования жизни

Новости России

Промышленники Москвы наращивают компетенции в ИТ

В Люберцах заложили капсулу времени с посланием будущим школьникам

Источник 360.ru: беременная женщина пострадала в ДТП на юго-востоке Москвы

Кирилл Горбунов стал лучшим сотрудником МФЦ в Московской области

Экология в России и мире

Wildberries может выйти на рынок ОАЭ

Морской кокос во благо красоты

Она видит ложь: ТВ-3 начал съемки сериала «Лиса» с Олесей Фаттаховой

Самые нежные образы на эту весну

Спорт в России и мире

Вторая ракетка Казахстана опустилась в чемпионской гонке WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде

«Был риск завершить борьбу еще в первом матче». В России оценили победу Рыбакиной в Штутгарте

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде

Moscow.media

Военные следователи провели очередной рейд по бывшим мигрантам в городе Армянске Республики Крым

В Белогорском районе Республики Крым проведен рейд по бывшим мигрантам

Портативный сканер штрих-кодов Heroje C1271 промышленного класса

Пасмурный июль...











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы

«Текстильный букет Поочья» стартует в Подмосковье 28 апреля

Трейл-забег проведут в Одинцове 4 мая

В Люберцах заложили капсулу времени с посланием будущим школьникам